Курманжан датканын феномени
 
Экинчи макала
 
Биринчи доор - Курманжан датка коомдук ишмер
 
Курманжандын улуу инсан катары калыптанышында албетте Алымбектин ролу зор. Анткени, Алымбек датка өмүрлүк жары Курманжан аркылуу Алымбек болсо, Курманжан энебиз атагы алыска кеткен Алымбектин капшабы менен ири тарыхый инсан катары калыптанган. Чынында, бул эриш-аркак эки инсандын тарыхый ролу, ишмердиги азыркы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн түпкү маңызына байланышып турат. Анткени, алардын тарыхый миссиясы эл биримдигинин, азаттыктын, мамлекеттүүлүктүн түпкү идеялары менен сугарылган болучу.
 
Курманжандын болочок өмүр шериги Алымбектин өспүрүм балалыгы, жигиттиги Алай тоолорунун Жошолу айылында, бийик тоолордо өткөн. Ал жаш чагынан эле чыйрак, курч, зээндүү чыгып, 15-17 жаш курагында өз уруусу адыгиненин баргы уругуна баш-көз болуп, бий катары тааныла баштайт.
 
XIX к. 30-жж. башында Мадалы хан Алай чөлкөмүндө Кокон хандыгынын таасирин күчөтүп, эркиндикти сүйгөн алайлыктарды ооздуктоо үчүн жергиликтүү ак сөөктөрдү өз тарабына тартып, аларга түрдүү наамдарды ыйгарып, бийликке аралаштыра баштаган. Алымбек Асан бий уулунун эл ичиндеги кадырын эске алып, 1831-ж. Мадалы хан ага “датка” наамын берген. Мына ушундан баштап Алымбек Кокон хандыгынын саясий турмушуна активдүү аралашып, өмүрүнүн акырына чейин анын ишмердиги хандыктын социалдык жана саясый тарыхы менен тыгыз байланышып өттү. Алымбек хандыктагы ар кандай саясий оюндарды, төңкөрүштөрдү, бийлик үчүн болгон тынымсыз күрөштөрдү көрүп, саясатка каныкты, бардык окуяга активдүү аралашып, ордодо көрүнүктүү таасирге ээ болду. Бирок, анын ишмердигинин кредосу бабасы Тилеке баатыр менен Ажы бий сыяктуу чачылган кыргыз урууларын бириктирип, өз алдынча мамлекет түзүү же эч болбоду дегенде Кокон хандыгынын курамында номиналдуу өз алдынчалыкта турган ээлик түзүү болучу. Атүгүл Кокон хандыгын ээлеп, кыргыз насилинин аброюн көтөрүү максаты да тымызын бар эле. Ишмердигин бул өзөктүү максаты, Алымбектин ичинде дайыма купуя сакталып турчу.
 
Алымбек датка алгач 1831-жылы датка наамын алуу менен бирге Ош чөлкөмүнө бек болот. 1832-ж. 32 жаш курагында Мадали хан аны Анжиян вилаетинин башкаруучусу, акими кызматына дайындайт. Аталган вилаетке Анжиян аймагы, Эки-Суу арасы, Ош чөлкөму, Ноокат менен Араван, Өзгөн менен Кара-Кулжа, Алай тоолору жана Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо, Куртка аймактары толук  кирген. Алымбек датка акырындык менен мамлекеттик түзүлүштүн маани-маңызын, башкаруу системасынын өзгөчөлүктөрүн, хан бийлигинин татаал сырларын үйрөнүү менен саясий тажрыйба топтогон. Ал Кокон хандыгынын коомдук-саясий, чарбалык турмушундагы кыргыздардын татыктуу ордун табууга, хан ордосунда  ролун көтөрүүгө көп күч жумшады. Эң негизгиси мүмкүнчүлүккө жараша ыңгайы келгенде кыргыздардын көз каранды эместигин камсыз кылууга, өз алдынча бирдиктүү жана түптүү мамлекетин түзүүгө жол издеди.
 
 
Курманжан датканын мамлекеттик жана коомдук ишке аралашышы 1832-жылы Алымбек даткага турмушка чыккандан башталды. Алымбек менен Курманжан 29 жыл эриш-аркак ыстыкоомат кылышты. Көп жылдар бою өмүрлүк жолдошу Алымбек датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы катары көрүнүп, атүгүл насаатчысы болууга да жетише алган. Анын 1832-62-жылдардагы өмүрүн коомдук ишмердик доору катары санаса болот. Бул мезгилде Алай чөлкөмүн жана анын тургундарын башкарып, эли-журту үчүн чоң-чоң коомдук иштерди жасаган. Алымбек датка ордодо, Кашкарда саясий маселелер менен алектенип жүргөн мезгилдерде анын милдетин да кошо аркалаган. Акырындап датканын ордун жоктотпой эл бийлөөнүн сырын үйрөнгөн. Жеринен дээринде бар, жөн билги зайып көп өтпөй көпчүлүктүн көңүлүнө толуп, калк башкарууга көзү каныккан. Ошол кезде эле Курманжан айымдын атагы Кокон хандыгы гана эмес, коңшу Бухара эмиратына, атүгүл алыскы Орусия серепчилерине да дайын болгон.
 
Тарыхта белгилүү болгондой XIX кылымдын 40-жж. башында Кокон хандыгында саясий кырдаал курчуп, Мадалы хан өлтүрүлүп, анын ордуна Бухара эмиринин адамы Ибрагим-Хаял коюлгандыгы белгилүү. Мындай кырдаалда Кокон мамлекетин өз алдынча сактап калуу зарылдыгын сезген кыргыз төбөлдөрү мураскер издеп, аксылык Нүзүп бий башында турган топ Таласта Ажыбай датканын үйүндө жашап жаткан 1770-1798-жылдары Кокон хандыгын башкарган Нарбото бийдин кичүү иниси Ажы бийдин уулу 50 жаштагы Шералыга токтошот. 1842-жылы жай мезгилинде Шералыны Аксынын Карасуу айылындагы Кара-Күп деген жерге (Ал айыл Шералынын аялы Жаркынайымдын атасы Токтоназар бийдин кыштоолорунун бири болучу) көчүрүп келишет да, 2-3 ай ордо турмушун жол-жобосу менен тааныштырып, кат-сабатын жойгондон кийин күзүндө Сафед-Буланда курултай чакырылып, Шералы ак кийизге салынып, хан көтөрүлгөн. Натыйжада кыргыз кошуундарынын күчү менен Кокон ордосу ээленип, Шералы Ажы бий уулу - хан, Нүзүп бий, ага регент-миңбашы орунду ээлеген. Бул окуяларга Алымбек датка да активдүү катышкан.
 
1842-ж. Курманжан күйөөсү Алымбек датка менен бирге биринчи жолу Кокон хандарынын ордосуна келет. Ошондо Курманжан Шерали хандын кыргыз аялдары Жаркынайым (саруу) жана Соноайым (багыш) менен таанышып, хандыктагы көйгөйлүү маселелер боюнча кеңешкен, ынтымакты чыңдоо, үзбөй кабарлашып турууга убадалашкан.
 
Бирок көп өтпөй хан ордосунда кыпчак бийи Мусулманкулдун таасири күчөп, кыргыздар мамлекеттик бийликтен четтетиле баштайт. Шералы такта отурганы менен саясий бийлик толук Мусулманкулдун колуна өтөт. Кыргыз төбөлдөрү анын ичинде Алымбек датка да бийликтен четтетилет. Мусулманкулдун башкаруусунда өлкөдө зомбулук күчөп, алык-салыктар көбөйүп, элдин эзилүүсү күч алат. Бул Мусулманкулга каршы элдик чыгуунун өбөлгөсүн жараткан.
 
Мусулманкулдун зомбулугуна нааразы болгон Кокон хандыгынын чыгыш жагындагы Ош жана Алай тоолорундагы кыргыздардын Мады чебинин жанында чогулган тобуна Алымбек датка баштаган Сейитбек датка, Болот датка жана башка кыргыз бийлери жетекчилик кылган. Көтөрүлүшчүлөр Ошту жана ага жакын аймакты кокондуктардан тазалашкан. Бул окуя 1845-ж. болгон. Ошол эле жылы Исфара акими кыргыз Сатыбалды жана Рахматулла менен бирдикте күрөш дагы уланган. Мусулманкул Ошко жазалоочу аскер баштап келип, көтөрүлүштү айоосуз баскан. Бул жөнүндө алдын ала кабар алган Алымбек датка Курманжандын кеңеши менен Алайга качып, ажалдан аман калган. Ошто тартипти жөнгө салуу үчүн Мусулманкул бир топ кармалып калгандыктан, Кокондо дагы бир козголоң уюшулуп, Шералы хан өлтүрүлүп, козголоңчулар Алим хандын уулу Мурад-бекти хан көтөрүшөт. Мусулманкул согуш менен кайрадан ордону ээлеп, Шералы хандын бойго жете элек 14 жаштагы баласы Кудаярга андан улуу өз кызын аялдыкка алып берип, хан көтөрөт да, регент-миңбашылык мансабын колго алат.
 
Мамлекеттүүлүк идеясын көтөрүү
 
Кудаярдын энеси бөлөк агасы кыргызга жээн Малабек Алымбек датка менен көңүлү жакын болгон. Алардын күч алышынан чочулаган Мусулманкул Алайга жүрүш жасаары туралуу кабар угулуп, кырсыктан алысыраак болуш үчүн Алымбек датка Көгарт ашуусу аркылуу Нарындын төрүндөгү Ак-Талаа,Тогуз-Торо, Ат-Башылык туугандарына келет. Алар даңкы чыккан Алымбек датканы кучак жайып тосуп алышкан. Алымбек тынымсыз тополоңдун алкагы боло баштаган Кокон хандыгында жашоодон көрө өз алдынча тоо кыргыздарынын ээлигин түзүү керектиги жөнүндө Теңир-Тоолук туугандары менен кеңешкен.
 
Ошол жылдары Алымбек датка Ош шаарынын маанисин көтөрүүгө да көңүл бөлгөн. Себеби, кыргыз элин бириктирүүдө, эгер колдон келсе кыргыз ээлигин түзүүдө Ош шаарынын бай-такты шаар катары маанисин жогорулатууну зарыл деп эсептеген. Тарыхый булактарда Ош шаары эзелтен эле кыргыз урууларынын саясий борбору катары эсептелип, бул жерде кыргыз бийлеринин айдоо жерлери, соода түйүндөрү, мечиттери, вакфтык үлүштөрү болгондугу маалым. (Караңыз: Военные действия против Кокандского ханства.//ВС.—1876.— 2.—2-бөлүк.—211-бет; Терентьев М.А. История завоевания Средней Азии.-СПб.,1906.—Т.2.—366-бет; Абаза К.К. Завоевание Туркестана.-СПб., 1902.—238-бет.)
 
Ошого байланыштуу Алымбек датка вилайеттин борборун Анжияндан Ошко көчүрүп келип, азыркы Алай мейманканасы турган чөлкөмдө Ак Ордо тургузгандыгы (бир нече ак өргөөлөрдөн куралган ордо) эл арасында айтылып келет. Так ушул жерде Алымбек менен Курманжан хан, бектерди, алыс-жакындан келген ызааттуу конокторду кабыл алышкан. Ал жерде мамлекеттик жана чөлкөмдүк маанилүү маселелер талкууланып, ири чечимдер кабыл алынган. (Караңыз: Абытов Б. «Ош: факты, события и личности». –Ош, 2000).
Алымбек датка кийинки жылдары Кокондон сырт саясий окуяларга да катышкандыгы маалым. 1847-жылы ал Кашкардагы “жети кожонун козголоңуна” чакырылып, кожолордун башчысы Катта төрөнүн армиясына кол башчылык кылган. Кашкарды камаган, бирок Кытай богдыханынын армиясына туруштук бере албаган 20 миңден ашуун козголоңчулар Фергана тарапка качып, Алымбек Алайга кайтып келген. (Караңыз: Боотаева Б. Кыргызы между Кокандом, Китаем и Россией.—Бишкек: Илим, 1995. —50,60-беттер.)
 
Көп узабай ордодо Мусулманкулдун зомбулугуна каршы дагы козголоң уюштурулуп, бир топ кармаштардын натыйжасында 1856-жылы Мусулманкул өлтүрүлүп, Кудаяр өз алдынча бийлик жүргүзүүгө жетишкен. Так талашуу эми Кудаяр хан менен анын аталаш агасы Малабектин ортосунда жүргөн. Ошол эле учурда Кудаяр ханга каршы толкундоолор башталган. Алардын кыймылдаткыч күчтөрү негизинен кыргыз элети болучу. Көтөрүлүшкө катышкан адамдардын саны 4-6 миң адамга жеткендигин изилдөөлөр кабарлайт (Караңыз: Взаимосвязи киргизского народа с народами России, Средней Азии и Казахстана (конец XVIII —XIX вв.).— Ф.,1985.—181-бет.).
 
Бул саясый жанданууда айрыкча алайлык кыргыздар активдүү болушкан. Көтөрүлүшчүлөр Маргалаңды, Коконду камап, 1858-жылы ноябрь айында Саманчыга жакын жерде Кудаяр хандын аскерин Алымбек датка баштаган бир топ кыргыз бийлеринин жардамы менен Малабектин кошууну жеңет да, Кудаяр хан Бухарага качат. Тактыны Малабек ээлеп, көмөк көрсөтүшкөн кыргыз бийлерин — Алымбекти Анжыянга кайрадан аким, кийинчерээк өзүнө баш увазир, Сейитбек датканы Кожентке аким, Молдокасымды Ноо чебине комендант, Алымбекке көңүлдөш, Маргалаңдын мурунку беги, кыргыз-кыпчак Өтөмбай бийди Ташкентке аким дайындаган. (Караңыз: Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.—Казань, 1886.-188—89-беттер; Галицкий В., Плоских В. Старинный Ош.—Фрунзе,1987.-46—47-беттер.) Ошентип, XIX к. 50-жж. аягында Кокон хандыгынын саясий турмушунда олутуу роль ойногон Алымбек датка, ордодогу эң жогорку бийлик - вазирлик мансапка жетип, дээрлик 4 жыл бою (1858-1862-жж.) хандыктын тагдырын чечип турган.
 
Алымбек датканын акылман, алысты көрө билген көсөм, кылдат саясатчылдыгы 60-жж. башында Россия империясынын колониалдык аскерлери Чүй өрөөнүнө кирип келишкенде көрүнгөн. 1860-ж. Верный чебинен чыккан орустар менен салгылашуу үчүн Малабек хан Ташкенттен чоң аскердин башында Канат Шааны, Ферганадан “Анжиян кошууну” деп аталган отряддын башында Алымбек датканы жөнөткөн. Алымбек Нарын аркылуу Чүйгө багыт алат. Жолдо кыргыздардан колун толуктап, аскери 12 миңге чейин жетет. Алымбектин кошуунунун курамында Жангарач баштаган солто, сарыбагыш манаптарынын, алардын ичинде Шабдандын да жигиттери болгон.
 
Алымбек Чүй өрөөнүндө Алымбек датка Ташкент беги Канат-шаа жетектеген кокон аскерлери менен жолугушат. Бул жерде бири-бирине баш ийгиси келбеген эки төбөл башкы кол башчылыкты талашышат. Натыйжада, азыркы Казахстандын Узун-Агач, Кара-Кастек, Каскелең өзөндөрүндөгү салгылашууларда Алымбек кошуунун кармашка кийирбей коюп, кокон армиясы чегинүүгө мажбур болгон. Алгач Кара-Кастекке койгон чабуулунун мизи кайтарылган соң, Узун-Агачта экинчи чабуул кылууну буйруган Канатка Алымбек кескин каршы чыккан. Кокон ордосунун тарыхчысы Мулла Нияз: “Алымбек кыргыз менен Канат Шаа тажик кошуунга башчылык кылууну талашып, чатак башташты. Жаңжалдан улам Алымбек анжыян колу менен кыргыздарды майдандан алып чыгып кетип, салгылашуунун сыймык же маскаралык алып келүүчү тагдырын колунан чыгарды...”,— деп жазат. (Караңыз: Бейсембиев Т.К. “Тарих-и Шахрухи” как исторический источник. —Алма-Ата,1987. —122-бет.)
 
Алымбектин мындай чечиминин түпкү максаты, бүткүл кыргыз урууларын бириктирип, өз алдынча мамлекет куруу же кокон ордосун толук ээлөө болгон деп ойлойбуз. Ошондуктан, ал орус бийликтери менен ушул мезгилден баштап эле ымала түзүүнү көздөгөн. Анын биринчи шарты орус аскери менен согушпоо экендигин жакшы түшүнгөн. Орусияга жүз буруп турган Чүй, Ысык-Көл кыргыздарынын манаптарынын пикирлери да эсепке алынган. Узун-Агач салгылашуусунун алдында эле Жангарач, Байтик, Шабдан жана башкалар менен жолугушкан Алымбек үчүн кармашта Канат Шаанын жеңилиши ынгайлуу эле.
 
Узун-Агачтагы “күнөөсү” үчүн Алымбек куугунтукталып, ордого келбестен Алайда калган. Ал адыгине менен мунгуштардан кошуун жыйнап Коконго жүрүш жасайын деп ойлогон, бирок ага шарт болгон эмес. Ошондуктан, аркалык туугандарынан жардам издөө жана бир топ саясый иштерди жүргүзүү үчүн 1861-жылы жазында кайрадан Нарын чөлкөмүнө жөнөп кеткен. Алымбектин тоолук кыргыз туугандарынын арасында аброюнун өсүп бара жаткандыгынан кооптонгон Мала хан жарашуу үчүн аны ордого чакырган, бирок Алымбек хан жиберген адамдарды өлтүртүп, алардын артынан келген кошуунду да талкалап таштаган. Жай айларында Датка Үмөтаалы, Ажы, Төрөгелдиге жолугуп, аларды Коконго, белгилүү деңгээлде Орусияга да каршы үгүттөгөн. (Караңыз: Кененсариев Т. Кыргызстандын ХIХ кылымдын 50-70-жылдарындагы саясый өнүгүүсү. – Б.: 2009.-127-28-беттер.)
 
1861-жылдын июлунда Ала-Тоо округунун башчысы Сибирь корпусунун командирине “Алымбек менен Мала хандын душмандык мамилеси жөнүндөгү маалыматтар ырасталып жаткандыгын” билгизген. Орусия менен мамиле түзүүнү пландаган Алымбек тоолук кыргыз урууларын бириктирип, өз алдынча феодалдык ээлик же мамлекет түзүүгө аракеттенгендигин Батыш Сибирь генерал-губернатору А.О.Дюгамелдин 1861-жылдын 8-июнунда согуш министрине жазган каты бышыктайт. “Алымбек кара-кыргыздардын арасында калып, Ысык-Көл менен Кичи-Бухара аралыгында өз алдынча башкаруучу болуу оюнда бар окшойт, — деп жазат А.О.Дюгамель, — ошондуктан биз менен жакшы мамилеге өтүүнү көздөйт шекил...” Генерал А.О.Дюгамель Жети-Суу областынын башчысы Г.А.Колпаковскийге эгер Алымбек Орусия менен мамилеге кирсе, аны кубаттагыла деген көрсөтмө берген. Муну тышкы иштер министри А.М.Горчаков да, Александр II да жактырган. (Караңыз: Өзбекстандын борбордук мамлекеттик архиви.-715-ф.-1-оп.-25-иш.-94-98-барактар).
 
Түндүк кыргыздарын өз таасирине тарткан датка 1861-жылы күзүндө Фергана чөлкөмүнө кайтып келген. Бир катар сүйлөшүүлөрдүн, кеңештердин жана акыл калчоолордун, айрыкча Курманжандын жүйөөлүү пикирлеринин таасири менен Алымбек датка Теңир-Тоодо өз алдынча мамлекет куруу иши али эртерээк экендигин түшүнөт да, анын ордуна азырынча Кокон ордосун ээлеп, кыргыздардын саясий аброюн кайрадан көтөрүү чечимине келген.
 
Кайрадан Кокон ордосунда...
 
1862-жылдын февралында Мала ханга каршы козголоң уюштурулуп, кыргыз бийлери: Алымбек, Кыдыр, Касым, Кудайназар жана башкалар Мала ханды өлтүрүп, анын жээни — Сарымсактын уулу 15 жашар Шах Муратты такка олтургузушкан. (Караңыз: Мулла Нияз Мухаммед. Тарих-и Шахрухи. История владетелей Ферганы. —Казань, 1885.—108-бет.). Алымбек баш увазирдик орунду ээлеген. Ташкент беги Канат Шаа, Рүстөмбек баш болгон экинчи топ такка Кудаярды кайрадан отургузууну көздөшкөн. Канат Шаа Бухарага качып кеткен Кудаяр менен байланыш түзүп, аны Ташкентке чакырып, хан деп жарыялап жиберген.
 
