Бишкек, "Саясат.kg". Жашырып не, былтыркы апрелдеги бийлик алмашуу кимдир бирөөнүн бактысын чапса, кээ бир адамдар үчүн байлыгын арттырууга шарт түздү. Рейдерчилик, б.а. бирөөнүн оокатын күч менен тартып алуу фактылары ошондуктан аябай арбып кеткен. Мындай көрүнүшкө азыноолак цивилдүү боёк берүү максатында, ошол рейдерлик топтордун артында тургандар сотторду пайдаланышты. Кыргызстандагы соттор канчалык деңгээлде коррупцияланышканы мыша ошондо даана көзгө урунган.
 
Сот системасын реформалоо, тазалоо демилгесин президенттикти мыкчып турганда Акаев да, Бакиев да тарабынан көтөрүлгөн. Апрель төңкөрүшүнүн уюштуруучулары соттордун көз карандысыздыгын негизги лозунгдардын бири катары көтөрүшкөн. Бирок, бир да жолу соттордун эркиндигин шарттаган реалдуу кадам жасалган эмес. Баары сөз жүзүндө кала берген. Бийлик алмашуунун бир жылдыгы аралыгында соттор мүлктөргө байланыштуу канчалаган бирине-бири каршы келген чечимдерди чыгарышты. Акча берген тараптын гана сөзүн сүйлөп туруп алышканы, бир да ирет акыйкаттыкты эстеп коюшпагандыгы калктын кыжырын огобетер кайнаткан. Ал ортодо бийлик башында тургандар да сөз жүзүндө “соттор эркин болушу керек”,- демиш болуп, чындыгында өздөрүнө керектүү чечимди чыгартып турушкан. Президенттик аппараттын башчысы Э.Каптагаев баш болуп судьяларды Ак үйгө чакырышып, кысымга алган фактылары тууралуу канча жазылды. А бирок, бу маалыматтарга бийлик ээлери “ак” же “көк” деп койгонго жарашкан жок, чымын чакканчалык көрүшпөдү.
 
Мына ошондой кырдаалда парламенттик корпус тарабынан сот реформасы демилгеленип, бир катар мыйзамдар кабыл алынды. Анын негизинде Сотторду тандоо кеңеши түзүлүп, өз ишин баштаган болчу. Чындыгын айтуу керек, бу сот реформасын баштаган адамдар баарына даяр турушу керек болчу. Себеби, реформа канчалаган коррупционерлердин тамагына тыгылган кылкан болмок. Ошондуктан, коррупцияга чырмалып бүткөн сот корпусунун өкүлдөрүнө, аларды өздөрүнө керек учурда пайдаланып келген бийлик төбөлдөрүнө чыныгы реформа керек эмес болгон. Мына ошол ортодо дагыле коомдук уюмдардын колу менен сот реформасын муунтуу башталды.
 
Чып-чынына келгенде, Ак үйдүн бардык эшигин жаап, Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын үзгүлтүккө учураткан жоон топту коомдук уюмдардын ардактуу өкүлдөрү деп айтууга ооз барбайт. Ызы-чуу болбой да калмак, эгерде президенттик аппараттын анабашында турган чиновник 7-кабаттагы кабинетинен элдин аз келгенин көрүп, шаардык мекеме-уюмдарга “ар бириңер ондон адам чыгаргыла” таризинде буйрук бербегенде. Ошондогу имиштерге ишенсек, Эмикең мындай акцияларды уюштурууга көнүп калган “ОБОНчу” (Отряд баб особого назначени,- деп айтылып жүрбөйбү) аялдарга жакшы төлөп бериптир. Ак үй тараптан чыккан жаш жигиттин ары-бери чуркап, тыйын таратып атканын сөз кылышууда. Бу кептин канчалык чындыгы бар? Чын болсо Эмикеңде мынча каражат каяктан? Же ажылык сапарды уюштуруудан кемирип алган акчалардын эсебинен берип жатабы?
 
Ошондогу ызы-чууну “мына мен уюштургам”,- деп, “ата-мекенчи” депутат Эркинбек Алымбековдун түштөн кийин күпүлдөп чыкканын уксаңыз керек. Бу бала качантан бери баатыр болуп калган? Парламент партасында балыктай олтурбады беле, кеп таппай? Баарын уюштурган Каптагаев экени билине баштаганда, абасын коргоп калайын деген эрдигиби же? Айтса-айтпаса деле, Алымбеков менен Каптагаев жердеш гана эмес, мамилеси өтө ысык адамдардан экенин эл-журт бүт билет эмеспи.
 
Дагы бир патриот Тербишалиев жүрдү ошоерде кыйын болуп. Бу бала төңкөрүш убагында элдик кошуун түзүмүш болуп, ошонун арты менен КСДП тизмесине кирип, депутат болгон. 15-августтагы митингчилер арасында Тербишалиевдин кошунунан калган калдыктар жүргөнү да ошондон. Тербишалиев да, Алымбеков да эч качан өз алдынча кадам жасай алышпайт. Буларга өйдө жактан буйрук берилген.
 
Ошондуктан, сүйлөгөн сөздөрүндө бу эргулдар эмнени каалап жатышканын тыңгылыктүү айта алышпады. “Таркатабыз! Талкалайбыз! Бузабыз! Уюштурабыз! Аягына чейин турабыз”,- деген өңдүү гана добулбасты угуп жатабыз. А мыйзамда кандай? Сотторду тандоо кеңешин бу эки депутат, алардын артында турган Каптагаев, Эмикеңдин үстүнөн көзөмөл салган көшөгө артындагы спектаклдин чыныгы авторлору тарката алабы? Мыйзам боюнча, Сотторду тандоо кеңешин парламент тарката албайт (ушуну бу эки депутат жакшылап окуп алышсын), болгону, өз өкүлдөрүнө өз каалоосу менен анын курамынан чыгуусуна шарт түзүп бере алышат. Ушул эле мыйзамда көрсөтүлгөндөй, президенттин аппараты судьялыкка талапкерлерди Отунбаевага окшоп олтургузуп алып, экзамен алууга укугу жок экени даана жана ачык көрсөтүлгөн. Президент талапкерлердин документтерин өтө олуттуу каршылыгы болсо гана кайра кайтарып берүүгө укуктуу. Андай болсо мындай шоунун кимге кереги бар эле? Анын үстүнө, Отунбаева мунун баарын теледен толук көрсөттүрдү. Мамлекет башчысы баш болуп мыйзам бузуп жаткандан кийин, калганыбыз кайда барабыз? Экзамен алып жатканда, анын жанында Каптагаевдин, анан да Данияр Нарынбаевдин олтурганы кызык болду. Каптагаевдин олтурганы түшүнүктүү, океңдер айткандай, “он лицо заинтересованное”. А Нарынбаевге келсек... Мындан мурдараак, Данчиктин аялы судьянын ар-намысына доо кетиргендиги үчүн Отунбаеванын буйругу менен кызматынан учуп түшкөн. Өз аялына судьялыктын жакшы-жаманын үйрөтө албаган Данчиктин башка судьяларга суроо берип олтурганы кайсы моралдык этикага сыят? Дагы бир белгилеп кете турган нерсе: талапкерлер чындыгында 10 суроо болсо мисалы, анын 7-8ине туура жооп беришкен. Бирок, теледе так ушул жооп бере калбай калган жагын кыркып көрсөтүп, атайылап шылдың кылышканы азыр ачыкка чыгууда. Булардын экзаменинен үч гана талапкер өттү: Эмил Өскөнбаев, Клара Сооронкулова, Таштемир Чилдебаев (үчүнчүсүн парламент жыга чапты). Үчөөнүн эмне үчүн өткөнүн изилдеп көрсөк, кө-өп кызык жатыптыр. Моралдык жактан жазууга болбой тургандыктан, анын баарына кайрылып олтурууну туура көргөн жокпуз.
 
Сотторду тандоо кеңешинин коомдук көзөмөл комитети билдиргендей, бийлик бутактары сот системасын өздөрүнө көз каранды кылууга гана кызыкдар болууда. “Биз болгону айрым кемчиликтерин оңдоо керектигин айтканбыз. А булар ошон оңдоонун ордуна, сот корпусу үчүн кыжылдашканга чейин барып, өздөрүнө каратып алууга алагды болушууда”,- дейт комитет мүчөлөрү.
 
Тербишалиев сөз таппай калганда, “мыйзам чийки, кемчилик кетиргендерди чыгаруу механизми көрсөтүлбөптүр” деп да айтууда. А чындыгында, парламентте мыйзам каралып жатканда, дал ушул Тербишалиевдин айынан бул норма кирбей калган экен. Анын үстүнө, ал өзү мыйзамдын авторлорунун бири экенин коомчлук биле бербейт. Эми өзүнүн сөзүнө өзү каршы чыгып жатат. Ошондо биз кайсы Тербишалиевге ишенебиз?
 
Спектакль дагы уланчудай. Себеби, ызы-чуунун авторлору максатына жете элек. Бөлүп ала элек канча мүлктөр, менчиктер турат, соттогу тагдырын күтүп. Соттор чөнтөктө болсо гана ошонун баарын менчиктеп алышат эмеспи. Бул жагынан алып караганда, булар аягына чейин барчудай. Бир жагынан Сотторду тандоо кеңеши да жөн эле жеңилип бере тургандай эмес. Соттор кеңешинин дисциплинарлык комиссиясы З.Базарбековдун аракетинен бир да кынтык тапкан жок. Буга депутат Алымбековдун ачуусу келип, дагы бир митинг менен коркутууда. Эркин мырзанын оюна койсок, Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы З.Базарбеков да, Соттор кеңешинин дисциплинарлык комиссия башчысы А.Кудайбергенов да, Жогорку сот төрагасынын орун басары М.Осмонкулов да, кыскасы, бүт баары жеп-ичкич экен. Алымбековдо бет жок экен, соттордогу коррупцияга каршы реалдуу иш башталса, ага каршы чыгат. Ага “фас” деген кожоюндары анда периштеби?
 
Эмнеси болсо да, сот реформасы каршы тургандардын көптүгүнө карабастан, аягына чыгаарына ишене туралы. Анткени, бизде сотторго акыл-эси ордунда эмес адам гана ишенбесе, соо адам эзели ишенбейт.

Отунбаева апчеси убактылуу өкмөт, утурум президент болгону кызмат бөлүштүрүүдө таластыктар биринчи планга чыкканы кимге жашыруун эмес? Чоң кызматтарга эң алды таластыктар менен саруу уруусунан тандалып, анан калгандары каралып калбадыбы. Карап көрүңүз, ИИМ министрлигине Б.Шернияз, маданиятка дагы бир таластык - милициянын старшинасы Ырыскелди Момбеков, ал иштей албай койгондо Сыдык Шернияз деген чала таланты, алып-сатар таластыкты маданият министри кылып дайындап, анысы да иштей албай кызматтан кетти. 
 
Ал эмес абактарга да таластыктардын колу жетип, жетекчилигине милийсада кадыры жок Ш.Байзаков дайындалып, ал жерде чыр чатак басылбай келатат. Вице-премьер болгон Ө.Бабановдун мамлекет чөнтөгү менен өз чөнтөгүн адаштырган жоругу жомокко айланды. Майын чыгара иштей алса мейли эле. Андай болбой жатпайбы. Маданият министри болуп иштей албай койгон милийса Момбеков азыр мамлекеттик Кыргыз тил комиссиясына башчы болуп дайындалып, ал жерде деле элге күлкү болгондон башкага жарабады. Ага далил, президенттике талапкерлерди кыргыз тилинен сынактан өткөрүү комиссиясына аны адистиги жетишсиз, алабарман деп кошпой койгону тил комиссиясынын кызматкерлерин уятка калтырды. Аны милийса деп тизмеден чийип коюшкан.
 
ИИМ жетекчилигине апчеси дагы бир таластыкты дайындаган. Ал келгени кылмыштуулук күчөп, ачыктан ачык куралдар сатылып, эл бейжай болгонуна карабай президент апчеси ар кайсы жерде тартип оңолуп кетти деп сайрап, элди жадатууда. Апчесине ишенген азыркы ИИМ министри милийсадан таластыктардын армиясын курачудай болуп, бүдүр жер көрүнсө жетекчи кылып дайындап жатат. Өткөн апрель айында мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын жетекчиси Газыбеков Абдыхалил Жапаровичти эч себепсиз эле кызматтан алып, анын ордуна таластык Кондубаев Азирет Эрматовичти дайындады. Ал келери менен жамаатты экиге бөлүп, “министр менин тууганым, Отунбаева болсо жакын апчем, кандай кааласам ошондой башкарам” деп күпүлдөп жүрөт. 
 
Кондубаев башчылык кылган мекеменин иши ар дайым артка кетет. Кондубаев өзүн жетекчи катары көрсөтө албаганы менен, таластык болгону үчүн кызматта. Өткөн мезгилде Кондубаев Биринчи Май күзөт кызматын башкарып турганда мыйзам бузганы үчүн үстүнөн кылмыш иш козголуп, камалган болуучу. Ошо кезде акыйкаттык бар экен, жамааттын нааразылыгы так изилденип, бийлик аны жазалаган. Азыр анын бири да жок. Ал келгени “атасы бардын ырысы бар” деп баласын кызматка коюп, улам буйрук чыгарып, даражасын көтөрүп, кызматын жогорулатууда. Уулу болсо жумушка чыкса чыгып, чыкпаса сайраңда. Мыйзамда мындай ишке жол берилбестиги ачык көрсөтүлгөн менен башчынын уулу эч кимге баш ийбей, командирлердин айтканын ооздон чыккан жел деп жүрөт.
 
А.Кондубаев мыйзамды уруп да ойнобойт. “Апчеси” турганда, таластыктарга бардык мыйзам бузууларга уруксат берилгендей. 2011 жылы июнь айындагы коогалаңда даярдыгы жок милиция кызматкерлерин жөнөтүп, алар курал колдонууну билбегендиктен милиция кызматкерлери бири-бирин атып, милициянын прапорщиги З.Кожонов өз кесиптешинин колунан каза болгон. Андан кийин Момбаев аттуу кызматкер мас абалында машине айдап, жол кырсыгынан каза тапкан.  
 
Күзөт кызматынын түзүлгөнүнө 45 жыл болду. Буга чейин МАККБнын бир да жетекчиси негизсиз кадр алмаштырууга, бирөөлөрдү куугунтуктоого жол берген эмес. А.Кондубаев апрелден кийин Октябрь районунун күзөт бөлүмүнө жетекчи болуп, МАККБнын жетекчилигинин астында болгон жыйындардын бирине да катышпоочу, анын ордуна ар дайым Октябрь райондук күзөт бөлүмүндөгү анын орун басары келчү. Ошондо эле ал эч кимди тоотпой, көзгө илбей, “кааласам жумушка келем, кааласам МАККБнын жетекчиси болом”,- деп дардаңдап айтып жүрчү.
 
“Бөрк ал десе, баш алган” өз кишилери Н.Ибрагимов, З.Тилешов, Б.Тотоев, С.Курманкожоева, С.Досматовго окшогондордун жардамы менен, буга чейин кызмат өтөп жаткан өз ишинин көзүн жакшы билген кызматкерлердин ордун бошотууга мажбурлап, өзүнүн жакындарын таластык ага –инилерин коюп жатат. Тактап айтканда, Талас шаардык күзөт бөлүмүнүн жетекчилигине Бактыбек Мырзабекович Туйтеев, МАККББнын нөөмөт бөлүмүнүн башына Жыргалбек Бекматович Акматов, күзөт полкуна нөөмөт бөлүмүнүн жетекчиси кылып убагында өздүк курамдан акча алууга кысым кылгандыгы үчүн кызматынан четтетилген, мурдагы Кара-Буура райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчисин Уран Самидинович Сыдыгалиевди дайындады. Ал эми Токтогул Абдыманапович Акбердиев Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, Темир Акматалиев Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн ротасынын командири, Жүндүбаев Мухаммед Ленин районунун күзөт батальонун командири, Азиз Шадыбеков МАККББнын ага тескөөчүсү, Рысбек Момбеков Аламудун районунун күзөт бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалды. Кызыгы ал буга чейин бир күн да күзөт бөлүмүндө иштебептир. Түшүнүгү жок бала бир районду кантип жетектээри белгисиз. Аты аталган булардын баары таластык туугандары болгондуктан, тез аранын ичинде чоң кызматтарга коюуга үлгүрдү. Андан башка таластык туугандардын, жердештердин, жоро-жолдоштордун балдарын милицияга киргизип, капчыгын кампайтууда. Акыркы кезде Кыргыз милициясынын жогорку кызматтарын ээлегендердин көпчүлүгү таластык туугандары. Муну трайбализм дештен башка айта албайсың.
 
Ушундай терс көрүнүштөрдүн негизинде МАККББнын өздүк курамынын ич ара келишпестиктери курчуп, жарылуунун астында турат. А.Кондубаев кызматка турары менен өзүнө бюджет эсебинен баасы 15 миң америка доллары турган «Тойота Камри» кызматтык автоунаасын саттырып алган.
 

Учурда МАККББнын өздүк курамы Президент Р.Отунбаева, Өкмөт башчы А.Атамбаев, Жогорку Кеңештин спикери А.Келдибеков, вице-премьер Ш.Атаханов жана Кыргыз эл депутаттары бул маселени тыкыр текшертип, жыйынтык чыгарат деген үмүттө арыз жазып, ар кайсы уюмдарга кайрылышууда. “Таластык болсоң танкасың, башка жерден болсоң маңкасың”, - деген тамашалуу сөздү ИИМдин министри “программалык документ” катары кадр маселелерди чечүүдө пайдаланганы, “апчесинин” бир кашык кадыр-баркын, төккөнүнө барабар, деп эсептесе болот. Өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн зарыл бул маселе көз жаздымда калбашы зарыл. Инисин “апчеси” тыйып коюсу абзел. 

 

Булак: "Майдан.kg" гезити, №28, 18-август

Бишкек, “Саясат.kg” – Самат Борбукеев. Акаевдин убагында таскагы катуу чыгып, КТРдин алып баруучусунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып, бийликтин безине сайган сөздөрү менен эл оозуна алынып, саясат майданына кирген Адахан кыйла жыл чечендиги жана тапандыгы менен алсырап бара жаткан бийликтин айласын кетирип, оппозициянын көрүнүктүү өкүлү катары саясат айдыңында ондун бири болуп, чон аброй алды. Элге шайлоо алдында келип, куру сөзү менен эле - байлыгын чачып жугуруп жүргөн оппоненттерин мыш кылып, жеңишке жетишип жүрдү. Ал сөздөрү эл арасында аңыз болуп айтылып, жөнөкөй адамдарга аябай жагып, адамдар маашырланып угушчу.
 
Эл менен болгон бир жолугуушусунда бир оппоненти шайлоочуларга кайрылып: «Мен Сиздердин кулунуңармын» - деп, элге жакын көрүнөйүн деп кайрылганда, Адахан: «Кулун жетилгенче көп убакыт бар. Мына мен токулуу атмын. Мени мингиле!» - деп тапандык кылганын айтышат.
 
Ошентип, ары жаш, ары бийликтен чочубай шакылдап турган Адаханды жердештери бир нече ирет депутат кылып шайлашты. Бирок, убакыт өткөн сайын элге кызмат кыла турган токулуу ат эч кимди миндирбей ойт берип, оюн салып, айрыкча Бакиев хандыгынын тушунда алтын жабдуулар менен ак сарайда байланып, мурда бапестеп бакпаса да азуулууга тийгизбей кастарлап, кайра-кайра чоң маарага түшүрүп, сүрөп турган каратаман калайыкты эсинен чыгарды. Бийликтин кызыгына батып, күндүзү кымыз, кечте кыз болуп, ырчы кыз-келиндерди кыйла тайрактатты. Бакиевдин өзүнө жакындай албаса да ханзаада Жанышты жандап, аны айга-күнгө теңеп, МЧС сыяктуу оппонентин жыга чапканга жарады.
 
«Булбул» деген каймана аты бар МАК (Мадумаров Адахан Кимсанбаевич) ак сарайда жакшы эле сайрап, кызмат кылганы менен жаш ханзаадага негедир жакпай калган дейт. Ошентип, орустун көзү өткөн коомдук ишмери Александр Лебедь: “Эгерде сен бир адамды алдасаң - алдамчысын, эгерде сен миллиондогон адамдарды алдай алсаң, чон саясатчысын» - деп айткандай, «Ак Жол» партиясын уюштуруп, өлкөнү түрө кыдырып, кыргыз мамлекетинин келечеги жөнүндө жомок токуп, булбулдай сайрап, Бакиев акесине жакшы эле кызмат кылды. Парламенттин башчысы болуп турганда чоң мамлекеттик иштерге тиши өтпөсө да, кээ бир галстугу жок чоңдорго опурулуп, өз деңгээлин көрсөтүп, галстук тагынганы менен мамлекетти жеп, талкалаган аке-үкөлөрүнө калыстыгын көрсөтө албай, четке сурулду.
 
«Булбулдун» сайраганына элдин курсагы тойбой тургандыгын журтчулук эчак баамдаса да, өзү эч түшүнбөй, эмгиче “менден кыйын эч ким жок”, деп дубүрт салып, амбициясын ката албай, президенттикке көз артып жүрөт. “Жылкыңа карап бышкыр”,- дешет го. Ошол сыяктуу, алгач өзүн күзгүдөн карап алса жакшы болот эле. Себеп дегенде, азыр элдин кулагына “булбулдун” үнү жакпай турат, тажаганы качан?!

Улуттук банк башчысынын мурдагы орун басары Убактылуу өкмөт жетекчилери учурунда банктардан мыйзамсыз түрдө акча чыгарып кеткенин айтып чыкты.
 
Былтыр 7-апрелден кийин Абдымалик Мырзаев Улуттук банктын жетекчисинин орун басары кызматында иштеген. Ошол учурда ал Темир Сариев баштаган “Ак шумкар” партиясынын катарында болчу. Азыр ал “Эл бийлиги” партиясында жүрөт.

Жакында эле Мырзаев “коммент.кг” интернет басылмасына интервью берип, былтыр 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөттө турган Темир Сариев, Азимбек Бекназаров баштаган адамдар Бакиевдерге тиешелүү делген банктарды тоношконун айтып чыкты. Анын айтымында, Башкы прокуратуранын кызматкерлери банкта каражаттарын сактаган жөнөкөй жарандардан деле акча өндүрүүгө үлгүрүшкөн. Башкача айтканда, банктан акчасын алууга келген жарандардан сакталуу турган акчанын 20-30 пайызын алып турушкан.

Ал өз сөзүндө 7-апрелде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө, анын ичинде партиялашы Темир Сариевге ишенгенин, бирок натыйжада алардан такыр эле көңүлү калганын билдирди. Абдымалик Мырзаевдин айтымында, миллиондогон долларлардын банк кутучаларынан мыйзамсыз алынганы тууралуу фактылар көп:

- Бүгүн мен өзүм башымдан өткөргөн фактылардын бирөөнү айтып берейин. Биринчи кезекте ал баягы 2 миллион долларга байланыштуу. Так күнү эсимде жок, 7-апрелден кийин мага АУБдун (Азия Универсал Банк) убактылуу жетекчиси Жылдыз Куленбекова чалып, “Башкы прокуратура кызматкерлери 2 миллион доллар жана башка нерселерди мыйзамсыз алып кеткени жатышат” деди. Мен аларды токтотуп тургула, азыр барып териштирем дедим. Мен дароо эле Токтогул-Турусбеков көчөсүндөгү АУБдун имаратына келдим. Атайын бөлүктүн аскерлери коштогон унаалар кетип аткан экен. Мен дароо эле чуркап чыгып, аларды токтотууга аракет кылдым. Бирок аркаман бирөө түрткөнүнөн карасам, атайын бөлүктүн аскери экен. Ал мени четке түртүп салды. Мен дароо эле Темир Сариевге чалып, “Темир Аргенбаевич, бул жакта акча чыгарып кеткенге аракет кылып атышат, бул мыйзамсыз да” десем, ал мага “бул жакка тумшугуңду салба, бул иш чечилген нерсе, бул сенин ишиң эмес” деди. Анан Темир Аргенбаевич, убагы келгенде бул үчүн абдан катуу жооп бергенге туура келет деп айткам. Бекназаров мырза менен анын шериктери ошондо жасаган иштер өтө олуттуу иликтөөнү талап кылат.

Азырынча банк уячалары боюнча Абымалик Мырзаевдин айыптоолоруна байланыштуу Темир Сариевге да, Азимбек Бекназаровго да байланышуу мүмкүн болбой турат. Былтыр жайда Убактылуу өкмөттүн бул эки мүчөсүнүн телефондон сүйлөшүүсү чыгып, 1 миллион долларды кандайча жашыруун чыгарып кетүү керектигин акылдашып аткандыктары дайын болгон. Кийин алар сөз болгон акчалар коопсуздукту сактоо боюнча чукул иш-чараларга коротулганын айтып чыгышкан.

Буга чейин банк уячаларынан 21 миллион доллар эмес, андан алда канча көп каражат алынганы тууралуу кыйла айтылган. Айрым булактарда, Бакиевдерге тиешелүү делген банктардан 7-апрелден кийин 100 миллион доллардын тегерегинде акча алынганы айтылган. “Азаттык” да бул боюнча иликтөө жүргүзүп, банк уячаларынан акча алуу процессин банктардын күзөт кызматы орноткон видео камералар тартып турганын, бирок ал материалдарды прокуратура белгисиз себептер менен жоготуп койгонун, буга байланыштуу Кубатбек Байболов башкы прокурор болуп турган маалда Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлери Анатолий Хегай менен Алтынбек Намазалиевге кылмыш иши козголгонун жазып чыккан.

Кубатбек Байболов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, банктардан алынган акчанын суммасы 21 миллиондон көп деген күдүк ойдо калганын, ага олуттуу негиздер бар экенин билдирген:

- Ошол банк уячаларынан алынган акчанын суммасы биз жарыялап аткандан кыйла көп деген бүдөмүк ойлорго жооп таба алганыбыз жок. Ошол банктардагы жүрүп жаткан бардык процесстерди жазып алган камералардын жанагыдай дисктери жоголуп кеткен. Биз тергөөдө канчалык аракет кылсак дагы бул дисктерди таба албай калдык...

Серепчилер банк уячаларына байланыштуу өтө чоң чиновниктер аралашкан коррупциялык иш азыркы бийлик тушунда ачылбай турганын айтып келатышат. Бери дегенде 80 миллион доллар белгисиз жоголгону айтылып жаткан бул иште шаардык прокуратуранын жөнөкөй эки кызматкери башкы айыпкер болуп чыга келгени да шек туудурат.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов болсо бул чуулгандуу маселени кароону парламент кийинкиге жылдырып койгонун, андыктан күзүндө банк уячалары, тыңшоочу аппараттар тууралуу маселени сөзсүз түрдө Жогорку Кеңеште козгоорун билдирди.
Азаттык
 

 

 

Шайлоо: Медведев менен сүрөткө түшпө!
 
Былтыр парламенттик шайлоо алдында партия лидерлери Орусия башчылары менен түшкөн сүрөттөрүн үгүт иштеринде кеңири колдонушкан.
 
Бул жолку шайлоодо президенттикке талапкерлер чет өлкөлүк бийик даражалуу адамдар менен түшкөн сүрөт, видеолорун үгүт иштеринде колдоно албайт.
 