Ошол кезде ичкилик кыргыз-кыпчак уруусунан чыккан белгилүү мамлекеттик ишмер, 1862-жылга чейин Маргалаң вилайетинин акими болуп турган молдо Алымкул Кудаяр тарапка өтүп кеткен. Анын аракети менен Кыдыр, Ырсалы сыяктуу кыргыз бийлери алгач бийликтен четтетилип, кийинчерээк тындым кылынган. Ал эми июль айында алдоо жолу менен ордого чакырылган Алымбек датканы Алымкул Чотон   аттуу   кыргыздын колу менен   өлтүрткөндүгү изилдөөлөрдө белгиленет. (Караңыз: Бейсембиев Т.К. “Тарих-и Шахрухи” ...—123—124-беттер.) Г.А. Колпаковский 1862-жылы 25-июлда Батыш-Сибирь генерал-губернаторлугуна жиберген билдирүүсүндө:—“айтылуу Алымбек кара-букаралардын колунан өлдү”,—деп бекеринен айткан эмес. (Караңыз: Боотаева Б. Кыргызы между Кокандом...—62-бет.). Кийинки тастыктоолордо Чотон баатырдын Алымбекти өлтүрүүгө катышпагандыгы жөнүндө баатырдын урпактары тарабынан санжыра таризиндеги маалыматтар да пайда болууда.)
 
Ал кезде Алымбек датка пайгамбар курагында, тагыраак айтканда 63кө эми эле чыккан болучу. 1858-62-жылдарда болуп өткөн Алымбек уюштурган бул саясий аракеттерде Курманжан анын эң жакын кеңешчиси, пикирлеши болуп, айрым бир чечимдерге өзүнүн ойлорун да кошкондугу маалым. Бир нече жолку кооптуу учурларда Кокондон алган кабарлардын натыйжасында күйөөсүн эскертип, өлүмдөн алып калгандыгын изилдөөлөр тастыктайт. Бирок, кыргыз мамлекетин түптөйм, эч болбоду дегенде Кокон тактысын ээлеп, кыргыз элинин биримдигин камсыз кылам деген Алымбектин стратегиялык максаттары ишке ашпай калды...
 
Курманжан датканын ишмердигинин биринчи доорун жыйынтыктап жатып (1832-1862), анын ал мезгилде жан шериги Алымбектин пикирлеши, абройлуу кеңешчиси жана жардамчысы боло алгандыгын белгилөө зарыл. Курманжандын акылын жана саясий сезимталдыгын Алымбек датка терең баалаган, анын кеңешине көп убакта макул болгон. Курманжандын жөндөмүнө ынанган Алымбек кийинчерээк Анжиян вилайетиндеги чарбалык милдеттерди бүтүндөй аялына ишенип, калтырып турган. Алымбек менен 30 жылга жакын ыстыкоомат кылган мезгилде Курманжан датка акырындык менен Фергана өрөөнүнүн чыгыш жагындагы элет элинде таанылып, саясий жана коомдук ишмер, ири тарыхый инсан болуп чыга келген. Уруулук талаш-тартыштар, жер-сууга, жайыттарга, жайлоого байланышкан түрдүү чарба маселелерин чечип алуу үчүн ондогон адамдар Курманжандын кабыл алуусунда кезек күтүп тургандыгын көрүүгө болор эле.
 
Уландысы бар
Ташманбет Кененсариев
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор,
 

 

 

 

Биринчи макала
 
Алгы сөз
 
Эгемендүү Кыргызстандын күнкорсуздук доорунда коомчулукта болсун, тарых илиминде болсун улуу инсандарга карата өзгөчө мамиле болуп келе жатат. Менимче, бул тенденция кыргыз элинин азыркы өткөөл доордогу тагдыр чеччү идеологиясын улуу тарыхыбыздан издеп жаткандыгыбызды белгилөөдө. Чынында тарых илими бул өткөн окуяларды гана айтпастан, учурду таасын түшүнүүгө, ошонун негизинде болочокко туура кадам таштоого негиз берет. Демек, тарых – бул жөн эле илим эмес, ал коомдук турмуштагы чоң насаатчы жана тарбиячы.
 
Тарыхты карап көрсөк, ар бир окуя ал майдабы, чоңбу, тигил же бул индивиддин аракетинин акыбети. Ал эми индивиддердин аракеттеринин масштабы ар түрдүү. Алардын ичинен тарыхый инсандар деген аталышка татыктуулары бар. Демек, тарыхый инсан деп, өз элинин, өз жеринин алдына коюлган ири тарыхый маселелердин зарылдыгын түшүнүп, аны жан-дүйнөсү менен туюп, мындай маселени чечүүгө бүткүл турпаты менен киришкен адамды, аны ишке ашыруу үчүн жетекчи миссияга ээ болуп, зор милдетти моюндаган инсанды айтабыз. Албетте, кыргыз элинде атактуу байлар, мансапкорлор, бий, бектер көп болгон. Бирок, алардын элдин көйгөйүн туюп, аны аткаруу үчүн жетекчи болууга бел байлагандарын гана биз улуу тарыхый инсандардын катарына киргизишибиз керек.
 
Совет тарыхнаамасында кыргыз тарыхый инсандарына салыштырмалуу аз көңүл бөлүнсө да, белгилүү деңгээлде алар жөнүндө бир топ изилдөөлөр болгондугу тарыхнаамада маалым. Бирок, 50-жылдардын аягынан баштап инсантаануу багыты солгундап кеткен. Элибиздин белгилүү инсандары негизинен оокаттуу катмардан болгондугуна байланыштуу кыргыз тарыхнаамасындагы таптык көз караштын толук үстөмдүк кылышы, ”эзүүчү таптын өкүлдөрү” катары, аларды окумуштуулар тарабынан иликтөөгө алдырган эмес. 
 
Абал 80-жылдардын экинчи жарымынан бери карай өзгөрдү. Акыйкаттыктын желаргысынын шарданына байланыштуу акыркы 20-25 жылдын ичинде XX кылымдагы саясый окуялардын түздөн-түз катышуучулары болушкан тарыхый инсандардын таржымалына арналган бир топ илимий-популярдуу жана санжыралык тариздеги басылмалар, китептер, макалалар жарык көрдү.
 
 “Караңгыда көз тапкан, капилетте сөз тапкан” кыргыздын касиеттүү улуу инсандарына Курманжан датка энебиз да кирет. Анын өмүрү жана ишмердиги 1991-жылы белгиленген 180 жылдык мааракеден бери бараандуу эле изилденип, алар бир катар китептерде, материалдардын топтомдорунда, түрлүү адабий жана публицистикалык чыгармаларда кенен чагылдырылды. Курманжан датканын тарыхый ролу, анын ишмердигинин азыркы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн маңызына байланышып турушу, эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына Курманжан датка-энебиздин 200 жылдык мааракесинин дал келиши символдуу гана эмес, тарыхый-реалдуу тогош. Анткени, Курманжандын тарыхый миссиясы эл биримдигинин, азаттыктын, мамлекеттүүлүктүн түпкү идеялары менен дал келип турат.
 
Демек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрында 2011-жылды Курманжан датканын жылы деп атайын Указ менен жарыялашы аталган маанини даңазалоо деп түшүнүү зарыл. (Караңыз: ИА КАБАР 2011 год объявлен в Киргизии Годом Курманжан Датки. 17:44 31.12.2010)
 
  
Касиеттүү аялзат
 
Эгемендүүлүктүн 20 жылдык мааракеси менен кошо белгиленүүчү Курманжандай инсандын жеке мааракеси жөнүндөгү мындай чечим Курманжан энебиздин улуу тарыхый инсан гана эмес, касиетүү аялзат экендигинен кабар берет. Байыркы Томирис менен Заринанын жолун жолдоп, Кыз Сайкал менен Жаңыл Мырзанын эрдигин кайталап, Каныкей менен Айчүрөктүн кеменгерлигине сугарылган Курманжан датка энебиздин өмүрү жана ишмердиги чын эле анын касиеттүү аялзат болгондугунун белгиси. Болбосо, жөнөкөй дыйкан адамдын урпагы болгон Маматбай кызынын мамлекет башчылык мурасталган титулу жок туруп таажы, таксыз “Алай канышасы (Алайская царица)” аталышы, мурунтан диний же аскер чени жок туруп, генералдык наамга туура келген “датка” наамын алышы, анын аялзат катары өзгөчө касиетин белгилейт.
 
Акыркы бир изилдөөлөрдө Курманжан датканын ушундай деңгээлге жетишин күйөөсү Алымбек датканын өлүмүнөн кийин ага тең келчү, конкурент болууга даай ала турган эркектердин жоктугуна байланыштырып койгондугун бир жактуу баалоо деп айтар элек. Алымбек датка өлбөсө деле ишмердиктин башка жагынан Курманжан датка баары бир так ушундай деңгээлге жетмек. Анткени, анын түркөй замандын түркөй мыйзамдарына карабай купулуна толбогон Кулсейиттей дымаксыз эринен өз эрки менен келе берип, кезегинде Кокон хандыгынын белдүү беги эсептелип турган Алымбекке турмушка чыгышы эле эмне деген эрдик. Өмүрлүк жары Алымбектин акылына акыл, демине дем кошуп, мамлекеттик иштердин туура чечилишине көмөк көрсөтүп, эл башына түшкөн оор күндөрдө журт баштап, эл үчүн курман болгон балдарынын кайгысына мүңкүрөбөй Фергана өрөөнү гана эмес, Борбор Азияны, атүгүл Орусияны таң калдырган ишмердиги менен таанылган Курманжандын чын эле касиеттүү аялзат болгон. (Караңыз: Переводчик. 1895. № 32. (Татарская газета, изд. с 1883 г. Исмаилом Гасприинским в Бахчисарае на русском языке). Ошол журналдын 665-666-беттериндеги «Алайская ханша» деген макалада «… Слава этой киргизски, лихой наездницы и подчас воительницы, гремела на Памире и в Кашкаре…» деп жазылган.
 
Курманжандын улуу аялзаттык турпатына мүмкүн тагдырды таразага салган саясий кырдаал, доордун талаптары жана чакырыктары зарылдыкты туудуруп, анын көп кырдуу тарыхы бар мекенинин касиети таасир эткендир. Талдап көрөлү.
 
Курманжан датканын заманы
 
Кыргыз элинин алдында ал кезде эки чоң тагдыр чеччү маселе турган.
Биринчиси, чачыраган элди биримдикке алып келип, өз алдынча түтүн булаткан мамлекеттүүлүктү куруу маселеси. Экинчиси, элди бөлүп-жарып өз саясатын жүргүзүп жаткан Кокон хандарына, түндүк тараптан басып келе жаткан Орус колониализмине каршы азаттык күрөштөрүн уюштуруу менен күнкорсуздукту сактап калуу маселеси. Бул өз ара карым-катнашта турган эки зор маселени чечүү үчүн кандай аракеттер жана жолдор бар эле?  Биринчи жол өз алдынча мамлекет курууга аракет кылуу болучу. Бирок, ал үчүн керектүү тарыхый өбөлгөлөр, шарттар жок эле. Демек, бул жол менен аталган уңгулуу маселени чечүү өтө кыйындыкка турган. Эл биримдигин камсыз кылуучу экинчи жол кыргыздарга да, өзбек, сарттарга да, тажиктерге да бирдей, орток хандык болгон Кокон хандыгынын курамында туруп, анын ички жана тышкы саясатына таасир этүү менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн белгилерин сактап калуу болучу. (Кийинки изилдөөлөрдө Кокон хандыгы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бир көрүнүшү катары болгондугун далилдеген жыйынтыктар арбын. (Караңыз: Кененсариев Т. Кокон хандыгы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бир формасы катарында.// Ош,Уш,Osh.Эл аралык адабий-көркөм, коомдук-саясий альманах.-№4(18), 2003 июль-август.-Ош,2003.- -36-55-бб.). Чынында ушул жол реалдуураак көрүнгөн.
 
Бирок, бул милдеттер Орусия баскынчылыгына каршы азаттык кыймылдарын пайда кылды. Демек, кыргыз элине, айрыкча түштүк кыргыз урууларынын тагдырына бул күрөштөргө активдүү катышуу, атүгүл аларга жетекчилик кылуу миссиясы насип этилди. Орус-Кытай-Англия геосаясаттык түйүндүн татаал кырдаалында Алымбектей, Курманжандай улуу көсөмдөр Орус империясынын курамында гана кыргыз эли элдигин жоготпой, уул-кыздарын аман сактап калууга болоорун алдын ала туюу менен журт тагдырынын келечегин камсыз кылууга бел байлады.
 
Так ушул диллема Курманжан Датканын тагдырына туш келди. Курманжан датканын касиеттүү аялзат, адилет журт башы жана дипломатиялык ишмердиги мындай түйүндүү шарттарда “караңгыда көз тапкан” кеменгер жол башчы экендигин көрсөттү.
 
Курманжандын мекени
 
Кыргыздар өз мекенин “ата журт” деп атайт. Кыргыздардын ата-журту кооз жерлери, улуу тоолору, таза суулары жана тунук булактары, көк майсаң жайыттары менен гүл жыты аңкыган жайлоолору, мөмөсү төгүлгөн токой-шалбаалары менен белгилүү. Кыргыздар улуу тоолорду “жердин канаты” деп атап, алардын койнунда ыстыкоомат кылган өз элин “улуу тоого чыккан, улар үнүн уккан бактылуу адамдар” катары сезишет.
Ушундай кыргыз жерлеринин бири болгон Фергана өрөөнү кооздугу жана геосаясаттык ролу менен чыгыш менен батыштын түрдүү саякатчыларын, ориенталисттерин кызыктырып келген. Кытай саякатчысы Чжан-Цян байыркы Давань мамлекетин ачса, еврапалык саясакатчылар бул жердин тарыхын  дүйнө коомчулугу менен тааныштырган. Фергана өрөөнүн орогон кыргыз тоолору жаратылыштын храмдары гана эмес, тарыхтын да күбөлөрү. Дүйнө илиминин чечүүгө алигече күчү жетпеген атактуу Саймалы-Ташы, Заратуштра кудайынын, кийинчерээк Сулайман пайгамбардын бир кездеги мекени делип эсетептелген сырдуу Сулайман Тоосу, дүйнөдө бир гана реликт өсүмдүк катары таанылып, А.Македонский “югланс регия (король жаңагы)” деп атаган кыргыз жаңак токойлору, улуу тоолордун кожоюуну катары менменсиген топоздор жайлаган Алай менен Памир, чөйчөктөгү мүрөктөй жаркыраган Сары-Челеги, дартка даба баткен өрүгү, өзгөн күрүчү, тамшандырган таттуу коон-дарбызы көп Фергана Курманжан датканын мекени. Так ушул чөлкөмдө жашап өткөн Абу Ибн Осмон, Ахмед Фергани, Махмуд Югнеки, Омор Ибн Муса аль-Оши, Мансур аль-Оши, Абдаллак-аль Оши, Бабур, Молдо Нияз, Жеңижок жана башкалар өзүлөрүнүн илимий трактаттарында, көркөм чыгармаларында ата-журтубузду даңкташкан, изилдешкен.
 
Кыргыздын түпкү бабаларынын бири санжыргалуу Долон бийдин уулу Отуз уул азыркы Ноокат районунун аймагындагы Көк-Белде жашап өткөн. Анын улуу уулу Адыгинеден жана кызы Наалынын урпагы Муңгуштан тарагандар Ош областында, кичүү уулу Тагайдан тарагандар Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Кетмен-Төбөдө жайгашкан. Саяктардын бабасы Асакенин кыштоосу Азыркы Өзбекстанга караштуу Асаке шаары, кыргыздардын сол канатынын мекени Эки-Суу арасы, Аксы, Ала-Бука, Чаткал болсо, байыркы кыргыздарды түзгөн он уруулуу Кызыл уулдун балдары эсептелген ичкилик курамы Баткен, Чоң Алай жана Памир тоо этектерин жердеп, кыскасы кыргыздын ата-журту так ушул жердин бермети эсептелген алтын чөйчөктөй болгон Фергана өрөөнү.
 
Ата-мекени Алай өрөөнүн жана аны мекендеген санжыргалуу элинин мындай өзгөчө касиеттери Курманжандын эч нерседен кайра тартпаган өткүр, эрки бекем, кайраты күчтүү мүнөзүнө өзөк болгону талашсыз. Демек, “жер тамырынан эл тамыры”, “табият менен адам баласы киндиктеш” деген ылакап кеп бекеринен айтылбаса керек.
 
Ошентип, мүмкүн Курманжан энебиздин улуу тарыхый инсан болушун жогорку факторлор аныктагандыр...
 
 
Этносаясий кырдаал
 
Фергана чөлкөмү байыркы замандардан бери көп улуттуу чөлкөм. Биздин эранын башына чейинки доорлордо жашаган ираний калктар (давандыктар, сактар жана усундар) кийинки мезгилдерде, айрыкча VI-XII кылымдарда түрктөшүп, андан кийин XII-XIII кылымдарда монголдор менен жуурулушуунун натыйжасында түбү тектеш, Орто Азиядагы эң байыркы мезгилдерден бери XVI кылымга чейин жашап өткөн кандаш калктар (кыргыздар, өзбектер, казактар, каракалпактар жана башкалар) пайда болду.
 
Фергана өрөөнүндө биздин эрага чейинки I миң жылдыктын орто ченинен баштап байыркы давандыктар менен сак урууларынын отурукташкан-дыйканчылык жана көчмөн-малчылык чарбаларынын синтезинен келип чыккан цивилиация калыптанган. Негизинен Фергана тарыхнаамада “өзөн цивилизациясы (речная цивилизация)” деп аталуучу регионго кирип, андагы жашоо тиричиликте жасалма сугатчылык зор роль ойногон. Ошондуктан экономикада жер, болгондо да сугат дыйканчылыгына негизделген жер ээлөө негизги маселе болуп, акырындык менен орто кылымдарда тургундардын социалдык-чарбалык төмөнкү эки тиби калыптанды. Алар:
 
1. Отурукташкан-дыйкан, кол өнөрчү жана соодада шүгүрлөнгөн жамаат;
2. Көчмөн-мал чарбасы менен кесиптенген жамаат.
Бул жагдайда мамлекетти жана өлкөнү төмөнкү беш негизги элемент кармап турган:
- Жер жана сугат системалары шариат боюнча да, адат боюнча да ‘эки жамаатка тең тийешелүү болгон, бирок факты жүзүндө аны көбүнчө отурукташкан жамаат пайдаланган;
 
- Дыйканчылык жана анын продуктылары отурукташкан жамааттын колунда болгон;
- Соода иштери негизинен отурукташкан жамааттын колунда турган;
 
- Мал чарбачылык жана анын продуктылары негизинен көчмөндөрдүн колунда болгон;
- Саясат, бийлик жана аскер күчтөрү негизинен көчмөндөрдүн же теги көчмөн династияларынын өкүлдөрүнүн колунда турган. Заманына жараша мобилдүү жашаган көчмөндөргөн түзүлгөн аскер күчтөрү өлкөнүн социалдык-экономикалык структурасын сактап, тышкы душмандардан коргоп туруучу фактор катары кызмат өтөгөн.
 
Ошентип, саясий бийлик менен экономиканын азыраагы көчмөндөрдө, ал эми экономикалык байлык отурукташкан тургундарда топтолгон абал түзүлгөн. Мындай абал саясий күчтөр менен экономикалык байлыктын өз ара тең салмактуулугун пайда кылып, бир эле учурда тең тайлашкан, бирок тынчтыкта жанаша туруп, бири-бирисиз жашай албаган, отурукташкан жана көчмөн элдердин эки тобунун уникалдуу синтезин, башка сөз менен айтканда тиричиликтин Ферганалык вариантын калыптандырган. (Караңыз: Кененсариев Т. Фергана өрөөнүнүн этникалык тарыхы: айрым тактоолор. //www.sayasat.kg11/07/11 09:19)
 
Түрдүү этникалык жана чарбалык жамааттар өрөөндө аралаш-келки жайгашышкан. Мисалы, шаарлар менен кыштактардын алгач иран, кийинчерээк түркий тилиндеги отурукташкан тургундары жергиликтүү булактарда “сартиййа” деген аталыш алып, түрктөрдөн, тажиктерден, отурукташкан өзбектерден куралган. Аларды “илатиййа” (элет) деп аталган көп сандаган көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздардын, кыпчактардын, кийинчерээк отурукташып кеткен өзбектердин, түрктөрдүн кыштоолору, жаздоолору жана жайлоолору курчап турган. Сартиййа жана илатиййанын кыштактары менен айылдары, алардын айдоо жерлери жана жайыттары обочо ээликтерди эмес, бири бирине жанаша турган аралаш-келки ээликтерди түзгөн. Аталган коомдук-социалдык абал байыртадан эле калыптанып, жаңы доорго жакын кокон амирлигинин түптөнөөр алдында деле ушундай мүнөздө болучу.
 