Мындан тышкары Кыргызстанда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк телеканалдардын мазмуну да көзөмөлгө алынганы турат.  Бирок айрым адистер бул чектөөлөрдүн толук аткарылышынан күмөн санашууда.
 
Жаңы мыйзам - жаңы чектөө
 
Былтыркы күздөгү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо айрым партия лидерлери Орусия президенти Дмитрий Медведев, премьери Владимир Путин менен түшкөн сүрөттөрүн үгүт иштеринде пайдаланышкан.
 
Жакында кабыл алынган “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам талапкерлерге башка өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлери менен түшкөн сүрөттөрүн, видеолорун үгүт иштеринде колдонууга тыюу салат. Анткени, буга чейинки шайлоолордо талапкерлердин чет өлкөлүк бийик даражалуу саясатчы, өкмөт өкүлдөрү менен түшкөн сүрөттүн, видеолорун үгүт иштеринде колдонуп, рейтингин  көтөрүү аракеттери көп эле байкалган.

Мисалы, былтыркы күздөгү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо айрым партия лидерлери Орусия президенти Медведев, премьери Путин, ал турсун президенттин аппарат жетекчиси менен түшкөн сүрөттөрүн үгүт иштеринде байма-бай пайдаланышкан.

Дагы бир мыйзамдык чектөө чет өлкөлүк каналдарды алып көрсөткөн жергиликтүү телеканалдарга карата киргизилди. Ага ылайык, жергиликтүүлөр чет жактык каналдардын берүүлөрүн алдын ала жаздырып алып, текшерген соң гана бериши кажет. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурмамат Ашымов бул жобонун маанисин мындайча чечмелейт:
 
- Чет өлкөлүк телерадиоберүүлөрдүн бардыгын, шайлоого тиешелүүмаселелердин бардыгын биринчи көрүп туруп, анан Кыргызстандын аймагында жаздырылган кассетасын көрсөтүү керек. Жергиликтүү каналдар алдын-ала жаздырып, ошолорду иргеп туруп эфирге бериши абзел. Ошол жерде үгүт барбы, же жанакы кара пиарды колдонуп жатабы, болоор болбос нерсе менен башка бирөөнү жамандап жатабы, ошондойлор болбошу үчүн ретранцляция кылган компаниялар алдын ала жаздырып туруп көрсөтүүгө тийиш.

Өткөн күздөгү парламенттик шайлоодо чет өлкөлүк, атап айтканда Орусиянын теле каналдары кайсы бир талапкерди ачыктан ачык колдоп, же бирөөсүн каратып туруп жамандап, Кыргызстандын шайлоочуларына таасир эткен. Эми Боршайком сырттан таасирди азайтуунун ушул жолун тапты.
 
Чектөөлөр жергиликтүү каналдардын башын катырууда

Ал ортодо Орусиянын каналдарын алып көрсөткөн жергиликтүү каналдар мындай чектөөлөрдү сөз эркиндигине басым катары баалап жатышат. Маселен, Орусиянын НТВ каналын алып көрсөткөн жергиликтүү НТС каналынын  жаңылыктар кызматынын башкы редактору Айдай Ивакова мыйзамды аткаруу кыйынчылыктар менен коштолоорун каңкуулайт: 
 
- Эң эле кыйыны биз НТВ менен келишим түзгөндө, алардын көрсөтүүлөрүн биз түз эфирде көрсөтүшүбүз керек болчу. Ошол жагынан маселе жаралып жатат да. Эгерде биз алардын берүүлөрүн алдын ала жазбай туруп түз эфирден чыгарсак, мыйзамды бузган болобуз. Эгерде жазып алсак, келишимди бузган болобуз. Ушул жагынан да кыйынчылыктар туулат бизге.
 
12 саат болсо дагы, анын барын жаздырып алып, анын баарын карап чыгыш бул эмне деген каражаттарды талап кылат. Экинчиси Борбордук шайлоо комиссиясына жаздырылган материалдарды беришпейт ...
 
“Бишкектиги “Интерньюс Нетуорк” медиа өкүлчүлүгүнүн жетекчиси,  медиа-талдоочу Мария Растнер бул чектөөлөрдөн жергиликтүү каналдар эле жабыркап калышы мүмкүн деген ойдо:

- Мен буга чейин бул маселе тууралуу оюмду айткам. Мен саясатчылар жана БШК тарабынан жасалган бул аракеттерге каршымын. Бул өңүттөгү чектөөлөр жакшы жыйынтыктарга деле алып келбейт. Биринчиден, бул аракет цензура жыттангансып турат. Экинчиден, эгер саясатчылар тыш жактан келген жаман жагдайлардан сактангысы келсе, ал үчүн чектөөлөрдүөлкө ичинде киргизип жатса, бул жагдайдан чет элдик эмес, жергиликтүү маалымат каражаттары эле жабыркап калат.
 
Мыйзам аткарылабы?

Боршайкомдун мурдагы жетекчиси Акылбек Сариев билдиргендей, үгүт иштеринде ушул өңүттөгү чектөөлөрдү киргизүү маселеси мурдагы шайлоолор учурунда эле көтөрүлгөн экен. Бирок чектөөлөрдү киргизүү менен аларды аткаруу жагы маселе жараткан дейт Сариев:
 
- Анткени аны аткаруу үчүн көп каражат керек. Элестетип көргүлө, бир күн кечке, 24 саатты, 12 саат болсо дагы, анын баарын жаздырып алып, анын баарын карап чыгыш бул эмне деген каражаттарды талап кылат. Экинчиси Борбордук шайлоо комиссиясына жаздырылган материалдарды беришпейт дагы. Берсе да убагы менен бере албайт.

Кантсе да, Боршайком мыйзамды аткаруунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп жатат. 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун үгүт иштери  25-сентябрда башталганы турат. Ал эми президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 16-августта аяктайт.
"Азаттык"
 

 

 

Айрыкча Бишкекте май бекеттеринин алдында узун кезек күткөн унааларды көрүүгө болот. Эс алуу үчүн же чукул иштери менен алыска барууга мажбур болгон жарандарга кыйынчылыктар туулуп жатат.
Бишкек шаарындагы Киев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Газпром Нефть Азия” ишканасынын май куюучу жайында кезек күткөн унаалар арбын. Айдоочулар кара май тартыштыгы күч алганын айтышууда.

Салават: "Акыркы жолу бензинди кечээ “Аурдин” май бекетинен 37 сом 90 тыйындан куйгам. Кээ бир май бекеттеринде АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди талон менен гана сатабыз деп, куйбай жатышат. Айла жок башкаларга барууга туура келет".

Кенже:"Абдан чоң кыйынчылыктар жаралууда. Мисалы, 10 литрден ашык күйүүчү май куйбай жатышат. Мен Нарынга кетишим керек болчу. Нарынга баруу үчүн 40 литр бензин керек. Эми эмне кыларымды билбейм. Бензин болгончо Нарынга барбайм го". 
 
Кыргызстандын көп аймагын күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыздаган “Газпром Нефть Азия” ишканасынын Бишкектеги башка май бекеттеринде да абал ошондой.

Андан сырткары, бул ишкананын көпчүлүк түйүндөрүндө АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү майлар жок экени байкалат.

Жогорудагы үлгүдөгү бензиндер сатылып жаткан түйүндөрүндө 30-40тан кезек күткөн айдоочуларды көрүүгө болот. Ал эми өтө тартыш болуп жаткан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы “Газпромдун” түйүндөрүндө 34 сом 38 тыйын болсо, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 36 сомдон сатылууда. Ошондой эле “Газпром Нефть Азия” ишканасы  бензиндин тартыштыгынан улам кардарларга 10 литрден ашык куйбай жатышат.

Максат: "Бензинди аздан куюп жатканы албетте кыйынчылык жаратууда. Алыс жакка жөнөп жаткандар бар. Азыр Ысык-Көлгө бараткандар эмне кылып жатканын билбейм. Шаардагылар го бир жолу куюп алса, эптеп жеткирсе болот".

Абалдан пайдалангысы келгендер

Учурда Кыргызстанда туристтик мезгилдин күчөгөн маалы. Ошондой эле оруп-жыюу иштери да башталган кез. Мындай шартта күйүүчү майдын тартыштыгы кыргызстандыктарга терс таасирин тийгизип жатканы айкын. Айрым айдоочулар бул маселе тез арада чечилбесе, коомчулукта нааразычылыктар жараларын белгилешти.

Фатима: "Бул эмне деген азап?! Жарым саат мурда 10 литр куюп кеткем. Тегеренип кайра дагы келдим. Ушуну менен үчүнчү жолу келип отурам. Көлгө балдарыма жолдомо алып койдум эле, азыр ошол жакка жөнөйм. Ысык-Көлдө бензин жок болуп калбасын деп чочулап жатам. Шайлоонун алдында мындай ызы-чуу болгону эмнеси? Атайын кылып жатабы, же бензин жок болуп жатабы? Азыр түшүм жыйнай турган мезгил. Чөп, буудай чаап жатышат. Өкмөт эмнени ойлоп жатат? Баары шайлоого даярданып, элди унутуп койду". 
 
Кыргызстанда көпчүлүк күйүүчү жана майлоочу майларды алып келген “Газпром Нефть Азия” ишканасындагы бул кырдаалды күйүүчү май ташыган чакан компаниялар пайдаланып калууга аракеттенип жаткандыгы белгиленүүдө. Алар бензиндин баасын көтөрүп жибергенин айдоочулар да айтып беришти. 

Бишкектин чыгыш жагындагы Чүй проспектисинде жайгашкан “БНК” компаниясынын май куйуучу түйүнүндө АИ-93 үлгүсүндөгү бензин 41 сомдон, ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 43 сомдон сатылып жатат. Бирок бул жерде “Газпромдон” айырмаланып эч кандай чектөө жок. Ошондон уламбы, айдоочулар кымбаттыгына карабай 30-40 литрден куюп жатышат.

Бааны жөнсүз көтөргөн компанияларга чаралар көрүлөрүн Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев “Азаттыкка” билдирди. 19-июнь күнү өкмөттө да күйүүчү май базарын тескөө боюнча жыйын өтүп, мунай компанияларына бааны көтөрбөө тууралуу эскертилди.

Кырдаал жөнгө салынат

Адистер күйүүчү май тартыштыгын Омск мунай иштетүүчү заводу  Казакстандын өтүнүчүнөн улам Кыргызстанга күйүүчү майларды сатууну токтоткондугу менен түшүндүрүшүүдө.

Анткен менен Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев кырдаал ушул аптада жөнгө салынат деп ишендирип жатат.
 
- Биз июлдун башында эле барып, Омск мунай иштетүүчү заводунан сырткары Салават шаарындагы башка менчик ишкана менен келишим түзүп келгенбиз. Буйруса, ошол жактан АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майлар бейшемби күнү түшкө жакын келет.

Жалпысынан 6,5 миң тонна келатат. Анын келиши менен бүгүнкү кырдаал түп-тамырынан жолго салынат. 6,5 миң тонна бизге сентябрга чейин жетет. Бирок биз ал ортодо улам алып келип турабыз.


Казакстан, Орусия жана Беларус өлкөлөрү кирген Бажы биримдиги июль айынан тарта толук кандуу иштей баштаган. Казакстан Бажы биримдигинин негизинде орусиялык “Газпром” ишканасынан оболу ички талапты канааттандыруу өтүнүчүн келтирип, Кыргызстанга карамай сатууну токтото турууну өтүнгөн. Ага ылайык, 1-июлдан тарта Омск мунай иштетүүчү заводу Кыргызстанга күйүүчү май берүүнү токтоткон эле. Бул маселеден саясий өңүттү көрүп жаткандар да жок эмес.
 
Азаттык

 

Былтыр апрелдеги куралдуу төңкөрүштүн  натыйжасында өлкөбүздөгү баардык бийлик бутактарын “революция жасадык” деген өкүмзордук менен негизинен КСДП жана “Ата-Мекен” партияларынан түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн  мүчөлөрү ээлешкен эле. Сыягы, бул эки партиянын лидерлеринен бир аз интеллигенттик деңгээли жогору “Ак-Шумкардын” төрагасы Темир Сариев кандуу жол менен бийликке келгендердин арты жакшы болбошун сезсе керек, Бакиев режимин кулатууга чоң салым кошсо да өзү баш болуп (аз убакыт каржы министри болгондугун эске албаганда) бир да партиялашын бийликке аралаштырган жок.
 
Кыраакы кыргыз элинде бийликтин табияты тууралуу тээ байыркы мезгилде эле “Бийлик колдун кири” деп так, таамай айтылган эмеспи. Эки президентибиз тең эл ишенип берген бийликти, демек өз ырыскысын көтөрө албай бала-чаксы менен кошо чак түштө хан ордодон дыргаяктап качып, урук-тукумуна чейин убалына калып, бөтөн эл, жерде качкын-бозгун кейпин кийип жүргөндүгүн көрүп туруп  акыл-эстүү адам бийликке умтулбайт деле болуш керек. Анткени башаламандык, жердешчилик, көралбастык, ичитардык, бөлүнүп-жарылуу күч алган азыркы заманда Кыргызстанды алтын баштуу президент келсе да оңой албайт. Кудум эле баягы анекдоттогудай бири-бирибизди буттан чалып жатабыз. Д. Кунаев айткандай, “кыргыздын кыргыздан башка душманы жок”...
 
Мейли, ошолор бийликке келсин, башкарсын, кумары кансын дейли. Бирок мамлекеттин абалы, элдин тагдыры Акаевдин учурундагыдан алты эсе, Бакевдин тушундагыдан беш бетер кургуйга кулап жатпайбы. Эгер чындыкты бетке айта турган болсок, 2011-жылдын апрелинен кийин айрым кызматкерлерди туулган жерине, мурдагы бийликтин тушунда иштегендигине карап “репрессиялоо” болду. Бул сөзүбүзгө далил келтире турган болсок, мисалдар толтура. Учурда ИИМде бул багытта кандай иш-аракеттер болуп жатканын депутаттар жакшы эле айтып чыгышты.
 
Макул, аталган партиянын өкүлдөрүнүн моралдык жактан бийликке келгенге укугу бар дейли. Сабырдуу элибизде “өткөн ишке салават” деп коёт. Тилекке каршы бүгүнкү күндө райондук, шаардык жетекчилердин кудум эле “апрель революциясы” учурундагыдай алмаштырылып жатышы  Акаев, Бакиев доорундагы шайлоо алдындагы өздөрүнө ыңгайлуу жетекчилерди кызматка дайындоо “ыкмасын” эске салып отурат.
 
“Эски жетекчилердин” айрымдары коомчулукка белгилүү болгон күнөөлөрү үчүн кызматтан алынса, кээ бирөөлөрүнө жасалма түрдө айып тагылууда. Өткөн жумада Жалал-Абад облусунун губернатору өзбек сепаратисти К. Батыров менен “тилектештиги” үчүн парламент жыйынындагы депутаттардын талабы менен кызматтан алынды. Ал эми Жалал-Абад   шаарынын губернатору М. Женбековду “Россиянын атуулу экен” деген жүйөө менен бошотушту. Башкы прокуратура мындай “жаңылыкты” кудум эле бакиевдердин бирин таап алгандай сүйүнчүлөп, жар салды. Эмне үчүн башында анын атуулдугун текшеришкен эмес? Көрсө, экс-мэр алдыдагы президенттик шайлоодо азыркы бийликтин талапкерине иштебей турган адам экен. Чын эле М. Женбеков өткөн ишемби күнү “Ата-Журт” партиясынын курултайына катышып, ким тарапта экендигин көрсөтүп койду. Бул эки чоң кызматка тең КСДПнын анык мүчөсү болбосо да жең ичинен сүйлөшкөн же жашыруун “никеси кыйылган” адамдар дайындалды.
 
Андан кийин  Кара-Балта шаарынын мэри Оомат Казакбаев да шайлоонун шары менен оодарылды. Бул тууралуу ал өзү Бишкек-Ош жолун тособуз деп айбалтасын бийликти көздөй сунган тарапташтарын араң басып, дүйшөмбү күнү Бишкекке келип, журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп айтып жатпайбы. “Биз былтыр күзүндө парламенттик шайлоодо элдин экиге эмес, уруу-урууга, кокту-колотко бөлүнүшүн көрүп туруп, жок дегенде ушундай абалга жол бербейли деген максатта Чүйдөгү элди биримдикке үндөгөнбүз. Натыйжада Кара-Балта шаарында “Ар-Намыс” партиясы биринчи орунду ээлеген. Ал эми жакында мага А. Атамбаевдин адамдары келишти, президенттик шайлоодо бизге иштеп бер дешип. Бирок мен ал кишини жакшы билгендиктен, мындай сунуштан баш тарттым. Андан кийин аягына чыга элек же жабылып калган кылмыш ишин көтөрүп чыгышты. Мыйзамга ылайык шаар мэрин райондун акими облус губернаторунун кат жүзүндөгү макулдугу менен гана кызматтан алат. Ошондо да анын ордун орун басары ээлеш керек. Ал эми Кара-Балта шаары карамагына кирген Жайыл районунун да, Чүй облусунун да акими менен губернатору “милдетин аткаруучу” болуп эсептелет. Демек, алардын кадрдык өзгөртүү жасаганга укугу жок. Менин ордума  КСДП партиясынын мүчөсү Д. Шабданов дайындалыптыр. Бул алдыдагы президенттик шайлоого болгон даярдык. Азыркы бийлик мурдагы эле бийлик баскан кетмендин башын басууда. Эми мен өз укугумду мыйзамдын негизинде коргоймун”,- деди ооматын кайтарып алуудан үмүтү үзүлбөгөн Оомат мырза.
 
Эгер Кыргызстандын башка аймактарына же борбордук, облустук бийлик бутактарына көз жүгүртсөк дал эле ушул КСДПлаштыруу процесси жүрүп жатат. Айрым маалыматтарга ылайык, кресло ээлегендер президенттик шайлоодо бийликтин талапкерине иштеп берүү шарты менен дайындалууда. Ал эми бизде бийлик дегенде атасын сатып жиберүүдөн да кайра тартпаган эки жүздүүлөр, прицип деген түшүнүгү жок маңкурттар көп эмеспи. Шумдугуң кур, президентикке ат салышкан айрым талапкерлер ал тургай уруусун да өзгөртүп, хандар көп чыккан аймактын шайлоочуларына ыктап жатыптыр...
 
Ушул жумада  Forbes журналы дүйнөдөгү экономикасы өтө төмөн жана эли итке минген 10 мамлекетти аныктады. Бул ирет аталган журналдын тизмесинде  “революция” болуп, Кыргызстан ал кара тизмеде Африка континентинин Никарагуа, Мадагаскар, Свазиленд сыяктуу мамлекеттеринин катарында жүрөт карарып. Америкадан чыгуучу абройлуу басылма Кыргызстандагы гезиттердей ойду-тоону жаза бербейт. ЭВФ, ДБ сыяктуу эл аралык финансы институттарынын жана экономисттер менен окумуштуулардын пикиринин натыйжасында 177 мамлекеттин ичинен эң төмөнкү катарга Кыргызстанды да кошуп отурат. Алардын аныктамасы боюнча, Р. Отунбаева менен А. Атамбаев бир жылдан ашык мезгилден бери башкарып келаткан мамлекетибизге тынымсыз пикет, митинг сыяктуу акциялардын натыйжасында бир да инвестор келгиси келбейт экен. Себеби инвесторлор дагы бир ирет “революция” болуп кетсе талоончулукка кабылабыз деп чочулашат. Ачка калдык деген Акаевдин, тезек тердик деген Бакиевдин доорунда деле Кыргызстан он жылдык атуулдук согушту баштан өткөргөн кошуна Тажикстандан төмөн деңгээлге түшкөн эмес.
 
Forbes журналы ошондой эле Кыргызстанды коррупция менен кылмыштуулук өтө жогорку деңгээлде өнүккөн үлкөлөрдүн катарына кошкон. Мындай тыянак бийликтин кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөшүнүн доорунда айтылып жатканы да кызык. Демек, кримчөйрөгө каршы күрөш курулай популизм экенин моюнга алып коюшкан оң. Бир жылдан бери караганыбыз Отунбаева менен Атамбаев болду. Президентте укук жок болгону менен, колунда Башкы прокуратура, коопсуздук кызматы бар экен, каалаганын кылууда. Ал эми Атамбаевге мындай шансты Кудай берсе бир берет. Себеби, парламенттик башкаруунун тушунда, эң көп ыйгарым укук премьер-министрдин колуна тийген. Ишенген Атамбайчик эмне кылды? Экономиканы аңга кулатты. 1 жылда Кыргызстанды “Форбстун” кара тизмесине, эң жакыр мамлекеттердин катарына кошту. Бул эмгеги үчүн Атамбайчик президенттик тактыны талап кылууда. Президент боло электе кылганы ушул болсо, президенттикке жеткенде такыр курутпайбы бизди? Эмнеси болсо да, терең ойлоно турган учурда турабыз. “Жети өлчөп, бир кес”, кыргызым!
 
“Майдан.kg” гезити, №26, 14-июль

Аксынын багыш уруусунан чыккан XVII кылымдагы көрүнүктүү инсан. Түштүк кыргыздарынын мамлекеттик, саясый ишмери. Туулган жылы так эмес - болжолдуу 1620-26-жылдары жарык дүйнөгө келген. Санжыра боюнча анын атасы Багыш Тагай бийдин Жанкороз (Карачоро деп да айтылат) аттуу уулунан төрөлгөн. Кыргыз-казак биримдигин түзүүгө жана казак чыгааны Эр Эшимди хан көтөрүүгө жигердүү салым кошкон. Калмак баскынчылыгына каршы согуштарда кол баштап, далай эрдиктерди көрсөткөн. Кийинчерээк бул эмгеги үчүн Эшим хандын эң ишенимдүү адамы жана ошол эле учурда түштүк кыргыздарынын көрүнүктүү саясый ишмери катары XVII кылымдын орто ченинде Ташкент шаарына башчы (мэр) коюлган.

 
Ташкент шаарынын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө, ал жерге казак-кыргыз урууларын отурукташтырууда, шаардыктардын жашоо-турмушун ирээтке салууда, шаарды көрктөндүрүүдө зор иштерди жасаган. Шаар тургундарынын жүрүм-туруму боюнча атайын эрежелер жыйнагын түздүргөн. Мындай жыйнак түзүү ошол мезгилдеги көчмөн калк эмес, европалык отурукташкан калк үчүн деле жаңылык болучу. Эл ичинде бул жыйнак «Көкүмдүн көк дептери» же «Көкүмдүн көктөмөсү» деген атка конгон.
 
            Көкүм бийдин Эр Эшим менен достугу, хандын бул инсанга болгон ишеними Ташкен шаарын туруктаган казак улуктарына жаккан эмес жана көралбастыкты туудурган. Көкүм бийдин таасиринин улам жогорулап бара жаткандыгынан чочулаган казак бийлери уюшуп, Ташкендин түндүк чет-жакаларын жайлаган казак бийи, Жаныш уруусунун бийи Карабайтик Көкүмгө уу бердирип өлтүрткөн. Көкүмдүн сөөгү Ташкендин Карлыгач мазарына (Шейхантаур району) коюлган. (200 ашык жылдан кийин түштүк кыргыздарынын мамлекеттик ишмери, ичкилик кыргыздарынын кыпчак уруусунан чыккан белгилүү инсан Алымкул лашкер башы (Алымкул аталык) Асан бий уулу 1865-жылы май айында Ташкендин алдында Орус баскынчылыгына каршы кандуу кармашта каза болуп, сөөгү ушул эле мүрзөгө коюлгандыгы белгилүү).
 
            Көкүм бийдин ишмердигин жогору баалаган Эшим хан өз буйругу менен маркумдун кабырынын үстүнө чоң күмбөз салдырып, төбөсүн көк сыр менен сырдаткан. Элде бул күмбөз «Көкүмдүн көк күмбөзү» деген атак алып, анын урандылары ушул күнгө чейин сакталган. Көкүм бий жөнүндө белгилүү окумуштуу Ч.Ч.Валиханов 1630-ж. казактын ханы Эшим, катагандын хан Турсунун кыргыздын Көкүм деген бийинин жардамы менен жеңгендигин белгилеп кеткен. (Караңыз: Ч. Валиханов. Т.1, 374 бет.). Ал эми казак тарыхчысы М. Тынышпаевдин маалыматында «...Орто жүз Жолборс хан менен бирге калмактарга каршы жүрүш баштады. Ташкен менен Сайрам калмактардан азаттык алды. Анан ... Жолборсту сарттар жарып өлтүргөндө, калмактар Ташкенди кайта алып, Жолборстун шериктери: атактуу Төлө бий, Чинет баатыр, Койкелди баатыр, Шамен баатырлар (баары дуулат), калаадан куулуп, Ташкенди ... кыргыздардын карачоро уругунан чыккан Көкүм бий бийлей баштады», деп жазылат. (Караңыз: Тынышпаев М. История казахского народа. А: 1998. 179-бет.
 
Ташманбет Кененсариев
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор
 
 

 

1990-жылкы Оштогу кайгылуу окуялар кокустукпу? Каргаша кайдан чыкты? Анын себептери кайсылар? Жумурият карт тарыхтын кайрымы менен «аттап» кеткен доорду кайра басып өттүбү? 2010-жылы эмне үчүн бул окуя кайрадан кайталанды?

 
            Мына, ушундай узун түрмөк суроолорго тарых сересинен сарасеп салсак, кыргыз тарыхынын бүктөмүндө калган айрым маалыматтар көрүнөт...
            Ош окуяларынын себептеринин түпкүрүндө тарыхый терең өбөлгөлөр жатат. Тарыхыбызды билбегендик, тарых тактаган факторлорду барк албагандык мындай каргашалуу окуянын чыгышына кыйыр себеп болгондой... Демек, өз тарыхыбызды тереңдеп үйрөнүү анча жолго коюлбагандыгын ырастоого туура келет.
 
Биринчиден, Ош чөлкөмүнүн эң байыркы мезгилдерден XIX кылымдын ортосуна чейинки тарыхын традициялуу тарыхнаамаанын нугунда гана учкай билебиз. Биздин советтик тарыхнааманын көп мезгилдерден бери келе жаткан стилинин бир жактулук кесепетинен, атап айтканда ар кандай тарыхый окуяларды чагылдырууда анын социалдык, экономикалык, таптык жана саясий жактарын ачууга көбүрөөк умтулуп, куру кыйкырыкка айланган «интернационалдуулук», жагынуулук менен тарыхый инсандарга аз кызыгып, алардын ким экендигин изилдөөгө көңүл бурбай, натыйжада тарыхыбыздын жүрүшү жана окуялары ээсиз калгандай (обезличенный) көрүнөт.
 
Атай келгенде Фергана чөлкөмүндөгү байыртадан башталган антропо-этногенетикалык карым-катнаштар аз изилденген. Индоевропалык расага кирген жана иран тилдеринде сүйлөгөн байыркы ферганалык тургундар (ираний) качан жана кайсыл тарыхый шарттарда түркий (тураний) элдер менен саясий ымаларга аралашып түрктөшө баштагандыгын, ал процесстин качан аяктап, элдин калыптануу процесинде кандай роль ойногондугун так билбейбиз. Айрыкча XIV-XIX кылымдардын арасында көп сандаган түркий көчмөн, жарым отурушкан уруулардын Түркстандагы, ошонун ичинде Фергана чөлкөмүндөгү элдин калыптануу процессиндеги тарыхый үлүшү, өз ара жуурулуу (ассимиляция) жараяны көмүскөдө калып келген.
 
            Уруулардын тарыхын изилдөөнүн маанилүү булагы санжыралар эле, алар жөнүндө айтпай келгенбиз. Уруу тарыхын изилдөө, аларды элге жеткирүү улутчулдука алып барчу жол сыяктуу көрүнүп, андан үркчүбүз. Акыркы изилдөөлөр көрсөтүп жаткандай Түркстан элдеринин, аны ичинде кыргыздардын да тарыхы уруу санжыраларында жашап жатат. Башкача айтканда уруулардын тарыхын терең үйрөнүү аркылуу элдин, улуттун тарыхын тереңден аңдоого жетишишибиз айдан ачык. Ошондо ган биз сөз түрүндө эмес, тарыхый фактылар менен далилденген деңгээлде Борбор-Азиянын элдери чынында эле Түрк-Атанын балдары экенин ырастоого болор эле.
 
             Ошол эле учурда маселенин дагы бир жагы, эл болуп калыптануу процессинин үйрөнүүдөгү татаал этникалык карым-катнаштардын көп жактуулугун эске албай келүүнүн натыйжасында бизде кыргызы да, казагы да, өзбеги да, тажиги да, каракалпагы да эл катары келки-келки бөлүнүп түзүлүп калгандай туюлуп келген. Ошондуктан ал элдердин мамлекеттүүлүгүн түзгөн жумурияттардын азыркы ээлеп турган чөлкөмүндө болуп өткөн окуялар ошол гана элге таандык деген түркөй түшүнүк пайда болгон да, ири тарыхый окуяларга, тарыхый инсандардын ишмердигине туура эмес баа берүү келип чыккан. Бул жагдайда өзбек тарыхчыларынын Авиценнадан баштап Бабурга чейин баарын эле өзбек улутуна киргизип, казак тарыхчыларынын Чыңгыз-хандан тарта баарын эле казак кылып, Евразия континентиндеги бардык тарыхый окуяларда казак эли негизги ролду ээлеген деп, же саясий биримдик гана болуп эсептелген Бухара, Хива жана Кокон хандыктарын «Өзбек хандыктары» деп атап келиши мисал боло алат. Андай болгондо биз Истеми каганды, Чабыш Чор Сулукту, Жусуп Баласагынды, Махмуд Кашкарини, Али Мансур аль-Ошини, Кетмен-Төбөдөн кеткен Тогрул бекти — «кыргыз», борборлору азыркы Кыргызстандын чөлкөмдөрүндө жайгашкан Усун, Давань, Төргөш, Карахандар, Моголистан мамлекеттерин — «Кыргыз мамлекети» деп атообуз керек беле?
 
            Экинчиден, биздин жумурияттык тарыхнааманын дагы бир мүчүлүшү XIX кылымдын ортосунан Өктөбүр төңкөрүшүнө чейинки мезгилде жүргөн Фергана чөлкөмүндөгү тургундардын этникалык карым-катнашы, жуурулушуу процесси тигил же бул уруулардын жер которушу жана башка маселелер алиге көмүскөдө келет. Натыйжада аталган тарыхый мезгилде орус падышачылыгынын административдик-колониялык саясатына ылайык облустар, уездер жана урулардын ээлеген орду боюнча оош-кыйышсыз түзүлүп, болгону орус келгиндери менен гана жаңылангандай сезилет.
 
            Үчүнчүдөн, Өктөбүр ыңкылабынан кийин 20-30 жылдардагы Түркстан элдеринин совет бийлигинин шартында өнүгүп-өсүшү, алардын улуттук мамлекеттүүлүгүнүн келип чыгышы, чек аралык жиктенүүлөр жана жалпы эле Орто Азия чөлкөмүндөгү элдердин улутка өсүп-өнүгүүсү үстүрт изилденди. Кеңеш өкмөтүнүн чыңдалышы, жер-жерлерде жүргүзүлгөн социалдык-экономикалык, саясий жана маданий өзгөрүүлөрдүн мазмуну 30-жылдардын аягында биз негизинен куруп бүттүк деген социалисттик түзүлүшкө төп келеби же жокпу, социалистик улут болуп түзүлдүк деген түшүнүк азыркы методологияга кандай деңгээлде туура келет, улуттук мамлекеттүүлүктүн өнүгүү процесси жана 20-жылдардын ортосунда жүргөн улуттук чегаралык жиктешүү маселесинин чечилүү шарттары, анын адилеттүүлүгү жана кийинки мезгилдерде улуттардын социалдык-экономикалык, саясий жана маданий-психологиялык таламдарына кандай жооп берет, аталган проблемалардын чиеленишине «сталиндик» социализм канчалык деңгээлде таасир этти, мына ушул сыяктуу маселелер кайрадан изделиниши зарыл.
 
            Тээ өткөн кылымдын 80-жылдарынын экинчи жарымынан азыркыга чейин биз сындан келген улуу ойчул жана практик В.И. Лениндин капитализм мезгилиндеги улуттук өнүгүүнүн эки тенденциясы тууралуу теориясынын биринчи бөлүмү постсоветтик өлкөлөрдө болуп жаткан көрүнүштөргө жооп берет. Андагы негизги белгилер: капитализмдин өнүгүшү менен кошо жүргөн улуттардын пайда болуу процесси, улутчулдукка чейин өсүп жеткен улуттук аң сезимдин калыптанышы, улуттук өнүгүүнүн бардык тармактарынын күчөшү: улуттук мамлекеттүүлүктүн калыптанышы, эгемендүүлүктү жана суверендүүлүктү бекемдөө, улуттук экономика, теориялык тактоолор, тил жана маданият маселелеринин курч коюлушу жана башкалар. Ошентип, жумуриятыбыздагы азыркы көрүнүштөр, Борбор Азия элдеринин тарыхында «атталып өтүлгөн» капиталисттик коомдо чечилүүчү маселелерди эми гана чече баштаганыбызды көрсөтүп турат. Демек, улут болуп түзүлүү процесси дүйнөлүк мыйзам ченемдүү өнүгүүгө ээ экендигин, ал эми Кыргызстан ошол жараянды азыр гана өтүп жаткандыгын ырастап турат.
 
            Тарыхыбызды так билбегендиктен Фергана өрөөнүнүн, айрыкча Кыргызстандын түштүк чөлкөмдөрүнүн тургундарынын арасында тигил же бул жер, шаар, тигил же бул мазар, тигил же бул тарыхый инсан биздики, тигил же бул эл келгин же тургун, ал турсун 20-жылдардагы Орто Азия элдериндеги мамлекеттүүлүк түзүлүү процессинин жүрүшүндө тигил же бул жерлердин тигил же бул жумуриятка кирип калышы туура эмес чечилген деген бөлүп-жаруучулукка алып келүүчү коомдук пикирлерди пайда кылып келди. 
 
Демек, байыртадан бери Орто Азия, анын ичинен Фергана калктарынын тамыры бир экендигигин, Бухара, Хива жана Кокон хандыктары улуттук эмес, өз ичинде жашаган калктардын баары баш кошкон саясий биримдик, орток мамлекет болгондугун, Совет ыңкылабынан кийинки 1924-жылдагы улуттук мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүнө улуттук принциптеги чек ара жиктешүүлөрүндө бир катар импердик ката кетирилгендиктерин азыркы учурда тактоо зарыл. Чындыгында 1924-жылга чейин Өзбекстан деген да, Кыргызстан деген да мамлекет жок эле, экөө тең Түрк республикасынын составында турган (сөз жерлерди, болуштуктарды жана айыл-кыштактарды тигил же бул түзүлүп жаткан мамлекеттик биримдиктерге өткөзүп берүү жөнүндө болуп жатат). Ошол «каталардын» кесепети акырындык менен “Ош окуялары” деп аталган жоболоңдуу окуяларга алып келди.
 
            Фергана чөлкөмү чынында эле байыркы замандардан бери көп улуттуу чөлкөм. Биздин эранын башына чейинки доорлордо жашаган ираний калктар (давандыктар, сактар жана усундар) кийинки мезгилдерде, айрыкча VI-XII кылымдарда түрктөшүп, андан кийин XII-XIII кылымдарда монголдор менен жуурулушуунун натыйжасында түбү тектеш, Орто Азиядагы эң байыркы мезгилдерден бери XVI кылымга чейин жашап өткөн кандаш калктар (кыргыздар, өзбектер, казактар, каракалпактар жана башкалар) пайда болду.
 
Фергана өрөөнүндө биздин эрага чейинки I миң жылдыктын орто ченинен баштап эле, байыркы давандыктар менен сак урууларынын отурукташкан-дыйканчылык жана көчмөн-малчылык чарбаларынын синтезинен келип чыккан цивилиация калыптанган. Негизинен Фергана тарыхнаамада “өзөн цивилизациясы”(“речная цивилизация”) деп аталуучу регионго кирип, андагы жашоо тиричиликте жасалма сугатчылык эң зор ойногон. Ошондуктан экономикада жер, болгондо да сугат дыйканчылыгына негизделген жер ээлөө, негизги маселе болуп, акырындык менен орто кылымдарда тургундардын социалдык-чарбалык төмөнкү эки тиби калыптанды.
 
Алар: 1. Отурукташкан-дыйкан, кол өнөрчү жана соодада шүгүрлөнгөн жамаат;
2. Көчмөн-мал чарбасы менен кесиптенген жамаат.
Бул жагдайда мамлекетти төмөнкү беш негизги элемент кармап турган:
 
             - Жер жана сугат системалары шариат боюнча да, адат боюнча да ‘эки жамаатка тең тийешелүү болгон, бирок факты жүзүндө аны көбүнчө отурукташкан жамаат пайдаланган;
            - Дыйканчылык жана анын продуктылары отурукташкан жамааттын колунда болгон;
            - Соода иштери негизинен отурукташкан жамааттын колунда турган;
            - Мал чарбачылык жана анын продуктылары негизинен көчмөндөрдүн колунда болгон;
            - Саясат, бийлик жана аскер күчтөрү негизинен көчмөндөрдүн же теги көчмөн династияларынын өкүлдөрүнүн колунда турган. Негизинен заманына жараша мобилдүү жашаган көчмөндөргөн түзүлгөн аскер күчтөрү өлкөнүн социалдык-экономикалык структурасын сактап, тышкы душмандардан коргоп туруучу фактор катары кызмат өтөгөн.
 
            Ошентип, саясий бийлик менен экономиканын азыраагы көчмөндөрдө, ал эми экономикалык байлык отурукташкан тургундарда топтолгон абал түзүлгөн. Мындай абал саясий күчтөр менен экономикалык байлыктын өз ара тең салмактуулугун пайда кылып, бир эле учурда тең тайлашкан, бирок тынчтыкта жанаша туруп, бири-бирисиз жашай албаган, отурукташкан жана көчмөн элдердин эки тобунун уникалдуу синтезин, башка сөз менен айтканда тиричиликтин Ферганалык вариантын калыптандырган.
 
            Түрдүү этникалык жана чарбалык жамааттар өрөөндө аралаш-келки жайгашышкан. Мисалы, шаарлар менен кыштактардын алгач иран, кийинчерээк түркий тилиндеги отурукташкан тургундары жергиликтүү булактарда “сартиййа” деген аталыш алып, түрктөрдөн, тажиктерден, отурукташкан өзбектерден куралган. Аларды “илатиййа” деп аталган көп сандаган көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздардын, кыпчактардын, кийинчерээк отурукташып кеткен өзбектердин, түрктөрдүн кыштоолору, жаздоолору жана жайлоолору курчап турган. Сартиййа жана илатиййанын кыштактары менен айылдары, алардын айдоо жерлери жана жайыттары обочо ээликтерди эмес, бири бирине жанаша турган аралаш-келки ээликтерди түзгөн. Аталган коомдук-социалдык абал байыртадан эле калыптанып, жаңы доорго жакын кокон амирлигинин түптөнөөр алдында деле ушундай мүнөздө болучу.
 
            Саясий мамилелерде жогоруда атап өткөн тең тайлашуу көп учурда эки жамааттын ортосунда күрөштөрдү пайда кылып, алардын мүнөзү негизинен борбордук бийликти талашуу, же башка бир саясий, жеке инсандык маселелер менен чектелчү. Бул атаандаштык эч качан этникалык мүнөздү алган эмес. Буга мисал катары 1709-жылдан 1876-жылга чейин жашап турган Кокон мамлекетинин турмушун келтирүүгө болот. 169-жыл жашаган хандыктагы болуп өткөн сандаган кагылышуулардын эч бирин этникалык тариздеги араздашуу деп саноого мүмкүн эмес.
 
ХVIII кылымдын башында өзбек-кыргыз илатиййасы (Шахрух бий менен анын күйөө баласы Акбото-бий кыргыз) бийликти колго алашты да, жаңы кокон амирлигин орнотушуп, кадимки улуу көчмөн Тимурдун насили Бабурдун урпагы шакрухтардын династиясын негиздешти. Бул окуя, кадимден келаткан тең салмактуулук принцибинин кезектеги чагылышы болгон. Илатиййа менен сартиййанын тең салмактуулугунун шартындагы бийлик чөйрөсүндө турган күчтөрдүн жайгашынын ар кандай вариациясын байкоого болот. Жергиликтүү жазма булактардын эң абройлуусу Молдо Нияз Хукандинин “Тарих и-Шахрохи” эмгегиндеги пикирге караганда Кокон мамлекетинде төмөнкү 4 этносоциалдык топ аракеттенген: этникалык миңдер, этникалык кыргыздар, этникалык кыпчактар жана социалдык сарттар болучу.
 
Кокон тарыхында бийлик чылбыры негизинен дайыма илатиййанын (аталган үч этникалык топтун) өкүлдөрүнүн колунда болуп, бирок иш жүзүндө сартийаанын чордонун түзгөн сарттар тобунун кайсыл этникалык топту жактагандыгына карата тең салмактуулук айрым учурда бузулуп да турган. Бирок, саясий араздашууларда эгер күчтөрдүн жайгашышы сартиййа жамаатына ооп баратса, илатиййа аны тез арада бийлик өкүлүн алмаштыруу же өзүлөрүнө ылайык марионетти бийликке олтургузуу жолу менен тең салмактуулукту калыбына келтирип коюшчу. Мындай мисалдар Фергана тарыхында өтө көп.
 
Жогорку аталган эки типтеги социалдык-экономикалык жамааттын тең салмактуулук принциби Х1Х кылымдын экинчи жарымынан баштап Орусия колониалдык саясатынын кесепетинен бузулган. Алар төмөнкү белгилер менен мүнөздөлөт:
 
            - 1886-жылкы Түркстан крайын башкаруу Жоболорунун негизинде жер жан суу ресурстары Орусиянын импердик менчиги деп жарыяланды. 1890-1910-жылдарда Ферганада ишке ашкан жер-салык реформасынын натыйжасында жарактуу суулуу жерлердин дээрлик басымдуу бөлүгү отурукташкан сартиййа жамааты менен келгин орус дыйкандарына ыйгарылып калды. Ал эми илатиййа жамаатына (элеттиктерге) кайракы жерлер, жайыттар жана жер иштетүүгө ыңгайсыз тоо-таш тийди. Аларды да көчмөндөр “коомдук жерлер” деген аталыш укугунда алышты. Мындай учурда, мурунку илатиййанын өкүлдөрү шашылыш отурукташууга аракеттеништи. Фергана кыргыздарынын Х1Х кылымдын 80-жылдарында, ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл кыргыздарынын – ХХ кылымдын башында отурукташууга өтүшүн Орусиянын отор саясаты колдогон жок. Анткени, колониалдык бийлик үчүн улам активдүү көчүп келип жатышкан орус келгиндерине жаңы айдоо жерлерин бөлүүнүн чоң саясий жана геосаясаттык мааниси бар эле. Ошентип, кыргыздардын басымдуу көпчүлүгүнүн отурукташуусу ХХ кылымдын 40-жылдарына чейин созулган.
 
            - Соода мурункудай эле отурукташкан жамааттын колунда калып, анын айрым тизгиндери келгин орус көпөстөрүнө өттү.
 
            - Мал чарбачылык негизинен илатиййанын кесиби болуп калганы менен, бул чарбадагы жаңы интенсивдүү технологиянын жанданышына (бордоп багуу, сатууга багытталган мал чарба) байланыштуу колониалдык рынок шартына көз карандылык абал пайда келип чыкты.
 
            - Саясатта олуттуу өзгөрүү болду. Жергиликтүү эл мамлекеттүүлүгүнөн ажырады. Колониалдык административдик саясат элдердин этникалык белгилери менен эмес, башкаруу ыңгайлуулугуна карата ишке ашып, жыйынтыгында сартиййа да, илатиййа да болуштук (волостное управление) бийликке гана укуктуу болуп калышты. Жергиликтүү элдин бардык өкүлдөрү армияга кызмат кылуу укугунан дээрлик ажырады. Демек, мурунку саясаттагы чечүүчү ролдо турган көчмөндөрдө саясий роль таптакыр төмөн түштү.
 
            Ошентип, мурунтан келе жаткан салттуу тең салмак бузулуп, жашоодогу негизги байлык жана бийлик отурукташкан жергиликтүү жамааттын жана орус келгиндеринин пайдасына ооду. Мындай социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүнүн кесепетинен Эки-Суу Арасы, Маргалаң, Анжыян, Кокон, Наманган, Кожент шаарларынын айланасындагы эзелки кыштактардан илатиййанын өкүлдөрү акырындап тоолуу аймактарга карата сүрүлүп кетишти. Отурукташкан калктардын демографиялык өсүүсүнүн натыйжасында мындай чөлкөмдөрдүн ордуна жаңы кыштактардын түзүмү пайда болду (Кокон-Кыштак, Нанай, Маданият, Хан-Абад, Кемпир-Абад, Жалал-Абад, Кара-Суу жана дагы ушул сыяктуулар).
 
            Мындай тагдыр чеччү процесстердин эң коркунучтуу кесепети – жер-суу маселесине карата этникалык араздашуулардын пайда болушуна өбөлгө түзүлгөндүгүндө эле. Демек, 1898-жылдагы Анжыян-кыргыз жана 1916-жылдагы кыргыз көтөрүлүштөрүнүн түпкү себептери ушул өбөлгөлөрдө жаткандыгын кийинки изилдөөлөр далилдеп жатат.
 
            1917-жылкы Өктөбүр төңкөрүшүнүн натыйжасында Совет бийлигинин орношунан кийинки жылдары жүргөн атуулдук согуштардын, калыбына келтирүү, советтик социалдык-экономикалык жана маданий өзгөрүүлөрдүн активдүү жүрүшү менен жер-суу маселесине байланышкан этникалык араздашуу чыккан эмес.
 
            1924-жылдан башталган декларацияланган Кыргыз автономиялуу, кийин республикалык статусу бар мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүнүн натыйжасында экономикалык чечүүчү ролго ээ боло албаса да мурунку илатиййанын өкүлдөрүнүн саясий бийликке келиши эзелки тең салмактуулуктуулуктун бузулушунун компенсанциясы катары кароого да болот. Бирок, тарыхый себептер кала берди...
 
            Фергана чөлкөмүндө, тагыраак айтканда азыркы Ош облусунун аймагында XX кылымдын аягында жана XX кылымдын баштарында кыргыз-өзбек жамаатташтыгынын сандык-салыштырма абалы кандай эле жана алар 1924-1926-жылдарда өткөрүлгөн улуттук чек ара жиктешүү процессинин жүрүшүндө, жумуриятыбыздын административдик бөлүшүндө кандай деңгээлде чечилди, ошол маселелерге бир аз токтоло кетсек.
            Маселени кароодон мурун Өктөбүр төңкөрүшүнө чейинки падышалык эл каттоо эсеп-кысабы көп учурда жаңылышканын айта кетүү зарыл. Эл каттоо кампаниясын орус чиновниктери алып барышып, алар көп учурларда болжолдуу түрдө, кээде маалыматтарды өз билгениндей эле бере беришчү. Орус чиновниктери гана эмес, көп учурда аттуу-баштуу орус окумуштуулары, саякатчылары деле кыргыз менен казакты, каракалпак менен кыпчакты, өзбек менен башка түрк элдерин көп ажырата алчу эмес. Ошондуктан, ыңкылапка чейинки маалыматтарга өтө этияттык менен, салыштырмалуу түрдө кароо керек.
 
            Россия жана анын чет-жакаларында официалдуу эл каттоо биринчи жолу 1897-жылы болгон. Анан кийин болжолдуу түрдө ар жылы областтык губернаторлордун отчетторунда элдердин саны берилип турган. 1908-10-жылдары сенатор Палендин Түркстан крайын толук текшерүү жүргүзгөнүнө байланыштуу эл каттоо жүргөн. Биз ошол маалыматтарга таянып Фергана чөлкөмүн карап көрөлү.
 
            XIX кылымдын аягында беш уездден турган (Наманган, Анжиян, Маргалаң, Кокон жана Ош) Фергана облусунда 1 млн. 572 миң 214 адам жашап анын ичинде 114081 тажик, 14915 кашкарлык, 201597 кыргыз, 7584 кыпчак, 11056 каракалпак, 788989 сарт, 153780 өзбек, 261234 түрк-татар элдери жашаган. (Маалыматтар 1904-жылы Бүткүл Россиялык биринчи эл каттонун жыйынтыгына карата даярдалган «Ферганская область» деген китептен алынды - К.Т.) Бул жерде окурмандарга айта кетчу нерсе бар. Биринчиси, 1926-жылга чейинки эл каттоонун баарында азыркы өзбек эли «сарт», «өзбек» деп эки эл катары берилет. Себеби, XVI-кылымдын башында Орто Азига Арал деңизинин түндүк тарабынан Мухаммад Шейбаны (XVI кылымдагы Көк ордонун ханы чингизид Өзбек хандын тукуму) менен кошо көчүп келишкен 92 боолуу (92 урук) көчмөн өзбектер (баары 240-360 миң киши) жана жергиликтүү түрк тилинде (чагатай тили) сүйлөшкөн сарт деп аталышчу дыйканчылык, соода, кол өнөрчүлүк менен кесип кылган сартиййа жамааты менен жуурулушуу процесси XX кылымдын башына чейин бүтө элек эле. Экинчиси, маалыматтарда берилгендей «түрк-татар элдери» деген графага биздин оюбузча түрктөр, татарлар, башкырлар, карайымдар, лакецтер жана башка майда калктар, ошондой эле түрк тилинде сүйлөшүп, улуту аныкталбагандар а мүмкүн жаңылыштык менен өзбектер да, кыргыздар да кирип кетсе керек.
 
            Сөз кылып жаткан мезгилде Анжиян жана Ош ойоздорунда (уезд) жашагандар төмөндөгүнү түзгөн: Баары 360267 жана 161640 киши, анын ичинен тажиктер 1970 жана 107 адам, кыргыздар 123382 жана 1741, сарттар 321817 жана 571, өзбектер 6 жана17, түрк-татарлар 662 жана 136447 адам. Кыпчактар Анжиян ойозунда гана 14 киши деп берилген. (Аларды кыргыздарга кошуп койсо керек, ал эми өзбектердин өтө аз санда берилиши да күмөндү туудурат. – К.Т.) Ошондой эле Ош ойозундагы кыргыздардын санынын берилиши да туура эмес. Бирок, кантсе да бул официалдуу документти коңүлгө албай коюуга мүмкүн эмес.
 
            Сабаттуулардын жана шаардыктардын саны дагы кызыктуу. XIX кылымдын аягында Фергана облусунда кыргыздардан 185 киши орусча сабаттуу, 1116 киши мусулманча сабаттуулукка ээ болуп, алардын ичинен 4 адамдын ортодон жогорку билими болгон. Аталган цифралар сарттарда 1482, 16314 жана 2, ал эми өзбектерде 96, 3766 жана 2 деген сандарды түзгөн. Областтын шаарларында баары 267 кыргыз жашаган, анын ичинде 108 киши Маргаланда, 37 — Анжиянда, 74 — Кокондо, 48 — Наманганда турган. Кыпчактардан шаарда тургандар деген графага бир гана кишинин Анжиянда жашагандыгы берилген. Эмне үчүндүр Ош шаарында 8 гана сарт жана 5 өзбек жашаган деген маалымат бар. Ошол эле учурда Ошто 32432 түрк-татарлар тургандыгы айтылат.
 
            1907-жылы даярдалган Фергана облустук статистика комитетинин маалыматтарында шаарда жашаган кыргыздардын жалпы саны 584 кишини түзүп, анын ичинде Скобелев шаарында - 62, Анжиянда - 222, Кокондо - 15, Наманганда - 7, жана Ошто - 271 кыргыз жашаган.
 
            1908-жылы берилген Фергана облусунун губернаторунун отчетунда көрсөтүлгөн айрым цифраларга да токтоло кетүү зарыл. Мисалы: кыргыздар басымдуулук кылган болуштуктарга төмөнкүлөр кирген. Анжиян ойозунда: Базар-Коргон - 97 процент, Наукент - 94 процент, Көк-Арт - 65 процент, Өзгөн - 75 процент (ал мезгилде Өзгөн кичинекей эле кыштак болчу. Ал шаар деген статусту совет доорунда кабыл алып, 1990-жылы гана областтык шаар деген деңгээлге жетти), Чаңгет - 97 процент, Яссы - 87 процент, Каракол, Сарысуу - 100 процент, Кеңкол-Карагыр - 100 процент, Майлы-Сай - 100 процент, Жалал-Кудук - 50 процент, Коргон-Төбө - 85 процент; Кокон ойозунда: Исфара - 100 процент, Лейлек - 99 процент, Нойгут-Кыпчак - 100 процент; Маргалан ойозунда: Ичкилик - 99,5 процент, Жоокесек, Бостон - 98,5 процент; Наманган ойозунда: Арым - 95 процент, Багыш - 93 процент, Баястан - 52 процент, Кырк-Уул -100 процент, Саруу - 100 процент, Суусамыр - 100 процент, Кутлук-Сейит - 100 процент, Чаткал - 100 процент; Ош ойозунда: Алай - 100 процент, Гүлчө - 100 процент, Капчыгай - 100 процент, Куршаб -88 процент, Ак-Буура - 97 процент, Кашкар-Кыштак - 84,5 процент, Ноокат -73 процент, Турук - 99 процент кыргыздар жашаган. Мындан тышкары Самарканд облусунун Кожент ойозундагы болуштуктар: Иджар - 100 процент, Чапкылык - 80 процент, Исфана - 100 процент, Бөксө-Сибирги - 100 процент; Жызак ойозундагы болуштуктар: Кара-Таш - 100 процент, Ата-Коргон - 100 процент, Кызыл-Кум - 100 процент, Мистелүү-Тоо - 100 процент, Көк-Дөбө - 100 процент. Ошондой эле жогоруда аталбаган көптөгөн болуштуктарда тургандардын 20-40 процентке чейинкисин кыргыздар түзүшкөн. Мисалы: Жалал-Абад - 45 процент, Кокон-Кыштак - 20 процент, Нарын - 40 процент, Хакул-Абад - 25 процент, Кара-Суу - 32 процент, Араван - 36 процент, Мархамат - 20 процент, Кули - 25 процент, Нанай - 36 процент, Кызыл-Коргон - 25 процент, Ашт - 24 процент, Чадак - 25 процент, Булак-Башы - 21 процент, Мөнөк - 40 процент жана башка. Аталган болуштуктардын көбү совет доорунда Кыргызстанга кирди, ал эми бир даары географиялык шарттарга байланыштуу Өзбек жана Тажик жумурияттарында турушат.
 