Саясий мамилелерде жогоруда атап өткөн тең тайлашуу көп учурда эки жамааттын ортосунда күрөштөрдү пайда кылып, алардын мүнөзү негизинен борбордук бийликти талашуу, же башка бир саясий, жеке инсандык маселелер менен чектелчү. Бул атаандаштык эч качан этникалык мүнөздү алган эмес. Мисал катары ага 1709-жылдан 1876-жылга чейин жашап турган Кокон мамлекетинин турмушун келтирүүгө болот. 169-жыл жашаган хандыктагы болуп өткөн сандаган кагылышуулардын эч бирин этникалык тариздеги араздашуу деп саноого мүмкүн эмес. (Караңыз: Кененсариев Т. Фергана өрөөнүнүн этникалык тарыхы: айрым тактоолор. //www.sayasat.kg11/07/11 09:19)
 
ХVIII кылымдын башында өзбек-кыргыз илатиййасы (Шахрух бий менен анын күйөө баласы Акбото-бий кыргыз) бийликти колго алашты да, жаңы кокон амирлигин орнотушуп, кадимки улуу көчмөн Тимурдун насили Бабурдун урпагы шакрухтардын династиясын негиздешти. Бул окуя, кадимден келаткан тең салмактуулук принцибинин кезектеги чагылышы болгон. Илатиййа менен сартиййанын тең салмактуулугунун шартындагы бийлик чөйрөсүндө турган күчтөрдүн жайгашынын ар кандай вариациясын байкоого болот. Жергиликтүү жазма булактардын эң абройлуусу Молдо Нияз Хукандинин “Тарих и-Шахрохи” эмгегиндеги пикирге караганда Кокон мамлекетинде төмөнкү төрт этносоциалдык топ аракеттенген: этникалык миңдер, этникалык кыргыздар, этникалык кыпчактар жана социалдык сарттар болучу. Кокон тарыхында бийлик чылбыры негизинен дайыма илатиййанын (аталган үч этникалык топтун) өкүлдөрүнүн колунда болуп, бирок иш жүзүндө сартийаанын чордонун түзгөн сарттар тобунун кайсыл этникалык топту жактагандыгына карата тең салмактуулук айрым учурда бузулуп да турган. Бирок, саясий араздашууларда эгер күчтөрдүн жайгашышы сартиййа жамаатына ооп баратса, илатиййа аны тез арада бийлик өкүлүн алмаштыруу же өзүлөрүнө ылайык марионетти бийликке олтургузуу жолу менен тең салмактуулукту калыбына келтирип коюшчу. Мындай мисалдар Фергана тарыхында өтө көп.
 
Курманжан датканын, анын жолдошу Алымбек датканын бабалары Тилеке бийдин, Ажы бий, Асан бийдин аракеттери, тейиттердин Акбото бийи менен кушчулардын Кубат бийинин ролу, Аксылык Нүзүп бий менен кыпчак Мусулманкулдун ишмердиги, айтылуу Алымбек датка менен кыпчак уруусунун чыгааны Алымкул лашкер башынын орду, Кокондун акыркы ханы Искак Асан уулу Полот хан менен Алымбек, Курманжандын уулу Абдылдабектин азаттык күрөштөрүнүн түпкү себептери Фергана өрөөнүнүн этно-саясий тарыхынын так ушул эзелки салттарын чагылдырган.
 
Мына ушундай ата-журттун аурасында туулуп-өскөн, ата-баларынын салттарынын таасиринде инсан катары калыптанган Курманжан Датканын өмүрүн жана ишмердигин кандай боолоого болот? Аны улуу тарыхый инсан жана уникалдуу феномен катары баалоо гана эп.
 
Тарыхый аренага келүү
 
Түштүк кыргызга, Фергана чөлкөмүнө, жалпы Орто Азияга, ал турсун Петербургка да белгилүү, өткөн кылымдагы тарыхый инсан, кыргыз элинин коомдук жана мамлекеттик ишмери, "Алай канышасы" деген атак алган Курманжан 1811-жылдын кулжа айында Ош шаарынан анчалык алыс эмес жердеги Ороке кыштагында Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан чыккан Маматбай аттуу орто дыйкан, колунда бардар адамдын үй-бүлөсүндө жарыкка келген.
 
Курманжан жаш кезинен эле элдик үрп-адатты, каада-салтты кадырлаган, келим-кетимдүү үй-бүлөдө тарбиялангандыктан өз оюн тайманбай бетке айткан, акылы, эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болуп өсөт. Анын мындай өсүшүнө атасы Маматбайдын да таасири зор болгон. Маматбай - накыл билги, орду менен сүйлөгөн, бирөөнүн акысын жебеген, кара өзгөйлүгү жок, мал жандуу, ата-тегинен динди, руханий түпкүлүктү бекем кармаган сабаттуу адам болгон.
 
Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү Жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит аттуу уулуна кызын турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп бир жылдан кийин Алайдын Үч-Таш жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, 3 жыл чамасында башы бош олтуруп калат. 1832-жылы Курманжан 21 жашында баргы уруусунун бийи катары жана Кокон бийликтерине кызмат кылып «датка» деген наам алган, эл жерге кадыры, билгилиги маалым Алымбек даткага жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон.
 
Курманжан Датка Маматбай кызынын тарыхый ролу жана коомдогу орду өтө олуттуу. Анын 96 жашка жеткен өмүрүнүн 76 жылы өз эли-журтуна арналган жана ал өмүр жолдогу ишмердикти үч чоң доорго бөлүп кароого болот. (Караңыз: Кененсариев Т. Курманжан датка — тарыхый инсан./Курманжан датка. // Сборник статей.-Ош,1991.-7-16-беттер.)
 
Уландысы бар
Ташманбет Кененсариев
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор

 

 

 Бишкек – “Саясат.kg”. Чалагайым серепчилердин шайлоо бир эле тур менен бүтөт, экинчи тур болбойт деп, кайра-кайра коомчулуктун кулагына куйууга аракеттенгендери менен чыныгы талдоо жүргүзсөк, шайлоо эки тур менен өтөөрү далил болуп калды.

 
Биринчиден, шайлоого катышуучу талапкерлердин көпчүлүгү өз алдынча чыгууда. Алардын эч кимиси башка бирөөгө кошулуп, айрым бир саясатчыларга окшоп, соодалашып, кол көтөрүп берген жок.
 
Экинчиден, талапкерлердин бири да биринчи эле турда жеңип чыга турган шарты жок. Ар биринин эл тарабынан колдоочулары бар, бирок жетишеерлик деңгээлде эмес. Айрым бир талапкердин  мындай мүмкүнчүлүгү бар, бирок бийлик биринчи эле турдан жеңилүүнү каалабайт.
 
Үчүнчүдөн, ар бир талапкер шайлоого өз алдынча катышып, эл алдында өз абройунүн канчалык деңгээлде турарын билүүгө муктаж болуп турушат. Ким кимге биригип, акыркы чечимди кабыл алууну экинчи турга койуп жаткандыгы байкалууда.
 
Андан сырткары, Россия жана башка мамлекеттер шайлоону көңүл койуу менен карап турууда. Албетте, көпчүлүк талапкерлер ар кандай деңгээлде жолугушууларга барып көрүштү. Бирок, алардын расмий бийлик ээлери, кимди колдоорун ачыктай элек. Кыргызстанга өз өкүлдөрүн жөнөтүп, расмий жолугушууларда жакшы сөздөрдү айттырып, өтө кылдаттык менен талапкерлердин кыймыл аракеттерин изилдеп, тандоо жүргүзүп бүтө элек.
 
Убагында Камбарата-1ге 1,7 млрд инвестиция беребиз деп убада берип кетип, кийин бийликтин жасаган иштерин изилдеп чыгып, токтотуп койушкан.
 
Мындан сырткары, өтпөй калган талапкерлер сот аркылуу кайра өтүп, шайлоо комиссиясынын токтомдору туура эмес болуп, шайы кетип турган кези. Мындай шарттарда шайлоо бир эле тур менен бүтөт деген, чындыкка жатпаган божомол. Ошол себептүү шайлоо эки тур менен өтөөрү далил болуп калды.
 
Эң негизгиси, талапкерлердин көпчүлүгү Кыргызстандын бирдиктүү жана бөлүнгүс саясатын колдоп, түндүк жана түштүк деген сөздөрдөн баш тартып, тилектештик жана биримдик жолун тандашты. Эми бул теманы ким көтөрсө, ошол эл бузар болору анык болду.
 

 

 

 

Өткөн жумада Жал кичи районундагы Таберик Акматбаевдин  «Антарио» ресторанында «Ата Мекен» партиясынын бүт республика боюнча лидерлери (500 адам) чогулуп, Ала-Тоодой эт, Ала-көлдөй чык тартылды. Дасторконду Болот Шер жайыптыр дегенди уккан «атамекенчилердин» дээрлик көпчүлүгү «аа, Бабановдун сыйургалы тура» деп, ачык эле айтып, айрымдары барбай да койгону белгилүү болуп отурат.
 
Анан, ошол үлкөн жыйында сөз алган Өмүрбек Текебаев шайлоодон талапкерлигин алып сала тургандыгын жарыя кылганда, эки айдан бери шадыраңдап, эл аралап жаткан регионалдык лидерлердин шаабайы суу сепкендей эле болду дешет. «Мурунку шайлоодогу катачылыктарды кайталабайлы» дегени, дагы бакиевчилерге алдырбайлы деген туюмду билдирип, кыйыр түрдө Атамбаевдин пайдасы үчүн алып жатканын түшүнүшкөн «атамекенчилерге» аябай эле кыйын болгондой.
 
Айрыкча, Алмазбек Атамбаевдин сырын жакшы билгендиктен, аны өткөзбөйбүз деп, былтыркы каталыктардын баарын оңдоп-түздөп, катуу демилге менен Алмазга каршы иштеп жаткан Чүй облусунун лидерлеринин катуу жини келип, чакырылган 120 чүйлүк лидердин жетимиштейи тамакка карабай баса беришиптир.
 
Ушу кезде «Ата Мекендин» Чүй облустук комитетинин башчысы Туратбек Мадылбеков региондук лидерлердин катуу кысмагына туш болуп, айласы кетип турган кез. Партиялаштарынын «Алмазга Текебаев экөөң сатылсаңар да, биз кошулбайбыз» деген талабынан кийин, Турат мырза да Текебаевге, «Эми, Өмүкө, биз, Чүй облусунун «атамекенчилери» кайсы талапкерди колдоорубузду өзүбүз чечели. Бизди эми кыйнабаңыз» деп бетке айтып, Өмүрбек Текебаевди кумсартыптыр дейт. Чүйлүктөр азыр, «К.Байболов менен М.Иманкуловдун экөөнүн бирин тандайлы, бириндебейли» деп турган кези.
 
Айрыкча, «Алмазга сатылып кетти» деп, Текебаевге карата болгон нааразычылык Түштүктү катуу дүңгүрөтүүдө. Өзгөндүк «атамекенчилер» Адахан Мадумаровдун командасына, Бектур Асанов баштаган команда Кубатбек Байболовго кошулганы маалым болду. «Ата Мекен» партиясынын лидеринин акыркы чечими баардык облустарда нааразычылыктарды жаратып, ар кимиси ар кайсы талапкердин штабын сагаалап, партия жетекчилиги пландагандай, Атамбаев тарапка өткөндөрү дээрлик жокко эсе.
Alaman.kg
 

Жогорку Кеңеш өргүүгө тараар алдында «Ата Мекен» партиясынын катарынан убактылуу чыктым деп жарыя кылып, кыргыз журтчулугунун оозун ачырган депутат Болот Шерниязов кайрадан үйүрүнө кайтып келгенби (?), же дагы кандай максаты бар экенин ким билсин, айтор, бүгүн «атамекенчилерди» май-көл, сүт-көл кылып, өлө коноктогону жатканы маалым болду.
  
Асмандан түшкөнсүгөн сый-ургалга таңданып, шектенген айрым «атамекенчилер» «ай, Бабанчик с потрохами сатып алып жаткан жокпу, ыя?» деп таңданышып, «барсакпы, барбасакпы» деп олку-солку болгонун эшиттик. Өмүрбек Текебаевдин (Текенин) соратниктеринин минтип шекшинүүлөрү да бекеринен эмес. Бокең партиядан чыгаар алдында, «Шер жердешчиликке берилип, Роза Отунбаева менен Өмүрбек Бабановго шынаарлап, «апче, братишка» деп, жеке кызыкчылыкка бой таштаганы байкалган. Ал турмак, элчиликке жарлыгы чыга элек Дүйшөн Чотоновду көндүрүп ээрчитип алып, Кубатбек Байболовго барып, «давай коллективдүү түрдө партиядан чыгып, «Ата Мекен» партиясын талкалайбыз» деп эки саат үгүттөп көндүрө албай, андан соң Ө.Абдырахмановду көндүрүүгө далбасташып, андан да майнап чыкпаган соң чочуп кеткен Чотонов айнып, кайра «Текеге» шынаарлай качып,  Болот Шер өзү жалгыз партиядан кетип,  "братишкасы менен апчесине берген убадасын аткарды" деген сөз тараганы белгилүү (Байболов менен Абдырахманов партиялаштарына айтып салышкан). Анан эми минтип, Бокең кайрадан жайыл-дасторкон кылганы жатканда, «атамекенчилердин» башына ар кандай ойлор кантип келбей коёт дейсиң.
 
Алмазбек Атамбаевдин («Кабылан») «президент болуп калсам, сени премьер-министр кылам»  деген сөзүнө шыктанган Өмүрбек Бабанов, «акчанын күчүнө салып, сатып алсам да алайын» деп, өкмөт башчы болууга чындап ниеттенип талпынган түрү бар.
 
КСДП менен «Республика» фракциясынын добушуна кошумча кылып, «арнамысчыларды» сойкуландыруу жолу менен чөнтөккө салган да ушу «республикачы» менен «Кабылан» экени талашсыз. Анан эми, «оппозицияда турса тынч иштетпейт, андан көрө эптеп тилин табайын» деп, «атамекенчилерди» да колго алууга өткөнбү (?) деген ой келет.  Бирок, бир ирет «спикер кылам» деп ээрчитип барып, аңга салган Бабановго «Теке» ишенээр бекен? Дагы «оңко» коёт деп чочубайбы? Же Ө.Токтогулович бул сапар чын ниеттен биригүү сунуштап жатканына ынандырып, «Текени» чындап эле спикерликке алып баруу ниетин көздөөдөбү? Маселени андай жол менен чечүү мүмкүндүгү табылса, А.Атамбаевге да ыңгайлуу болуп, «Текенин» колдоочулары «Кабыланды» колдоого алышы толук мүмкүн. Бирок, ошол эле учурда, Алмаз Атамбаев  Бабановдон башка дагы бир далай адамдарга премьерликти сунуштаганы  тууралуу такталбаган маалыматтар да жайылып жатат (А.Келдибеков, М.Султанов, ж.б.).
 
Бирок,  кеп чынында, А.Атамбаев президент болуп калган күндө да, Бабанов турмак, башкасына да премьерликти бере албайт да. Ал болгону башкаруучу коалицияны куруу кезеги менен КСДПнын, анан сатып алган «арнамысчыларынын» добушун гана бере алат эмеспи (мыйзам чегинде дегенибиз да). Аларга «Республиканын» добуштарын кошуп алсам, өкмөт башчы болом» деп жаткан Ө.Бабановдун (албетте, Алмаз президент болуп, сөзүнө турса деген кеп да) алдын-ала «атамекенчилер» менен тил табышуу аракети кандай деген күндө да туура багытталган иш экени талашсыз.
 
Эгерде Ө.Бабановдун мындай жоболору ишке аша турган болсо, анда КСДП, «Республика», «Ата Мекен» фракцияларына, колдо турган «Ар-намыс»  фракциясын  кошуп, башкаруучу коалицияны түзүп, «Ата Журт» оппозицияда калабы? Мындай болушу да толук мүмкүн!  "Азыр президент ким болот? Премьерликти кимден алам?" деп отурбай, «кимиси болсо анысы болсун» деп,  премьер болууга жандалбастап, ЖКдагы фракциялардын тамырын тартып жаткан Ө.Бабановдун аракеттерин туура эмес деп да айта албайсың.
 
Бирок, айлакерлик, шылуундук менен алган премьерлик орунга Ө. Бабанов кандай отурат, эл кандай кабыл алат? Арты чатакка айланбайбы (?) деген жүйөөлүү сурактар да жок эмес. Же Бабанов кийинки келечек үчүн деп, «резюмеме өкмөт башчы деген жазууну түшүрүп, кыска мөөнөттө болсо да, болушунча мойсоп алып, бошотуп берсем болду да, эмнеси болсо да алайын» деген ниеттеби? Белгисиз.
 
Албетте, Бабановдун көксөөсү ишке ашуусу үчүн, «Кабыландын» президенттик шайлоодон жеңип, Текенин тилге келгени өтө ыңгайлуу болуп турат.  А бирок, Атамбаев өтөбү? Азыркы Түндүк-Түштүк болуп кыл чайнашкан кырдаалда Кабылан керек болсо экинчи турга өтпөй калышы да толук мүмкүн болуп тургандай. Түштүктүк кыргыздар катуу жаатташып, «өз улагыбыздан теке салабыз» маанайында Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев үчүн катуу туруп, мыйзам бузулуп, административдик ресурс  колдонулса катуу чатак чыгаарын ачык эле эскертип жатышкандай. Түндүк тарапка ишеним артып отурган Алмазбек Атамбаевди азырынча бул тараптан М.Абакировдон («Водолаз») башка эч ким ачык колдоого алганы байкалбайт.
 
Эгерде, А.Атамбаевдин чындап эле жеңишке жетүү ниети болсо, анда ал «Ар-намыстын» кашасын чыгарып, сатып алганына курсант боло бербестен, Түндүктүн тың чыкма уулдары Аликбек Жекшенкулов, Марат Иманкулов, Өмүрбек Суваналиев, Кубатбек Байболов, Арсланбек Малиев, Нариман Тулеев, Шамшыбек Медетбеков, Темирбек Асанбеков, Ө.Эгембердиев, Кубанычбек Исабеков, ж.б.у.с. сыяктуу эр-азаматтарды колго алуусу керек го. Болбосо, иш чындап чатакка айланып, бийликтен кол жууру турган иш.  Анткени, алардын ар биринин артында калдайган коомчулук, ага-тууган, эл-журт турат эмеспи.
 
Турмуштун чындыгы ушу экен. Ушинтип бөлүнүп-жарылып, «ар ким өз көмөчүнө күл тарткан заман». Башкача кылууга чамабыз, чаркыбыз туура келбейт экен! Кокту-кокту болуп жакалашып жатабыз. Качан эсибизге келээр экенбиз? Айтор, жакалашып жүрүп, жок болуп кетпесек экен десең!
Сабыр МУКАНБЕТОВ
Булак: «Учур гезити»
 
 

Тагдырдын тамашасыбы, айтор, премьер-министр Алмазбек Атамбаев Москванын колдоосуна ээ болуш үчүн таазим кылып бүгүлүүдөн чарчабай жатканда, анын партиялаштары республикабыз аркылуу Орусия тарапка баңгизатынын агылышын токтото албай жатат (же токтотууну анча каалабаган өңдүүбү?).
 
Популярдуу кыргыз “Дизель” форумунун модераторлору борбор азиялык ушул кичинекей өлкөдөгү күч структуралары “крышовать эткен” наркотрафик менен казинолордун өз ара байланышы жөнүндөгү теманы басым көрсөтүүлөрдөн улам жабууга мажбур болду. Талкууда бул мекеменин жетекчилери премьер-министр Алмазбек Атамбаев жана анын партиясы СДПК тарабынан дайындалгандыгы тууралуу кеп жүрдү. “Дизелдеги” теманы жабуу боюнча жаңылык Twitter социалдык түйүнүнүн колдоочулары арасында чагылгандай тез тарап, KG-зонасында эки персона – Бозулан жана Инаят Мамазаировдордун фотосүрөттөрүн издөө жөнүндөгү кулактандыруу пайда болду. Алар Кыргызстандагы казинолор түйүнүнүн кожоюндары болуп саналышат. Медиа-мейкиндикте дал ушул адамдарды наркотрафик менен байланыштырышат.
 
Компаниялардын маалымат базасы топтолгон япониялык сайттардын биринде «M-Set Group» кыргыз финансылык холдинги катталган. Анын башкы директору - Инаят Мамазаирова. Ал Кыргызстандагы бир нече казинолордун кожойкеси жана өзүнүнүн агасы, “миллиончик” деген каймана ысым менен белгилүү Улан Мамазаировдун оюн империясынын бурамасы. “M-Set Group” холдингинин топ-менеджменти - «Таш-Рабат», «Монте-Карло», «Моб-Улан» ж.б. бирдиктүү казинолор тармактарынын аракеттеги директорлору жана менеджерлери. Дипломдошкон крупье жана дилерлердин артында ал тармакта эч бир иштөө тажрыйбасы болбой туруп, финансылык-инвестициялык компанияны ачуусу финансынын тарыхындагы биринчи жолку окуя. Кыргызстан үчүн сандырактык демейдеги эле реалдуу көрүнүшкө айланып калды. Өлкөнүн өкмөтү мындай инновацияларга көз жумуп койгондугун эске алсак, анда сандырактык өзүнөн эки эсе ашып түшөт. Ошол эле убакта оюн бизнесинин өкүлдөрү өлчөмсүз салыктар аларды тап жылдырбай жаткандыгына нааразы. Ошентсе да, бул эки сапка 12 жана 103 миллион долларлары цифра менен жазылган фирманы чет өлкөдө каттоого, ошондой эле “M-Set Group” фирмасына тийешелүү кеңсени курууга жолтоо болгон эмес. Жогорудагы сандар кебетеси уставдык капиталыдыр?
 
Республиканын түштүгүнөн чыккан ишкер Улан Эркинович Мамазаировду көбүнчөсү “Бозулан” деп аташат. Ал тууралуу дээрлик эч кандай маалымат жок. Бирок, Кыргызстандагы казинолордун жарымысы ага таандык экендигин айтышат. Айтмакчы, өлкөдө ашып кетсе жыйырмадан ашыгыраак казино бар. Мамазаировдун ойнотуучу жайларынын байланышын эсептөө кыйын деле эмес: Мамфинкөзөмөлдүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, айрым оюн жайлары: «Дружба», «Мэри Клуб», «Таш-Рабат», «Монте Карло», «Алтын Казына» - анын эжеси Инаят Мамзаировага расмий катталган. Мамазаировдордун үй-бүлөсүнө расмий эмес түрдө Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы казинолор тийешеси бар болушу ыктымал. Айрым маалыматтар боюнча региондордогу Мамазаированын башка адамдарга жазылган обьектилеринин арасында «Гранд», «Тянь-Шань», «Шангрила-Урмон» казинолору бар. Оюн жайларынын кызматкерлери маал-маалы менен карта колодасындагыдай бир обьектиден экинчисине жумушка өтүп турат. Атургай квалификацияны жогорулатуу, анын ичинде коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин курстары чогуу өткөрүлөт.
Ал гана эмес, экс-президент Жаныш Бакиевди көп көрүшкөн Jannat мейманканасы Мамазаированын бизнесине кире тургандыгын оюн жайларынын жумушчулары жашырбайт. Жаныш Бакиев наркотрафикти көзөмөлдөй тургандыгын жана аны наркодилерлер Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан облусуна жашырып жүрүшкөндүгүн жалкоо киши гана айтпай калбаса, баары айтып бүткөн.
 
Оюн бизнесиндеги булактар Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишиндеги М-Set Groupтун кеңсесин банк деп аташат. Антсе да, банк секторундагы маалыматчылар Мамазаировдордун холдинги кандайдыр бир банкты сатып алууга же лицензия берүүгө расмий түрдө эч кандай документ тапшырбагандыгын айтышат. Анткени менен бул тууралуу расмий эмес, азырынча эч кандай жыйынтык чыгарыла элек сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн болушу мүмкүн. “Мамлекеттик органдардын маалыматы боюнча эгерде эптеп-септеп иш кылып келаткан болсо, анда ал бизнесмендин ушунча көп бизнес-обьектилери кайдан?” - деген суроо туулбай койбойт.   
  
Кыргызстандын жаңы Салык кодексинин (2009-жылдын 1-январынан тарта) аракетке кириши менен милдеттүү патенттин ар бир айдагы баасы бир үстөл үчүн 300 миң сомго чейин беш эсеге көтөрүлгөн. Казино эмдигиче салыктык милдетти төмөндөтүүгө жетишүүгө аракет кылып келатат. Мамазаированын казино тармактарынын менеджерлери жетектеген оюн бизнесинин ассоциациясы салыктар өтө эле ашыкча экендигине кейип-кепчишет. Ошентсе да, мамлекеттик органдардын эч кимиси казинонун жүгүртүлүшү канча экендигин айталбайт, себеби, алар болгону милдеттүү патентти гана төлөөчүлөр болуп саналышат. Мындай салык төлөмүнүн мазмуну мындай, аныкталган өлчөмдөгү сумманы төлөшөт да, мамлекеттик органдар анын ишине тумшугун да салбайт. Чыныгы жүгүртүмдөрдү жашырууну каалаган ишкерликтин субьектилеринин көпчүлүгү үчүн өтө ыңгайлуу. Ошентсе да, легалдуулук көз карашынан алып караганда өкмөт адеп тобокелдикке байланган дал ушул оюн ишмердүүлүгүн салык төлөмүнүн ушундай түрүнө чегерип койгондугу шек жаратат. Эгерде Жаныш Бакиев наркотрафикти көзөмөлдөгөндүгүн эске алсак, анда, ал афган героинин транспортировка кылуу боюнча чынжырчанын бөлүгү деп аташкан казино үчүн өтө ыңгайлуу шарттарды түзгөн. 2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин келген жаңы бийлик маңызында, бакиевтик саясатты улантышкан. Жыйынтыгында мамлекеттик органдар бул жайларда деги эле эмне болуп жаткандыгынан кабарсыз. Салыкчылар казино ар бир оюн үстөлү үчүн 300 миңден төлөнө тургандыгына ынануу үчүн эле пландагы текшерүүлөрдү жүргүзүшөт. Жергиликтүү финполдун кызматкерлери бир да жолу казиного байланыштуу кылмыш иши козголбогондугун ырасташат. Кандай бир жеринде айыбы жок бизнес!
 
Албетте, казино баңгизатын транспортировкалоого жана деги эле криминалга түздөн-түз тийешелүү деп ынандырганга болбойт. Мүмкүн, бул жөн гана элес же голливуд кинотасмаларынын таасиринен улам тек гана дал келүү чыгаар. Бирок, казинолор түйүнү түштүктөн түндүккө Орусияны көздөй кеткен Афган наркотрафигинин жолун кайталоо менен жайгаштырылган. Түздөн-түз наркотрафик менен байланышкан маалыматтарды салыштыра келгенде дал ушундай жол боюнча Кыргызстан аркылуу Казакстанга жана Россияга атайын жашыруун сырчалар менен жабдылган: баңгизат салынган пакеттер орундуктун артына, запастык дөңгөлөккө же бензобактын түбүнө ж.б. жерлерине катылып, автоунаалар менен алынып өтүлөт. Дал ушул үчүн мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев кумарга өтө берилбеген адам болсо да, Мамазаировдордун казиносуна тез-тез мейманчылаган сыяктуу. Казинонун обьектилери афган анашасын топтоо жана транспортировкалоо точкаларына айланып, бул учурда курьерлерди күзөт сырттагы көздөрдөн калкалап турушу мүмкүн. ВИП-кардарлар үчүн оюн жайы жана бөлмөлөр, сейфтер сырттан киргендер байкай албагыдай курулган. Ал эми ВИП-кардарлардын кейпине ким болбосун жамынып алышы, ал эми приват бөлмөлөрдө жана сейфтерде эмнени болсо да жашыруулары мүмкүн.
 
Айрым эксперттер жана жалпыга маалымдоо каражаттары наркобизнести бөлүштүрүү жана наркотрафик үчүн күрөш былтыркы жылдагы июнь коогалаңындагы себептердин бири болушу мүмкүн деген божомолдорду айтып чыккан. Талашты жараткан версия, бирок, мүмкүн эмес дегенге да болбойт. Ал эми бул гипотезага сын айтуучулар өтө кирешелүү бизнес Оштогу жаатташууда баары бир детонатор болбогондугун жарыя кылышты.
Наркобизнеске жана июнь трагедиясына байланыштуу версиялардын ичинде, окуялар өзбек криминалдарынын лидерлеринин таасирин басаңдатып, алардын өкүлдөрүн наркотрафиктин катарынан сүрүп чыгаруу үчүн пландаштырылгандыгы тууралуу да бар. Ошентсе да, бул версияны анализдеген эксперттер баңгизатын транспортировкалоо жана сатуудан түшкөн акча кагылыштын эки тарабынан тең курал-жаракты жана зарыл нерселерди сатып алуу үчүн жигердүү колдонулган деп эсептешет.
 
ММК, бейөкмөт уюмдар афган наркотрафигинин зор таасири жөнүндө ачык айтып, орус саясатчылары жана күч түзүмдөрү бул транзиттик өлкөлөрдөгү баңгиге көз карандылардын санын көбөйтүп, Россиянын коопсуздугуна коркунуч келтире тургандыгын жарыя кылышууда. Укук коргоо органдары баңгизаттарын өздөрү “крышовать” этишээри жөнүндө да сөз байма-бай айтылып жүрөт.
 
Айтмакчы, кыргыз парламентинин ишинин алгачкы күнү Кыргызстандагы оюн жайларын жабуу демилгеси боюнча чуу чыгып, митинг менен коштолду. Парламенттин имаратына келген адамдар бийлик кумар оюндарына азгырылгандардын санынын өсүп бараткандыгына каршы чара көрбөгөндүгүнө нааразыланышты. Каршылык акциясы “Казинонун кесепетинен үй-бүлөлөр бузулуп жатат” деген күүдө өттү. Депутаттардын тобу, мунун ичинде ата-журтчу Камчыбек Ташиевдин ишенимдүү адамы Улан Чолпонбаев Кыргызстандагы оюн бизнесин катаалдаштырган мыйзам долбоорун демилгелешти.    
 
Бир эле убакта Twitter соцтармагында казино адамдардын жакырлануусунун себеби гана эмес, криминалдык чөйрөнүн өклдөрүн тарта тургандыгы жөнүндө талкуулар жүрдү. Биздин өлкөдө криминал сөзсүз түрдө уюшкан кылмыштуулуктун негизги көрүнүшү катары баңгизаты менен айкалышат. Депутаттык демилге кумарпоздордун үй-бүлөлөрү жөнүндө гана кам көрбөстөн, андан да тереңирээк кириши толук мүмкүн. Депутаттар салык органдарына жана финансы полициясына оюн бизнесинин обьектилери жөнүндө айрым маалыматтарды сураган өтүнүч каттарды капыстан жөнөтпөгөн чыгаар.
 
Героин Кыргызстанда “кызыл” экендиги жөнүндө дамамат айтылат. Майнабычы? Өкмөттөн эч кандай тиешелүү реакция жүрбөйт. Баңгизатын транспортировкалоого чек арада жайгашкан мамлекеттик структуралар да малынгандыгы айкын. Чек ара кызматынын кызматкерлери, УКМК, бажы кызматы, ИИМ бир да грамм наркозаттын чек ара аркылуу өткөрбөөгө милдеттүү. Бирок, Кыргызстан мурдагыдай эле “ак ажалдын” ташылып өтүлүшү боюнча транзиттик борбор бойдон калууда.  
 
Облустук жана райондук бийликтердин өкүлдөрү наркотрафикке байланышкан көп жагдайларды билбей коюшу мүмкүн эмес. Антпесе, биздин өлкөдөгү кырдаал мынчалык кейиштүү болбойт эле да, биз аркылуу 20 тоннага чейинки афган анашасы алынып өтүлбөйт эле. Бул тууралуу көп айтылганы менен, баңгини контрабандалоо боюнча каналдарды тосуу жөнүндө кандай чара көрүлүп жатат?
 
Эгерде бийликке коюлган дооматтарды дыкаттык менен карап көрсөк, кызыктуу картина көз алдыга тартылат. Жер-жерлердеги жетекчилердин көп бөлүгү СДПК өкүлдөрү же социал-демократтардын агайын-туугандары. Эмитен эле “Кызылдар” “караларды” наркотрафиктен кысып бараткандыгын, ал эми “кызыл” ОПГ күндөн күнгө кубаттуу болуп бараткандыгын ачык айтып жатышат. СДПК койгон адамдар Мамлекеттик бажы кызматын, УКМКны, ИИМди жана башка структураларды башкарышат. Алардын структураларында төмөнкү жана ортоңку звенодогулар чын эле эмне менен шугулданып жатышкандыгын жетекчилери билишпейби? А мүмкүн командалар жогорудан түшүп жаткандыр? Кандай болгон күндө да жоопкерчиликти өкмөт башчысы алууга тийиш. Тагдырдын кандай тамашасы: премьер-министр Алмазбек Атамбаев Москванын колдоосуна ээ болуш үчүн таазим кылып бүгүлүүдөн чарчабай жатканда, анын партиялаштары биздин республика аркылуу Орусия тарапка баңгизатынын агылышын токтото албай жатат (же токтотууну анча каалабагандайбы?).
 
Соңунда, кошумчалай кетсек, афган наркотрафигинин башкы “маркетологу” жана “логисти” катары өзүнүн таасиринин чөйрөсүн кеңейтүүгө далалат кылып жаткан террористтик топ деп атоого болот. Кыргызстанда ислам радикалдары жана талибдер өз полигондорун курууну каалап жатышкандыгы тууралуу көп курдай айтылып келет. РФ чек арасында мындай бирге кайнаган казандын албетте, кереги жок.  
 
Алишер Токтогулов
http://stringer.ru/
 

 

Бишкек, “Саясат.kg”. «Жаңы Багыт» партиясынын лидери Рамазан Дырылдаев “Баракелде” маалымат агенттигине өлкөдөгү шайлоо алдындагы кырдаал тууралуу макала жазган. Ошол макаланы окурмандарга эч өзгөртүүсүз сунуштайбыз:

 
Мен 1-сентябрда «Фергана ру» эл аралык агенттигине чыккан «Вопрос вопросов: Кто сядет на киргизский наркотрафик?» аттуу макалага кыргыз бийлигинин унчукпай койгонуна таң калдым.

 

Жаңы баш мыйзамдын айынан, мурда түндүк-түштүккө жана уруу-урууга, клан-жыланга бөлүнүп келген Кыргызстан эми саясий партияларга жиктелип, айласы кеткен калк өлкөдөгү бир ууч саясий амбициясы ашып-ташкан саясатчы сөрөйлөрдүн кызыкчылыгынын курмандыгына айланды. Саясий партиялар бийликти, байлыкты, кызматтарды, кала берсе көчөдөгү күркөлөрдү да өз ара бөлүштүрүп, өз ара чатакташып жатып калышты. А Кыргызстанды, анын тагдырын ойлогон өкмөт, мамлекет башчы да саясий жаңжалдардан башы чыкпай жатат. Өздөрү айткандай, диктатураны жеңгенден кийин, демек, элге жакшылыктуу заман, жакшылыктуу жашоо келиши керек эле да. Андан ныпым кабар жок. Элди караманча алдап кетишти.
 
Эми мактанган партияларынын абалы да жакшылыктуу болбой жатат. Бу илгери партия бир пикирдештердин союзу катары эсептелип келген болсо, азыр бир кызыкчылыктагылардын союзуна айланды. Эптеп парламенттик шайлоодон жеңип чыгуу максаты менен чогула калган «Ар-намыс» партиясынан «чыккынчылар» чыгып, аз жерден КСДПга өтүп кете жаздашты. Темир генералды дат басып, армиясы качып кете жаздаганын аргасы түгөнгөн эл күлүп гана кабыл алды. Калган партиялар да жарыткан жок, президенттик такты талашка түшөр замат, чет-четинен үбөлөнүп, урай баштады.
 
Кечээ эле КСДПнын курултайын телевизордон көрсөтүп калышты. Көргөн көзгө ишенсек, отурган делегаттардын саны 200дөй гана бар. Ага караганда «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ата-Журт» партияларынын курултайлары кыйла шаңдуу жана жандуу өтүп, аларга кеминде миңден ашуун делегаттар барыптыр. Кала берсе, алыскы-жакынкы өлкөлөрдөн да коноктор келишиптир. Эгер бул жагынан баа берсек, партиялар дарамети бийликтин пайдасына ообой турганын көрсөтөт.
 
КСДПнын курултайы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин президенттик тактыга талапкерлигин көтөрүп чыкты. Түштүккө келсе тейит, Чүйгө барса солто, Көлдө бугу боло калган, чет өлкөгө барса кыргыз эмесминден кайра тартпаган А.Атамбаев президентикке талапкерлигин коюунун ордуна адегенде апрелдеги кан төгүүгө, июнь айындагы түштүктүн трагедиясына жооп берип коюушу абзел болчу. Ала-Тоо аянтын, түштүктү канга боёгондордун чыныгы жүзү, ким экени анык-так элге көрүнө турган күндөр да аз калды.
 
Түштүктө кандын жыты, мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөрдүн азасы менен ызасы кете электе, кошуна мамлекетке качып өткөндөр толугу менен кайра кайтып келе электе, ымыркай баласынын киши колдуу болуп өлгөнүнөн улам энелер шок абалдан кайра өзүнө келе электе, ушунчалык кайгыдан жана бийликтердин, саясатчылардын ыпластыгынан эл деңдароо болуп турганда колго тийген арам бийликти арыдан-бери адалдап, бекемдеп алууну гана ойлогондор эл алдында, мыйзам алдында жооп бериши абзел. Ансыз өлкөдө адилеттик болбойт, адилеттик болбогон жерде тынчтык да болбойт.
 
Элдин кулагына канчалык лапша илсе боло береби? Элди канчалык тебелеп, үстүнөн күлсө боло береби? Бул Атамбаев эртең кайсы бети менен элдин алдына келет? Кайсы бети менен алар менен баарлашат? Буга кантип дити барат? Ооба, азыркы кезде Кыргызстанды канга боёгондордун бир гана үмүтү же максаты бар – Атамбаевдин президент болушу. Ошентип жоопкерчиликтен кутулуу керек. Ошентип, эч болбосо убактынча элдин жазасынан, мыйзамдын жазасынан кутулуп туруу керек.
 
Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бүгүнкү күндө жакшы уктай албай, жасаган иштерине бушайман болуп, түштөрүнөн чоочуп ойгонуп жаткан кези. Бир даары эртең эмне болор экен деп, көзү ачыктарга каттаса, калгандары мурдагы бийликтегилер менен ымала түзүп, азыркы бийликке оппозиция катары чыга келишүүдө. Кечээ эле табакташ болуп жүргөн шериктерин азыркы кезде катуу айыптап, журналисттер алдында какшагандар – абалдын жакшы эместигин түшүнүп, башка жээкке өтө качкысы келгендер. Жаналакетке түшүп, эртеңкисин кеч ойлонуп калышты.
 
Өткөн жылдары күрүлдөп иштеп турган ишканалар иштебей калды. Мамлекеттик бюджеттин таңкыстыгы алты катар асманга чыкты. Базарга кирип, азык-түлүктүн баасын сурасаң, башыңдагы топу жерге түшөт. Жумушсуздук көбөйдү, элдин аргасы түгөндү. Мугалим менен врачтын эмгек акысын көбөйтүмүш этип, популисттик камдарга барган менен алардын азыркы алган акысына базарга кирип болбой калды. Кечээки аз айлык менен бирдеме алса болот эле, азыркысы менен дегеле болбойт. Эми пенсияны көтөрөбүз деп, дагы да популисттик жолго түштү. Президентке талапкер катары административдик ресурстарды колдонуп, элге жакшы көрүнүү айласын издеп жатат. Өкмөттүк массалык маалымат каражаттары анын ажатканага барганынан бери көрсөтүп, ага иштеп жатышат. Ушундай адилетсиздик менен биз кайда барабыз?
 
Өндүрүштү ойлогон, мамлекеттин эртеңин ойлгон эр-азамат жок. Роза Отунбаева кайсы жерде той-маареке, презентация болсо, ошол жерде жүрөт. Өкмөт мүчөлөрү эмнени кандай кыларын билбей, иштеп жаткан киши болуп ары-бери чапкылашат. Тажикстанга контрабандалык күйүүчү майлар тынымсыз агып жатат. Аны караган бийлик жок, калыбы бийликтин өзү ушул иш менен шугулданып жатат дегени чын го?!
 
Жалпы түштүктө быйылкы жылы тоют маселеси жакшы болбоду. Элдин колундагы мал эртең эмне болот, бул жагы да табышмак. Ушундай экен, демек, мал арзандайт. Арга түгөнгөндө малды сата коём деген баякы эле элдин шору. Жай айында жашылчанын баасы асманды тепкенде, кышында эл кантип базарга барат? Бул жагы да табышмак. Муну ойлогон өкмөт барбы? Жок, себеби ал президенттик шайлоо менен убара.
Азыркылар бюджетти чет элдик донорлордун кайыр-садагасы менен каржылайбыз деген ниеттери бар. Бейпилдикти билбеген, өз ара жаатташкан, мамлекеттик уурулук күч алган, коомду бийлик эмес, коррупция башкарып калган, мыйзамдуулуктун жыты да билинбеген, адам укуктары бузулуп, тебеленип жаткан, элдин негизги массасы жүдөп, аргасы түгөнгөн, өкмөттүн бир дагы экономикалык же башка программасы болбогон, аш менен тойдон башы чыкпаган, башкалар эмес, өздөрү өздөрүн мактаган, тартипти эмес, анархияны орнотуп алган коомдорго, өлкөлөргө кайсы өзүн сыйлаган мамлекеттер этегин кесип, жардам көрсөтүшмөк эле?
 
Кечээ эле А. Атамбаев Кыргызстанды мамлекет катары жок кылууга кызыкдар тараптар барлыгын балп эткизди. Кыргызстанды жок кылып коюудан кайсы мамлекет эмнени утат? Эгер Кыргызстан деген мамлекет жок болуп кетсе, ага биринчи кезекте ошол мамлекеттин ээлери – кыргыздар гана күнөөлүү болушат. Ынтымак жашай алышпаса, эси-көөнү бир гана бийлик менен байлыкта турса, уят, ариет, намыс, адилеттик деген нерсени сезбесе, ал улут, калк кантип мамлекетин сактап кала алат? Эки ажосун кууп чыккан кайсы эл жамаатын чыңдай алат? Биринин сөзүн экинчиси укпаса, кантип бир бүтүн коом болот? Өкмөт башчысы эл аралык кайырчы атанып, ишин жөндөй албаса, кайсы коом жыргамак эле?
 