            Жогоруда белгилегендей 1924-жылдын 12-июнунда РКП(б) БКнын «Орто Азия республикаларынын улуттук-мамлекеттик жиктештирүү жөнүндө» деген токтому кабыл алынат да, ошол эле жылдын 14-октябрында Бүткүл Россиялык Аткаруу комитетинин токтому боюнча РСФСРдин Кара-Кыргыз автоном облусун түзүү жөнүндө токтом кылынган. 1924-жылы 16-декабрь күнү РКП(б)нын Кара-Кыргыз обкомунун уюштуруу бюросунун Президиумунун заседаниесинде Жалал-Абад, Каракол-Нарын, Пишпек жана Ош округдук комитеттерин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
 
            1925-жылдын 23-27-мартында I Кыргыз областык партконференция болуп өткөн, ал эми 27-30-марттарда Кара-Кыргыз автоном облусунун Советтеринин биринчи уюштуруу курултайы чакырылып, анда Аткаруу Комитети түзүлгөн. Бүткүл Россиялык Аткаруу Комитетинин алдында Кара-Кыргыз автоном облусу деген сөздүн ордуна Кыргыз автоном облусун кабыл алуу керектиги сунушталган. Ошондой эле кийинчерээк КАОну Кыргыз автономдук Советтик социалисттик республикасына айландыруу белгиленген.
 
            1925-жылдын 27-майындагы Бүткүл Россиялык Аткаруу Комитетинин Президиумунун заседаниесинде КАО ревкомунун төрагасы Токбаевдин баяндамасы боюнча Кыргыз автономиялык облусун райондоштуруу жөнүндө жөнүндө токтому бекитилген. Анда КАО 4 округдан туруп, мындай деп жазылган: «Түркстан АССРинин территориясынан Кыргыз автономиялык облусунун составына төмөнкүлөр киргизилсин: 1. Пишпек округуна Пишпек шаары, (андан нары болуштуктар саналып өтөт): 2. Ош округуна - Ош шаары жана мурунку Фергана облусунун Ош ойозунун Акжар, Алай, Гулша, Кара-Таш, Капчыгай, Яссы, Ак-Буура, Куршаб, Турук, Ноокат, Кашкар-Кыштак, Өзгөн жана Ош болуштуктары; ошол эле мурунку Фергана облусунун Кокон ойозунун Лейлек, Нойгут-Кыштак болуштуктары жана мурунку Фергана облусунун Маргалаң ойозунун Жоокесек-Бостон, Араван, Ичкилик, Найман болуштуктары жана Чимион болуштугунун Халмион айылы; 3. Жалал-Абад округуна - Жалал-Абад шаары жана мурунку Фергана облусунун Анжыян ойозунун Айым, Базар-Коргон, Массы, Ноокент, Чаңкет, Каракол-Сарысуу, Кеңкол-Карагыр, Майлы-Сай болуштуктары; мурунку Фергана облусунун Наманган ойозунун Арым, Кызыл-Жар, Кырк-Уул, Саруу, Суусамыр, Чаткал, Багыш, Баястан, Кутлук-Сейит болуштуктары; 4. Кара-кол округуна - Кара-Кол шаары (андан ары болуштуктарды санап өтөт). (Караңыз: Кыргыз ССР мам. Архиви, 20-фонд, 1-опись,114-иш, 19 бет). Аталган райондоштуруу боюнча, ошентип, КАОдо 75 болуштуктан турган 4 округ, 6 шаар, 721 кыштак, 727 айыл, 5 хутор кирген. Облустун калкы 717 миң кишини түзүп, анын ичинде 63,5 процент кыргыз, 16,8 проценти орус, 15,4 проценти өзбек жана 4,3 проценти башка улуттардын өкүлдөрү жашаган.
 
            Кыргыз автономиялык облусунун территориясына кирүүчү жерлер али толукталып бүтө элек эле. Жогоруда сөз кылынган Кара-Кыргыз автоном облусунун Советтеринин биринчи уюштуруу съездинде эле (27-30-март 1925-жыл) ревкомдун баяндамасы боюнча токтомдун төртүнчү пунктунда мындай деп жазылган: «улуттук жиктештирүү мезгилинде областтын чек араларын улуттук, экономикалык жана территориялык белгилер боюнча так аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу съезд жаңыдан шайланган Аткаруу Комитетине бул маселени Орто Азиялык Эмгек жана Коргонуу Советинин өкүлү аркылуу тезирээк чечүүнү тапшырат». (А.Орозбеков областтык Аткаруу Комитетинин төрагалыгына шайланган эле. — К.Т.) Ушундай эле чечим кийинки 27-майдагы Бүткүл Россиялык Аткаруу Комитетинин Президиумунун заседаниесинде да кайталанган.
            Мындай абал Орто Азиянын башка республикаларында да сакталган. Ошондуктан, атайын түзүлгөн СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин Паритеттик (калыстык) комиссиясы 1926-жылдын март айларына чейин республикалардын чек аралык талаш-тартыш арыздарын тескеп чыгып, анын отчету 20-25-марттарда Самаркандда каралган. Айта кетчу нерсе, аталган комиссиянын төрагасы Д. Петровский, мүчөлөрү: Мирза Галиев, Саид Алиходжаевдар болушуп, кыргыздардан эч ким кошулган эмес. №11 жана 13-протоколдорду карап көргөндө Кыргызстандын жана Өзбекстандын бийликтеринин бири-бирине койгон территориялык дооматтарынын жалпы саны 20дан ашык болуп, алардын Кыргызстан үчүн канаттандырарлык чечилгени төмөнкүлөр эле: Бек-Абад айылы (Сузак району), Ардай айылы (Кара-Суу району), Төө-Моюн айылы (Араван району), ошондой эле Бакса-Исфана болуштугу менен Чапкылык айылы (Лейлек району). Ошол эле учурда Кыргызстанга өткөрүлүп берилсин деген суроолордун канааттандырылбагандары булар: Заркен кыштагы, Варзык кыштагы, Үч-Коргон кыштагынын жаны, Вуадиль айылы, Чимион айылы, Хан-Абад болуштугу жана Кемпир-Абад айылы, Жалал-Кудук айылы, Кара-Суу (Өзбекстандагы бөлүгү), Чимион, Коргон-Төбө болуштуктары, Күйүк-Мазар, Мөнөк айылдары, Булак-Башы болуштугу, Мархамат болуштугунун Дөң, Кызыл-Рават, Кучи айылдары, Бетегели, Кой-Таш өрөөнү (Ангрен дарыясынын жогорку агымы).
 
            Өзбекстандын бийликтери Кыргызстандан төмөнкү территорияларды өзүлөрүнө өткөрүп алууга жетишкен: Баястан, Ак-Коргон айылдык советтери жана анын кыштактары, Айым кыштагы, Араван болуштугунун Анжиян, Лянгар, Араван, Досмат-Халвоин, Төпө-Коргон айылдары. Ал эми Өзбекстандын бийликтеринин Сузак 1 жана Сузак 2 кыштактарын, Ош шаарын жана Ош болуштугун бүтүндөй суранганына карабастан Кыргызстандын составына калтыруу чечилген.
 
Сөз толугураак болсун үчүн Ош шаарына жана Ош болуштугуна болгон Өзбекстандын дооматы кандай жүйөлөр менен четке кагылгандыгы жөнүндө айтып өтсөк. Токтомдо мындай делет: а) Ош Кыргызстандын түштүгүндөгү бирден-бир борбор; б) Ал ирригациялык тармактары жагынан Ак-Буура суусунун жээгиндеги кыргыз айылдары менен тыгыз байланышта турат; в) Ош Алай өрөөнүнө кетүүчү жолдордун башталышы жана Фергана өрөөнүндө маанилүү түйүн; г) Ош шаарын Өзбек ССРине берип коюу Фергана өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан кыргыз айылдарын бириктирүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп коюу дегендик болоор эле; д) Ош болуштугундагы өзбек, кыргыз кыштактары жана башка улуттук айылдар өз ара экономикалык карым-катнашта туруп, алардын жерлери шаардын территориясы менен айкалышып кеткендигине байланыштуу комиссия Ош болуштугун Кыргызстандын составында мурдагыдай эле калтыруусун максатка ылайыктуу деп чечет. (Самарканд, 20-март, 1926 -жыл).
 
            Андан тышкары Ош чөлкөмүнүн негизги калкы кыргыздар болгондугу жогоруда айтылып кетпедиби. Революцияга чейин эле Ош ойозунун 8 болуштугунун бирөөсүндө гана (Ош болуштугу) өзбектер көпчүлүктү түзгөн. Бул жагдай 1924-жылы улуттук жиктешүү процессинде негизги принцип катары кабыл алынган болучу.
 
            Бирок КАОнун Аткаруу Комитетинин 11-апрелдеги чечиминде: «Кыргыз облусунан чечүүчү добуш менен эч кандай өкүл катышпагандыктан аталган комиссиянын жыйынтыктары Кыргызстандын кызыкчылыгын канааттандырбайт, Лейлек, Нойгут-Кыпчак, Жоокесек-Бостон болуштуктарынын чек аралары туура эмес бөлүнгөн, Кожо-Абад болуштугунун Өзбекстанга өтүшү Жобого ылайык келбейт, Сүлүктү таш көмүр кени, Чимион, Вуадиль, Үч-Коргон, Заркент жана Варзык айылдары экономикалык райондордун борбору катары Кыргызстанга өтүшү тийиш» деп айтылган.
 
            Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аралык тактоолор кийинки жылдарда да улантылган. Мисалы, 1926-жылдын 25-апрелинде Өзбекстандын Анжыян ойозунун Нарын болушундагы Катта-Могол, Думар кыштактарынан 1700 үй-бүлөнүн Өзбекстандан Кыргызстанга өтүү боюнча арызы, ошондой эле Кыргызстандын Айым болуштугунан Кызыл-Токой Дарабак, Тешик-Таш, Корут-Кий, Чаңчыр-Таш, Ак-Мечит кыштактарынын тургундарынын аларды Өзбек ССРине өткөрүү чечимдерине нааразачылыгы РСФСРдин Борбордук Аткаруу Комитетине жиберилген (Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Борбордук архиви, 20-фонд, 1-опись, 176-иш, 98-барак).
 
            Өзбек ССРинин ошондой эле дооматтарын эске алып, Борбордук Аткаруу комитетинин Президиумунун 1926-жылдын 21-декабрындагы чечимине ылайык дагы бир жолу РСФСР жана Өзбек ССРинин ортосундагы территориялык талаш-тартыштарды кайрадан карап чыгуу үчүн паритеттик комиссия түзүлүп, анын иши тууралуу 1927-жылдын 3-майындагы БАКтын Президиумунун заседаниесинде (протокол № 2) төмөнкүдөй токтом кабыл алынган:
 
“1. Сүлүктү таш көмүр кени (Бакса-Исфана болуштугу), Жоокесек, Нойгут-Кыпчак болуштарынын күйүүчү май табылган жерлеринен башка жогорку бөлүктөрү жана Ауваль болуштугунун Үч-Коргон айылы Өзбек ССРинен бөлүнүп алынып, РСФСРдин (Кыргыз автономиялык республикасынын) составына өткөрүлсүн.
 
2. КАССРдин Ош округунун Араван болуштугу РСФСРдин составында калсын.
3. Варзык, Заркент, Вуадиль, Чимион, Үч-Коргон темир жол станциясы Өзбек ССРинин составында калтырылсын жана Азим болуштугунун сол жээги Кыргыз АССРинен Өзбек ССРине өткөрүлсүн деген паритеттик комиссиянын чечими бекитилсин”.
 
Мына ошентип Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралык бөлүнүштөрү 1927-жылдарга чейин негизинен аякталган. Айрым гана өзгөрүүлөрдөн башка азыркы түштүк Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен жерлеринде ушул мезгилге чейин негизинен өзгөрүүлөр болгон эмес.
 
Колдонулган адабияттар;
 
Аттокуров С. Кыргыз санжырасы.-Б., 1995.
Бабур Захриддин Мухаммед. Бабур-баян. // Кыргыздар.—Б.,1991.
Бейсембиев Т.К. “Тарих-и Шахрухи” как исторический источник. —А—А., 1987.
Галицкий В.Я., Плоских В.М. Старинный Ош. —Ф., 1987.
Кененсариев Т. Кыргыздар жана Кокон хандыгы.—Ош,1997.
Кененсариев Т. Жаңжалдын тарыхый тамыры.//Кыргыз маданияты, 1991.№ 7. 14-октябрь.
Материалы по истории киргизов и Киргизии. —М., 1973.—Вып.1.
Мулла Нияз Мухаммед. Тарих-и Шахрухи. История владетелей Ферганы. —Казань, 1885.
Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.—Казань,1886.
Сайф ад-дин Аксыкенти (Сайф ад-дин ибн дамулло Шах Аббас Аксыкенти жана анын уулу Нурмухаммад. Тарыхтардын жыйнагы (Мажму атут-таворих) -Б.,1996.
 
Ташманбет Кененсариев
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор,
E-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
 

 

 

Ошентип, жылдын эң негизги саясий окуясы – президенттик шайлоо 30-октябрга дайындалды. Адатынча, кыргыз элине кичине башы көрүнө калгандын баары шаша-буша штаб ачышып, ажолукка амбициясын ачык чыгара баштаган кез. Бери дегенде 50дөй адамдын президент болуу кыялы бар экенин эске алганда, бырчылдашмайлар эми башталат өңдөнүп калды. Көзү ачык саясий эксперттер да булардын кимисинин тараза ташы оор экенин аңдап билүү далбасына түшүштү. Бирок, президенттик таажы бирөө эле. Аны маңдайына жазылган гана адам ала алат. Анан албетте, эл ичинде колдоого арзыган талапкер суурулуп чыгат. Андай саясатчылар бизде көп эмес. Биз ошолордун арасынан потенциалы чоң талапкерлерди тизмектеп, кимисинде кандай өзгөчөлүгү, кемчилиги бар экенине саресеп салууга аракет жасадык.
 
Сөзүнүн өтөөсүнө чыга албаган Атамбаев
 
Жашырганда эмне, парламенттеги үчилтик башкаруу коалициясына кирген партиялардын макулдашуусуна ылайык өкмөт башчысы болуп олтурган социал-демократтардын лидеринин бүгүнкү күндө абалы суктанарлык эмес. Өзү деле дос-жар менен олтурганда премьерликке бекер келгенине кейип калганы да ошондон. Атамбаев – жаратылышынан популист адам. Премьер-министрлик кызматка бекитилип жатканда өлкөнү кризистин сазынан чыгарып кетүү пландарын кенен айткан. Атүгүл, атайын программа, анан да компакттуу, мобилдүү өкмөт структурасын жакынкы ай аралыгында парламентке алып келерин билдирген. Мунун бири да өз убагында жасалган жок, маселен, өкмөттүн структурасы жарым жыл дегенде араң Жогорку Кеңешке жетти. Экономикалык программасынан болсо аликүнчө дайыны жок. Мындан тышкары, Атамбаевдин өкмөтүнүн тушунда негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр болуп көрбөгөндөй түшүп кетти. Бюджеттин тартыштыгын айтпай ак коелу, анын үчтөн биринен дайыны жок болуп турганын бешиктеги бала деле билсе керек.
 
Ушул жагдайларды эске алганда, Атамбаевден жакшы оппозиционер гана чыгаары, а чарбалык иштерге келгенде чабалдыгы кашкайып көрүнүп турбайбы. Башкаларды сындатып койсоң, таш-талканын чыгара талкалаган укмуштуу таланты бар А.Атамбаев бүтүндөй өлкө бул жакта турсун, кичинекей ишкананы да башкарууга жөндөмү жоктугу учурдун ачуу чындыгы болууда. Анан эмнесине президенттикке умтулат, түшүнүксүз. Чын-чынына келгенде бу кишинин тажрыйбасы деле жок. Кайсы бир жылдары Биринчи май райондук райондук аткаруу комитетинин башчысынын орун басары болгон. Андан кийин менчиктештирүүнүн эпкининен пайдаланып, чоң-чон ишканаларды итбекер сатып алып, заматта олигарх болуп чыга келген. Мамлекеттик кызматта эгемен өлкөбүздүн тушунда биринчи ирет 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин, экономика министри катары 3 ай араң иштеген. “Бакиев менен жолубуз башка”,- деп анда да эшикти тарс жаап чыгып кеткен. Оппозицияга кошулуп, митингдерди уюштурду. Аны да бир эле максатта – кызмат алуу үчүн уюштурганы кийин, досторун сатып, премьер-министр болуп кеткенде билинди. Бу кызматта жарым жыл иштеген, а көзгө урунарлык иш жасаганын көрө албадык. Азыркы премьер-министр катары жасаган иши да эзелки чындыкты далилдеди: Атамбаев жөн гана популист саясатчы экен.
 
Азыркы кызматында эмнеси эсте калат? Кайырчылап дүйнө кыдырганы. Ошондуктан, эл “бизге кайырчы президент керекпи?” деген суроонун тегерегинде катуу ойлонушу кажет.
Атамбаевдин бир гана жакшы сапаты бар, ал анын чындап эл үчүн күйүп, патриот болуп, бирдеме жасагысы келгени. Мунусунан майнап чыкпаганы башка кеп. Эгерде Атамбаев шайлоого катыша турган болсо, түштүк тарапта тылын бекемдеши шарт. Өлкөнүн түштүгүндө Алмазбектин рейтинги чынында төмөн, “нөл” десек да жарашат.
 
Ташиевдин доору келдиби?
 
Камчыбек мырзаны атаандаштары колунун келишинче жаман көрсөтүү менен алек. Башка талапкерлерге караганда, эмнегедир, дал ушул саясатчыга каршы кара пиар көбүрөөк колдонулуп жаткандыгынын өзүнөн эле, андан атаандаштары чочуларын айгинелеп турат.
 
Ташиев – жаңы муундун өкүлү. Жаштыгына карабай сөзүнүн курчтугу, жасаган ишинин жыйынтыктуулугу менен калың элге белгилүү боло алды. Команда топтоо, уюштуруучулук жагынан да “чутьёсу” мыкты экендигин айта кетсек болот. Буга анын Өзгөчө кырдаалдар министри катары ишмердүүлүгү мисал боло алат. Мурда ӨКМ – майлуу-кирешелүү министрлик катары белгилүу болчу. Бирок, Ташиев келгени, ал көз караш түп-тамырынан өзгөрдү. Бу министрликти министрлик кылган ушул жигит болду. Өзгөчө кырдаалдар минитсрлигинде катуу тартип орноп, ар бир тыйындын жумшалышы көзөмөлгө алына баштагандан кийин коррупция кан буугандай токтогон. Анын натыйжасында министрлик жаңы жабдуу, техникаларды сатып ала баштаган. Бул иштин элге канчалык пайдалуу экени – Нурадагы жер титирөөдөн кийин билинди. Министрлик кыска убакыт аралыгында кыйраган айылдын ордуна жаңысын тургузуп койгону эсте. Ошол аралыкта Ошто канча жылдардан бери квартирадан квартирага көчүп жүргөн министрликтин кызматкерлерине заманбап, көп квартиралуу үй салынды. Муну Камчыбек мырза складдарда үйүлүп, чирий баштаган курулуш материалдарынан салууга жетишти. Бул эмгеги үчүн ага алкыш айтыштын ордуна, ага кылмыш ишин козгошту.
 
Адилеттүүлүктү баарынан жогору койгон К.Ташиевдин ошондо өкмөт жыйынында премьер-министр Д.Үсөновго ачык каршы чыгып,эшикти “тарс” жаап чыгып кеткени, ошол эле күнү президентке кызматтан бошотуу рапортун тапшырганы белгилүү. Мындан кийин Ташиевди куугунтук күч алган. Канча артын чукушпасын, бир да илинчек таба алышкан эмес. Бу бийликтин жолдон адашканын Камчыбек мырза ошондо эле сезген. Баса, министрликтен кетишинин дагы бир себеби – көпчүлүккө белгилүу эмес. Үй-бүлө ӨКМге өз кишилерин дайындап, ортодон бюджет каражаттарын чөнтөктөөгө жакшы эле кам урган. Бирок, президенттин айланасынан чыккан мындай буйруктарды аткаруудан К.Ташиев кескин баш тарткан.
 
Андан кийин 2010-жылы апрелде бийлик алмашып кетип, түштүккө качып барган Бакиев Ташиевден жардам сурап кайра-кайра телефон чалган. Бирок, К.Ташиев “элдин канын төккөн жетекчилерге мен эч качан колумду сунбайм, булар жазасын алышы керек”,- деген таризде сүйлөшүүгө баруудан баш тарткан. Эгерде ошондо К.Ташиев жардамга келгенде, азыр да “бакиевдик бийлик” сакталып турмак. Себеп дегенде, түштүктө Ташиевдин кадыр-баркы Бакиевден да бийик болчу. А түштүк республиканын жарымынан көп бөлүгү болот эмеспи.
 
Ал ортодо Ошто улут аралык кагылышуу башталып кетти да, анын очогу Жалал-Абад облусуна да жайыла баштаган. Ошо каргаша башталган биринчи күндөн баштап өмүрүн тобокелчиликке салып, согушту токтотуу миссиясын ким аткарган? Бийликтен бири да басып келбей, атүгүл жаңжал отун өчүрүү үчүн жөнөтүлгөн адамдары тоо таяп жашынып жүрүшкөндө бир гана Камчыбек Ташиев эл аралап жүрдү. Канчалаган адам өмүрлөрүн сактап калганы жомок болуп айтылып жүрөт. Башкасын айтпаганда да, кызуу кандуу сүрмөтоп Сузакка кирип барып, ал жактагы миңдеген өзбектерге кыргын салам дегенде төшүн тосуп, “алгач мени өлтүргүлө, андан кийин бара берсеңер болот, болбосо, артка кайткыла” деп, токтотуп калганы эле бу кишинин канчалык деңгээлде эл-жерине күйгөн патриот экендигин көрсөтүп турбайбы. Бүгүн да анын ошо кандуу окуяларды уюштургандары таап келип, жазалоо талабын чыркырап айтып жатканы ошондон. Мунусу үчүн да чындыктын чыгып кетишинен корккон бийликтен канча куугунтук жеп келе жатат. Президент Отунбаевага түздөн-түз кайрылып, ушундай талапты койгондун эртеси ойдон чыгарлыган кылмыш иши аркылуу камагылары келгени же жалганбы? Муну бүт кыргыз эли көрүп турду го.
 
Камчыбек Ташиев – өз мээнети менен бутуна турган адам. Башкалар мамлекеттин байлыгын тоноп байышса, К.Ташиев кичинекей бизнесин өркүндөткөн адам. Демек, анын экономикалык маселелерге келгенде мыкты стратег экендигин да моюнга ала жүргөнүбүз оң. Кошумчалап кете турган нерсе – К.Ташиев тапканын эл менен бөлүшкөн адам. Буга “Ата-Журт” фракциясы түзүлгөндөн бери эле, жарым жыл аралыгында кыргыз элине жеке өзүнүн чөнтөгүнөн 20 миллион сом жардам көрсөткөндүгү далил болуп турат. Бул каражаттарга республиканын булуң-бурчтарындагы канчалаган маселелер чечилди. Таза сууга муктаждык, трансформаторлорду алмаштыруу, спорттук клубдун жоктугу, балдарынын контракт акысын төлөй албай калган ата-энелердин көйгөйү сыяктуу канча түмөн маселелер чечилди. Бүгүн башка кайсы адам мындай боорукердиги менен мактана албайт. Айылга бир мечит салганы анысын канча мактанып, гезиттен түшпөй калат. А К.Ташиев мунун бирин да айтып мактанган эмес. Ал өзүн эл алдында дайыма милдеткер сезет.  
 
Ушул ишембиде “Ата-Журт” партиясынын съездинде президенттикке талапкерди чыгаруу маселеси чечилет. Көпчүлүк “ата-журтчулар” бирдиктүү талапкер катары К.Ташиевдин чыгышын колдого алууда. Жогорудагы айрым жүйөөлөрдү эске алганда да, Ташиевди президенттикке татыктуу, реалдуу талапкер катары карасак жаңылышпайбыз.
 
Курч сөздүү Мадумаровду ким колдойт?
 
Адахан Мадумаровдун бейнесин объективдүү чагылдыруу үчүн анын өмүр жолун эки баскычтан кароо зарыл: 2005-жылга чейин жана андан кийинкиси. Же болбосо Акаев доорундагы Мадумаров менен Бакиевдин тушундагы Адахан мырза.
 
Калп айткан менен болобу, Адахан Кимсанбаевичтен элибиздин үмүтү чоң болчу. Акаев бийлигине тикеден-тике каршы туруп, парламент трибунасынан ачуу чындыкты айтканы үчүн канча запкы тарткандыгын кыргыз эли эсинен чыгарбас. Үзөңгү-Кууштан баштап Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна чейин ачык сындап, аягына чейин туруп берди. 2005-жылдагы ыңкылаптын ишке ашышына Мадумаровдун да кошкон салымы зор болгонун эске алуубуз шарт. Чындыгында, ошондо Макдумаровдун жылдыздуу сааты жанып турган. Ошондогу президенттик шайлоого катышса, Бакиевге тең салмактуу талапкер болмок. Утуп алышы да мүмкүн болчу. Бирок, Адахан мырза түштүк-түндүктү бириктирген тандемге жолтоо болбой, алысты көрө билген саясатчы катары туура кадам жасагандыгын белгилеп кетишибиз зарыл.
 
Мына ушундай Акаевге каршы эрдиктерин эске алып, Бакиев бул инсанды көчөгө таштабай, барандуу кызматтарга көтөрүп келди. Мамлекеттик катчы, парламент төрагасы, Коопсуздук кеңешинин катчысы сыяктуу чоң кызматтарда иштегенге үлгүрдү. Эми ачуу чындыкты биз айталы – ушулардын биринде да Мадумаров эл эминде кала турган иш жасай алган жок. Кайра тескерисинче, Каркыранын казактарга берилип кетишине спикер катары салымын кошту. Учурунда Үзөңгү-Кууш үчүн жанын бергенге даяр азаматыбыздын көз жоосун алган керемет жерлердин Казахстанга өтөрүндө талкан сугунуп алгансып, унчукпай олтуруп бергенин көргөндө көпчүлүк түшүнбөй калган. “Бу да кызматтын кулу экен”,- деген кеп тегин жерден чыкты дейсизби?
 