Таласта ташбараңга кабылган Атамбаев Көлдө да таяк жеп кала жаздады. Аны кай жерде жана ким сүйүп жатыптыр деги? Бакиев учурунда нааразы болгон сүрмө топту аёосуз кууп таркаткан, «козёл» деп маскаралаган Атамбаев, эми ошол «козёлдор» менен табакташ болуп, жалпы кыргызстандыктарды алдап кеткиси келет. Бир көрсөң бул жакта, бир көрсөң тигил жакта. Кыргызстандыктарды бөлүп-бөлүп, бири-бири менен чатакташтырып, анан беймарал бийлей бергиси бар. Андан көрөкчө, аңырайып ачылып калган бюджеттин жыртыгын көктөбөйбү? Депутаттар алдында бюджетти катырам маанисинде катуу убадаларын бербеди беле? Жарым жылда бүтүрөм деген эмес беле? Азыр сурай турган кез келди.
 
Акаев менен Бакиевди “жеп койду, шылып койду” деп жар салып, бүткүл дүйнөгө жаманатты кылышты. А өздөрү алардан жарым эле жылда ашып түшүштү го? Булардын жасаган иштерин карай турган болсо, Нюрнберг процесси дал Кыргызстанда өтөт. Ала-Тоо аянтындагы 89 баланын жана июнь коогалаңындагы 486 кишинин (бул расмий гана эсеп) өлүмү жөн гана унутуп коё турган нерсе эмес. Анын чыныгы айыпкерлерин алып чыгып, жазалаш керек. Ансыз пайдубалы бекем Кыргызстанды түзүү кыйын.
 
Тээ өткөн кылымдын 1941-жылында, декабрь айында Москвага жакын жердеги Волокалам шоссесинин жанында панфиловчу политрук В. Клочков: «Россия кенен, бирок артка чегинүүгө болбойт. Артыбызда – Москва» - деген эле. Анын сыңарындай, Атамбаевге да артка кайтууга болбой калды. Же президенттик такты, же баары бүттү. Ага азыр бешинчи бурч керек.
 
Ушундан көрө тизе бүгүп, эл алдында таазим кылып, жасаган иштер үчүн кечирим сурашса, кылган күнөөлөрүн моюнга алышса, кандуу төңкөрүш уюштургандарга, Кыргызстанды азыркы оор жагдайга кириптер кылгандарга кыйла жеңилдик болор эле го?!
 
Мына өлкөнү бийлеп көрүштү, колдорунан келбеди, көрсө чамалары чак экен. Эми мындан кийин аларга Кыргызстанды дагы ишенүү керекпи? Ушуну өздөрү эле түшүнүп алышпайбы?
 
Азыр Кыргызстан оор учурда турат. Аны бир бүтүн кылып сактап кала алабызбы, же быт-чытын чыгарабызбы? Бул маселенин чечилиши даанышман кыргыз калкынын жана Аллахтын гана колунда калды. Ылайым элдин акыркы үмүтүн Кудай жалгасын!
 
Нуру тегин Ажы, Бишкек шаары
Булак: “Майдан.kg” гезити, №31, 7-сентябрь

 

Эки жолку революциядан кийин элдир-селдир эсине келе албай жаткан кыргыз  бийлигинин өйдө-ылдый жүрүм-турумун түшүнүп болбойт. Кечээ жакында алар элдин кыжырын келтирген жарлыкка кол коюп, татыксыз адамдарды  «Кыргыз эл баатыры» деп таңуулаганы кандай? Эгемендүүлүк майрамына карата сыйлангандардын ичинен Топчубек Тургуналиев менен Абдыганы Эркебаев экөөнөн башкаларыныкын эл туура деп кабыл албай, коом ичинде ар кандай сөздөр чыгып, бийликтин кадыр-баркына катуу доо кетүүдө.

 
Айрыкча, жаштар министри Алиясбек Алымкулов менен Бексултан Жакиевге Кыргыз эл баатыры наамынын берилиши кыргыз журтчулугун шылдыңдоого эле барабар болуп калгандай. Алиясбек Алымкуловдун мурун-кийин адилеттүүлүк, калыстык, чындык үчүн үн катып, эл алдына чыгып, жарандык жеке позициясын билдиргенин укпаптырбыз. Анан апрель төңкөрүшүндө 30—40 миң балага окшоп бир күндүк акцияга чыгып (бир күндүк акцияга чыккандардын салымын, баатырдыгын таналы деген жерибиз жок, алар да баатыр деңизчи, бирок татыктуу эмгеги бааланбай калган баатырлар толуп жатпайбы), башына ок тийип, тирүү калганын билебиз. Анан адилеттүүлүк үчүн айлап-жылдап салгылашып келген, ондогон курман болгон эр азаматтар 7-апрель каарманы деген калай медаль алып жатканда, Алиясбекке «Ак шумкар» тагуу менен Роза Отунбаева катуу жаңылыштык кетирип, шейит кеткен баатырлардын арбагын келекелеп жаткан жокпу?
 
 Керек болсо, А.Алымкуловдун тирүү калганы, министр болуп, мамлекеттик акырга жолу ачылганы эле, ал үчүн чоң сыйлык эле го. Эгер жаштарга ошончолук эле кумир боло турган «баатыр» керек болуп жатса, эгемендиктин алгачкы жылдарынан бери адилеттүүлүк, чындык үчүн талбай, ар дайым алдыңкы сапта келе жаткан, «Ашар» менен ДДКны уюштуруп, бир эмес үч жолу чындык үчүн көтөрүлүшкө чыккандардан тандап берсе, кыргыз жаштары кадырлап-сыйлап, ага теңелүүгө умтулган баатырлуу болбойт белек деген кеп. Ал эми Алиясбек мырза ошондой үлгү болуп бере алабы? Деги эле ал өзүн баатырмын деп эсептейби? Алымкуловдун төшүнө тагылган «Ак шумкар» төш белгиси, анын жеке бактысын гана ачканы болбосо, башка эмне айтасың? Несин айталы, «Ак шумкарды» «ак чымчык» даражасына түшүрүштү го...
 
Ал эми кечээ эле Бакиевдердин адилетсиз үйбүлөлүк, криминалдык бийлигине каршы бир калыс сөзүн айтпаган, кабыргасы кайышып турган кыргыз эли үчүн мыңк этип үн чыгарганга жарабай,  ыраматылык Садыркуловдун эшигин сагаалап, эптеп «көчүгүнө жабышып» оокат кылып келаткан жердеши Кубанычбек Исабековду «Акжолдун тизмесинен 48-орундан биринчи ондукка киргизип кой» деп жалдырапжүргөн Бексултан Жакиевге кандай негизде баатырлык берилгени түшүнүксүз болуп, уккандардын баары нааразы болууда. Ал Бексултан агайыбыз эч кандай баатыр болуп кеткени байкалбайт. Адатынча эле, бийлик алмашаары менен, Кубанычбек Исабековду унутуп, Эмилбек Каптагаевди туу тутуп, этегин кармап оокат кылууга өткөн. Каптагаев Бугу уруусун «катын» дедиртип китеп жаздырып жатса да  (Б.Жакиев бугу уруусунан), кара жанын ойлоп, бир ооз калыс кеп айта албады. Же эмне,  эптеп  бийликке жагынып бирдеңкеге илинейин дегени беле? Балким, бул сыйлык, Каптагаевдин эптеп көл элинен кечирим алуу үчүн жасаган ооз басырыгы чыгаар.
 
Деги эле бийлик башындагылар сыйлык таратаарда «кол ийрисине тартат» кылаары көнүмүшкө айланып калды. Мындай жагдай сыйлыктын да кадырын кетирүүдө. Айрыкча президенттин аппарат жетекчиси мындайга маш. Алаңгазар эжекенин башын айландырып, өң-тааныштырын тыгып жиберээри айтылууда. Өткөндө, 7-апрель баатырлары деп калың журтка калай орден таратканда да, 7-апрелде айылда эчки кайтарып жүргөн жээндеринен өйдө тизмеге кошуп, сыйлык таратканы айыл ичинде бир топ ызы-чуулуу кепке айланган. Эми ажылыкка бараткандарды тоноду (!) деп жаманаттыга калган адамдан эмнени күтсө болот? Баарынан да ошондой адамды ушуга чейин жанына кармап келе жаткан Р.Отунбаеваны айтсаңчы... Жаманатты кылып жатканын сезбейби? Анда, Чубак ажы Жалиловдун, «ажылыкты Каптагаев эмес, Отунбаева тартып алган» деген сөзү чын го? Болбосо, булардын ажырашкыс болуп калуусунун себеби эмнеде ыя?
 
 
Албан Улан
 
Булак: «Учур гезити»
 

Азыркы бийлик мурдагы Акаев менен Бакиев бийлигин бир беткей жамандоо менен өздөрүнүн арам ниеттерин жана максаттарын ырааттуу ишке ашырып жатканын Кыргызстандын эли аңдап түшүнбөй жатат. Бүгүн бийликте отургандар менен мурдагы эки президентти салыштырганда мурдагылардын жакшы жактары даана эле байкалып калат. Биз алардын кадырына жеткен эмес экенбиз. 
 
Азыркылар элден да, эл аралык коомчулуктан да тартынып коюшпай, ушунчалык балит жана ыплас иштер менен алек болушууда. Адегенде жаштарды кандуу төңкөрүшкө түртө салышты да, өздөрү четте турушту. Натыйжада, апрель окуяларында бей-бечаралардын балдары набыт болуп, Убактылуу өкмөттө тургандардын биринин да баласы же жакын тууганы жаракат да алышкан эмес.
 
Бакиевди жаманатты кылуу менен элдин канын кызытып, ок менен отко салып беришти. Өздөрү жаш балдардын сөөгүн аттап келишип, майлуу орундарга отуруп калышты. Анан набыт болгон балдардын жакындарына миллиондоп акча карматышып, үстүнө үй тургузушуп, ошону менен алардын карызынан кутулдук дешти көрүнөт. Мындай ыпластык мурда болуп көргөн беле?
 
Темир жол акысы - Мекенби?
 
Кийинки кездерде массалык маалымат каражаттарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу тууралуу маалыматтар байма-бай берилди. Анын күңгөй-тескейи териштилип, кала берсе өкмөт башчы кендерди тейлеген министрге сөгүш бергенге үлгүрдү. Көрсө, темир жол курууга кытайлыктар каражат сарптап, анын акысына биз тоо-кендерибизди аларга берерибиз тууралуу өлкөгө чуулдап чыккан кеп калп экен да, аны министрлик эле жайылта салган имиш. Өкмөт таптаза бойдон калды. Адегенде элге айтаарын айтып, чуу чыккан соң дароо айткан сөздү кайра кайтарып алуу азыркыларга адаттагы эле нерсе болуп калган. Кыргызстанда үлкөн калп машинасы, элди алдоо машинасы иштеп жатат.
 
Бул темир жол державалардын геостратегиялык ири максаттарына туура келерлиги айдан ачык. Биз дайыма үлкөн мамлекеттердин кызыкчылыктарына гана кызмат кылып, өз элибизди жана жерибизди кемсинтип, шылдыңдап, тебелеп келе жатабыз. Бирок, тарыхка карасак, чыныгы патриоттор, журтсүйөрлөр башкача жашап, иштешкен экен.
 
Алсак, алар чет элдик баскынчылардан элин, жерин коргоо үчүн стратегиялык жолдорду, чептерди, каналдарды, тоскоолдук келтирүүчү жабдууларды курушкан. Мисалы, Осмон империясынын улуу султаны Мехмед Фатих экинчи Византия империясынын баш калаасы Константинополду басып алардан мурун Босфордун Европага караган жагына Рухмелихисар чебин курган.
 
Адольф Гитлер европалык кошуна мамлекеттерди басып алардан мурда 1933-жылы бийликке келип, биринчи кезекте Германияда кенен, тез ылдамдыкта жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү стратегиялык жолдорду курган (биздин «гитлерлер» эмне кылып жатышат?). Ал эми кытайлыктар өздөрүнүн Мекен чегин жат душмандардан коргоо үчүн көп кылымдар бою азыр дүйнөдөгү жети укмуштун бири эсептелген 7500 чакырымдык Улуу Кытай дубалын курушкан.
 
Азыркы кезде Кытайдын геосаясий умтулуштарын, Кыргызстанга карата сунуштарын карап отуруп, ушундай эле көрүнүштү байкоого болот. Бул геосаясий умтулуштар төмөнкү кызыкчылыктарга багындырылган:
- соода экспансиясы (басып алуу);
- кытайлык коммерциялык структураларды көбөйтүү;
- кошуна мамлекеттерде Кытай жарандарынын санын арттыруу;
- Кытай жарандарынын жер-жерлердеги титулдук улуттун өкүлдөрү менен болгон никесин колдоо;
- техникалык жана каржылык жардам берүү;
- кошуна мамлекеттерде кытайлык жогорку окуу жайларын ачуу;
- Кытайдын демилгеси менен жер-жерлерде ошол эле Асман алдындагы өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) аймактык структураларын түзүү;
- Кыргызстан аркылуу Батышка өтүүчү темир жолду куруу.
“Бул темир жол Кыргызстанга пайда алып келеби? Канча пайда алып келет?”- деген суроолор пайда болот.
 
Ошол эле кезде “пайда алып келбейт”,- деп так кесе айтууга болор эле. Себеби, биринчиден, Кыргызстан унаа жагынан алганда туюкка капталган өлкө эсептелинбейт, ал эми Ак үйдөгү мартабалуу чиновниктер аны тескерисинче айтуудан уялышпайт. Кыргызстан Борбордук Азиянын кургак жер жана аба жолдорунун тоомунда жайгашып турат. Орто кылымдарда ал аркылуу Чыгыш менен Батышты байланыштырган Улуу Жибек жолу өткөн.
 
Экинчиден, Кыргызстандын аймагында аталган темир жолдун курулушу пайдасынан көп зыяндарды алып келет: ансыз да көйгөйлүү жерибизге жана элибизге ашыкча көйгөйлөрдү жаратып, мамлекетибиз менен келечегибизге үлкөн кесепеттерин тийгизет. Муну төмөнкү жагдайлар менен тастыктаса болот:
- темир жол көп сандаган тоннелдер жана корукталган аймактар аркылуу өтүү менен экологияга опол тоодой зыян алып келет;
- Кыргызстан Чыгыш менен Батыштын трансмагистралдык тутумуна жана өргүй турган жерине айланып калат;
- Кыргызстандын флорасына жана фаунасына орду толгус зыян алып келет;
- өлкөбүздүн трансмагистралдык компанияларрга болгон көз карандылыгы артат;
- КЭРдин жарандарынын биздин өлкөгө (убактылуу же биротоло) көчүп келүүсү күчөйт.
Кыргызстанда вагондоп ташып чыгарып кеткидей деле ашып-ташып жаткан тоо-кен байлыктары жок, ал байлыктарды, жаратылыш ресурстарын автоунаалар менен деле кыйналбай ташып чыгарып кетсе болот.
 
Уйгур кейпин кийип калбайбызбы?
 
Атамбаев менен Бабановго 50 жыл мурдагы Синьзянь Уйгур автономиялуу районуна (СУАР) Кытай темир жолун куруу таржымалын айтып коюунун зарылдыгы бар. Ал темир жол курулган 1960-жылга чейин СУАРдагы хань улутундагы жарандардын саны бардык калктын санынын 5 пайызын гана түзгөн. Ал эми ошол автономиялуу райондогу түпкү, титулдук калк эсептелген уйгурлардын саны жалпы калктын санынын 77 пайызын түзчү.
 
Ал эми темир жол курулган соң бул абал тезинен өзгөрө баштады. СУАРдын борбору Үрүмчүдөн баштап Казакстандын чек арасына чейин (Достук станциясы) Кытайдын ички райондорунан хань улутундагы жарандардын массалык көчүп өтүүсү башталган. Өткөн кылымдын 50-жылдарынын аягы менен 60-жылдарынын башында Кытайдын коммунисттери курулуп бүткөн темир жолду пайдалануу менен СУАРга карата экономикалык, саясий, демографиялык жана аскердик экспансияны күчөтүшкөн.
 
Белгилүү уйгур жазуучусу, саясий жана коомдук ишмер Зия Самадий ошол кезде эле автономиялык аймакка курулуп жаткан темир жолдун уйгур эли үчүн алып келүүчү кесепеттери тууралуу ачык айткан. Анын ошол айткан олуя кептерин азыркы кезде СУАРдагы бардык уйгурлар жон териси менен сезип турушат.
 
Расмий маалыматтарга караганда, СУАРда хань улутундагы жарандардын саны жалпы калктын санынын 40 пайызына жетип калды. Ал эми уйгурлардын саны мурдагыдан азайып, 45 пайызга түшүп калды. Акыркы кытай расмий эл санагында СУАРдагы уйгурлардын саны 9 миллион 200 миң киши деп табылды. Ал эми көз карандысыз булактардын маалыматына караганда уйгурлар саны 16-17 миллионго жетет.
 
Өткөн кылымдын 50-жылдарынан кийин Кытайдын коммунисттери ички саясатта «камчы» принцибине өтүп алышкан. СУАРда ШКУ уюшулганга чейин иш кагаздарын жүргүзүүдөгү расмий жана улуттар аралык карым-катнаш тили уйгур жана кытай тили болуп келген. ШКУ уюшулгандан кийин уйгур тили СУАРдагы расмий тил болуудан калды. Андан тышкары да адам укуктары менен демократиялык эркиндиктер тебеленип келүүдө.
Ошондуктан да СУАРдагы кытай темир жолунун курулушунун кесепеттери, ошол тажрыйба менен сабактар биздин Атамбаев сыяктуу мартабалуу чиновниктерди ойлонуп иш жасоого, жети өлчөп туруп гана кесүүгө мажбур кылышы шарт. Алар жалпы Кыргызстан элине кытай темир жолунун курулушу эл-журтка эч кандай терс жагдай алып келбестигин убада кылуулары зарыл. Анан да, бул темир жол курулушунун тагдыры чиновниктер тарабынан гана көмүскөдө чечилип калбай, ал жалпы элдик референдумга чыгарылышы керек. Кыргызстандын тагдырын бир-эки киши гана чечип коюшун болтурбайбыз.
 
Эгемендик кайсы жерден көрүнөт?
 
Мурдагы президенттер мамлекетти чыңдашты, өнүктүрүштү, дүйнөгө таанытышты, башкалар менен бирдей таң-ата болушту. Азыркылар болсо даяр ашка, башкача айтканда, мамлекеттик эгемендиктин 20 жылдык торколуу тоюна келип отуруп калышты. Орустар айткандай, «из грязи в князи».
2010-жылдын апрелине чейинки чыныгы эгемендик менен андан кийинкисин салыштырууга болбойт. Мурда биздин президент башкалар кандай болсо ошондой эле. Башкаларга жылмаңдап жасакерленип, көзүн карачу эмес. Башкалар катуу айтса, ошондой жооп берчү, эл аралык, мамлекеттер аралык иш-чараларды ар-намыс, улуттук татыктуулуктун чегинде алып барчу. Ким-бирөөгө жетип барып, дубанага окшоп суранбады. Башын бийик көтөрдү.
 
Азыр эмне болуп жатат? Акыркы беш жылда Кыргызстан аймагында курулуп ишке берилген бир нече ондогон ишканалар ишин токтотту. Мурда иштебегендерин иштетип коюшса, апрелден кийин алар да токтоп калышты. Жумушсуздук күчөдү, баалар асманга чыкты. Коррупция жети атасын тааныбай калды. Бийликтин кадыры, күчү дос-тууган, уруу ичинде калып, башка жакка чыга алган жок.
 
Чү дегенде эле Убактылуу өкмөт бийликти Бакиевдердин сазайын берип коюу үчүн кыргыз улутунун душмандары болгон өзбек сепаратисттерине карматышты. Алардын саясий оюнунан от чыгып, июнь коогалаңы пайда болду. Жүздөгөн киши, алардын ичинен жаш бөбөктөр, кемпир-чалдар, кыз-келиндер боо-боосу менен набыт болду, жабыр тартышты. Бишкекте кофе ичип отуруп, зар какшагандар менен эч кимдин иши болгон жок. “Бириң өлүп, бириң кал”,- принциби менен иш тутушту.
 
Анан мамлекетке келген коркунучту сезе калган Отунбаева башка мамлекеттерден жардам сурап ийди. Колдорунан балээ да келбесин билип калышты. Бирок, түштүктөгү чыныгы улутмандар, эл-жерин сүйгөндөр, мамлекетти аздектегендер, улутуна карабай кишинин кадырын билгендер коогалаңды басып, тынчтык орнотушту. Бийликтегилер биз тынчтык орноттук деп жатышат: калп! Тынчтык орноткон соң гана алардын кезеги келип, мыйзамдуу куугунтук башталды. Ошондо да өздөрүнүн шериктеш сепаратисттерин чет жакка чыгарып ийишип, эч жакка кете албагандарды тыпыратып басып калышты.
 