Парламенттик шайлоодо Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 5 партиянын катарында эле эл элегинен өткөн. Бирок, бийликтин мышык-чычкан оюнунун жыйынтыгында “Бүтүндүн” парламентке кирбей калгандыгын бүт эл билет. Ошондо шайлоочулар Мадумаровдон чечкиндүүлүктү күтүшкөн. А булар колдо турган жеңишти коргой алышкан жок. Бул окуядан кийин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын, демек, жеке Мадумаровдун колдоочулары азайа түшкөндүгүн белгилеп кеткенибиз ашыкча болбос.
Ал эми президенттик амбиция Мадумаровдо башынан болгон. Анын бал тилине таң берген колдоочулары да бар. Бирок, иш тажрыйбасына келсек, Мадумаров чыгаан саясатчы болгону менен, кандайдыр бир экономика менен айкалышкан бир да жерде иштебептир. Бул да шайлоочу тарабынан эске алына турган жагдай. Адам катары алганда, Адахан Кимсанбаевичтин инсандык сапаты бийик. Бул фактор ага канчалык пайдасын тийгизет – келе жаткан шайлоо көрсөтөт.
 
Ту-уй ата, тандем дейби?
 
Өздөрүн анык профессионал, трайбалисттик көз караштан алыс, мамлекетчил адамдар катары жаздын желаргысы келгенден тартып байма-бай мактатып келе жаткан Марат Султанов менен Нариман Түлеев президенттикке тандемдешип бара турган болушту. Азыртан эле бу талапкерлер финансылык жактан күчтүү, тыш жактан колдоосу чоң экенин айтышууда.
 
Эки саясатчыны алгач өз алдынча карап көрөлү. Марат Султанов чынында эле көп кызматты аркалады. Бир нече жолу министр, Соцфонд, Улуттук банк төрагасы, парламент спикери болуп турган бу адам финансылык жактан күчтүү болбогондо, ким болмок эле? Ачыгын айтканда, Марат Абдыразакович өзүн канчалык профессионал кылып көргөзгүсү келбесин, элге ал ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы керек. Биздин билишибизче, бу киши иштеп кеткенден кийин, бир да жерден “мыкты иштеди” деген кепти укпаптырбыз. Кайра тескерисинче, Марат Султановду экс-президенттер Акаев, Бакиевдин “сүймөнчүгү” катары көп жерде сөз кылышат. Майын чыгарып, катыра иштеген болсо, эмнеге анда эмгиче катуу колдоого алган электораты жок? Акчабайдын күчү менен депутат болгонго кудурети жетет дечи, а бирок, президенттикке барам деген адамдын артында калың элдин колдоосу болуш керек да.
 
Нариман Түлеев чарбачыл адам экендигин Бишкек мэри катары жакшы эле көрсөттү. Шаарды таанылгыстай өзгөртүүгө жетишкен Түлеевдин ошондуктан Бишкектин эли жакшы көрөт. Бирок, башка жагынан, жер аянттарын Бакиевдин жакындарына улам кармата бергени ачыкка чыккандан кийин, экс-мэрге карата шаардыктардын “сүйүүсү” басаңдай түшкөнсүдү. Бул факт анткен менен Нариман мырзанын мыкты менеджер экенине эч шек келтире албайт. Минус жагы катары Наримандын Бакиевге кошоматтанып жан бакканын айткандар бар. Маселен, К.Бакиев аны чоң мөөнөткө мэр катары бекитип бергенде сүйүнүп кетип, андагы ажону “ата” деп ийгени бар.
 
Султанов-Түлеев тандемин жалпы карай турган болсок, бул саясий өнөктүк келечекке багытталганы көрүнүп турат. Өздөрүнүн деле президенттикти утуп чыгарына көздөрү жетпейт. Анын үстүнө, бул тандемдин туруктуу электораты жок. Парламенттик шайлоодо Марат Султанов Оштон 15 миңдин тегерегинде добуш топтой алса, Түлеев Нарын, Бишкектен 10 миңге жетпеген колдоо топтогон. Бул тандемдин реалдуу элеткораты. Ошондон улам, айрым эксперттердин “булар шайлоого соодалашып, каражат табуу үчүн гана катышууда”,- деген жүйөөсүндө чындыктын учкуну бардай.
 
“Майдан.kg” гезити, 2011-жылдын 7-июлу

 

 

Бишкек – “Саясат.kg”. Акыркы кездерде Кыргызстан жарандарын жана сасятчыларын кызыктырган бир эле маселе - шайлоо  күнү кайсы датага белгиленет? Адистердин айтымына караганда Баш мыйзамга ылайык, президенттик шайлоо өткөрүлө турган күндөн төрт ай мурун Жогорку Кеңеш тарабынан белгиленип, иштеп жаткан президенттин мөөнөтү бүтөөрдөн эки ай мурун өткөрүлүүсү зарыл.
 
Бийлик тарапкерлери 20 - ноябрда, жыл этегинде, деген таризде өз демилгелерин да түрткүлөп көрүштү. Эмнегедир шайлоо боюнча мыйзам да быша элек болуп чыгып, кайрадан карап чыгууга берилди. Бийлик тараптын билдирүүсүнө караганда башында бюджет жетишсиз болсо, аягында мыйзамда айрым процедуралар (эрежелер) боюнча кемчиликтер да кетирилген.
 
Кандай болгон күндө да, адистердин Баш мыйзам аркылуу чечмелөөсүнө караганда Президенттик шайлоо 31 - октябрдан кеч эмес өткөрүлүүсү керек. Эгерде президенттик шайлоо эки тур менен өткөрүлө турган болсо, анда ар бир турдун ортосу эки жуманы түзүүсүн эске алуу менен, президенттик шайлоо 16 октябрдан кеч эмес белгиленүүсү мыйзамга туура келип турат.
 
Демек, эгерде президенттик шайлоо 30 - октябрда белгиленсе, экинчи тур дагы эки жумадан кийин гана өткөрүлөрүн эске алуу менен, бийликтин тарапкерлери президенттик шайлоону эки жумага кечиктиргенге жетишти деп айтса туура болуп турат.
 
Мүмкүн президенттин айлана – чөйрөсүндөгү аткаминерлер мамлекет башчысынын алмашуусун өз кызматынан кетүүсү менен өлчөп, анчалык деле шашылбай жаткан чыгаар. Бирок канткенде да, мыйзам жогору, аны баарыбыз бир тартипте сактообуз керек. Эч кимге мыйзам бузууга жол берилбеген күндө гана укуктуу мамлекет түзүлөт.
 
Ким билет, мүмкүн, Кыргызстандын IV Президенти айланасындагы аткаминерлердин укуктук маданиятын жогорулатып, мыйзамды сыйлоону үйрөтүп, элге кызмат кылдырып, мамлекетибиздин кыйраган баалуулуктарын кайрадан жарата алаар. Ошондуктан ким гана президент болгусу келбесин, ушул баалуулуктарды эсине сактайт деп ишенебиз.
 
  
 

 

Парламентте 20-майда болгон Ташиев-Сулейманов чатагынан бийлик чоң чырды тутандырып, ойдон чыгарылган сөздүн негизинде козголгон кылмыш ишин бетке тутуу менен, "Ата Журттун" лидерин президенттик таймаштан четтетүү аракетинен кайтпастыгын далилдеген кадамга барды. Эл мына ушундан толкуду...

...Таң эртелей ИИМ К.Ташиевди суракка чакырганы дайын болгондон кийин, Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы карапайым тургундар район-шаарлардын борборлоруна чогула баштаган. Эл депутатын коргоо комитети бийлик алдына негизги үч талапты койду: "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевге болгон мыйзамсыз саясый иликтөөнү токтотуу, июнь окуясы боюнча күнөөлүү сепаратисттик топтордун жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн башчыларын жоопко тартуу, Башкы прокуратуранын парламентарийден кол тийбестик укугун алуу чечими боюнча түшүндүрмө берүүсү". Дал ушул ураан астында: Жалал-Абадда 10 минден ашуун, Ошто 3 миң, Өзгөндө 2 миң, Базар-Коргон, Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Ноокен, Ноокат, Чоң-Алайда миңдеген адамдар К.Ташиевди колдоо комитетинин бул талаптарын колдоп чыгышты.

Бишкектеги сурак бүткөнчө митингчилердин арасынан бирөөсү да үйүнө кетпей туруп алышкандыктан, бийликтин жаман ою таш каап, К.Ташиевди камакка алуу пландары ойрон болду. А Ошто болсо бийликтин заказын аткарган НТС телеканалынын журналисттери атайын провокация уюштурушуп, тынч митингди бүлгүнгө учуратууга аракет жасаганын шаардык ИИБ билдирди.

Абал ушундай нукта курчугандыктан, К.Ташиевди коргоо комитети мөөнөтсүз митингди таркатуу чечимин чыгарып, саат 4төр чамасында эл ар кандай провокация болуп кетишин туура түшүнүү менен таркап кетишкен.

21-май күнү болсо, К.Ташиевди Башкы прокуратура саат 10дон баштап 16.00гө чейин, тагыраак айтканда, 6 саат суракка алган. Жалал-Абаддагы митингчилер эл депутатын ушинтип кордоо улантыла берсе, кайрадан аянтка чыгып, мөөнөтсүз митингдер башталарын жар салышкан. Ушинтип эл менен ойногонду бийлик качан токтотот? Элдин кыжыры чегине жеткенде эмне болорун Бакиевдин, Акаевдин тагдырынан улам жакшы билишет. Өткөндөн сабак албагандары чынында өкүндүрөт.
 
Учур

Бийликтин оюну бүтпөйт экен. Эми Отунбаеванын администрациясы президенттик жарыштын айланасында оюн курууда. Маселен, булардын шайлоого байланыштуу мыйзамга каршы чыгып, парламенттин каникулга таркашына аз күн калганына карабастан кайра “ветолоп” жөнөткөнү эмнени билдирет?
 
Мунун эки эле версиясы бар. Биринчиси, Отунбаева бийликтин кумарын билип, кеткиси келбей, атайын ушундай оюнду баштады. Экинчиси, шайлоону эски мыйзамдар менен өткөзүшүп, административдик ресурсту каалашынча пайдаланышат. Бул маселе кечээ “Ата-Журт” фракциясында каралды. Жогорку Кеңештин спикери Акматбек Келдибеков анын жүрүшүндө президент Отунбаеванын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарга каршы пикирине түшүнбөй жаткандыгын айтты: «Каршы пикирде 800 млн сом шайлоолорду жүргүзүүгө талап кылынып жатат деп жазылууда. Былтыр 2011-жылы президенттик шайлоо болот деп жарыяланган.
 
 Бул маселени мурда эле бюджетти кароодо караш керек болчу. Муну талашка чыгаруунун кажети жок жана талаштын предмети болбош керек. Мен президенттин карама-каршылыгын түшүнбөй жатам. Же саясий оюндар болуп жатабы. Андай болсо ачык эле айтылсын. Бизге быйыл президенттик шайлоо керекпи деген суроо туулат. Эгерде керек эмес болсо, премьер-министр, депутаттар отуруп, талкууласын. Мен бир сөз менен айтканда «ни черта ничего не понял».
 
 Фракция лидери Камчыбек Ташиев эгерде шайлоолор боюнча президенттин карама-каршы пикирлерин парламент кабыл албай койсо, эмне болорун өкмөттүн ЖоКедеги өкүлү Данияр Нарымбаевден сураганда ал, «парламент күзүндө баары бир каалайбы-калабайбы караш керек» деди.
 
Бул жоопко А.Келдибеков «парламент каалайбы-каалабайбы баары бир караш керек деген коркутууларды токтотуш керек”,- деп так кесе айтты. Аны колдогон фракция лидери К.Ташиев мындай деди:
 
- Президенттин шайлоолор боюнча каршы пикирлери өтө деле орчундуу болбой турат. Ошондой эле, бул жерде кандайдыр бир саясий оюндар дагы болуп жатат. Мен өзүм жеке сунуш кылам. Президенттик шайлоону кийинки жылга калтыралык. Конституцияны өзгөртөлүк. Бул сунушту колдоп берүүнү сунуштайм. Ушунча болгондон кийин Роза Отунбаева дагы бир жыл иштеп берсин.
 
Бул маселе “Ата-Мекен” фракциясында да талкууланды. Быйылкы президенттик шайлоо 20-ноябрга дайындалып жаткандыгын билдирген «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин да оюу кызыктуу:
 
- Президенттин каршы пикирин эртең карабайлы деген күчтөр да чыгышы мүмкүн. Ошондуктан жок, бүгүн карап шайлоону жарыялашыбыз керек деген позицияда бололу. Бул мыйзам долбоорун кабыл алсак, шайлоо системасы реалдуу түрдө башталат. Бүгүн бардык фракциялар бул маселелерди карап жатышат, биз дагы бул маселени карап, шайлоону жарыялап кетишибиз керек. Биз эртең кабыл алсак, бир жумадан кийин гезиттерге жарыяланып, анан күчүнө кирет. Эмки жуманын аягында акыркы күндөрү шайлоону жарыялап коюп, кетишибиз керек.
 
«Maydan.kg» гезити, №23, 23-май

 

 
Убактылуу өкмөттүн чыныгы жүзү көрүндү
 
Өткөн жылдын июнь айындагы каргашалуу окуялардын келип чыгуу себептерин жана ага байланышкан нерселерди иликтөөлөр аягына чыгып, парламенттик талкууда эл кызыккан көп жагдайлар калкып чыкты. Дээрлик бардык иликтөөлөр көрсөткөндөй, бул окуялардын келип чыгышына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү түздөн-түз себептүү. Эгер алар мурдунун учунан бир аз алысыраакты көрө билишкенде, өч алуу сыяктуу көр пенделик сапаттардан өйдө боло алышканда 7-апрелдеги жана май, июнь айындагы кан төгүүлөр келип чыкмак эмес.
 
А муну эч бир иликтөөсүз эле Жалал-Абад областынын эли жакшы билишет жана аларга кайсы бир нерсени далилдеп отуруштун кереги жок. Себеби, аларга Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ким экенин, кандай адамдар экенин төгүлгөн кан, күйгөн үйлөр, таланып-тонолгон менчик, аялдар менен жаш балдардын талаалап аккан көз жашы, тирүүлөй өрттөлгөн бейкүнөө адамдар, үй-жайын таштап качкан качкындар жана башка ушуга окшогон каргашалар далил болуп турат.
 
Элге жек көрүндү болгон Убактылуу өкмөт мүчөлөрү парламенттик трибунадан туруп алып, “июнь коогалаңын алеки саатта эле басып койгонго үлгүрдүк, элге өз убагында жардам бердик”,- деп, өздөрүнүн «каармандыктарын» айткандан тартынышпады. Көрсө, анык баатырлар турбайбы? Биз аны билбей калган турбайбызбы, атаны көрү десе…  
 
Кала берсе Роза Отунбаева да башкалар чай ичип отурганда күнү-түнү чуркап жүрүшкөнүн элге-журтка догурунуп алды. Убактылуу өкмөттү, эл тагдырын мойнуна арткан киши, кийин айкөл элибиздин колдоосу менен президент болуп шайланган киши антип айтпайт. Чай ичип отурса, окуядан алыс тараптагылар чай ичип отурушкандыр, түштүк эли, түштүктөгү жарандар кан жутуп отурушту. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чуркоого, кам көрүүгө, сактап калууга милдеттүү болушкан, тилекке каршы, алар милдеттерин оңдуу аткара алышкан жок. Бир үй-бүлөнүн диктатурасы деген сөздүн артына жашырган өздөрүнүн чыныгы жүзүн май, июнь айларында анык көрсөтүп алышты.
 
 
Кимдин сепаратисттери? Өзбектинби же Убактылуу өкмөттүнбү?
 
Парламенттик талкуу июнь коогалаңынын чыгып кетишине өзбек сепаратисттери күнөөлүү болушканын тастыктады. Түштүктө сепараттык күчтөр бар экени, алар маалымат майданында, саясий структураларда, коомдук-саясий турмушта улам күчтөнүп баратканы тууралуу мурда маалымдалып келген. Бирок, ага кулак салган бийлик да, бийликтин оппоненти да болгон эмес.
 
Мисалы, ошол эле Кадыржан Батыров ар качан бийликтердин өнөгү болуп келген. Экс-президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына 2004-жылы Жалал-Абад шаарынан аттанмак болгондо акаевдик режимдин куйруктары дал ошол азыркы сепаратист Кадыржан Батыровду өздөрүнө өнөк кылышып, ага ар тараптуу шарттарды түзүп берген. Натыйжада, К.Бакиев башка округдан талапкер катары көрсөтүлгөн.
 
Кыргыз бийликтери бир дагы кыргыз жигитин Кадыржан Батыровду эркелеткендей эркелетпеди, бир дагы кыргыз жаранынын аны сыйлагандай сыйлашкан жок. Кадыржан Батыровго бийлик Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорундагы мурдагы «Айылчарбатехника» өндүрүштүк бирикмелеринин бүтүндөй базасын жери менен баланстык нарктан кыйла арзан баада сатып жиберишкен. Ушундай эле жол менен «Айылчарбахимия» өндүрүштүк бирикмелерин да сатып алган. Жалал-Абад шаарында эң ири курулуш мекемелери килтейген аянттары менен ага сатылган.
 
Ал эмнени кааласа эле жергиликтүү бийликтер аткарып турушкан. Эмне себептен? Себеби, ал бийликтин эки тизгин, бир чылбырын кармап тургандардын колуна ири өлчөмдө пара берип турган, биздин бийли Кыргыз Республикасынын эгемендигин Жалал-Абадда капкачан эле Кадыржан Батыровго сатып жиберишкен.
 
Кадыржан Батыров өзүнүн ким экенин 2005-жылдын 27-майында анык көрсөттү. Ушул күнү Кыргызстанда бийликке каршы чоң-чоң митингдердин болушу пландалган эле. Ал эми Кадыржан Батыров өзүнүн эң жакын колдоочулары менен өзбек улутундагы жарандарга чакыруу кат жазып, ушул күнү боло турган митинге келүүнү суранган. Чакыруу барагынын башында «Урматтуу улутташ!» деп өзбекче жазылган болчу. Тексттин мазмунунда өзбек эли өзүнүн улуттук тилине болгон укугун ишке ашыруусу керектигин, ошону үчүн өзбек тилине расмий макам берүүнү колдоо зарылдыгы айтылган.
 
Ошол күнү Жалал-Абад шаарынын борборуна өзбек улутундагы көп эл жыйылып келди, ага каршы кыргыз улутундагылар чогулушту. Жергиликтүү, акыл-эстүү жарандардын активдүү аракети менен гана ошол күнү кан төгүлбөй калган. Бирок, ушундай аракеттен кийин да бийлик Кадыржан Батыровго каршы мыйзамдуу аракеттерди жасаган эмес. Токочтуу бала сүйгүнчүк экен да.
 
Кийин Кадыржан Батыров парламентте депутат катары өзбек тилине расмий статус берүүнү көтөрүп чыккан, бирок анысы ишке ашпай калган. Ошентип, ал өзүнүн мүдөөсүн ишке ашыруунун убактысын күтүп отурду. Анын чырагына майды 2010-жылдын 7-апрели тамызды. Ошону үчүн ал 8-апрель күнү эле Жалал-Абаддын борбордук аянтына автоматчандар менен чыгып барды. Эч кимден жазганбады, чоочубады, себеби өзү маектеринде айтып келаткандай, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү аны колдоп турушкан.
 
Ошентип, Кадыржан Батыров - кыргыз бийликтеринин креатурасы. Бир кезде Пакистан чалгындоо кызматы «Талибан» кыймылын пайда кылгандай эле, аны кыргыз бийлиги пайда кылды, өз мүдөөлөрүнө колдонушту, акыркы иреттеги колдонуу – массалык кыргынга алып келди. Эми анын кечээги кыргыз шериктери – айрым белгилүү саясатчылар “аны менен биздин эч кандай жалпылыгыбыз жок” деп жанын жеп жатышат.
 
 
Кадыржан Батыров менен «Ата-Мекендин» кандай жалпылыгы бар?
 
Кадыржан Батыровду чет жакка кыргыз бийлиги чыгарып жибергени да анык болду. Муну жалабаддыктар мурун эле билишкен. Бирок, бийлик муну эми ачык моюнга алды. Ошол жалалабаддыктар жакшы билген белгилүү саясатчы, Убактылуу өкмөт мүчөсү өз маалында аны чыгарып жибербегенде, ал колго түшмөк, көп нерселердин бети ачылмак. Эч качан сырды ачпоо убадасы менен ал бийликтин жардамында сыртка чыгып кетти.
 
Өткөн жылы 13-майда “бакиевчилер” Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын имаратын басып алышкан. Эртеси күнү – 14-майда экс-президентти жек көргөн «Ата-Мекен» партиясынын адамдары жана Каждыржан Батыровдун куралчан командасы анын менчик университетинин жанында жолугушуп, шаар борборун карай жөнөшкөн. Кагылыш болду, киши өлдү, бирок бийлик кайра алынды. Бирок, экс-президенттин «достору» ошону менен токтоп калышкан жок, алар Тейит айылына барышып, кыргыздын ыйык боз үйүн, мамлекеттик символу – желекти өрттөшкөн.
 
«Ата-Мекен» партиясы менен Кадыржан Батыровдун мындай тандеми жалалабаддыктарды таң калтырган жана нааразылыгын пайда кылган. Деген менен, Кадыржан Батыровдун азыркы кезде камаккта отурган эң жакын айрым адамдары бир кезде «Ата-Мекен» партиясынын мүчөсү болуп тургандыгы тууралуу да анык маалыматтар бар.
 
 
Убактылуу өкмөт Кадыржан Батыровду кыргыздардан сактап калдыбы?
 
Жалалабаддыктардын Кадыржан Батыровду кармоо жана камоо, мыйзамдуу жазага тартуу тууралуу талаптары бийлик тарабынан аткарылган жок. Ошон үчүн да 19-май күнү жаалданган сүрмө топ Батыровдун университетине чабуул жасаган, ал жерде кыргыздар менен кошо өзбектер да болгон. Себеби, мурдагы «Ак жол» партиясынын өзбек улуттук канаты Кадыржан Батыровдун улутчул аракеттерине түп-тамырынан каршы кишилерден түзүлгөн эле.
 
Ошол 19-майдан кийин да бийлик Кадыржан Батыровду камаган жок. Талаптар боло берди, бийлик ага маани бербеди, акыры июнь окуялары чыгып кетти. Эгерде бийлик Кадыржанды өз убагында камаганда, июнь окуялары чыкпай калышы мүмкүн эле. Эгер Оштон от чыгып кеткенде да, ал Жалал-Абадда ири масштабда улантылбай калат эле. Мисалы, эң опурталдуу деген Өзгөндө абал тынч бойдон калды.
 
Эми суроо пайда болот: бийлик атайылап кайсы бир максатта элдин кыжырдануусун пайда кылдыбы же чындап эле Кадыржан Батыров алардын ушунчалык жакын өз кишисиби беле? Же Кадыржан Батыровдун акыл-эсине ишенип, аны менен чогуу аракеттенишсе, ал өзүнүн акылсыздыгы менен Убактылуу өкмөттүн планын бузуп койдубу?
 
 
Мактанчаактар жана чыныгы баатыр
 
Азыр эми айрым Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өздөрүн ошол кездин баатыры катары көрсөтүүгө аракет жасап жатышат. Ырас, этникалык кагылышта эч ким баатыр болбойт, Кудай андай баатырлыктан алыс кылсын. Бирок, эки элди тынчытуу, акыл-эске чакыруу, дипломатиялык чеберчилик көрсөтүү менен жүздөгөн, а мүмкүн миңдеген өмүрлөрдү алып калгандар болду. Мисалы, Камчыбек Ташиев.
 
Эгер ал 13-14-май күндөрү чындап аракет кылбаса, лидерлик сапаттарын көрсөтпөсө, ок менен отту кечип, өмүрүн тобокелге салбаса, чыныгы эркектик, баатырлык сапаттарын ашкере алып чыкпаса, өзбек менен менен кыргыз кырылышып жатып калмак. Ошол күнү 7-8 миңден ашуун кылкылдаган кыргыз жаштары Сузакка кирип бара турган болду, ошондо өзбектин лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз жаштарын артка кайтууга үндөп, эл тарыхында үлкөн ишке жарады. Ошондо кыргыз жаштарынын алдына бир бийлик өкүлү же башкасы келип койгон жок.
Эми азыр бул тууралуу эч кимдин айткысы келбейт. Алыстан байкагандар, банктагы ячейкаларды, ким-бирөөлөрдүн акчаларын тоногондор, Кадыржан Батыровго ушул кезге чейин жан тартып келаткандар, жеке кызыкчылыктан, бийлик менен байлыктан башканы ойлобогондор чыныгы элдик баатырларды улутчул деп жарлык тагышат. Эки элди сактап калгандар кантип улутчул болсун?  
 
Мына ошол окуяларга да бир жыл болуп калыптыр. Эми ар кимиси тигил күнөөлүү, бул күнөөлүү деп, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүн апакай көрсөткүлөрү келишет. Тим элеби, алардын элесин биз орустардын иконасындай тартып алып, ыйык периштерлер катары аларга сыйынып турушубуз керектей. Мүмкүн намазды да кыбылага эмес, алар тарапка карап окушубуз зарылдыр?
 
Июнь окуяларына, Кадыржан Батыров сыяктуу сепаратисттердин кылганына, баарына тыптынч Кыргызстанды ушул абалга кириптер кылгандар күнөөлүү. Алар, албетте, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү.
 
Парламентте туруп Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү “жаңы система түздүк, бийликти унчукпай берип койдук” дейт. Жок, алар бийликти берип коюшкан жок, алардын колунан бийликти адилет, калыс эл алып койду. Мындан кийин да аларга бийликти карматышпайт. Алдыдагы президенттик шайлоодо эл чыныгы ак сөзүн айтат, элди алдаган төбөлдөр төрдөн түшүп, улагада калышат. 
 
Жалил САПАРОВ, Жалал-Абад шаары
Булак: “Майдан.kg” гезити, №21, 9-июнь, 2011-жыл.

Түнкү азан, обо жаңырткан добулбас, салюттар
 
10-июнда “24 саат” түнкү клубунда чатак чыгып, өзбек жаштары кыргыз кыз-жигитти сабап салышкан. Окуя болгон жерге заматта өзбек жаштары толуп кетет да, булар колдоруна таяктарды, куралдарды алышып, жортуулга шаарга чыгышат. Түнкү 2лерде мечиттерде азан айтылган, анын артынан салют атылып, туш-туштан катуу үндө добулбас кагылган. Түнкү клубдан чыккан өзбек жаштары жол катары баарын кыйратышып, “Алай” мейманканасына келишкен. Кызуу кандуу сүрмөтоп кыргыз кыздарын зордуктай башташат. Ош мамлекеттик университетинин жатаканасында жашаган кыздарды каалагандай кордошкон. Адам өлтүрүүлөр башталган. Түнү менен өзбектер кыргыздарды кырып чыккан. Көчөт кыздарга ата-энесинин көзүнчө айбан да жасабаган нерселерди кылганын белгилеп коюушубуз керек. Эртеси, 11-июнда кыргыздар да бириге баштаган. Бирок, колдорунда кетмен-күрөктөн башка эч нерсе жок болгондуктан, куралдуу өзбектерге туруштук бере алышпай, канчасы бул дүйнө менен кош айтышкан. 12-июнда гана жакынкы райондордон кыргыздар келип кошулганда, өзбектерге катуу сокку берилген. Ошондон кийин өзбектер өз кварталдарына кирип кетишкен. Өзбекстанга бул күндөрү 75 миңдей өзбек улутундагы жарандар качкан.
Ноокен районуна кире бериштеги “Санпа” заводунда өзбектер өтүп бараткан унааларды токтотуп, кыргыздарды өлтүрө баштаганда, кырдаал Жалал-Абадда да курчуй баштаган. Миңдеген адамдар көчөгө чыккан. Сузакта болсо он миңдеген өзбек жашачу. Кыргыздар Сузакка барабыз дегенде, бийлик өкүлдөрүнөн бир да адам басып келбей, сүрмөтоптун алдына Камчыбек Ташиев чыгып мындай деген: “Токтогула! Баргыңар келсе, мени өлтүргүлө да, сөөгүмдү тепсеп, андан кийин бара бергиле. Ошондо өзбектер айтышсын, “булар өз баласын өлтүрүп келе жатат” деп. Мына мен алыдңарда турам, аткыла”. Ташиевдин бул кебинен кийин кызуу кандуу эл сабырдуулукка келип, 1 сатта үйлөрүнө таркап кеткен.
 
Ош, Жалал-Абаддагы тополоң 15-июнга барып гана калыбына келе баштаган. Чатакты токтотууга бир да бийлик адамы катышкан эмес. Убактылуу өкмөт дайындаган коменданттар кабинетинен чыккан эмес. Исмаил Исаковдун тоого чыгып кеткенин айтышат. Жалал-Абаддын коменданты Кубатбек Байболовдун Базар-Коргон районунун Акман айылында (Текебаевдин туулуп-өскөн жери) губернатор Бектур Асанов менен ысык шорпо ичип,жатып алганын көргөндөр кеп кылышууда. А Убактылуу өкмөт согушту токтотуунун кандай чарасын көргөн? Элди мобилизациялады. Бронетехникаларды киргизди. Стратегиялык объектилерди коргоого алышты. Болду, бүттү. Көп учурда күч түзүмдөрү чечкинсиздигин көрсөтүп, эки тарап атышып аткан тараптан айланып өтүп жүргөн. Аларга так команданы берген адамдар качып жүрсо, бул байкуш жоокерлер эмне кылмак эле? БТРлерди берип коюп, карап турушту.
Бүгүн жергиликтүү калк Камчыбек Ташиевди, Акматбек Келдибековду, Мелис Мырзакматовду “баатыр” аташат”. Баарынан да Ташиевдин жалгыз өзү Ош менен Жалал-Абаддагы эң оор участокторуна кирип барып, канчалаган адамдардын жанын сактап калганын айтышат. Эми гана түштөн кийин, Отунбаевасы, Атамбаеви, Бабанову кыйын болушуп, Ошко байма-бай каттап калышты. Кыйын экен, ошол оор күндөрү кайда жүрүштү? Отунбаева айтат, “биз кан кечип жүрдүк” деп. Качан, каерде? Сөздү да ойлонуп ооздон чыгарыш керек. Чындыгында чатакты Отунбаева бийлиги эмес, карапайым кыргыз элинин сабырдуулугу жана Камчыбек Ташиев өндүү адамдардын баатырдыгы токтоткон.
 
Кыргындын статистикасы
10-15-июндагы окуяларда 5 миндей темир таяктар, 1,5 миң от чачыраткан бөтөлкө, 279 Калашников автоматы, 100 мергенчилик максатында колдонуучу мылтык, 2 снайпердик винтовка колдонулган. Оштун 70 пайызы өрттөлгөн. Борбордук көчөлөрдө бир да кафе-ресторан, дүкөн, административдик имарат калган эмес. Жалал-Абаддын бештен бир бөлүгү да талкаланган. Расмий маалымат боюнча, 442 адам өлүп, 1500 адам жарадар болгон. Бирок, кыргында кеминде 2 мин адам каза тапканы эл ичинде айтылып келет. Чындык ортодо болушу мүмкүн. Анткени, бийлик чыныгы маалыматты сөзсүз жашырат, а таянганда моргко түшкөн гана өлүктөрдүн санын жазышат.
 
Ким күнөөлүү? Алар качан жазасын алат?
Былтыркы жыл Кыргызстандын тарыхында эң кандуу жыл катары жазылып калары бышык. Мына ушундай кырдаалда тынчтыкты сактап калуунун эмес, жеке бийлигинин камын көргөн аткаминерлерге да ошол тарых өз баасын берээр. Эсиңиздерде болсо, 7-апрелден кийин бийликти колго алган Убактылуу өкмөт ондогон телекамералардын алдында бүт жоопкерчиликти өздөрүнө алып жатышканын айтышкан. Эми болсо тайсалдап, ар кайсыны айтышып, суудан кургак чыгып кетүүнүн айласын издеп жатышат. Өткөндө депутат Ташиев айткандай, “баарын былгытып коюп олтурушат”. Отунбаеванын парламентте сүйлөгөн сөздөрүн уктуңуздар, депутат Камила Талиева айткандай, “Президенттин июнь окуясы боюнча айткан сөздөрүнөн кийин эч ким күнөөлүү эмес, баары сүттөн ак болууда”. Бийликтин июнь окуясын иликтөө боюнча иш-аракеттерине анализ салганда, буларга чындыктын кереги жоктой туюлууда. Макала башында белгилеп өткөнүмдөй, кайра тескерисинче, Отунбаеванын администрациясы чындыктын чыгып кетпешине колдон келишинче жан үрөп жатат. Кильюнендин комиссиясын да ошол максатта чакырышканы ташка тамга баскандай далилденип турбайбы. Бу комиссиянын төрагасы Кимми мырзанын да кандай инсан экендигин финн гезиттери жазып чыгышпадыбы. Анан ушундай адамдан кантип обьективдүү мамиле күтүүгө болсун? Бир жактуу, кыргыздарды кыргынчы эл көрсөткөнүнө карабай, Роза Отунбаева аны өз баласындай коргоп жатканы да көп нерсени каңкуулайт. Жада калса, Венада Эл аралык көз карандысыз комиссиянын сунуштарын аткаруу максатында атайын комиссия түзөөрүн жар салгандан кийин, элдин кыжыры огобетер кайнап чыкты.
 
Түштүк коогалаңын кимдер, кантип баштагандыгын бүт кыргыз эли билет. Бирок, аны уюштурган өзбек лидерлеринин кантип өлкө аймагынан чыгып кеткендиги аликүнчө табышмак. Булар менен Убактылуу өкмөт мүчолөрүнүн жылуу мамилесин эске алганда, бийликте тургандардын катышуусусуз бул иш жасалмак эмес. Кандай болбосун, бул бийлик турганда, дагы бир жолу кайталоого аргасызмын, чындык чыкпайт. Экинчи жагынан, изи сууй электе коогалаңдын уюштуруучуларын кармап, жазасын берип, ал окуяларга так баа берүү бийликтин биринчи милдети болчу. Муну да жасоого кудуреттери жеткен жок.
 
Мейли, бул мезгил да өтөөр. Азыркы бийликте тургандардын да кызматынан кол жууган учуру келээр. Кеч болсо да, ошондо түштүк окуяларынын чындыгы калкып чыгат. Кимдин-ким экенин ошондо билебиз. А азырынча жөн койгула, каалашынча өз ырын ырдап, бийлигине таянып сайрандай беришсин. Качып кеткен “батыровчуларды” деле бирден кармап келип, сазайын колго берээр да бийлик келээр. Президенттик шайлоого деле аз убакыт калды го...
 
Нургазы Анаркулов, атайын "Sayasat.kg" үчүн

 

 
Бир жылдын жүзү болду түштүктөгү кыргынга. Ошондон бери бийликте турган Роза Отунбаева баш болгон саясий элита элдин башын айлантып, саясий чайкоочулук менен алектеништи. Ошентип убакытты созушса, күндөр өтө берсе, баары унутуларын түшүндө кыялданышканын да билебиз. Эмне үчүн ошол кездеги Убактылуу өкмөт, ошондой олку-солкулуктардан пайдаланып президенттикке жеткен Роза Отунбаева күнөөлүүлөөрдү таап, жазалоого бир да аракет жасаган жок?

 


 

 
Ташманбет Кененсариев
 
Кыргыз Республикасынын
билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,
тарых илимдеринин доктору, профессор:
 
эгемендүү кыргызстандын
суверендүүлүгүнүн маселелери
(Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата)
 
2-макала
 
Бешинчи, этникалык саясат жөнүндө
 
1990-жылкы Ош окуяларын 20 жылдан кийин Жалал-Абад, Ош аймактарында кайталанган июнь окуялары этникалык коопсуздук Кыргызстан сыяктуу көп улуттуу мамлекетте дайым көңүл чордонунда болуучу олуттуу маселе экендигин тастыктады. Кыргыз коомчулугуна “кадимден туугандык менен ыстыкоомат кылып келген кыргыздар менен өзбектердин ортосунда” 20 жылдан кийин эмне үчүн мындай кайгылуу окуя кайталанды? деген суроо коюлду. Мунун негизги себептеринин бири катары убагында 1990-жылкы этникалык араздашуунун түпкү тереңин толук изилдебей, анын негизинде концептуалдуу этникалык саясат – программа кабыл алынбай, 1991-жылы келген эгемендүүлүктүн шарданы менен бул кайгылуу окуя унутулуп калган эле. 2010-жылы болсо кайрадан кайталанган жаңжалдын тарыхый тамырларын анализдөө менен өлкөдө заманбап этникалык саясат иштеп чыгуу зарылдыгы туулду.
 
2010-жылдын июнь айынан бери аталган кайгылуу окуяны териштирүү боюнча бери эле дегенде онго жакын комиссия иштеди. Анын ичинен эл аралык деген статусу бар комиссия 2011-жылдын 3-майында өзүнүн корутундусун чыгарып, басма сөзгө жарыялады. Анда бир катар жакшы сунуштар менен катар эле кай бир принципиалдуу маселелердин бир жактуу каралгандыгы, окуянын кыргыз жаштары жасаган айрым бир эпизоддору комиссия тарабынан “адамзатка каршы” деп баалангандыгы[1] кыргыз коомчулугун олуттуу кооптондурду жана ызалантты[2]. Демек, учурда КР Президентинин алдындагы этникалык саясат бөлүмү даярдап жаткан “Кыргыз Республикасынын этникалык саясат жана коомдук биригүү боюнча Концепциясы” төмөнкү принципиалдуу маселелерди камтуусу зарыл деп ойлойбуз[3].
 
Биринчиден, учурдагы иштелип чыгып жаткан концепция акыркы жыйырма жылда болуп өткөнкайгылуу этнос аралык араздашуулардын: Ош (1990), Искра (2006), Петровка (2007), Көк-Жаңак (2009), Маевка (2010), Оша, Жалал-Абад, Базар-Коргон (2010) тарыхый тамырларын терең анализдеп, анын натыйжасында олуттуу саясий сабактарды аңдоосу зарыл. Концепция азыркы ааламдашуу жараянынын чакырыктарынан келип чыккан жаңы методологияларга негизделген заманбап этно-өнүгүү концепциясы болууга тийиш[4].
 
Экинчиден, Кыргызстанда жашаган көп улуттуу калктарды бузулбас ынтымакка бириктирүү - өлкө бүтүндүгүн жана мамлекеттин биримдигин камсыз кылуучу өбөлгө болуп саналат. Бул принцип мамлекеттин атын берген улуттун (кыргыз элинин) баштоочу ордун приоритет катары туюнуу аркылуу гана аткарылышы зарыл. Ал аракет кыргыз элинин тарыхый басып өткөн жолунда “ким элек, ким болдук?”, “бул заманга кимдер менен чогуу келдик жана кимдер менен келечек коом курабыз?” деген суроолорго так жооп берүү менен башталышы зарыл. Биригүү процесси этно-көп түрдүүлүктүн ичиндеги бардык саясий көз караштар, конфессиялар, менталитеттер, этно-баалуулуктар, тилдер, кулк-мүнөздөр – баары биригип бир улуттук идеянын, маселен Кыргызстан деген өлкөнүн өнүгүү болочогуна байланышкан “тагдырдын бир болуу” идеясынын алдында жүрүшү керек. Кайсы бир чектелген этноцентризм идеясы көп улуттуу жамаатын өнүгүшүн токтотуп коюшу ыктымал.
 
Үчүнчүдөн, коомдук биригүү өлкөдө жашаган бардык этностордун “Кыргызстан” деп аталган мекенинин алдындагы жалпы атуулдук жоопкерчиликке негизделиши керек. Өлкөнүн бардык атуулдарынын бир гана мекени – Кыргызстан болуп эсептелип, анын алдындагы жоопкерчилик этномаданий көп түрдүүлүктүн баарына бирдей болушу шарт. Бирок, бул жоопкерчиликте этно-көп түрдүүлүк жөнүндөгү мурунку стереотипке жооп берген “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз”, “Кыргызстандын күнүнүн алдында баары өсөт” деп аталчу концепциялар четке кагылышы зарыл. Чынында, ушул убакка чейин “ээси жок үйдө (Кыргызстанда) агы да карасы да, сарысы да күрөңү да, досу да душманы да” – баары бирдей өсүп келишкен. Азыркы, айрыкча 2010-жылдан кийинки шартта этносаясий абал кыргыз коомчулугунун биригүүсүнө карата мезгилдин жаңы чакырыктарын, башка методологияны, концепцияны талап кылууда.
 
Төртүнчүдөн, “жалпы үй” концепциясын четке кагуу менен, Кыргызстандын бардык этно-көп түрдүү атуулдары ал үйдүн ээси болгон кыргыз элинин айланасына акырындык менен биригүүсү керек. Мамлекет түптөөчү улуттун айланасына биригүү гана тигил же бул өлкөдө бекем коомдук атуулдук биримдикти түзүп, жаңы саясий улутту калыптандыра алат. Цивилизациялуу дүйнө өлкөлөрүнүн баарында (Америка Кошмо штаттарынан башкасында) так ушундай болгон. Аталган жол менен түзүлгөн мындай жаңы этно-саясий улуттун бириктирүүчү ядросу катары биздин өлкөдө кыргыз этносунун тарыхый социо-маданий баалуулуктары эсептелиниши абзел. Бул баалуулуктар байыртадан элибизде сакталып келген “гумандуулук”, “меймандостук”, “толеранттуулук”, “кечиримдүүлүк” сыяктуу белгилер менен камсыздалып, “ийкемдүүлүк” менен өлкөдөгү этно-көп түрдүүлүктү бириктирүүнү камсыз кылышы шарт. Ошол эле учурда атуулдук коомдун ичинде жашаган этно-көп түрдүүлүктүн кызыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү мамлекетке атын берген улуттун кызыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү менен “акылга сыярлык” баланста болушу улут биримдигин калыптандырууга зарыл өбөлгө.
 
Бешинчиден, “Кыргыз Республикасы” деп аталган өлкөгө атын берип, мамлекет түптөгөн кыргыз эли мамлекеттин суверендүүлүгүн, өлкөдөгү бардык атуулдардын бейпилдигин, демократиялык укуктарын, өлкө биримдигин, чегара бүтүндүгүн камсыз кылууда жетектөөчү ролго ээ жана негизги жоопкер. Мисалы 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча териштирген эл аралык комиссиянын Корутундусундагы “кыргыздар адамзатка каршы иш жасады” деген айыптоо чындыкка жатпаса да, анын эл аралык уюмдар тарабынан расмий түрдө кабыл алынышы так ушул “улуттук жоопкерчиликтин” кайсыл бир түрдөгү көрүнүшү. Бул жыйынтыктын туура эмес эскендигин эл аралык деңгээлде ашкерелөө зарыл, бирок, аны каалайбызбы, каалабайбызбы, чыдап, көтөрө билүү, керектүү чечимдерди ала билүү кыргыз элинин башындагы улуу милдет.
 
Алтынчы, мамлекеттин жалпы ички саясатынын багыттары жөнүндө
 
Өнүгүп-өсөм деген ар кандай эгемендүү өлкөнүн ички саясатында экономика, социалдык мамилелер, руханий өнүгүү өзөктүү багыттар болуп эсептелет. Ошол эле учурда айрым бир Кыргызстан сыяктуу өткөөл мезгилдеги өлкөлөрдө туура кадр саясатын жүргүзүү, башкарууну, күч жана сот органдарын реформалоо, коррупция менен күрөшүү сыяктуу маселелер учурдун актуалдуу маселелери катары кошумча каралышы мүмкүн. Аталган негизги жана кошумча багыттар“Улуттук идеология” деп аталган башкы принципте биригип тургандыгын танууга болбойт[5].
 
Идеология деп жарандардын бул же тигил тобунун көз караштарынын, элестетүүлөрүнүн системага келтирилген жыйындысын айтабыз. Идеология термининин XVIII кылымда илимий, саясий чөйрөгө кириши менен ал идеялар жөнүндөгү окууну (илимди) пайда кылган. Идеологиянын мазмунун төмөнкүлөр түзөт:
 
Биринчиден, идеология кең жана тар мааниде кабыл алынуучу руханий категория. Кең мааниде ал тигил же бул улуттун, элдин, тигил же бул өлкөнүн же мамлекеттин бүтүндөй саясатын, ой-пикирлерин, кулк-мүнөзүн, руханий байлыгын камтыган идеялардын жыйындысы. Ал эми идеология тар мааниде, тигил же бул улуттун же мамлекеттин дүйнө алкагындагы ордун, келечектеги өнүгүүсүн аныктап, ага жетүүгө жол көрсөтүүчү платформасы, концепциясы же конкреттүү программасы. Ал документ түрүндө да кабыл алынышы мүмкүн. Мамлекеттин баш мыйзамы – Конституция, өлкөнүн келечек өнүгүүсүн аныктаган стратегиялык концепциялар, улуттук программалар да идеологиянын тар маанидеги кызматын аткарышы мүмкүн.
 
Экинчиден, идеология тарыхый категория (Орусча айтканда категория историчная). Анткени, идеология бардык мезгилде бир калыпта болгон  туруктуу ой-пикир эмес, тарыхтын жүрүшүндө, анын ар бир өнүгүү этабында коомдун тигил же бул керектөөлөрүнө жараша өзгөрүлүп туруучу система, категория.
 
Үчүнчүдөн, ар бир мамлекеттин, улуттун башкалардан таптакыр өзгөчөлөнгөн, башкалар менен байланышы жок идеологиясы болушу мүмкүн эмес. Анткени, азыркы дүйнө бири-бирине диалектикалык байланышта турган, бири-бирин толуктаган «миңдеген-жүздөгөн айырмачылыктардын биримдиги» болгондуктан, алардан башкачаланып, теңирден тескери кайсы бир идеологияны түзөм деп ойлоо логикага туура келбеген пикир. Ошондуктан, Кыргызстан дүйнө системасынын ажырагыс бир элементи болгондуктан, анын идеологиясынын калыптанышына ички жана тышкы факторлор бирдей эле таасир берип турат.
 
Төртүнчүдөн, улуттук идеологияны “жогортон” (мамлекеттик уюмдар тарабынан) иштеп чыгуу мүмкүн эмес. Аны улуттун же мамлекеттин идеологиялык кызматкерлери, же элитардык, интеллектуалдык катмары ойлоп таап, жарата албайт. Ал мамлекеттин, улуттун алдында турган конкреттүү милдеттерди ишке ашыруу үчүн, өтмүштүн сабактарынын негизинде азыркыны түшүнүү аркылуу улуттун менталитетин, жергиликтүү шарттардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен калыптануучу улуттук милдеттердин комплекси. Идеология, тигил же бул мамлекеттин, улуттун тарыхый өнүгүүсүндөгү керектөөлөргө байланыштуу мыйзам ченемдүү калыптанат. Албетте мындай объективдүү факторго, субъект катары өз өлкөсүнүн тарыхый зарылдыгын таасын сезе билген интеллектуалдуу жарандарынын активдүү жаратман позициясы да чоң көмөк көрсөтүүсү керек. Ошентип, өлкөнүн ар бир кадамы, өнүгүүгө карай болгон ар бир изденүүсү, коюлган максаттарды аткаруудагы ар бир тажрыйбасы улуттук идеологиянын тигил же бул элементтерин таап, анын мазмунун кеңейте берет. Ал процесс акыр аягында өлкөнүн, улуттук жашоо программасын – улуттук идеологиясын калыптандырат.
 
Демек, качан гана өлкө, мамлекет, мамлекеттин атын берген улут өзүнүн идеологиясын, өнүгүү концепциясын таба да, жаза да, аткара да алса, анын болочогу гарантияланган. Демек, улуттук идеологиянын тагдыр чеччү мааниси зор[6]. Улуттук идеология Кыргызстан үчүн этно-көп түрдүү жамааттын болочок жашоосунун назарияттык (теориялык) программасы жана ал мамлекеттин экономикалык, саясий жана маданий институттарынын функцияларын координациялап турат. Кыргызстандын 20 жылдык эгемендүүлүк мезгилинде улуттук идеологияны иштеп чыгуу үчүн жыйынтыксыз аракеттер болгондугун, атайын комиссиялар тарабынан бир нече хартиялар, концепциялар кабыл алынгандыгын жакшы билебиз. Бирок, тийешелүү улуттук идеология түзүлгөн жок. Себеби, улуттук идеологиянын принциптери биздин көп улуттуу мамлекетибиздин реалдуу жашоо турмушунун улам алдыга жылуусу менен объективдүү түрдө акырындык менен эми гана калыптанып келе жатат. Ал эми ал принциптерди идеологиялык программа катары калпып чыгуу алдыдагы маселе.
 
Жетинчи, тышкы саясат жөнүндө
 
Тышкы саясат айдыңындагы багыт Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында эле такталган. Бул багыттын негизин тышкы саясаттагы көп вектордуулук принциби түзгөн болучу. Көп вектордуулук Чыгыш менен Батыштын, АКШ жана Европа менен Орусия жана Кытайдын, КМШнын, Борбордук Азиянын, Түркиянын жана башка жакынкы, алыскы өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын баланстоо аркылуу иш алып баруу болуп саналат. Чынында мындай принцип негизинен Кыргызстан үчүн өзүн актап келди. Айрым бир иш-чараларга же окуяларга байланыштуу тактикалык ката кетсе да, 20 жылдын ичинде стратегиялык ката болбогондугу кубандырат.
 
Бирок, тышкы саясат, чынында, ички саясаттын уландысы. Демек, ички саясаттагы суверендүүлүккө умтулуу аракеттеринин жемиши, экономикадагы, социалдык маселелердеги, руханий жааттагы ийгиликтер, тышкы саясаттын эффективдүүлүгүн камсыз кылуусу керек. Демек, ички жана тышкы саясатты диалектикалык биримдикте кароо зарыл. Андыктан ички саясаттагы суверендүүлүктү камсыз кылуучу реалдуу иш аракеттер жана прагматтык көз караштар тышкы саясатта да приоритеттүү принциптер болуп калуусу шарт.
 
Азыркы учурда Кыргызстандын тышкы саясаты, 20 жылдык эгемендүүлүк мезгилинде анын басып өткөн тарыхый тажрыйбасынын негизинде аныктала бериши зарыл. Алар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
  1. Көп вектордуулук – тышкы саясаттагы негизги багыт.
  2.  
  3. Бирок, көп вектордуулукта Кыргызстан дипломатиялык мамиледе турган бардык мамлекеттерди бирдей тегиздикте карашы тактикалык ката кетирүүгө шарт түзүүсү мүмкүн.
  4. Ошондуктан, Кыргызстан мамиледе турган өлкөлөрдү “боордош бир тууган”, “стратегиялык өнөктөш”, “жакшы мамиледеги кызматташ” жана “кызматташ” деген баскычтарга бөлүп мамиле кылуусу туура натыйжаларды алып келет. Анткени, Кыргыз Республикасынын БУУнун мүчөсү экендиги дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен бирдей мамиледе болуусун шарттаса, анын ШОС, ЕврАзЭС, ОДКБ сыяктуу уюмдардын мүчөсү экендиги бул уюмдардагы мамлекеттер менен тыгызыраак мамилени шарттап турат. Ошол эле учурда Борбордук Азия, Түркия сыяктуу мамлекеттер менен өзгөчө туугандык, кошуналык мамиледе болсо, АКШ, Европа, Япония, Индия, Иран сыяктуу бир катар өлкөлөр менен болгон мамиле конкреттүү экономикалык кызыкчылыктарды көздөгөн мамилени алдыңкы орунга коёт.
  5. Тышкы саясатты камсыз кылган бардык мамиледе Кыргызстан “жакшы оюнчу” болушу керек. Анткени, Кыргызстан чакан мамлекет. Анын экономикалык, аскердик, илимий-инновациялык, руханий, спорттук же рекламалык таасир-күчү аз. Демек, эл аралык түрдүү татаал шарттарда тапкычтык менен иш алып барган, ар дайым улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюп, бирок, өзүнүн стратегиялык өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарын да билгичтик менен эсепке алган саясат жүргүзүшү абзел.
  6. Ааламдашуунун шарттарында Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгүн бекемдөө -Кыргызстандын тышкы саясатынын эң башкы приоритеттик максаты болуп кала бериши зарыл.
 
Эскертүүлөр:
 
1.      Караңыз: http://www.fergananews.com/.04.05.2011. kic_report_russian_final.pdf.Отчет международной независимой комиссии по иследованию событий на юге Кыргызстана в июне 2010 года.
2.      Караңыз: http://www.fergananews.com/. 04.05.2011. Комментарии правительства Кыргызстана к Отчету Международной Независимой Комиссии по исследованию событий на юге Кыргызстана в июне 2010 года.
3.      Биз тарабынан ал долбоорго бир катар сунуштар берилген.
4.      Бул жагдайда биз тарабынан да бир катар аналитикалык ой жүгүртүүлөр жана сунуштар массалык маалымат каражаттарына жарыялангандыгын айта кетмекчибиз. Караңыз: Кененсариев Т. Странички истории: У истоков добрососедства.// Ленинский путь. 1990 г. 17, 18 августа; Ошол эле автор. Элдин тамыры анын тарыхында.// Саясий трибуна (жур)—1991 . 2; Ошол эле автор. Жаңжалдын тарыхый тамыры.//Кыргызстан маданияты-жумалык 7.1991; Ошол эле автор. Жанжолнинг тарихий йилдизи (өзбек тилинде).// Ленин йули.27-28-февраль,1991; Ошол эле автор. Некоторые причины возникновения межнационального конфликта и возможные пути его устранения (На материалах юга Кыргызстана ХVIII—ХIХ вв.).// Ренессанс или регресс”/Центр исследования мира Кыргызстана.—Б.,1996.-178-185-бб.; Ошол эле автор. Этнополитические взаимоотношения народов Ферганской долины и их особенности.// Тюрко-согдийский синтез: процессы культурогенеза и политогенеза в зоне Великого Шелкового пути // Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жарчысы. Серия 1.Вып. 4.Гуманитарные науки. История. Регионоведение. Этнография. Религиоведение.-Бишкек,2004.- 96-101-бб.; Ошол эле автор. Ош окуяларынын кайталануусу опурталдуу.// KABAR агентствосу, кыргыз бөлүмү, 2006-жыл, 23-июнь.
5.      Ички саясаттын аталган багыттары жөнүндө кеп кылып олтуруу макалабыздын максаты эмес. Анын үстүнө алар көп убакытты, аналитикалык изилдөөнү талап кылар эле.
6.      Идеология улуттук, мамлекеттик, таптык, партиялык, сословиялык, кландык, корпоративдик (фирмалык) болушу мүмкүн. Өткөндү карасак, тигил же бул тарыхый доордо, кырдаалда, тигил же бул топтун өзгөчө максат-милдеттери алгач идея катары жаралып, ал топ өлкөнүн тагдырын чече ала турган абалга жеткенде мамлекеттик бийликтин идеологиясына айланган. Так ушундай идеологиянын айланасында топтолуп, коюлган максатты ишке ашырууга чечкиндүү бел байлаган өлкөнүн атуулдары «бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруу»  менен аракеттенгенде гана мамлекеттик максаттар, түпкүрүндө «мамлекеттик идеология»  ишке ашкан. Мындай мисалдарды Байыркы жана кийинки тарыхта, мисалы, Искендер Зулкарнайдын, Ю.Цезардын, Аттиланын, Чыңгыз-хандын, Петр I нин, В.И.Лениндин, А.Гитлердин, И.В.Сталиндин жеке идея менен мамлекеттик идеяны айкалыштырган ишмердигинен, же болбосо бүтүндөй өлкө атуулдарынын дүйнө айдыңындагы ордун аныктап, глобалдуу цивилизациядагы максат-милдетин бир идеянын алдына топтоо менен улуттук идеология жараткан Япония, Кытай сыяктуу мамлекеттердин ишмердигинен көрө алабыз.