Азыр президент Батышка, өкмөт башчы Россия менен Түркияга жүгүнүп, көздөрүн жалжылдатып, эртең кокус абал кескин өзгөрсө, бара турган жерин камдап жатышкансыйт. Өзбекстан чек арасын жапкан бойдон ача элек. Казакстан бир эсе боору ачып, бир эсе табасы канып, баш чайкап туру. Трайбализм, регионализм, уруучулук, партиялык бөлүнүүчүлүк, байлык менен бийлик талаш, ыпластык жана бетпактык бийлик органдарында туу чокуга жетти. Аймактарда бийлик органдарына жапырт ууру-кескилер же мартабалуу кароочулар келишти. Элдин үстүнөн күлүштү. 
 
Өкмөт мактангандан, алдагандан, убада бергенден, артистизмден, жалган жалаалардан, ушактан ары кетпей, колунан эч нерсе келбестигин көрсөтүп койду. Дайындуу бир программа, багыт билинбейт. Бакиев учурундагы долбоорлор, багыттар гана болуп, ишке ашып жатат. Аны “биз жасадык” кыязында элге чуулдатып, өздөрүнө пиар жасашууда. Бир гана маселе: биз бул жалганчылардан качан кутулабыз?!
 
Кутчубек БЕККЕЛДИЕВ, Бишкек шаары

Өткөн жылдагы апрель окуясында шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин мурдагы башчысы Гүлжигит Аалиевдин жетекчилиги менен иштеген шаардык дарыгерлердин эмгегине ыраазычылык билдирүүнүн ордуна, Иса Өмүркулов Алиевден өз эрки менен кызматтан кетүүнү талап кылган. Гүлжигит мырза мэрдин сунушунан баш тарткан. А саламаттыкты сактоо министрлиги Аалиевди колдогон, бирок шаардагы дарылоочу мекемелердин жергиликтүү бюджеттен каржылангандыгынан улам маселеге таасир эте алган эмес. Мындан башка маселе боюнча министрликтин коллегиясы Иса мырзага шаар башчысы катарында кайрылып, энелердин өлүмүнүн көбөйүшүнө жол бергендиги үчүн перинаталдык борбордун башкы дарыгерин кызматтан алуу туурасында сунуш берген. Бирок, мэр мындай билдирүүгө маани берүүнүн жана чара көрүүнүн ордуна түкүрүп, ден соолук үчүн күрөшкөн кызматкерлерди ойду-келди ыргытуу менен, шаардыктардын саламаттыгына кайдыгерлик кылууда.
 
Мурзалиев – ким өзү?
 
Амангелди мырза дал ошол Бишкек мэрине анын аялы жагынан тууган. Тактап айтканда шаар башчысына бажа. Туугандык мамиледен чыгып, Чүй облустук ооруканасынын болгону белгисиз урологу болуп келген. 7-апрелдеги окуялардын шамалынан пайдаланып, бир топ адамдардын тобу Чүй облустук ооруканасына келишип, оорукананын башчысынан кызмат орунду Мурзалиевге бошотуп берүүнү талап кылышат. Милиция аралашып, жоопко келгенде директор боло албай калган Амангелди мырза басып алуучуларга тиешем жок деп кызарган. Оорукананын кызматкерлери ошол сааттарда октон жаракат алгандарга тез жардам көрсөтүү менен бут жерге тийбей чуркап жүрүшсө, Мурзалиевдин өз көмөчүнө күл тартуу менен алектенгендигин кантип түшүнсө болот? Анан Мурзалиев асмандан түшкөндөй болуп, Бишкектин саламаттыкты сактоо департаментинин директорунун креслосуна отуруп калды. Эмне эле Өмүркулов Гүлжигит Аалиевди кызматтан алууга жанталашкан десек, анын ордун бажасына бошотуп берүүнү пландаган экен. Алиев аргасыздыктан өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арызын жазып берген күнү мэр Мурзалиевди бул кызматка бекиткен. Амангелди мырза бул кызматта эми кандай иштейт, убакыт көрсөтөт. Бирок, ал иштеген үч айдан бери аталган департаментти ызы-чуу менен териштирүүлөр курчап калды. Келгени кандай болсо, кетээри да ошондой болчу эле. А чүйлүк дарыгерлердин азыр Мурзалиевден кутулгандарына сүйүнүп жатышканын билдик.
 
Дарыгер Садабаева жаш келинди энелик бакыттан ажыратты
 
Редакцияга Ноокат районун тургуну Салия Кайназарова (аты-жөнү өзгөртүлүп берилди) кайрылып, Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы “узи” аппаратында иштеген дарыгер Гүлнара Садабаевадан текшерүүдөн өткөндүгүн билдирет. Айтымында, Кайназарова өзүнүн кош бойлуу экендигин билген эмес. Садабаева да дарыгер катары аппараттан текшерип, анын кош бойлуу экендигин байкабаган. Эч кандай анализдерди тапшырттырбай туруп, бир топ дары-дармектерди жазып берет. Алардын арасында “Цеф-3” деп аталган күчтүү антибиотик да болгон экен. Жаңы турмуш курган келин дарыгердин айкандарын аткарып, дарылардын баарын ичкен соң ичи ооруп, бейтапка айланат. Жергиликтүү дарыгерлер Кайназарованын кош бойлуу экендигин айтышат. Ич оорунун азабынан кайра Бишкекке келип, Садабаевага жолукса, ал тааныш гинекологго алып барат. Гнеколог кош бойлуу кезде күчтүү антибиотиктерди ичүүгө болбосун айтып, түйүлдүктүн туура эмес өрчүп калаарын эскертет. Ошентип эки дарыгер Кайназаровага аборт жасашат. Келин кайра айылга кетип, ич оорусу басылбайт. Дагы эле  жергиликтүү дарыгерлер текшеришип, анын 7-8 жумалык боюнда бар экендигин айтышат. Кийин белгилүү болгондой, Садабаева тааныш гинекологу менен ага толук аборт жасашпай, ишти чала кылышкан. Кайназарова борборду көздөй жөнөп, жаш келин операцияга кирүүгө аргасыз болот. Дал ошол күнү Кайназарова Садабаеванын кесепетинен энелик бакыттан ажырайт. Бул арманы менен жабырлануучу Садабаеванын жазасын берүү үчүн тийиштүү кызматтардын баарына: Мэр Өмүркуловго, Бишкек шаарынын прокуроруна, Башкы прокурор Саляновага кайрылган, тилекке каршы биринен да жооп берилген эмес. Жабырлануучунун айтымында, дарыгер Г.Садабаева тааныштык менен, бардык жерде ишти жаап келет.
 
Бул окуядан соң, кызматтык шалаакылыгы үчүн №7-үй-бүлөлүк дарыгер борборунун башчысы Аида Рысбаева Садабаеваны жумуштан кетирүү талабын коёт. А Садабаева болсо жайына койбосо Рысбаеваны кызматтан шыпырып түшүрүүгө күчү жетээрин айтып, коркутат. Садабаева айкандай эле, Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы, мэрдин бажасы Амангелди Мурзалиевдин колдоосу менен Рысбаеваны жумуштан бошоттурат. Айдан издегени жерден табылып, Мурзалиев үчүн Рысбаеванын орду керек болуп турган экен. Бул Амангелди мырзанын тегерегиндеги коррупциялык иштердин дагы бири. Кийинкиси төмөндө.
 
Бирөөнүн кайгысынын ордуна той кылып...  
                                                    
Борбор шаардагы №8 үй-бүлөлүк медицина борборунун мурдагы башчысы Елена Чернышеванын айтымында, ага кызматынан баш тартуу боюнча Бишкектин саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Амангелди Мурзалиев тарабынан үч жолу сунуш жасалыптыр. “Кызматтан кетпесең былыктарыңды чукуп кетүүгө аргасыз кылам”,- деген экен. Айтканына туруп, акыры Чернышеваны Мурзалиев чаап түштү. Жумушсуз калган дарыгер өзүнүн айыпсыздыгын далилдөө аракети менен тийиштүү каалгалардын баарын такылдатып жүрөт, бирок азырынча майнап жок. Елена айымдын билдирүүсүндө, Мурзалиев каржы полициясындагы орун басарлыкта иштеген досуна таянып, №8 - үй-бүлөлүк медицина борборун тинтүүгө алдырат. Башчынын кысымынан кийин Чернышеваны колдоп келген өз жамаатынын 85 пайызы ат теппей, жылан чакпай кайрадан Елена айымга каршы чыгышкан. Ошентип Мурзалиевдин тараткан вирусунан кийин буга чейин шаарда мыкты уюштургуч дарыгер катары белгилүү Чернышева айыпкерге айланып отурат. 
 
Жыйынтык сөз
 
Мынакей тууган, апрелден кийин өзүнө патриотмун деп ишенип алган Иса Өмүркуловдун патриоттук иштеринин кандай экенин баамдадыңыз. Иса мырза бажасына кызмат белек кылып, өз кайын журтуна жакшылык кылган болсо, бир иши менен миңдеген адамдардын саламаттыгына балта чаап жатат. Мыкты адистердин ордун талашып, дарыгерлердин жамааттарына бүлүк салды. Буга чейин туугандык саясат саламаттыкты сактоо тармагына ди кирип кетпесе экен деп чоочулап келишкен болсо, ошол чоочулоону Өмүркулов жокко чыгарып, “туугандык, жакындык вирусту” таратып берди. “Иса” вирусу менен Амангелди Мурзалиевдин борбор калаанын саламаттыкты сактоо департаментинин башчылыгына келишин буга далил деп түшүнсө болот.
 
Булак: “Майдан.kg”

Бишкек, "Саясат.kg". Жашырып не, былтыркы апрелдеги бийлик алмашуу кимдир бирөөнүн бактысын чапса, кээ бир адамдар үчүн байлыгын арттырууга шарт түздү. Рейдерчилик, б.а. бирөөнүн оокатын күч менен тартып алуу фактылары ошондуктан аябай арбып кеткен. Мындай көрүнүшкө азыноолак цивилдүү боёк берүү максатында, ошол рейдерлик топтордун артында тургандар сотторду пайдаланышты. Кыргызстандагы соттор канчалык деңгээлде коррупцияланышканы мыша ошондо даана көзгө урунган.
 
Сот системасын реформалоо, тазалоо демилгесин президенттикти мыкчып турганда Акаев да, Бакиев да тарабынан көтөрүлгөн. Апрель төңкөрүшүнүн уюштуруучулары соттордун көз карандысыздыгын негизги лозунгдардын бири катары көтөрүшкөн. Бирок, бир да жолу соттордун эркиндигин шарттаган реалдуу кадам жасалган эмес. Баары сөз жүзүндө кала берген. Бийлик алмашуунун бир жылдыгы аралыгында соттор мүлктөргө байланыштуу канчалаган бирине-бири каршы келген чечимдерди чыгарышты. Акча берген тараптын гана сөзүн сүйлөп туруп алышканы, бир да ирет акыйкаттыкты эстеп коюшпагандыгы калктын кыжырын огобетер кайнаткан. Ал ортодо бийлик башында тургандар да сөз жүзүндө “соттор эркин болушу керек”,- демиш болуп, чындыгында өздөрүнө керектүү чечимди чыгартып турушкан. Президенттик аппараттын башчысы Э.Каптагаев баш болуп судьяларды Ак үйгө чакырышып, кысымга алган фактылары тууралуу канча жазылды. А бирок, бу маалыматтарга бийлик ээлери “ак” же “көк” деп койгонго жарашкан жок, чымын чакканчалык көрүшпөдү.
 
Мына ошондой кырдаалда парламенттик корпус тарабынан сот реформасы демилгеленип, бир катар мыйзамдар кабыл алынды. Анын негизинде Сотторду тандоо кеңеши түзүлүп, өз ишин баштаган болчу. Чындыгын айтуу керек, бу сот реформасын баштаган адамдар баарына даяр турушу керек болчу. Себеби, реформа канчалаган коррупционерлердин тамагына тыгылган кылкан болмок. Ошондуктан, коррупцияга чырмалып бүткөн сот корпусунун өкүлдөрүнө, аларды өздөрүнө керек учурда пайдаланып келген бийлик төбөлдөрүнө чыныгы реформа керек эмес болгон. Мына ошол ортодо дагыле коомдук уюмдардын колу менен сот реформасын муунтуу башталды.
 
Чып-чынына келгенде, Ак үйдүн бардык эшигин жаап, Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын үзгүлтүккө учураткан жоон топту коомдук уюмдардын ардактуу өкүлдөрү деп айтууга ооз барбайт. Ызы-чуу болбой да калмак, эгерде президенттик аппараттын анабашында турган чиновник 7-кабаттагы кабинетинен элдин аз келгенин көрүп, шаардык мекеме-уюмдарга “ар бириңер ондон адам чыгаргыла” таризинде буйрук бербегенде. Ошондогу имиштерге ишенсек, Эмикең мындай акцияларды уюштурууга көнүп калган “ОБОНчу” (Отряд баб особого назначени,- деп айтылып жүрбөйбү) аялдарга жакшы төлөп бериптир. Ак үй тараптан чыккан жаш жигиттин ары-бери чуркап, тыйын таратып атканын сөз кылышууда. Бу кептин канчалык чындыгы бар? Чын болсо Эмикеңде мынча каражат каяктан? Же ажылык сапарды уюштуруудан кемирип алган акчалардын эсебинен берип жатабы?
 
Ошондогу ызы-чууну “мына мен уюштургам”,- деп, “ата-мекенчи” депутат Эркинбек Алымбековдун түштөн кийин күпүлдөп чыкканын уксаңыз керек. Бу бала качантан бери баатыр болуп калган? Парламент партасында балыктай олтурбады беле, кеп таппай? Баарын уюштурган Каптагаев экени билине баштаганда, абасын коргоп калайын деген эрдигиби же? Айтса-айтпаса деле, Алымбеков менен Каптагаев жердеш гана эмес, мамилеси өтө ысык адамдардан экенин эл-журт бүт билет эмеспи.
 
Дагы бир патриот Тербишалиев жүрдү ошоерде кыйын болуп. Бу бала төңкөрүш убагында элдик кошуун түзүмүш болуп, ошонун арты менен КСДП тизмесине кирип, депутат болгон. 15-августтагы митингчилер арасында Тербишалиевдин кошунунан калган калдыктар жүргөнү да ошондон. Тербишалиев да, Алымбеков да эч качан өз алдынча кадам жасай алышпайт. Буларга өйдө жактан буйрук берилген.
 
Ошондуктан, сүйлөгөн сөздөрүндө бу эргулдар эмнени каалап жатышканын тыңгылыктүү айта алышпады. “Таркатабыз! Талкалайбыз! Бузабыз! Уюштурабыз! Аягына чейин турабыз”,- деген өңдүү гана добулбасты угуп жатабыз. А мыйзамда кандай? Сотторду тандоо кеңешин бу эки депутат, алардын артында турган Каптагаев, Эмикеңдин үстүнөн көзөмөл салган көшөгө артындагы спектаклдин чыныгы авторлору тарката алабы? Мыйзам боюнча, Сотторду тандоо кеңешин парламент тарката албайт (ушуну бу эки депутат жакшылап окуп алышсын), болгону, өз өкүлдөрүнө өз каалоосу менен анын курамынан чыгуусуна шарт түзүп бере алышат. Ушул эле мыйзамда көрсөтүлгөндөй, президенттин аппараты судьялыкка талапкерлерди Отунбаевага окшоп олтургузуп алып, экзамен алууга укугу жок экени даана жана ачык көрсөтүлгөн. Президент талапкерлердин документтерин өтө олуттуу каршылыгы болсо гана кайра кайтарып берүүгө укуктуу. Андай болсо мындай шоунун кимге кереги бар эле? Анын үстүнө, Отунбаева мунун баарын теледен толук көрсөттүрдү. Мамлекет башчысы баш болуп мыйзам бузуп жаткандан кийин, калганыбыз кайда барабыз? Экзамен алып жатканда, анын жанында Каптагаевдин, анан да Данияр Нарынбаевдин олтурганы кызык болду. Каптагаевдин олтурганы түшүнүктүү, океңдер айткандай, “он лицо заинтересованное”. А Нарынбаевге келсек... Мындан мурдараак, Данчиктин аялы судьянын ар-намысына доо кетиргендиги үчүн Отунбаеванын буйругу менен кызматынан учуп түшкөн. Өз аялына судьялыктын жакшы-жаманын үйрөтө албаган Данчиктин башка судьяларга суроо берип олтурганы кайсы моралдык этикага сыят? Дагы бир белгилеп кете турган нерсе: талапкерлер чындыгында 10 суроо болсо мисалы, анын 7-8ине туура жооп беришкен. Бирок, теледе так ушул жооп бере калбай калган жагын кыркып көрсөтүп, атайылап шылдың кылышканы азыр ачыкка чыгууда. Булардын экзаменинен үч гана талапкер өттү: Эмил Өскөнбаев, Клара Сооронкулова, Таштемир Чилдебаев (үчүнчүсүн парламент жыга чапты). Үчөөнүн эмне үчүн өткөнүн изилдеп көрсөк, кө-өп кызык жатыптыр. Моралдык жактан жазууга болбой тургандыктан, анын баарына кайрылып олтурууну туура көргөн жокпуз.
 
Сотторду тандоо кеңешинин коомдук көзөмөл комитети билдиргендей, бийлик бутактары сот системасын өздөрүнө көз каранды кылууга гана кызыкдар болууда. “Биз болгону айрым кемчиликтерин оңдоо керектигин айтканбыз. А булар ошон оңдоонун ордуна, сот корпусу үчүн кыжылдашканга чейин барып, өздөрүнө каратып алууга алагды болушууда”,- дейт комитет мүчөлөрү.
 
Тербишалиев сөз таппай калганда, “мыйзам чийки, кемчилик кетиргендерди чыгаруу механизми көрсөтүлбөптүр” деп да айтууда. А чындыгында, парламентте мыйзам каралып жатканда, дал ушул Тербишалиевдин айынан бул норма кирбей калган экен. Анын үстүнө, ал өзү мыйзамдын авторлорунун бири экенин коомчлук биле бербейт. Эми өзүнүн сөзүнө өзү каршы чыгып жатат. Ошондо биз кайсы Тербишалиевге ишенебиз?
 
Спектакль дагы уланчудай. Себеби, ызы-чуунун авторлору максатына жете элек. Бөлүп ала элек канча мүлктөр, менчиктер турат, соттогу тагдырын күтүп. Соттор чөнтөктө болсо гана ошонун баарын менчиктеп алышат эмеспи. Бул жагынан алып караганда, булар аягына чейин барчудай. Бир жагынан Сотторду тандоо кеңеши да жөн эле жеңилип бере тургандай эмес. Соттор кеңешинин дисциплинарлык комиссиясы З.Базарбековдун аракетинен бир да кынтык тапкан жок. Буга депутат Алымбековдун ачуусу келип, дагы бир митинг менен коркутууда. Эркин мырзанын оюна койсок, Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы З.Базарбеков да, Соттор кеңешинин дисциплинарлык комиссия башчысы А.Кудайбергенов да, Жогорку сот төрагасынын орун басары М.Осмонкулов да, кыскасы, бүт баары жеп-ичкич экен. Алымбековдо бет жок экен, соттордогу коррупцияга каршы реалдуу иш башталса, ага каршы чыгат. Ага “фас” деген кожоюндары анда периштеби?
 
Эмнеси болсо да, сот реформасы каршы тургандардын көптүгүнө карабастан, аягына чыгаарына ишене туралы. Анткени, бизде сотторго акыл-эси ордунда эмес адам гана ишенбесе, соо адам эзели ишенбейт.

Отунбаева апчеси убактылуу өкмөт, утурум президент болгону кызмат бөлүштүрүүдө таластыктар биринчи планга чыкканы кимге жашыруун эмес? Чоң кызматтарга эң алды таластыктар менен саруу уруусунан тандалып, анан калгандары каралып калбадыбы. Карап көрүңүз, ИИМ министрлигине Б.Шернияз, маданиятка дагы бир таластык - милициянын старшинасы Ырыскелди Момбеков, ал иштей албай койгондо Сыдык Шернияз деген чала таланты, алып-сатар таластыкты маданият министри кылып дайындап, анысы да иштей албай кызматтан кетти. 
 
Ал эмес абактарга да таластыктардын колу жетип, жетекчилигине милийсада кадыры жок Ш.Байзаков дайындалып, ал жерде чыр чатак басылбай келатат. Вице-премьер болгон Ө.Бабановдун мамлекет чөнтөгү менен өз чөнтөгүн адаштырган жоругу жомокко айланды. Майын чыгара иштей алса мейли эле. Андай болбой жатпайбы. Маданият министри болуп иштей албай койгон милийса Момбеков азыр мамлекеттик Кыргыз тил комиссиясына башчы болуп дайындалып, ал жерде деле элге күлкү болгондон башкага жарабады. Ага далил, президенттике талапкерлерди кыргыз тилинен сынактан өткөрүү комиссиясына аны адистиги жетишсиз, алабарман деп кошпой койгону тил комиссиясынын кызматкерлерин уятка калтырды. Аны милийса деп тизмеден чийип коюшкан.
 