 

 

Ташманбет Кененсариев
 
Кыргыз Республикасынын
билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,
тарых илимдеринин доктору, профессор:
 
  
 эгемендүү кыргызстандын  суверендүүлүгүнүн маселелери
(Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата)
 
1-макала
 
Алгач суверендүүлүк деген терминге токтололу. Суверенитет термини[1] (немисче Souveranitat, французча souverainete) бийликтин үстөмдүгү жана көз карандысыздыгы деген маанини берет. Термин саясат илимине алгач XVII к. француз юристи Жиден тарабынан киргизилип, ал суверенитет термини мамлекеттин толук көз карандысыз бийлигин билгизет деп аныктаган. Кийинчерээк жаңы доордо Т.Гоббс жана Ж.Ж-Руссо суверенитет терминин жалпы элдин эркинин чагылышы катары маанини да кошушкан.
 
Тарыхый тажрыйбада суверенитеттин бир нече тиби бар: 1) мамлекеттик суверенитет (ички саясаттагы толук бийлик жана тышкы саясаттагы көз карандысыздык). Эл аралык мааниде бул БУУнун Уставында да бар. 2) Улуттук суверенитет – улуттун реалдуу толук бийлиги жана өз жашоосунун мүнөзүн, тагдырын аныктоо боюнча толук эркин билдирет. 3) Элдик суверенитет – элдик бийлик жана анын өкүлдөрүнүн социалдык-экономикалык, саясий каражаттар менен коомду башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгү. Суверенитетти абсолюттук бийлик деп саноого мүмкүн эмес, ал “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендикке жатпайт. Суверенитет эл аралык документтердин, келишимдердин, улуттук конституциялардын жана башка маанилүү документтердин принциптерине катышы бар, дүйнөлүк бардык кызыкчылыктарды да эсепке алуусу шарт.
 
Кыргыз эли ушул маанидеги суверенитетке жетүү үчүн миңдеген жылдар бою күрөшүп келген. Бирде өз алдынча мамлекет куруп, көп учурда башка империялардын, мамлекеттердин курамында болуп, азаттык үчүн жанын берген жүздөгөн эр-азаматтарын аракети менен гана 1991-жылдын 31-августунда эгемендүүлүккө жете алды. Бирок жогор жакта белгиленгендей, анын 3 түрү боюнча толук кандуу суверендүүлүккө жетүү үчүн дагы да көптөгөн күрөштөр керек. 1991-жылы суверендүүлүктүн юридикалык жактан гана өбөлгөсүнө жеттик. Толук кандуу суверендүүлүккө жетүү үчүн бир нече этаптан турган күрөштөрдү, 2 “түстүү революцияны” басып өттүк. Али да ошол жолдо кетип бара жатабыз.
 
Кыргыз эгемендүүлүгүнүн 20 жылдык тарыхый тажрыйбасынын фактыларына негиздеп мамлекеттин суверендүүлүгү, анын багыттары жана милдеттери жөнүндө азыноолак талдоо жүргүзүп көрөлү. Биздин пикирибизче кыргыз мамлекетинин, өлкөсүнүн суверендүүлүгүнүн бир нече принципиалдуу багыттары бар. Аларды биз “жетинин бири кызыр” деген сөзгө ылайык төмөнкү жети багытка бөлдүк:
 
1.        Бийликтин маңызы жана мамлекеттик башкаруу жөнүндө.
2.        Өлкөнүн коомдук өнүгүшү, демократиялуулугу жөнүндө.
3.        Мамлекеттин биримдиги, өлкөнүн бүтүндүгү жөнүндө.
4.        Жарандык коом жөнүндө.
5.        Этникалык саясат жөнүндө.
6.        Мамлекеттин жалпы ички саясатынын багыттары жөнүндө.
7.        Тышкы саясаттагы негизги багыттар жөнүндө.
 
Бул багыттардын ар биринин ички мазмунун аңдап, аны аткаруунун милдеттерин айкын билүү зарыл. Макалабыздын биринчи бөлүгүндө алгачкы төрт багыт жөнүндө сөз кылалы.
 
Биринчи, бийликтин маңызы жана мамлекеттик башкаруу жөнүндө.
 
Кыргызстан өткөөл мезгилде жашап жаткан өлкө катары өзүнүн эгемендүү тарыхында алгач, 1993-жылдын 5-майында “легендарлуу парламент” кабыл алган Баш мыйзамга ылайык[2] парламенттик-президенттик мамлекеттик башкаруу системасында жашап келгендиги маалым. Бирок, ал бир нече жолку оңдоодон кийин “суперпрезиденттик” баш мыйзамга айланып кетти[3]. Анын негизги кесепети бийликти бир адамдын (Кыргызстандын шартында президенттин) колуна чогултуу болгонун тана албайбыз.
 
Демек, Кыргызстан сыяктуу өткөөл мезгилде жашап жаткан өлкөлөр үчүн чечкиндүү саясий эрки бар жана тез арада мобилдүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк жараткан лидердин мамлекеттик башкарууга келиши тарыхый жактан туура болсо да[4], “үй-бүлөлүк башкаруу” калыптана түшкөн биздин мамлекетте мындай системаны кадимден элдик демократиянын тарыхый элементтери бар менталитетибиз көтөрө албады. Андыктан, 2 жолку “түстүү ыңкылаптын” шарданында 2010-жылы парламенттик башкарууга бел байладык[5]. Бул жол албетте татаал жана узак жол. Тагдыр чеччү маселелер узак талкууланып, жай баракат кабыл алынат. Идея үчүн күрөш жүрүп, ар бир маселеде альтернативдүү пикирлер айтылат. Бирок, эң негизгиси көп партиялуулук менен түзүлгөн альтернативдүү идеяларды туу тутушкан фракцияларды камтыган парламент бир адамдын колуна бардык бийликти топтоого мүмкүндүк бербей, ар бир лидердин жасаган ишине көзөмөл салып, алардын “ашынган напсисин тыйып” турат. Мына ушундай жолду Кыргызстан Борбор Азия гана эмес, постсоветтик КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп тандап алды.
 
Парламенттик жол жаш кыргыз мамлекети үчүн азаптуу изденүүлөрдү талап кылат, эл аралык каршылыктарга дуушар болот, оор сынактарды башынан өткөрөт. Анын үстүнө былтыркы июнь айындагы Ош, Жалал-Абад жергесиндеги улуттар аралык каргашалуу окуянын кесепеттери биздин мамлекеттин алдына зор жоопкерчиликти койду. Ошондуктан, ички, тышкы, оң, сол багыттардан болгон коркунучтар менен глобализмдин, мезгилдин чакырыктарына (вызовы времени) салабаттуу жооп таап, аалам айдыңындагы тар жол, тайгак кечүүдөн чыгып кетүү үчүн кыргыз улутунун менталитетине жат батыштын либералдык демократиясынын принциптерин көчүрүп албастан, же ойлонбой туруп кыргыз турмушуна эсперименттебестен байыркы тарыхыбыздан бери келе жаткан элдик уңгу, салт-санаа менен азыркы цивилизациянын жаңылыктарына негизделген моделденген технологияларды (коомдук-саясий инновацияларды) акылга сыярлык баланстоо аркылуу алдыга жылышыбыз абзел.
 
Кыргызстандын эли кечээ жакында эле мындан 20-30 жыл мурун советтик-тоталитардык системада жашап, мамлекет түзүп берет деген иждивенциялык өнөкөт менен жашап келгендиги маалым. Демек, биздин элде, коомдук турмушта жана мамлекеттик башкарууда али эски шаблондор, мурунку стеретотиптер жашап келе жатат. Бул “эскилерди” жаңы” менен алмаштырууга кеминде 3-5 муун өтүүсү шарт. Ошондой болсо да бул “өткөөл мезгилди” өлкөбүз гиганттык кадамдар менен аттоосу зарыл. Ошондуктан, тарыхый тастыкталган салттуулук менен инновациялуулуктун, эски шаблон менен жаңы ой жүгүртүүнүн, Батыш менен Чыгыштын, дүйнө жетишкендиктери менен нукура кыргыздын коомдук жашоосундагы жана мамлекеттик башкаруусундагы элементтеринин диалектикалык айкашкан моделин издешибиз керек.
 
Экинчи, өлкөнүн коомдук өнүгүшү, демократиялуулугу жөнүндө.
 
Кыргызстан чыгыш өлкөсү болуп эсептелет. Кыргыз коомчулугу илгертеден эле салттуу коомдук жашоонун, жүрүм-турумдун жана менталитеттин принциптерин сактап келген. Мындай өзгөчөлүк Батыштын кайрадан өздөштүрүлгөн (модернизацияланган) либералдык демократиясына альтернатива катары турат[6]. Мындай салттуулуктун алып жүрүүчүлөрү негизинен айыл жергесинде жашаган элеттиктер. Айылдарда кыргыздын элдик демократиясынын салттары жакшы сакталган. Көчмөн турмушту миңдеген жылдар бою башынан өткөргөн кыргыз эли XIX-XX кылымдарда гана олтурукташууга өтүп, аларда жамааттыктын (коллективизм), өз ара жардамдашуунун (круговая порука) принциптери дагы эле жандуу. Бул улуу Чыңгызхандын ясаларындагы “баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн” деген принципке да окшош. Албетте, мында азыркы жашоого туура келбеген элементтер бар, бирок, кантсе да Батыштын “моделдешкен либералдык демократиясынан” алда канча артык. Батыштын мындай демократиясы чынында “баарын эсептеп турган рационалдуу эгоисттердин” тобунун демократиясыго. Анткени, байыркы гректердин элдик демократиясынын элементтери азыркы Батыштын жашоосунда таптакыр эстен чыккандыгын далилдөө кыйын эмес.
 
Биздин көптөгөн саясатчыларыбыз демократия жөнүндө кеп кылышып, Европада экинчи дүйнөлүк согуштан кийин “демократия” деген сөздүн мааниси башкача болуп калгандыгын эске алышпайт. Карап көрөлү. 1933-жылкы Германиядагы демократиялык шайлоодо фашисттердин башчысы А.Гитлер бийликке келген. Ага чейин 1921-жылы эле Италияда Б.Муссолининин бийликке келиши да ошондой болгон. Ушундай сабактардын натыйжасында Европа элдин бардык катмарынын, жеке инсандарынын тең укук жана добуш менен демократиялык кыймылга катышуусун («демократии участия»[7]) четке кагып, “элитардык демократияны” практикага киргизишкен. “Элитардык демократиянын” өкүлдөрү саясатка каныккан, эл үчүн кызмат кылган адамдардан туруп, алар парламентаризм жолу менен бийликке таасир этишет. Бирок, Кыргызстанда булардан аша чаап, батыштын демократиясын ашкере туурап, көп учурда там-туң баскан ымыркай демократиябыз “охлократияга” айланып кетип жаткандыгын кантип тана алабыз. Байыркы грек окумуштуусу Аристотель б.з.ч. IV кылымда эле “демократия — бул туруксуз режим”. Аны туура колдонбосо сөзсүз алгач кайсыл бир топтун бийлигине (олигархия), ал эми андан ары жеке диктатурага (тирания) алып келээрин эскертип кеткен.
 
Кыргызстан чыгыш өлкөсү, байыркы цивилизациянын башаттарынын бири болгон Орто Азиянын тарыхый салттарынын улантуучусу болуп туруп, негедир, көп учурда коомдук жашоодо чыккан татаал суроолорго жоопту XVII-XVIII кылымдарда жашап өткөн батыштын ойчулдарынын эмгектеринен издейбиз. Жапан, Малайзия, Корей сыяктуу чыгыш өлкөлөрү мындай кылбай эле жоопту өздөрүнүн салттарынан эле таба жатышпайбы. Алардын коомдук жашоосу батыштан да алдыга озуп кетпедиби.
 
Кыргызстандын эгемендүү жылдарында болуп өткөн эки ыңкылап (туурараагы экинчиси биринчисин толуктаган түстүү “жоогазын” ыңкылаптары[8]) экөө тең кыргыз элинин абалтан келаткан салттуу демократиясынын аракетинин негизинде болуп өткөндүгүн тарых далилдеди. Анткени, аталган окуялардын башында батыштагыдай тигил же бул партия турган жок, тек, диктатураны каалабаган калктын салттуу элдик бийликке умтулуусунун жемиши болду. Ыңкылаптардын кыймылдаткыч күчтөрү катары эл массасы, аларды алга сүрөгөн “харизматтуу” элдик лидерлер болушту. Бул жерде азыркы бийликте олтурган чоң чиновниктер аталган кыймылдарды жетектеп беришти деген ойдон таптакыр алысмын. Эл арасындагы чыныгы элдик лидерлер бийликке жеткен да жок. Алар бийликти азыркы саясий элитага алып гана беришти. Демек, ыңкылаптын демилгеси айылдардан, кадимден келе жаткан элдик демократияны орнотууну каалагандардан чыкты жана аны өздөрү аткарышты.
 
Ошондуктан Кыргызстанда толук кандуу суверендүү коомду куруу үчүн биз негизги тагдыр чеччү принциптерди өзүбүздүн тарыхыбыздан, ата-бабаларыбыздын жамаатчылык (коллективизм), азчылыктын көпчүлүккө, жаштардын улууларга баш ийиши, элдик, улуттук нарк-насилди сактоо сыяктуу коомдук салттардан издеп, ал принциптерди Батыштын либералдык жашоосунун сөз эркиндиги, дин жана кулк-мүнөз (совест) эркиндиги, басма сөз эркиндиги, жыйналыш, митинг эркиндиги сыяктуу демократиялык укуктардын ХХ кылымда өздөштүрүлгөн укук-милдеттин заң-мыйзам базасына, анын технологияларына айкалыштыра билүүбүз зарыл. Мына ошондо гана биз Кыргызстандын келечегине “кыргыз” кейпин бере алабыз[9].
 
Үчүнчү, мамлекеттин биримдиги, өлкөнүн бүтүндүгү жөнүндө[10].
 
Мамлекеттин биримдиги- бул өлкөнүн бүтүндүгүболуп эсептелет. Ал белгилүү бир чөлкөмдө жашаган, административдик-башкаруу системасы калыптанган, бардык жеринде борбордук жана жергиликтүү бийлик структуралары иштеген биримдик. Регионализмдик бөлүнүп-жарылуу жок. Чегара проблемалары чечилген, так жана бүтүн. Ал эми өлкөнүн бүтүндүгү бул элдин биримдиги. Анткени өлкө деген түшүнүктө негизги белги - бул эл. Кыргызстан көп улуттуу өлкө. анда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Ар бир улуттун бири-биринен артыкчылыгы жок, укук-милдеттери бирдей, баш мыйзам аркылуу корголуп турат. Жашоо формасы, деңгээли, кул-мүнөзү, тили, дини башка болушу мүмкүн. Бирок, алардын биримдигине тескери таасирин тийгизе албайт. Демек, бул көп түрдүүлүктүн биримдиги (единство разновидностей) болуп саналат.
 
Элдин биримдигижөнүндө кеп кылганда бир мамлекетте жашап жаткан элдердин, улуттардын же этникалык топтордун биримдиги жөнүндө гана эмес, эл арасындагы саясий көз караштардын, турмушка, бийликке, мамлекеттеги тигил же бул орчундуу окуяларга карата болгон түрдүү мамилелердин биримдигин да көңүлгө алышыбыз абзел. Айрым учурларда бир мамлекеттеги элдердин, этникалык топтордун ажырымынан да бир улуттун ичиндеги саясий көз караштардын ажырымы коркунучтуу болушу мүмкүн. Мындай ажырымдарды көп учурда саясатчылар жаратышат. Кыргызстандын мисалында бул процессти эгемендүүлүк мезгилинде, айрыкча 2005-2007, 2009-2011-жылдардагы окуялардан көрүүгө болот.
 
Элдин саясий биримдиги дайыма стабилдүүлүктү камсыз кылып турат.Стабилдүүлүк болсо бул өнүгүү. 2002-жылдардан башталган системдик саясий кризистин жылдарында тынымсыз минтингдерден, атуулдук моюн сунбоолордон, саясий бейстабилдүүлүктөн өлкө канчалаган зыян тартты. Экономиканын өнүгүүсүнө зыян келди, инвестицияны тартуу солгундады. Өлкөнүн имиджине доо кетти. Адамдардын бейпилдиги бузулду, психологиялык травма алып жатышты.
 
Демек, суверендүүлүктүн камсыз болушу үчүн мамлекеттин биримдиги жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу зор маселе[11]. Бул жараяндын антиподдору төмөнкүлөр:
 
1) Өлкөнүн региондорго бөлүнүп, ыдырашы, регионализм. Башкача айтканда, түндүк-түштүк маселеси. Түндүк-түштүк маселеси негизинен георафиялык гана түшүнүк болуп келсе да, советтик доордун 60-жылдарынан, айрыкча Кыргызстандын эгемендигинин акыркы жылдарында саясатчылар тарабынан көбүртүлүп-жабыртылып, саясатка айланып кеткендигин жашырууга болбойт. Раззаков-Усубалиев, Масалиев-Акаев, Бакиев-Отунбаева схемасындагы мамлекет башчыларынын алмашышы ушул маселенин айынан “реванш алуу” сыяктуу туюлуп, элдин биримдигине зыян келтирүүдө. Бул маселе кыргыз коомчулугунда көпкө чейин улана бериши мүмкүн. Бирок, туура кадрдык, регионалдык саясаттын натыйжасында акырындык менен аны жоюу зарыл.
 
2)   Өлкө калкынын уруулук кландарга бөлүнүшү, башкача айтканда уруучулук (трайбализм). Бул түндүк-түштүк маселесине да, жердешчиликке да, уруучулукка да, корпорациялык кызыкчылыктардын негизинде пайда болуучу ажырымга алып барат. Көчмөн турмушка байланыштуу өнүгүп келген уруучулуктан өткөн кылымдын акыркы жылдарына чейин ажырабаган кыргыз эли үчүн бул оору дагы да көпкө чейин зыяндуу антипод катары сакталып, мамлекеттик биримдикке айрыкча кадр саясаты аркылуу зыян алып келиши мүмкүн. Өлкөнүн туура өнүгүшү, турмуштун жакшырышы, экономиканын, маданияттын жана элдин интеллектуалдык деңгээлинин жогорулашынын негизинде бул илдеттен арылууга болот.
 
3)   Саясый ажырым. Бул процесс радикалдуу оппозициячыл күчтөрдүн расмий бийликке болгон мамилесине байланыштуу. Оппозиция, албетте, ар кандай демократиялуу өлкөнүн адаттагы көрүнүшү[12]. Бирок, оппозиция конструктивдүүлүктүн чегинен өтүп, охлократиялык жол менен мамлекеттик төңкөрүш кылууну көздөгөн максат коюп, экстремисстик жолго түшсө, бул мамлекеттин биримдигине олуттуу доо кетирет. Демек, Кыргызстандын парламенттик башкарууга жана көп партиялуулук системага багыт алуусу менен 2010-жылдын аягынан баштап түзүлгөн Парламенттеги, Өкмөттөгү жана коомдогу азыркы абал кооптонууну бир топ алыстата алды. Мындай өнүгүүнү сактап калуу Кыргызстандын суверендүүлүгүнүн бекемделишинин бирден бир кепили.
 
4)   Этникалык ажырым. Бул маселенин курчуп кетиши, албетте, мамлекеттин биримдигине чоң коркунуч туугузушу мүмкүн. 1990-жылкы кыргыз-өзбек кагылышы же Ош окуялары этникалык ажырымды эң жогорку деңгээлге көтөргөндүгүн жакшы билебиз. Ал эми 2010-жылкы июнь окуялары анын канчалык коркунучтуу экендигин дагы бир жолу эскертти. Атүгүл, дүйнөлүк коомчулукка мамлекеттин имиджи төмөндөп, мамлекеттин пайдубалынын жакында бузулушу (несостоявщееся государство) жөнүндө кеп-сөз жүрө баштагандыгын кантип тана алабыз[13]. Бирок, ал кудайга шүгүр токтоп калды жана этнос аралык ажырымдын жаралары акырындап айыга баштады. Ошондуктан, бул маселеге дайыма деликаттуу мамиле жасап, өлкө башчылары туура улуттук саясат алып баруусу зарыл.
 
5)    Идеологиялык ажырым. Бул коркунуч саясий ажырымга жакын. Себеби, мындай ажырымдын түпкү себептери саясий көз караштардын, партиялык идеялардын атаандашуусунан, интернационалдуулук менен мекенчилдиктин карама-каршылыгынын шовинизм менен түркөй улутчулдукка чейин өсүп кетишине байланыштуу болот. Демек, идеологиялык ажырымды конструктивдүү нукка салып, аны идеялардын “интеллигентүү жарышы” катары калыптандырууга аракет болбосо, мындай ажырым, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирүүчү кармаштарга айланып кетиши мүмкүн.
 
6) Диндик ажырым. Бул маселе Кыргызстандын шартында өлкөдө бир нече диндердин, конфессиялардын жанаша жашашына байланыштуу келип чыгышы мүмкүн. Өлкөдө кийинки учурларда активдешкен диний экстремисттик топтордун, сепаратисттик кыймылдардын, террордукка жакын «Хизбутчулардын” аракеттери так ушул диндик, конфессиялык ажырымды күчөтүдө. Мамлекеттик деңгээлде бул коркунучтун алдын алуу кечиктирилгис маселе. Өлкө башчылары сабаттуу, кылдат саясат жүргүзүп, толеранттуулукту калыптандыруу олуттуу милдет болуп калышы керек.
 
7) Мамлекеттин чегаралык бүтүндүгүнүн коопсуздугу. Бул маселе көбүнчө Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чегара мамилелерге байланыштуу. Азыркы цивилизациялуу заманда мындан өтө кооптонуунун зарылчылыгы жок. Ошондой болсо да, коңшу өлкөлөрдө саясий стабилдүүлүк бузулса белгилүү деңгээлде мамлекеттин чегара бүтүндүгүндө кыйынчылык туулушу мүмкүн. Демек, демаркациялык иштерди токтотпостон, колдон келишинче тезинен чегара маселелерин чечүү суверендүүлүктү чыңдоонун ири маселелеринин бири болуп эсептелет.
 
Төртүнчү, жарандык коом жөнүндө.
 
Кыргызстанда жарандык коомдун өнүгүү темпи башка КМШ өлкөлөрүнө караганда алда канча ыкчам жүрүп келе жаткандыгы маалым. Албетте, жарандык коомдун өнүгүшү эл катмарынын социалдык-экономикалык, руханий талаптарын канааттандырып гана тим болбостон мамлекеттик башкарууга да таасирин тийгизип жаткандыгы жакшы деңизчи. Бирок, өлкөдөгү мындай демократиялык институттардын өсүүсүндө кандайдыр бир жагымсыз, кайсы бир деңгээлде кооптуу жагдай (негативный крен) сезилүүдө. Сөз Кыргызстанда аракеттенип жаткан эл аралык, жергиликтүү жарандык уюмдардын ондогон өкүлдөрү “модерндешкен батыштык либералдык демократиянын” салттуу кыргыз коомчулугуна жат элементтерин кээде байкоостон, айрымдары атайылап эле киргизүүгө аракеттенгендиги жөнүндө болуп жатат[14]. Эмне үчүн мындай болууда? Эмне үчүн Кыргызстанда түзүлгөн өкмөттүк эмес уюмдардын, саясий партиялардын, түрдүү коомдордун, фонддордун саны Борбор Азиядагы ушундай эле уюмдардын санынан да ашып түшүүдө? Аңдап көрөлүчү. Саясий партиялардын саны акыркы мезгилде 120га чукулдап калды. Алардын айрымдарынын гана аты белгилүү болбосо, көпчүлүгүн коом тааныбайт. Кай бир партиялар, мүчөлөрүнүн саны жагынан “бир дивандык” гана. Түрлүү өкмөттүк эмес уюмдардын басымдуу көпчүлүгү Бишкекте, калгандары Ош, Жалал-Абад, Каракол сыяктуу шаарларда жайгашкан. Ал эми башка элдүү пункттарда жокко эсе. 
 
Чын-чынына келгенде, алар коомдо чын эле “жарандык коом” деп аталган миссиясын актап жатабы? Биздин пикирибизче андай эмес. Партияларыбыздын басымдуу көпчүлүгүнүн али социалдык платформалары түгүл, туу тутунган өзгөчө идеялары да жок. Уставдары коёндой окшош. Ал эми ӨЭУдар болсо аларды түзгөн тигил же бул инсандардын жеке финансылык кызыкчылыктарын гана коргойт. Түрлүү партиялар, коомдук уюмдар, фонддор эптеп эле тигил же бул майда барат максат менен түзүлгөн. Же болбосо депутаттыкка ат салышууга, мүлкүн сактоого, мүмкүн гранттык жол менен эптеп акча каражатын табууга болгон аракеттин жыйынтыгы. Демек, Кыргызстанда али толук кандуу жарандык коом түзүлө элек деген корутунду чыгарууга болот[15].
 
Ошондой болсо да, 2005-жылдан кийин, айрыкча 2010-2011-жылдардагы саясий окуялардын мезгилинде, жарандык уюмдардын айрым өкүлдөрү мамлекеттик саясатка, коомдук турмушка таасир этип, активдүүлүгүн көрсөтө баштагандыгы кубанарлык нерсе. Парламенттик башкарууга кирген өлкө катары Кыргызстан жарандык коом өз миссиясына жооп берерлик абалга көтөрүү үчүн ММК жана интернет айдыңы менен айкалышкан олуттуу концептуалдуу программаларды кабыл алып, ишти концептуалдуу жөнгө салуу зарыл экендигин мезгил тастыктоодо.
 
Уландысы бар.
 
 
Эскертүүлөр:
 
1. Суверенитет термини жөнүндө толугураак караңыз: http://www.onlinedics.ru/slovar/pol/.
2. Осмонов О.Дж. История Кыргызстана (С древнейших времен до наших дней): Учебник для вузов.-Б.,2005.-497-б.
3. Кененсариев Т. Бизге кайсыл формадагы башкаруу ылайыктуу.// Жаны кылым. 13.10.2006.
4. Мындан үч жыл мурун биз да Россия жана Казахстандын тажрыйбасындай “башында акылдуу, көсөм лидер турган мамлекеттик башкарууну” туура деген элек. Толугураак карап алыңыз: Кененсариев Т. Сейчас кыргызстанцам стоит прислушаться к «разумному авторитаризму».// Судебная экспертиза. 29.11.2008. http://209.85.129.132/search?q=cache:t__4eVtfnvQJ:www.forensicsciences.ru/news/news.aspx.Такжевwww.kyrgyznews.com/readarticle. php?article_id=1559. 29.11.2008.
5. Кененсариев Т. 7-апрель революциясы тагдыр чеччү тарыхый окуя.//http://kyr.kabar.kg. 07/04/11; Ошол эле автор. 24-март жана 7-апрель: Окумуштуу ой бөлүшөт.// http:/akipress.org.// БАРАКЕЛДЕ (05.04.2011);  www.azattyk.kg.12.04.2011.
6. Толугураак караңыз: Кененсариев Т. Продвижение демократии в Кыргызстане: достижение и проблемы.// Госагентство «Кабар», 19 мая 2006 г.
7.Укушев М. Какое государство мы строим: О демократии и свободе в смутное время. //Общественный рейтинг. 20.07.2006.
8. Кененсариев Т. 7-апрель революциясы тагдыр чеччү тарыхый окуя.//http://kyr.kabar.kg.07/04/11; Ошол эле автор. 24-март жана 7-апрель: Окумуштуу ой бөлүшөт.// http:/akipress.org.// БАРАКЕЛДЕ (05.04.2011); www.azattyk.kg.12.04.2011
9. Кененсариев Т. Степная демократия: сложный опыт: Опыт демократии в Кыргызстане: история, реалии и перспективы.// Prudent Soliions//Аналитический центр "Разумные Решения"Wednesday, 21.02. 2007. 
10. Кененсариев Т. Мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо улуттук милдет.//Эркиндик газетасы.2007.5.12.
11. Бул маселенин олуттуу мааниси бар экендиги жөнүндө мурунку макалаларда да айтылган. Караңыз: Кененсариев Т. Эгемендүүлүгүбүздү бекемдөө – ар бирибиздин мекенчилдик парзыбыз, тарыхый милдетибиз.// Кыргыз Туусу, 31.08.-3.09.2007.
12. Оппозиция жөнүндө толугураак караңыз: Кененсариев Т. Нужна ли оппозиция Кыргызстану?// Ориентир. Анал. бюллетень № 1 (13) 2006.- - С.66-75.
13. Мигранян А. Жесткий бархат (интервью) 18.09.2005 http://www.centrasia.ru/news;  Князев А. Кыргызстан - страна без государства  04.02.2006 http://www.analitika.org; Грозин А. «Пост-постреволюционная» Киргизия – несостоявшееся государство //Интернет газета - Белый Парус.26 июня 2010 г. Ошол эле автор. Псевдогосударство Киргизия. 07.10.2010. Сайт “journal-neo_com”// Электронный журнал “Новое восточное обозрение” жана башкалар.
14. Толугураак караңыз: Кененсариев Т. Продвижение демократии в Кыргызстане: достижение и проблемы.// Госагентство «Кабар», 19 мая 2006 г.
15. Кененсариев Т. Суверенитет Кыргызстана:вчера, сегодня, завтра. Первая и вторая части.// Госагентство KABAR, 2006.07.09.

 

 

 Жолугушуу эмне берди?
 
 Өткөн жума соңунда президент Роза Отунбаева кыргыз тилдүү басылмалардын башкы редакторлору менен бейформал жолугушуп, өлкөдө орун алган саясий, социалдык-экономикалык процесттер тууралуу пикирлерин укту.
 
Президентке дал ушу кыргыз тилдүү гезиттердин баш редакторлору менен кез-кез жолугушуп туруунун пайдасы чоң экендигин өзүнүн басма сөз кызматы, кеңешчилери же болбосо жолугушууда жанында олтурган президенттик аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев айтышса болмок. Бирок, бул табылга карапайым кыргыз журналисттеринин өзүнө таандык экенин эске алганда, өзүбүз жолугушуу туурасында суранып, чуркап баргандай таасир калып кетиши мүмкүн. Ошентсе да, жолугушуу көрсөткөндөй, дал ушундай форматтагы пикир алышуу учурунда көптөгөн көйгөйлөр көтөрүлөт. Отунбаева деле кыргыз радиосуна берген маегинде өтө курч, маанилүү маселелер козголгондугун, эне тилинде жарык көргөн басылмалардын редакторлорунун билим деңгээли бийик экендигин моюнга албадыбы.
 
Албетте, эне тилдүү журналисттер Акаев да, Бакиевдин да тушунда өгөйлөнүп келген. Президент баш болуп, министрлерге чейин орус тилдүү журналисттерге кошоматтанып, маалыматты ошолорго биринчи берип келишкени эч кимге жашыруун эмес. Бүгүн деле ошондой абал өкүм сүрүп келе жатат. Ошондой учурда президенттин кыргыз тилдүү журналисттер тарапка кадам таштаганы чындыгында колдоого аларлык иш.
Президент жолугушуу учурунда Кильюнендин отчету, өкмөттүн иши тууралуу өз оюн билдирди. Атамбаевди колу таза адам катары мактап өткөнгө да үлгүрдү. “Бул бийлик да Акаев, Бакиевден ашып түшкөнүн жазып жатасыңар”,- деген таарынычын да айтып алды. Негизи, реалдуу караган адам Кильюнендин отчету бир жактуу болуп калганын, Атамбаевдин өкмөтү элдин талабын канааттандыра албай жатканы, бүгүнкү күндөгүдөй коррупция Бакиевдин тушунда да болбогондугун дароо айтат. Анын бир гана себеби – баш мыйзамда. Анда Конституциянын гаранты көрсөтүлбөгөн. Башкача айтанда, бөлүп алып бийлей бересиң, а бирок, эч нерсеге жооп бербейсиң. А бул баш мыйзам кимдин тушунда кабыл алынган? Роза Отунбаеванын.
 
Президенттин, анын администрация жетекчиси Каптагаевдин бир жактуу, кыргыз тилдүү гезиттердин жалаң ушак жазып жатып алгансып, мүнөздөмө беришкени бир гана нерсени кабарлайт – гезит окушпагандыгын. Басма сөздө ушак бар дечи, бирок, негизинен көйгөйлүү маселелер сандан-санга жазылып келе жатканын эч ким тана албас. Муну редакторлор жолугушуу учурунда далилдеп бербедиби. Ошондуктан, бийлик башындагыларга айтаарыбыз – гезит окугула, гезит!
 
Барат... Барбайт...
 
Келдибековдун президенттик тууралуу билдирүүсү бурмаланганбы?
 
Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков “24.kg” маалымат агенттигине президенттик шайлоого катышууну ойлонуп жаткандыгы жөнүндө билдиргенин көпчүлүк маалымат каражаттарынын катарында биз да жазганбыз. Бирок, аталган агенттиктин журналисти спикердин сөздөрүн толук бербегендиктен, баштапкы оюу бурмаланып кеткенин А.Келдибеков “Sayasat.kg” сайтына билдириптир.
 
Парламент төрагасы чындыгында президенттикке азыр эмес, келечекте барууну ойлонуп жатканын, бирок, баарына мезгил жана Кудай тараза болорун агенттиктин кабарчысына айтыптыр. Бул биринчи тактама.
 
Экинчиден, спикер Камчыбек Ташиевдин партиянын тапшырмасы менен шайлоочулар менен жолугушуп жүргөнүн айткан. А муну агенттик такыр башка мааниде бергендиктен, Ташиев азыртан президенттикке камылга көрүп, өлкөнү кыдыра баштагандай таасир калтырган. “Парламенттик шайлоодо биздин партия биринчи орунду ээлеген. Бүгүнкү күнгө чейин шайлоочуларыбызга ыраазычылык айтканга мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Коалиция, өкмөт куралып,стабилдүүлүктү алып келгенге канча күчүбүз кетти. Эми гана бошураак убакыт табыла баштады. Мен спикер катары бул жерден чыга албайт экенмин. Ошондуктан, бизди биринчи орунга чыгарган шайлоочуларыбызга ыраазычылык билдирүү иши партиянын атынан Камчыбек Кыдыршаевичке жүктөлгөн”,- дейт Акмат мырза.
 
Талаш... Тартыш...
 
“Кыргызнефтегаз” бир министрдин “башын жеди”
 
“Кыргызнефтегаз” ишканасынын тегерегиндеги чуу өз апогейине жетип, нааразы болгон жамааты Ош-Бишкек кан жолун бууганга мажбур болушту. Стратегиялык ишканада бир топ убактан бери башаламан абал өкүм сүрүп жатканына карабастан, бир да мамлекет жетекчисинин басып барып, элдин ал-абалын сурабагандыгынын кесепетинен абал чектен чыгууда.
 
Ишкана тегерегинде чуу башталгандан бери бул жакка бир гана Камчыбек Ташиев келип кеткен. Ишкана жамааты менен жолуккандан кийин президент, премьер-министр, спикерге маселени тез арада чечүү керектигин, болбосо, адамдар өзүн-өзү өрттөөгө камынып калганын айткан болчу. Ошондо жогорку жетекчиликтен бири да кулак салган эмес. Жергиликтүү эл Ош-Бишкек жолун тоскондон кийин гана ойгонгон Атамбаев Маммүлк министри Нурдин Илебаевди кызматынан четтетип, губернатор Бектур Асановго сөгүш жарыялап, ишканага тышкы башкаруу киргизип, Жеңиш Жумашевди убактылуу директор кылып дайындады. Окуя болгон жерге Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановду жиберди. Ошондон кийин гана абал бир аз тынчыды десек болот.
 
“Кыргызнефтегаз” кирешелүү ишкана болгондуктан, ага көз арткандар көп. “Ата-Мекен”, “Республика” партиялары ишкана тегерегинде өз ара катуу тирешүүгө барышканын билебиз. “Эки дөө кармашса, ортодо чымын өлөт”,- дегендей, минтип таасири күч тараптар тирешип, ишкананы өздөрүнө каратып алуу укугун талашып жатканда, жөнөкөй жумушчуларга кыйын болду. Ишканада кош бийлик өкүм сүрүп, фамилиясы окшош эки Масиров башчы болуп, бири кабинетти, экинчиси кызматтык автоунааны ээлеп олтуруп алышкан болчу. Абал азыр да курч. Тышкы башкаруу киргизип койгону менен, өкмөт ишкананы тагдырын адилет чечиши керек. Бардык тараптын жүрөгүн канааттандырган чечим чыкпаса, ызы-чуу улана берет. Албетте, саясатчылар да ишкана тегерегинде чайкоочулук кылганды токтотушу абзел.
 
Чын-төгүнүн тактасак...
 
“Айат” редакторуна жөнү жок жерден асылып жатышабы?
 
Гезитибиздин өткөн санында кесиптешибиз Жылдыз Мусабекова тууралуу маалымат жарыяланган. Куштай кабар биздин редакцияга арызданып келген адамдардын сөзүнө таянып даярдалып, анда “Айат” редакторунун Ат-Башыда Айнура аттуу кызды уруп жибергени баяндалган болчу. Маалыматта бул маселе тууралуу Жылдыз Мусабекованын да өзүнүн көз карашы бар болушу керектигин божомолдогонбуз. Жаңылышкан эмес экенбиз.
 
Ж.Мусабекованы кесиптеш катары жакшы билебиз. Өз киндигин өзү кесип, Кудай берген таланты менен бүгүнкү даражага жеткени, эч кимдин этегин кармабай, түз жүргөнү белгилүү. Демек, анын бизге айтып бергендерине кошулбай коюуга негиз жок.
 
Жылдыздын айтымында, Ат-Башыда да “ОБОН” (Отряд баб особого назначения) тобу аталган, он чакты аялдар бар экен. Бу аялдарды өз учурунда Бакиевдин жан-жөкөрлөрү аябай пайдаланган. “ОБОНчулар” чынында өз айтканын бербеген, өжөр, кимдин болбосун катыгын бергенге даяр, атайын багыттагы аялдардан куралат эмеспи. “Айат” редактору да КСДП партиясынан талапкер катары Ат-Башыга барып, элге чай бере коем деп, ушул аялдарга туш келип калыптыр. Азыр да бул аялдар элге тынчтык бербей, Жылдызды барган жеринде жамандап, анын кашыктап чогулткан аброюн челектеп төккөнгө аракет жасап жатыптыр.
 
Жылдыз менен бул темада сүйлөшүп олтуруп, палван-журналист Султан Раевдин көп макаласында колдонгон бир термини эске түштү, “Жылдыздарга чаң жукпайт” деген. Эгер эл алдында таза, абийирдүү болсоң, албетте, сени миң жаманатты кылгысы келсе да, чаң жугуза алышпайт, Жылдыз...
 
Майдан.kg
 

 

 Москва сапары
 
“Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду - Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы көпүрө
 
Кыргызстан үчүн Россия баардык тараптан негизги өнөктөш экендиги талашсыз. Ал тууралуу узун сөз кылуунун деле зарылчылыгы жоктур. Бирок мамлекеттер аралык байланыш бир гана саясый, экономикалык мамилелер менен чектелбей, гуманитардык карым-катнаш аркылуу да коштолуп турганда бекем болоору белгилүү. Албетте, Кыргызстан азыркы экономикалык каатчылык мезгилде Россиянын колдоосуна муктаж. СССРдин курамында 70 жылдан ашык чогуу жашаган тарыхыбызды айтпаганда да, учурда бир миллионго жакын эмгек мигранттарыбыз “кең пейил Россияда” үй-бүлөсүн багып, экономикабызга салым кошуп, ал тургай жарандыкты алып жашап жатышат.
 
 Ошол эле учурда Россия үчүн Азия материгиндеги Кыргызстан стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Мындан тышкары чакан республикабыздагы калктын төрттөн бир бөлүгү орустар экендиги, ал тургай орус тили мамлекетибизде расмий тил катары кабыл алынышы да Россияны биз менен тарыхый байланышты улантууга милдеттендирип турат. Мына ушул өз ара муктаждыкты канааттандыруу максатында 2010-жылдын 6-октябрында Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда “Евразиялыктар-жаңы толкун” деген аталыштагы маданий-тарыхый багыттагы кызматташтык фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ачылган.
 
Аталган фонд тарабынан бир жылга жетпеген кыска аралыкта көптөгөн маданий иш чаралар өткөрүлдү. Мисалы, Дмитрий Киселев, Светлана Сорокина, Владимир Мамонтов, Михаил Леонтьев сыяктуу белгилүү россиялык журналисттер Бишкекке келишип, жергиликтүү журналисттерге жана студенттерге мастер-класстарды өткөрүштү. Мындан тышкары фонд Геннадий Павлюк атындагы сыйлык уюштурган. Анын жыйынтыгы ушул жылдын декабрь айынын башында чыгарылып, жеңүүчүлөргө ири суммадагы сыйлыктар ыйгарылмакчы.
 
“Миң уккандан бир көргөн” демекчи, “Евразиялыктар-жаңы толкун” фонду 9-май – Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш күнүнүн алдында кыргызстандык 19 журналистке Москвадагы Кызыл аянтта болуучу парадка катышуу жана РИА Новости маалымат агенттигинде кесиптик тажрыйба алмашып келүүсүнө шарт түзүп берди.
 
Жөнөкөй жана кичипейил Ю. Ануфриев
 
8-майда Бишкекте күн бүркөлүп, жамгыр жаап турган менен “Бишкек-Москва” самолету көрсөтүлгөн график боюнча учту. Демейде иш күндөрү 4 сааттын өтүшү кыйын болгон менен бул убакыт самолетто көз ачып жумганча эле артта калып, “Шереметьево” аэропортуна кондук. Ал жерде бизди азиялыктарга мүнөздүү кичипейилдик менен бир жигит тосуп алып, күтүп турган кичи автобуска отургузду. Ичимден аны бизди чакырган тараптын кызматкерлеринин бири го деп ойлогом. Көрсө, “Евразиялыктар – жаңы толкун” фондунун президенти Юрий Ануфриев өзү экен. Ар бирибиз Москвага куру кол жөнөбөй, ал жактагы тааныштарга, туугандарга базарлык ала барыптырбыз. Өзүбүздөн жүгүбүз оор. Мен аларды автобуска салып жатып, “Кайтканда ушул сумкалар баары бош кайтат, Москвадан эмне алмак элек” деп тамашалагам. Бирок жаңылышкан экенмин, эртеси күнү эле Кремлге жеңил кирип, оор чыктык...
 
Андан ары бир сааттай жол жүрүп, Останкино телемунарасынан анча алыс эмес аралыктагы “Турист” мейманканасына жайгашкан соң, Юрий Ануфриев кечки тамак үстүндө эртең баарыбыз Кызыл аянтта өтүүчү Жеңиш парадына катышаарыбызды, саат тогуздан кечикпей барып калышыбызды эскертти. Көрсө, жыл сайын 9-майда дүйнө элдеринин көңүлүн бурган Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышып, РФ президенти, премьер-министри, саналуу гана жогорку даражадагы чиновниктери менен согуш ардагерлеринин катарында отуруу мүмкүнчүлүгү ар бир эле россиялыктарга берилбейт экен. Юрий Ануфриев Россиядагы чет өлкөлүк элчиликтер, ар кандай эл аралык уюмдардын жетекчилеринин катарында бизге да Жеңиш парадына катышууга уруксат алуу оңой болбогондугун, бул маселе президенттин администрациясындагы жогорку кызматтагы адамдар аркылуу гана чечилгендигин жашырган жок.
 
Жеңиш парады
 
Биз эртеси, 9-май күнү саат тогузда Кызыл аянттагы айтылган жерде болдук. Андан соң Кремлдин алдындагы атайын орнотулган орундуктарга жеткенче онго жакын текшерүүдөн өттүк. Парад башталарга он минута калганда баардык согуш ардагерлери, чакырылган коноктор орун алып отурушуп, Кызыл аянтта чымын учса угула турган жымжырттык орун алды. Россиянын, чет өлкөлөрдүн журналисттери батпайт, операторлор камерасын аянтка пушкадай буруп, саналуу минуталардан соң дүйнө жүзүнө түз көрсөтүү уюштурууга даяр турушат. Ооба, дүйнө элинин көңүлү да экинчи дүйнөлүк согушта жеңген СССРдин борбору Москванын Кызыл аянтына буруларын эстеп, ошол нечен заманды баштан кечирип, эки дүйнөлүк согушта жеңип чыккан элдин борборундагы чоң салтанатка сыйлуу конок катары чакырылгандыгыбызга   сыймыктанып да, толкунданып да турдук ...
 
Кремлдин саатынын жебеси туура 10.00дү көрсөтүп, коңгуроо кагылар замат диктордун жүрөктү толкуткан, сезимди дүүлүктүргөн үнү жаңырып, РФ коргоо министри А. Сердюков парадды кабыл алып, жоокерлер менен саламдашкан соң президент Д. Медведевге доклад жасады. Д. Медведев кыска жана нуска сөзүндө адам баласынын тарыхында фашизмди жеңген, андан соң эбегейсиз СССР мамлекетин урандыдан көтөргөн жана адамзаттын тарыхында Космоско учууга шарт түзгөн советтик жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын айтты. Эмнегедир Д. Медведевдин сөзүнөн кийин көзүмө жаш тегерене түштү. Балким бул Лениградда окко учуп, кан майдандан кайтпай калган чоң атамды эстеген, биз үчүн жанын курман кылган аталарды эскерген, СССР деген эбегейсиз мамлекеттин бөлүнүп кеткендигине өкүнгөн, Эгемендүүлүккө жеткен менен эки ирет революция жасап, В. Путиндей, Д. Медведевдей мекенчил президенттерге жетпей жүргөн элдин өкүлүнүн көз жашыдыр...
 
Мамлекет башчынын жалындуу сөзүнөн кийин 1,5 миң аскер музыканттарынын аткаруусунда согуш мезгилиндеги патриоттук музыкалар жаңырып, 20 миң жоокер, бир миңге жакын аскердик техника параддан өттү. Мамлекет деп ушуну айт.
 
Кремлдеги кабыл алуу
 
Парад бүтөр менен бизди РФ президентинин администрация башчысынын орун басары Алексей Алексеевич Громов кабыл алды. Кремлдин кызыл дубалынын ичине тыкыр текшерүүдөн кийин өткөн соң А. Громов бизди иш бөлмөсүндө жайдары маанайда тосуп алды. Отурарыбыз менен эле Алексей Алексеевич “Жылдыз Бекбаева ким?” деп сурап калды. “Интерфакс” агенттигинин Оштогу кабарчысы Ж. Бекбаева “Мен” деп айтар менен эле “Биз сизди сабап кеткен окуяга байланыштуу аябай кабатырлануудабыз. Сизди коргоого колдон келгендин баарын жасайбыз. Өзүңүз да сак болуңуз” деди. Кыргызстандын жараны болгон менен россиялык агенттикте иштеген кесиптешибизге Кремлдеги жогорку даражалуу адамдын ушунча көңүл бургандыгына баарыбыз ыраазы болуп да, таң калып да турдук.
 
А. Громов протокол боюнча 15-20 минута гана сүйлөшмөк экен. Бирок кыргызстандык журналисттер адатыбызча сөздү кызытып жибердик окшойт, алдын ала столго жайната коюлган чай, кофе, даамдардан ооз тийип, эки саатка жакын отуруп калдык. А. Громов ушунчалык жөнөкөй, ачык киши экен, майрам күн болгондуктан улам чырылдаган телефондорго жооп берген менен кайсы бир иш чарага, конокко чакыруулардын баарын кийинкиге жылдырып жатты. Негизинен ал бизден Кыргызстандагы абал кандай экендигин, былтыркы июнь коогалаңынан соң республикабыздын түштүгүндөгү кырдаал, орус тилдүү маалымат каражаттары менен орус маданияты, мектептери тууралуу сурады. Ошондой эле 9-май Жеңиш күнү Кыргызстанда кандай белгиленерин жана “Георгиев лентасы” таратылабы, жокпу деп сурады. Мындан тышкары кыргыз эли эки ирет революция жасаган менен экономикалык өзгөрүүлөр байкалбай жаткандыгын, натыйжада жумушсуз жаштар дале Россияга агылып жаткандыгы алар үчүн чоң көйгөй экендигин да жашырбады. Башкалар кандай ойдо калгандыгын билбеймин, мен дүйнөнүн алтыдан бир бөлүгүн ээлеген чоң мамлекеттин жооптуу кызматкери ушунчалык жөнөкөй экендигине таң калып, Кыргызстандагы окуяларга кызыгып, бизден да көп маалыматы бар экендигине таң калдым. Ал тургай Кыргызстандын чиновниктери коррупциялашып кеткендигин белгилеп өттү. Өз кезегинде биз да эки мамлекеттин мамилесин жакшыртуу боюнча өз сунуш, пикирлерибизди айттык.
 
Жолугушуунун соңунда А. Громов ар бирибизге В. Путиндин 8 жыл президенттик кызматы чагылдырылган фотосүрөт китебин тартуулады. Коштошордо кайра эле Кремлдин салтын бузуп, А. Громов менен жалпы да, бир бирден да сүрөткө түшүп, визиткаларды алмаштык. Ошентип Кремлге жеңил кирип, оор чыктык...
 
РИА Новостидеги тажрыйба алмашуу
 
10-11-12-май күндөрү Россиянын белгилүү РИА Новости маалымат агенттиги менен таанышып, пресс-конференцияларга, тегерек-столдорго, теле-көпүрөлөргө катыштык. Москванын борбордук бөлүгүндөгү Зубовский бульварда жайгашкан РИА Новостинин босогосун аттаганда эле күтүлбөгөн кубанычтуу жагдайга туш келдик. Анткени ал жерде техникалык (пол жууган, жүк ташыган ж.б.) кызматтарда дээрлик кыргыз балдар, кыздар иштешет экен. Сыягы, эки жерден каттуу текшерүүдөн өткөргөн соң гана киргизген, өтө жооптуу агенттиктин имаратына кыргыздардын кызматка алынышы деле бекер болбосо керек. Маянасы 20 миң рублдин тегереги экен. Бир кыз Токмоктон, балдар Кара-Кулжадан болобуз дешти. Иштегендерине 4-5 жыл болуп калыптыр.
 
Көп жыл Кыргызстанда иштеген, “Российская газетанын” өкүлчүлүгүн ачкан Элла Борисовна Таранова РИА Новостинин КМШ жана Балтика өлкөлөрү боюнча бөлүм башчысынын орун басары болуп иштеп жатыптыр. Албетте, 1,5 миң журналист сутка боюу бир гана Россия тууралуу эмес, дүйнө жүзүндөгү маалыматты 11 тилде тараткан агенттиктен биз үчүн үйрөнө турган жагы көп экен. Журналисттерге түзүлгөн шарт, техникалык жактан жабдылышы да ойдогудай. Жүздөгөн адам отурган чоң залдан чымын учса угулат, телефон менен бакылдашкан, уюлдук телефонун кулагына жабыштырып жүргөн бирөө-жарым көзгө илинбеди. РИА Новости 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталган үчүнчү күнү эле “Соб. Информбюро” болуп түзүлүп, согуш талаасынан маалымат берип турган. Кийин АПН, 1991-жылы РИА Новости болуп өзгөрүптүр.
 
Биз үчүн дагы бир өзгөчөлүк – РИА Новостиде журналисттерди ар кандай согуш, табигый кырсык, митинг, пикет жана башка өзгөчө кырдаал түзүлгөн аймакка жөнөткөндө атайын даярдап, окутуп жөнөтүшөт экен. Ал үчүн атайын эки окуу зал ачышыптыр. Анткен менен ушунчалык заманбап техникалар менен “куралданган” журналисттер маалымат жыйындарында бизге окшоп эле колуна фотоаппарат, диктофон, кагаз, калем кармап отуруп маалымат даярдашарын көрүп, көңүлүм жайына келди.
 
Москвадагы кыргыздар
 
Турмуштун айынан көпчүлүк жаштарыбыз Россияда, басымдуу бөлүгү Москва шаары менен облусунда иштеп жүрүшкөндүктөн, биз алар менен жолугуп, абалын билүүгө да кызыктык. Чындыгында Москванын метросунда, көчөлөрүндө кыргыздарды көп кездештирдик. Бирок убакыттын тардыгынан, метродогу элдин селдей агымынан алар менен көз ымдашып гана, айрымдары менен гана таанышууга мүмкүн болду. Такталбаган маалыматтар боюнча Москва шаары менен облусунда жарым миллионго жакын кыргыздар бар дешти. Алар негизинен кафелерде, көчө тазалаган жумуштарда, курулуштарда иштешет экен. “Ботаника багы” метросунун оозунда гезит, журнал сатып отурган караколдук бир жигитти жолуктурдук. “Кыргызстанда аскер кызматынан пенсияга чыгып, 8 ай болду бул жакка келгениме. Биздин фирманын Москва шаары боюнча 800 түйүнү бар. Маянам иштегениме жараша 20 миңден 50 миң рублга чейин. Документти, жатакананы фирма моюнга алган. Бирок Кыргызстанга кетким келди, үйдү, балдарымды сагындым...” деп коштошту.
Эмилбек Момунов,
Бишкек-Москва-Бишкек