ИИМ жетекчилигине апчеси дагы бир таластыкты дайындаган. Ал келгени кылмыштуулук күчөп, ачыктан ачык куралдар сатылып, эл бейжай болгонуна карабай президент апчеси ар кайсы жерде тартип оңолуп кетти деп сайрап, элди жадатууда. Апчесине ишенген азыркы ИИМ министри милийсадан таластыктардын армиясын курачудай болуп, бүдүр жер көрүнсө жетекчи кылып дайындап жатат. Өткөн апрель айында мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын жетекчиси Газыбеков Абдыхалил Жапаровичти эч себепсиз эле кызматтан алып, анын ордуна таластык Кондубаев Азирет Эрматовичти дайындады. Ал келери менен жамаатты экиге бөлүп, “министр менин тууганым, Отунбаева болсо жакын апчем, кандай кааласам ошондой башкарам” деп күпүлдөп жүрөт. 
 
Кондубаев башчылык кылган мекеменин иши ар дайым артка кетет. Кондубаев өзүн жетекчи катары көрсөтө албаганы менен, таластык болгону үчүн кызматта. Өткөн мезгилде Кондубаев Биринчи Май күзөт кызматын башкарып турганда мыйзам бузганы үчүн үстүнөн кылмыш иш козголуп, камалган болуучу. Ошо кезде акыйкаттык бар экен, жамааттын нааразылыгы так изилденип, бийлик аны жазалаган. Азыр анын бири да жок. Ал келгени “атасы бардын ырысы бар” деп баласын кызматка коюп, улам буйрук чыгарып, даражасын көтөрүп, кызматын жогорулатууда. Уулу болсо жумушка чыкса чыгып, чыкпаса сайраңда. Мыйзамда мындай ишке жол берилбестиги ачык көрсөтүлгөн менен башчынын уулу эч кимге баш ийбей, командирлердин айтканын ооздон чыккан жел деп жүрөт.
 
А.Кондубаев мыйзамды уруп да ойнобойт. “Апчеси” турганда, таластыктарга бардык мыйзам бузууларга уруксат берилгендей. 2011 жылы июнь айындагы коогалаңда даярдыгы жок милиция кызматкерлерин жөнөтүп, алар курал колдонууну билбегендиктен милиция кызматкерлери бири-бирин атып, милициянын прапорщиги З.Кожонов өз кесиптешинин колунан каза болгон. Андан кийин Момбаев аттуу кызматкер мас абалында машине айдап, жол кырсыгынан каза тапкан.  
 
Күзөт кызматынын түзүлгөнүнө 45 жыл болду. Буга чейин МАККБнын бир да жетекчиси негизсиз кадр алмаштырууга, бирөөлөрдү куугунтуктоого жол берген эмес. А.Кондубаев апрелден кийин Октябрь районунун күзөт бөлүмүнө жетекчи болуп, МАККБнын жетекчилигинин астында болгон жыйындардын бирине да катышпоочу, анын ордуна ар дайым Октябрь райондук күзөт бөлүмүндөгү анын орун басары келчү. Ошондо эле ал эч кимди тоотпой, көзгө илбей, “кааласам жумушка келем, кааласам МАККБнын жетекчиси болом”,- деп дардаңдап айтып жүрчү.
 
“Бөрк ал десе, баш алган” өз кишилери Н.Ибрагимов, З.Тилешов, Б.Тотоев, С.Курманкожоева, С.Досматовго окшогондордун жардамы менен, буга чейин кызмат өтөп жаткан өз ишинин көзүн жакшы билген кызматкерлердин ордун бошотууга мажбурлап, өзүнүн жакындарын таластык ага –инилерин коюп жатат. Тактап айтканда, Талас шаардык күзөт бөлүмүнүн жетекчилигине Бактыбек Мырзабекович Туйтеев, МАККББнын нөөмөт бөлүмүнүн башына Жыргалбек Бекматович Акматов, күзөт полкуна нөөмөт бөлүмүнүн жетекчиси кылып убагында өздүк курамдан акча алууга кысым кылгандыгы үчүн кызматынан четтетилген, мурдагы Кара-Буура райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчисин Уран Самидинович Сыдыгалиевди дайындады. Ал эми Токтогул Абдыманапович Акбердиев Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, Темир Акматалиев Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн ротасынын командири, Жүндүбаев Мухаммед Ленин районунун күзөт батальонун командири, Азиз Шадыбеков МАККББнын ага тескөөчүсү, Рысбек Момбеков Аламудун районунун күзөт бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалды. Кызыгы ал буга чейин бир күн да күзөт бөлүмүндө иштебептир. Түшүнүгү жок бала бир районду кантип жетектээри белгисиз. Аты аталган булардын баары таластык туугандары болгондуктан, тез аранын ичинде чоң кызматтарга коюуга үлгүрдү. Андан башка таластык туугандардын, жердештердин, жоро-жолдоштордун балдарын милицияга киргизип, капчыгын кампайтууда. Акыркы кезде Кыргыз милициясынын жогорку кызматтарын ээлегендердин көпчүлүгү таластык туугандары. Муну трайбализм дештен башка айта албайсың.
 
Ушундай терс көрүнүштөрдүн негизинде МАККББнын өздүк курамынын ич ара келишпестиктери курчуп, жарылуунун астында турат. А.Кондубаев кызматка турары менен өзүнө бюджет эсебинен баасы 15 миң америка доллары турган «Тойота Камри» кызматтык автоунаасын саттырып алган.
 

Учурда МАККББнын өздүк курамы Президент Р.Отунбаева, Өкмөт башчы А.Атамбаев, Жогорку Кеңештин спикери А.Келдибеков, вице-премьер Ш.Атаханов жана Кыргыз эл депутаттары бул маселени тыкыр текшертип, жыйынтык чыгарат деген үмүттө арыз жазып, ар кайсы уюмдарга кайрылышууда. “Таластык болсоң танкасың, башка жерден болсоң маңкасың”, - деген тамашалуу сөздү ИИМдин министри “программалык документ” катары кадр маселелерди чечүүдө пайдаланганы, “апчесинин” бир кашык кадыр-баркын, төккөнүнө барабар, деп эсептесе болот. Өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн зарыл бул маселе көз жаздымда калбашы зарыл. Инисин “апчеси” тыйып коюсу абзел. 

 

Булак: "Майдан.kg" гезити, №28, 18-август

Бишкек, “Саясат.kg” – Самат Борбукеев. Акаевдин убагында таскагы катуу чыгып, КТРдин алып баруучусунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып, бийликтин безине сайган сөздөрү менен эл оозуна алынып, саясат майданына кирген Адахан кыйла жыл чечендиги жана тапандыгы менен алсырап бара жаткан бийликтин айласын кетирип, оппозициянын көрүнүктүү өкүлү катары саясат айдыңында ондун бири болуп, чон аброй алды. Элге шайлоо алдында келип, куру сөзү менен эле - байлыгын чачып жугуруп жүргөн оппоненттерин мыш кылып, жеңишке жетишип жүрдү. Ал сөздөрү эл арасында аңыз болуп айтылып, жөнөкөй адамдарга аябай жагып, адамдар маашырланып угушчу.
 
Эл менен болгон бир жолугуушусунда бир оппоненти шайлоочуларга кайрылып: «Мен Сиздердин кулунуңармын» - деп, элге жакын көрүнөйүн деп кайрылганда, Адахан: «Кулун жетилгенче көп убакыт бар. Мына мен токулуу атмын. Мени мингиле!» - деп тапандык кылганын айтышат.
 
Ошентип, ары жаш, ары бийликтен чочубай шакылдап турган Адаханды жердештери бир нече ирет депутат кылып шайлашты. Бирок, убакыт өткөн сайын элге кызмат кыла турган токулуу ат эч кимди миндирбей ойт берип, оюн салып, айрыкча Бакиев хандыгынын тушунда алтын жабдуулар менен ак сарайда байланып, мурда бапестеп бакпаса да азуулууга тийгизбей кастарлап, кайра-кайра чоң маарага түшүрүп, сүрөп турган каратаман калайыкты эсинен чыгарды. Бийликтин кызыгына батып, күндүзү кымыз, кечте кыз болуп, ырчы кыз-келиндерди кыйла тайрактатты. Бакиевдин өзүнө жакындай албаса да ханзаада Жанышты жандап, аны айга-күнгө теңеп, МЧС сыяктуу оппонентин жыга чапканга жарады.
 
«Булбул» деген каймана аты бар МАК (Мадумаров Адахан Кимсанбаевич) ак сарайда жакшы эле сайрап, кызмат кылганы менен жаш ханзаадага негедир жакпай калган дейт. Ошентип, орустун көзү өткөн коомдук ишмери Александр Лебедь: “Эгерде сен бир адамды алдасаң - алдамчысын, эгерде сен миллиондогон адамдарды алдай алсаң, чон саясатчысын» - деп айткандай, «Ак Жол» партиясын уюштуруп, өлкөнү түрө кыдырып, кыргыз мамлекетинин келечеги жөнүндө жомок токуп, булбулдай сайрап, Бакиев акесине жакшы эле кызмат кылды. Парламенттин башчысы болуп турганда чоң мамлекеттик иштерге тиши өтпөсө да, кээ бир галстугу жок чоңдорго опурулуп, өз деңгээлин көрсөтүп, галстук тагынганы менен мамлекетти жеп, талкалаган аке-үкөлөрүнө калыстыгын көрсөтө албай, четке сурулду.
 
«Булбулдун» сайраганына элдин курсагы тойбой тургандыгын журтчулук эчак баамдаса да, өзү эч түшүнбөй, эмгиче “менден кыйын эч ким жок”, деп дубүрт салып, амбициясын ката албай, президенттикке көз артып жүрөт. “Жылкыңа карап бышкыр”,- дешет го. Ошол сыяктуу, алгач өзүн күзгүдөн карап алса жакшы болот эле. Себеп дегенде, азыр элдин кулагына “булбулдун” үнү жакпай турат, тажаганы качан?!

Улуттук банк башчысынын мурдагы орун басары Убактылуу өкмөт жетекчилери учурунда банктардан мыйзамсыз түрдө акча чыгарып кеткенин айтып чыкты.
 
Былтыр 7-апрелден кийин Абдымалик Мырзаев Улуттук банктын жетекчисинин орун басары кызматында иштеген. Ошол учурда ал Темир Сариев баштаган “Ак шумкар” партиясынын катарында болчу. Азыр ал “Эл бийлиги” партиясында жүрөт.

Жакында эле Мырзаев “коммент.кг” интернет басылмасына интервью берип, былтыр 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөттө турган Темир Сариев, Азимбек Бекназаров баштаган адамдар Бакиевдерге тиешелүү делген банктарды тоношконун айтып чыкты. Анын айтымында, Башкы прокуратуранын кызматкерлери банкта каражаттарын сактаган жөнөкөй жарандардан деле акча өндүрүүгө үлгүрүшкөн. Башкача айтканда, банктан акчасын алууга келген жарандардан сакталуу турган акчанын 20-30 пайызын алып турушкан.

Ал өз сөзүндө 7-апрелде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө, анын ичинде партиялашы Темир Сариевге ишенгенин, бирок натыйжада алардан такыр эле көңүлү калганын билдирди. Абдымалик Мырзаевдин айтымында, миллиондогон долларлардын банк кутучаларынан мыйзамсыз алынганы тууралуу фактылар көп:

- Бүгүн мен өзүм башымдан өткөргөн фактылардын бирөөнү айтып берейин. Биринчи кезекте ал баягы 2 миллион долларга байланыштуу. Так күнү эсимде жок, 7-апрелден кийин мага АУБдун (Азия Универсал Банк) убактылуу жетекчиси Жылдыз Куленбекова чалып, “Башкы прокуратура кызматкерлери 2 миллион доллар жана башка нерселерди мыйзамсыз алып кеткени жатышат” деди. Мен аларды токтотуп тургула, азыр барып териштирем дедим. Мен дароо эле Токтогул-Турусбеков көчөсүндөгү АУБдун имаратына келдим. Атайын бөлүктүн аскерлери коштогон унаалар кетип аткан экен. Мен дароо эле чуркап чыгып, аларды токтотууга аракет кылдым. Бирок аркаман бирөө түрткөнүнөн карасам, атайын бөлүктүн аскери экен. Ал мени четке түртүп салды. Мен дароо эле Темир Сариевге чалып, “Темир Аргенбаевич, бул жакта акча чыгарып кеткенге аракет кылып атышат, бул мыйзамсыз да” десем, ал мага “бул жакка тумшугуңду салба, бул иш чечилген нерсе, бул сенин ишиң эмес” деди. Анан Темир Аргенбаевич, убагы келгенде бул үчүн абдан катуу жооп бергенге туура келет деп айткам. Бекназаров мырза менен анын шериктери ошондо жасаган иштер өтө олуттуу иликтөөнү талап кылат.

Азырынча банк уячалары боюнча Абымалик Мырзаевдин айыптоолоруна байланыштуу Темир Сариевге да, Азимбек Бекназаровго да байланышуу мүмкүн болбой турат. Былтыр жайда Убактылуу өкмөттүн бул эки мүчөсүнүн телефондон сүйлөшүүсү чыгып, 1 миллион долларды кандайча жашыруун чыгарып кетүү керектигин акылдашып аткандыктары дайын болгон. Кийин алар сөз болгон акчалар коопсуздукту сактоо боюнча чукул иш-чараларга коротулганын айтып чыгышкан.

Буга чейин банк уячаларынан 21 миллион доллар эмес, андан алда канча көп каражат алынганы тууралуу кыйла айтылган. Айрым булактарда, Бакиевдерге тиешелүү делген банктардан 7-апрелден кийин 100 миллион доллардын тегерегинде акча алынганы айтылган. “Азаттык” да бул боюнча иликтөө жүргүзүп, банк уячаларынан акча алуу процессин банктардын күзөт кызматы орноткон видео камералар тартып турганын, бирок ал материалдарды прокуратура белгисиз себептер менен жоготуп койгонун, буга байланыштуу Кубатбек Байболов башкы прокурор болуп турган маалда Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлери Анатолий Хегай менен Алтынбек Намазалиевге кылмыш иши козголгонун жазып чыккан.

Кубатбек Байболов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, банктардан алынган акчанын суммасы 21 миллиондон көп деген күдүк ойдо калганын, ага олуттуу негиздер бар экенин билдирген:

- Ошол банк уячаларынан алынган акчанын суммасы биз жарыялап аткандан кыйла көп деген бүдөмүк ойлорго жооп таба алганыбыз жок. Ошол банктардагы жүрүп жаткан бардык процесстерди жазып алган камералардын жанагыдай дисктери жоголуп кеткен. Биз тергөөдө канчалык аракет кылсак дагы бул дисктерди таба албай калдык...

Серепчилер банк уячаларына байланыштуу өтө чоң чиновниктер аралашкан коррупциялык иш азыркы бийлик тушунда ачылбай турганын айтып келатышат. Бери дегенде 80 миллион доллар белгисиз жоголгону айтылып жаткан бул иште шаардык прокуратуранын жөнөкөй эки кызматкери башкы айыпкер болуп чыга келгени да шек туудурат.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов болсо бул чуулгандуу маселени кароону парламент кийинкиге жылдырып койгонун, андыктан күзүндө банк уячалары, тыңшоочу аппараттар тууралуу маселени сөзсүз түрдө Жогорку Кеңеште козгоорун билдирди.
Азаттык
 

 

 

Шайлоо: Медведев менен сүрөткө түшпө!
 
Былтыр парламенттик шайлоо алдында партия лидерлери Орусия башчылары менен түшкөн сүрөттөрүн үгүт иштеринде кеңири колдонушкан.
 
Бул жолку шайлоодо президенттикке талапкерлер чет өлкөлүк бийик даражалуу адамдар менен түшкөн сүрөт, видеолорун үгүт иштеринде колдоно албайт.
 
Мындан тышкары Кыргызстанда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк телеканалдардын мазмуну да көзөмөлгө алынганы турат.  Бирок айрым адистер бул чектөөлөрдүн толук аткарылышынан күмөн санашууда.
 
Жаңы мыйзам - жаңы чектөө
 
Былтыркы күздөгү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо айрым партия лидерлери Орусия президенти Дмитрий Медведев, премьери Владимир Путин менен түшкөн сүрөттөрүн үгүт иштеринде пайдаланышкан.
 
Жакында кабыл алынган “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам талапкерлерге башка өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлери менен түшкөн сүрөттөрүн, видеолорун үгүт иштеринде колдонууга тыюу салат. Анткени, буга чейинки шайлоолордо талапкерлердин чет өлкөлүк бийик даражалуу саясатчы, өкмөт өкүлдөрү менен түшкөн сүрөттүн, видеолорун үгүт иштеринде колдонуп, рейтингин  көтөрүү аракеттери көп эле байкалган.

Мисалы, былтыркы күздөгү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо айрым партия лидерлери Орусия президенти Медведев, премьери Путин, ал турсун президенттин аппарат жетекчиси менен түшкөн сүрөттөрүн үгүт иштеринде байма-бай пайдаланышкан.

Дагы бир мыйзамдык чектөө чет өлкөлүк каналдарды алып көрсөткөн жергиликтүү телеканалдарга карата киргизилди. Ага ылайык, жергиликтүүлөр чет жактык каналдардын берүүлөрүн алдын ала жаздырып алып, текшерген соң гана бериши кажет. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурмамат Ашымов бул жобонун маанисин мындайча чечмелейт:
 
- Чет өлкөлүк телерадиоберүүлөрдүн бардыгын, шайлоого тиешелүүмаселелердин бардыгын биринчи көрүп туруп, анан Кыргызстандын аймагында жаздырылган кассетасын көрсөтүү керек. Жергиликтүү каналдар алдын-ала жаздырып, ошолорду иргеп туруп эфирге бериши абзел. Ошол жерде үгүт барбы, же жанакы кара пиарды колдонуп жатабы, болоор болбос нерсе менен башка бирөөнү жамандап жатабы, ошондойлор болбошу үчүн ретранцляция кылган компаниялар алдын ала жаздырып туруп көрсөтүүгө тийиш.

Өткөн күздөгү парламенттик шайлоодо чет өлкөлүк, атап айтканда Орусиянын теле каналдары кайсы бир талапкерди ачыктан ачык колдоп, же бирөөсүн каратып туруп жамандап, Кыргызстандын шайлоочуларына таасир эткен. Эми Боршайком сырттан таасирди азайтуунун ушул жолун тапты.
 
Чектөөлөр жергиликтүү каналдардын башын катырууда

Ал ортодо Орусиянын каналдарын алып көрсөткөн жергиликтүү каналдар мындай чектөөлөрдү сөз эркиндигине басым катары баалап жатышат. Маселен, Орусиянын НТВ каналын алып көрсөткөн жергиликтүү НТС каналынын  жаңылыктар кызматынын башкы редактору Айдай Ивакова мыйзамды аткаруу кыйынчылыктар менен коштолоорун каңкуулайт: 
 
- Эң эле кыйыны биз НТВ менен келишим түзгөндө, алардын көрсөтүүлөрүн биз түз эфирде көрсөтүшүбүз керек болчу. Ошол жагынан маселе жаралып жатат да. Эгерде биз алардын берүүлөрүн алдын ала жазбай туруп түз эфирден чыгарсак, мыйзамды бузган болобуз. Эгерде жазып алсак, келишимди бузган болобуз. Ушул жагынан да кыйынчылыктар туулат бизге.
 
12 саат болсо дагы, анын барын жаздырып алып, анын баарын карап чыгыш бул эмне деген каражаттарды талап кылат. Экинчиси Борбордук шайлоо комиссиясына жаздырылган материалдарды беришпейт ...
 
“Бишкектиги “Интерньюс Нетуорк” медиа өкүлчүлүгүнүн жетекчиси,  медиа-талдоочу Мария Растнер бул чектөөлөрдөн жергиликтүү каналдар эле жабыркап калышы мүмкүн деген ойдо:

- Мен буга чейин бул маселе тууралуу оюмду айткам. Мен саясатчылар жана БШК тарабынан жасалган бул аракеттерге каршымын. Бул өңүттөгү чектөөлөр жакшы жыйынтыктарга деле алып келбейт. Биринчиден, бул аракет цензура жыттангансып турат. Экинчиден, эгер саясатчылар тыш жактан келген жаман жагдайлардан сактангысы келсе, ал үчүн чектөөлөрдүөлкө ичинде киргизип жатса, бул жагдайдан чет элдик эмес, жергиликтүү маалымат каражаттары эле жабыркап калат.
 
Мыйзам аткарылабы?

Боршайкомдун мурдагы жетекчиси Акылбек Сариев билдиргендей, үгүт иштеринде ушул өңүттөгү чектөөлөрдү киргизүү маселеси мурдагы шайлоолор учурунда эле көтөрүлгөн экен. Бирок чектөөлөрдү киргизүү менен аларды аткаруу жагы маселе жараткан дейт Сариев:
 
- Анткени аны аткаруу үчүн көп каражат керек. Элестетип көргүлө, бир күн кечке, 24 саатты, 12 саат болсо дагы, анын баарын жаздырып алып, анын баарын карап чыгыш бул эмне деген каражаттарды талап кылат. Экинчиси Борбордук шайлоо комиссиясына жаздырылган материалдарды беришпейт дагы. Берсе да убагы менен бере албайт.

Кантсе да, Боршайком мыйзамды аткаруунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп жатат. 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун үгүт иштери  25-сентябрда башталганы турат. Ал эми президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 16-августта аяктайт.
"Азаттык"
 

 

 

Айрыкча Бишкекте май бекеттеринин алдында узун кезек күткөн унааларды көрүүгө болот. Эс алуу үчүн же чукул иштери менен алыска барууга мажбур болгон жарандарга кыйынчылыктар туулуп жатат.
Бишкек шаарындагы Киев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Газпром Нефть Азия” ишканасынын май куюучу жайында кезек күткөн унаалар арбын. Айдоочулар кара май тартыштыгы күч алганын айтышууда.

Салават: "Акыркы жолу бензинди кечээ “Аурдин” май бекетинен 37 сом 90 тыйындан куйгам. Кээ бир май бекеттеринде АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди талон менен гана сатабыз деп, куйбай жатышат. Айла жок башкаларга барууга туура келет".

Кенже:"Абдан чоң кыйынчылыктар жаралууда. Мисалы, 10 литрден ашык күйүүчү май куйбай жатышат. Мен Нарынга кетишим керек болчу. Нарынга баруу үчүн 40 литр бензин керек. Эми эмне кыларымды билбейм. Бензин болгончо Нарынга барбайм го". 
 
Кыргызстандын көп аймагын күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыздаган “Газпром Нефть Азия” ишканасынын Бишкектеги башка май бекеттеринде да абал ошондой.

Андан сырткары, бул ишкананын көпчүлүк түйүндөрүндө АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү майлар жок экени байкалат.

Жогорудагы үлгүдөгү бензиндер сатылып жаткан түйүндөрүндө 30-40тан кезек күткөн айдоочуларды көрүүгө болот. Ал эми өтө тартыш болуп жаткан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы “Газпромдун” түйүндөрүндө 34 сом 38 тыйын болсо, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 36 сомдон сатылууда. Ошондой эле “Газпром Нефть Азия” ишканасы  бензиндин тартыштыгынан улам кардарларга 10 литрден ашык куйбай жатышат.

Максат: "Бензинди аздан куюп жатканы албетте кыйынчылык жаратууда. Алыс жакка жөнөп жаткандар бар. Азыр Ысык-Көлгө бараткандар эмне кылып жатканын билбейм. Шаардагылар го бир жолу куюп алса, эптеп жеткирсе болот".

Абалдан пайдалангысы келгендер

Учурда Кыргызстанда туристтик мезгилдин күчөгөн маалы. Ошондой эле оруп-жыюу иштери да башталган кез. Мындай шартта күйүүчү майдын тартыштыгы кыргызстандыктарга терс таасирин тийгизип жатканы айкын. Айрым айдоочулар бул маселе тез арада чечилбесе, коомчулукта нааразычылыктар жараларын белгилешти.

Фатима: "Бул эмне деген азап?! Жарым саат мурда 10 литр куюп кеткем. Тегеренип кайра дагы келдим. Ушуну менен үчүнчү жолу келип отурам. Көлгө балдарыма жолдомо алып койдум эле, азыр ошол жакка жөнөйм. Ысык-Көлдө бензин жок болуп калбасын деп чочулап жатам. Шайлоонун алдында мындай ызы-чуу болгону эмнеси? Атайын кылып жатабы, же бензин жок болуп жатабы? Азыр түшүм жыйнай турган мезгил. Чөп, буудай чаап жатышат. Өкмөт эмнени ойлоп жатат? Баары шайлоого даярданып, элди унутуп койду". 
 
Кыргызстанда көпчүлүк күйүүчү жана майлоочу майларды алып келген “Газпром Нефть Азия” ишканасындагы бул кырдаалды күйүүчү май ташыган чакан компаниялар пайдаланып калууга аракеттенип жаткандыгы белгиленүүдө. Алар бензиндин баасын көтөрүп жибергенин айдоочулар да айтып беришти. 

Бишкектин чыгыш жагындагы Чүй проспектисинде жайгашкан “БНК” компаниясынын май куйуучу түйүнүндө АИ-93 үлгүсүндөгү бензин 41 сомдон, ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 43 сомдон сатылып жатат. Бирок бул жерде “Газпромдон” айырмаланып эч кандай чектөө жок. Ошондон уламбы, айдоочулар кымбаттыгына карабай 30-40 литрден куюп жатышат.

Бааны жөнсүз көтөргөн компанияларга чаралар көрүлөрүн Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев “Азаттыкка” билдирди. 19-июнь күнү өкмөттө да күйүүчү май базарын тескөө боюнча жыйын өтүп, мунай компанияларына бааны көтөрбөө тууралуу эскертилди.

Кырдаал жөнгө салынат

Адистер күйүүчү май тартыштыгын Омск мунай иштетүүчү заводу  Казакстандын өтүнүчүнөн улам Кыргызстанга күйүүчү майларды сатууну токтоткондугу менен түшүндүрүшүүдө.

Анткен менен Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев кырдаал ушул аптада жөнгө салынат деп ишендирип жатат.
 
- Биз июлдун башында эле барып, Омск мунай иштетүүчү заводунан сырткары Салават шаарындагы башка менчик ишкана менен келишим түзүп келгенбиз. Буйруса, ошол жактан АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майлар бейшемби күнү түшкө жакын келет.

Жалпысынан 6,5 миң тонна келатат. Анын келиши менен бүгүнкү кырдаал түп-тамырынан жолго салынат. 6,5 миң тонна бизге сентябрга чейин жетет. Бирок биз ал ортодо улам алып келип турабыз.


Казакстан, Орусия жана Беларус өлкөлөрү кирген Бажы биримдиги июль айынан тарта толук кандуу иштей баштаган. Казакстан Бажы биримдигинин негизинде орусиялык “Газпром” ишканасынан оболу ички талапты канааттандыруу өтүнүчүн келтирип, Кыргызстанга карамай сатууну токтото турууну өтүнгөн. Ага ылайык, 1-июлдан тарта Омск мунай иштетүүчү заводу Кыргызстанга күйүүчү май берүүнү токтоткон эле. Бул маселеден саясий өңүттү көрүп жаткандар да жок эмес.
 
Азаттык

 

Былтыр апрелдеги куралдуу төңкөрүштүн  натыйжасында өлкөбүздөгү баардык бийлик бутактарын “революция жасадык” деген өкүмзордук менен негизинен КСДП жана “Ата-Мекен” партияларынан түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн  мүчөлөрү ээлешкен эле. Сыягы, бул эки партиянын лидерлеринен бир аз интеллигенттик деңгээли жогору “Ак-Шумкардын” төрагасы Темир Сариев кандуу жол менен бийликке келгендердин арты жакшы болбошун сезсе керек, Бакиев режимин кулатууга чоң салым кошсо да өзү баш болуп (аз убакыт каржы министри болгондугун эске албаганда) бир да партиялашын бийликке аралаштырган жок.
 
Кыраакы кыргыз элинде бийликтин табияты тууралуу тээ байыркы мезгилде эле “Бийлик колдун кири” деп так, таамай айтылган эмеспи. Эки президентибиз тең эл ишенип берген бийликти, демек өз ырыскысын көтөрө албай бала-чаксы менен кошо чак түштө хан ордодон дыргаяктап качып, урук-тукумуна чейин убалына калып, бөтөн эл, жерде качкын-бозгун кейпин кийип жүргөндүгүн көрүп туруп  акыл-эстүү адам бийликке умтулбайт деле болуш керек. Анткени башаламандык, жердешчилик, көралбастык, ичитардык, бөлүнүп-жарылуу күч алган азыркы заманда Кыргызстанды алтын баштуу президент келсе да оңой албайт. Кудум эле баягы анекдоттогудай бири-бирибизди буттан чалып жатабыз. Д. Кунаев айткандай, “кыргыздын кыргыздан башка душманы жок”...
 
Мейли, ошолор бийликке келсин, башкарсын, кумары кансын дейли. Бирок мамлекеттин абалы, элдин тагдыры Акаевдин учурундагыдан алты эсе, Бакевдин тушундагыдан беш бетер кургуйга кулап жатпайбы. Эгер чындыкты бетке айта турган болсок, 2011-жылдын апрелинен кийин айрым кызматкерлерди туулган жерине, мурдагы бийликтин тушунда иштегендигине карап “репрессиялоо” болду. Бул сөзүбүзгө далил келтире турган болсок, мисалдар толтура. Учурда ИИМде бул багытта кандай иш-аракеттер болуп жатканын депутаттар жакшы эле айтып чыгышты.
 
Макул, аталган партиянын өкүлдөрүнүн моралдык жактан бийликке келгенге укугу бар дейли. Сабырдуу элибизде “өткөн ишке салават” деп коёт. Тилекке каршы бүгүнкү күндө райондук, шаардык жетекчилердин кудум эле “апрель революциясы” учурундагыдай алмаштырылып жатышы  Акаев, Бакиев доорундагы шайлоо алдындагы өздөрүнө ыңгайлуу жетекчилерди кызматка дайындоо “ыкмасын” эске салып отурат.
 
“Эски жетекчилердин” айрымдары коомчулукка белгилүү болгон күнөөлөрү үчүн кызматтан алынса, кээ бирөөлөрүнө жасалма түрдө айып тагылууда. Өткөн жумада Жалал-Абад облусунун губернатору өзбек сепаратисти К. Батыров менен “тилектештиги” үчүн парламент жыйынындагы депутаттардын талабы менен кызматтан алынды. Ал эми Жалал-Абад   шаарынын губернатору М. Женбековду “Россиянын атуулу экен” деген жүйөө менен бошотушту. Башкы прокуратура мындай “жаңылыкты” кудум эле бакиевдердин бирин таап алгандай сүйүнчүлөп, жар салды. Эмне үчүн башында анын атуулдугун текшеришкен эмес? Көрсө, экс-мэр алдыдагы президенттик шайлоодо азыркы бийликтин талапкерине иштебей турган адам экен. Чын эле М. Женбеков өткөн ишемби күнү “Ата-Журт” партиясынын курултайына катышып, ким тарапта экендигин көрсөтүп койду. Бул эки чоң кызматка тең КСДПнын анык мүчөсү болбосо да жең ичинен сүйлөшкөн же жашыруун “никеси кыйылган” адамдар дайындалды.
 
Андан кийин  Кара-Балта шаарынын мэри Оомат Казакбаев да шайлоонун шары менен оодарылды. Бул тууралуу ал өзү Бишкек-Ош жолун тособуз деп айбалтасын бийликти көздөй сунган тарапташтарын араң басып, дүйшөмбү күнү Бишкекке келип, журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп айтып жатпайбы. “Биз былтыр күзүндө парламенттик шайлоодо элдин экиге эмес, уруу-урууга, кокту-колотко бөлүнүшүн көрүп туруп, жок дегенде ушундай абалга жол бербейли деген максатта Чүйдөгү элди биримдикке үндөгөнбүз. Натыйжада Кара-Балта шаарында “Ар-Намыс” партиясы биринчи орунду ээлеген. Ал эми жакында мага А. Атамбаевдин адамдары келишти, президенттик шайлоодо бизге иштеп бер дешип. Бирок мен ал кишини жакшы билгендиктен, мындай сунуштан баш тарттым. Андан кийин аягына чыга элек же жабылып калган кылмыш ишин көтөрүп чыгышты. Мыйзамга ылайык шаар мэрин райондун акими облус губернаторунун кат жүзүндөгү макулдугу менен гана кызматтан алат. Ошондо да анын ордун орун басары ээлеш керек. Ал эми Кара-Балта шаары карамагына кирген Жайыл районунун да, Чүй облусунун да акими менен губернатору “милдетин аткаруучу” болуп эсептелет. Демек, алардын кадрдык өзгөртүү жасаганга укугу жок. Менин ордума  КСДП партиясынын мүчөсү Д. Шабданов дайындалыптыр. Бул алдыдагы президенттик шайлоого болгон даярдык. Азыркы бийлик мурдагы эле бийлик баскан кетмендин башын басууда. Эми мен өз укугумду мыйзамдын негизинде коргоймун”,- деди ооматын кайтарып алуудан үмүтү үзүлбөгөн Оомат мырза.
 
Эгер Кыргызстандын башка аймактарына же борбордук, облустук бийлик бутактарына көз жүгүртсөк дал эле ушул КСДПлаштыруу процесси жүрүп жатат. Айрым маалыматтарга ылайык, кресло ээлегендер президенттик шайлоодо бийликтин талапкерине иштеп берүү шарты менен дайындалууда. Ал эми бизде бийлик дегенде атасын сатып жиберүүдөн да кайра тартпаган эки жүздүүлөр, прицип деген түшүнүгү жок маңкурттар көп эмеспи. Шумдугуң кур, президентикке ат салышкан айрым талапкерлер ал тургай уруусун да өзгөртүп, хандар көп чыккан аймактын шайлоочуларына ыктап жатыптыр...
 
Ушул жумада  Forbes журналы дүйнөдөгү экономикасы өтө төмөн жана эли итке минген 10 мамлекетти аныктады. Бул ирет аталган журналдын тизмесинде  “революция” болуп, Кыргызстан ал кара тизмеде Африка континентинин Никарагуа, Мадагаскар, Свазиленд сыяктуу мамлекеттеринин катарында жүрөт карарып. Америкадан чыгуучу абройлуу басылма Кыргызстандагы гезиттердей ойду-тоону жаза бербейт. ЭВФ, ДБ сыяктуу эл аралык финансы институттарынын жана экономисттер менен окумуштуулардын пикиринин натыйжасында 177 мамлекеттин ичинен эң төмөнкү катарга Кыргызстанды да кошуп отурат. Алардын аныктамасы боюнча, Р. Отунбаева менен А. Атамбаев бир жылдан ашык мезгилден бери башкарып келаткан мамлекетибизге тынымсыз пикет, митинг сыяктуу акциялардын натыйжасында бир да инвестор келгиси келбейт экен. Себеби инвесторлор дагы бир ирет “революция” болуп кетсе талоончулукка кабылабыз деп чочулашат. Ачка калдык деген Акаевдин, тезек тердик деген Бакиевдин доорунда деле Кыргызстан он жылдык атуулдук согушту баштан өткөргөн кошуна Тажикстандан төмөн деңгээлге түшкөн эмес.
 
Forbes журналы ошондой эле Кыргызстанды коррупция менен кылмыштуулук өтө жогорку деңгээлде өнүккөн үлкөлөрдүн катарына кошкон. Мындай тыянак бийликтин кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөшүнүн доорунда айтылып жатканы да кызык. Демек, кримчөйрөгө каршы күрөш курулай популизм экенин моюнга алып коюшкан оң. Бир жылдан бери караганыбыз Отунбаева менен Атамбаев болду. Президентте укук жок болгону менен, колунда Башкы прокуратура, коопсуздук кызматы бар экен, каалаганын кылууда. Ал эми Атамбаевге мындай шансты Кудай берсе бир берет. Себеби, парламенттик башкаруунун тушунда, эң көп ыйгарым укук премьер-министрдин колуна тийген. Ишенген Атамбайчик эмне кылды? Экономиканы аңга кулатты. 1 жылда Кыргызстанды “Форбстун” кара тизмесине, эң жакыр мамлекеттердин катарына кошту. Бул эмгеги үчүн Атамбайчик президенттик тактыны талап кылууда. Президент боло электе кылганы ушул болсо, президенттикке жеткенде такыр курутпайбы бизди? Эмнеси болсо да, терең ойлоно турган учурда турабыз. “Жети өлчөп, бир кес”, кыргызым!
 
“Майдан.kg” гезити, №26, 14-июль

Аксынын багыш уруусунан чыккан XVII кылымдагы көрүнүктүү инсан. Түштүк кыргыздарынын мамлекеттик, саясый ишмери. Туулган жылы так эмес - болжолдуу 1620-26-жылдары жарык дүйнөгө келген. Санжыра боюнча анын атасы Багыш Тагай бийдин Жанкороз (Карачоро деп да айтылат) аттуу уулунан төрөлгөн. Кыргыз-казак биримдигин түзүүгө жана казак чыгааны Эр Эшимди хан көтөрүүгө жигердүү салым кошкон. Калмак баскынчылыгына каршы согуштарда кол баштап, далай эрдиктерди көрсөткөн. Кийинчерээк бул эмгеги үчүн Эшим хандын эң ишенимдүү адамы жана ошол эле учурда түштүк кыргыздарынын көрүнүктүү саясый ишмери катары XVII кылымдын орто ченинде Ташкент шаарына башчы (мэр) коюлган.

 
Ташкент шаарынын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө, ал жерге казак-кыргыз урууларын отурукташтырууда, шаардыктардын жашоо-турмушун ирээтке салууда, шаарды көрктөндүрүүдө зор иштерди жасаган. Шаар тургундарынын жүрүм-туруму боюнча атайын эрежелер жыйнагын түздүргөн. Мындай жыйнак түзүү ошол мезгилдеги көчмөн калк эмес, европалык отурукташкан калк үчүн деле жаңылык болучу. Эл ичинде бул жыйнак «Көкүмдүн көк дептери» же «Көкүмдүн көктөмөсү» деген атка конгон.
 
            Көкүм бийдин Эр Эшим менен достугу, хандын бул инсанга болгон ишеними Ташкен шаарын туруктаган казак улуктарына жаккан эмес жана көралбастыкты туудурган. Көкүм бийдин таасиринин улам жогорулап бара жаткандыгынан чочулаган казак бийлери уюшуп, Ташкендин түндүк чет-жакаларын жайлаган казак бийи, Жаныш уруусунун бийи Карабайтик Көкүмгө уу бердирип өлтүрткөн. Көкүмдүн сөөгү Ташкендин Карлыгач мазарына (Шейхантаур району) коюлган. (200 ашык жылдан кийин түштүк кыргыздарынын мамлекеттик ишмери, ичкилик кыргыздарынын кыпчак уруусунан чыккан белгилүү инсан Алымкул лашкер башы (Алымкул аталык) Асан бий уулу 1865-жылы май айында Ташкендин алдында Орус баскынчылыгына каршы кандуу кармашта каза болуп, сөөгү ушул эле мүрзөгө коюлгандыгы белгилүү).
 
            Көкүм бийдин ишмердигин жогору баалаган Эшим хан өз буйругу менен маркумдун кабырынын үстүнө чоң күмбөз салдырып, төбөсүн көк сыр менен сырдаткан. Элде бул күмбөз «Көкүмдүн көк күмбөзү» деген атак алып, анын урандылары ушул күнгө чейин сакталган. Көкүм бий жөнүндө белгилүү окумуштуу Ч.Ч.Валиханов 1630-ж. казактын ханы Эшим, катагандын хан Турсунун кыргыздын Көкүм деген бийинин жардамы менен жеңгендигин белгилеп кеткен. (Караңыз: Ч. Валиханов. Т.1, 374 бет.). Ал эми казак тарыхчысы М. Тынышпаевдин маалыматында «...Орто жүз Жолборс хан менен бирге калмактарга каршы жүрүш баштады. Ташкен менен Сайрам калмактардан азаттык алды. Анан ... Жолборсту сарттар жарып өлтүргөндө, калмактар Ташкенди кайта алып, Жолборстун шериктери: атактуу Төлө бий, Чинет баатыр, Койкелди баатыр, Шамен баатырлар (баары дуулат), калаадан куулуп, Ташкенди ... кыргыздардын карачоро уругунан чыккан Көкүм бий бийлей баштады», деп жазылат. (Караңыз: Тынышпаев М. История казахского народа. А: 1998. 179-бет.
 
Ташманбет Кененсариев
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор
 
 

 

1990-жылкы Оштогу кайгылуу окуялар кокустукпу? Каргаша кайдан чыкты? Анын себептери кайсылар? Жумурият карт тарыхтын кайрымы менен «аттап» кеткен доорду кайра басып өттүбү? 2010-жылы эмне үчүн бул окуя кайрадан кайталанды?

 
            Мына, ушундай узун түрмөк суроолорго тарых сересинен сарасеп салсак, кыргыз тарыхынын бүктөмүндө калган айрым маалыматтар көрүнөт...
            Ош окуяларынын себептеринин түпкүрүндө тарыхый терең өбөлгөлөр жатат. Тарыхыбызды билбегендик, тарых тактаган факторлорду барк албагандык мындай каргашалуу окуянын чыгышына кыйыр себеп болгондой... Демек, өз тарыхыбызды тереңдеп үйрөнүү анча жолго коюлбагандыгын ырастоого туура келет.
 
Биринчиден, Ош чөлкөмүнүн эң байыркы мезгилдерден XIX кылымдын ортосуна чейинки тарыхын традициялуу тарыхнаамаанын нугунда гана учкай билебиз. Биздин советтик тарыхнааманын көп мезгилдерден бери келе жаткан стилинин бир жактулук кесепетинен, атап айтканда ар кандай тарыхый окуяларды чагылдырууда анын социалдык, экономикалык, таптык жана саясий жактарын ачууга көбүрөөк умтулуп, куру кыйкырыкка айланган «интернационалдуулук», жагынуулук менен тарыхый инсандарга аз кызыгып, алардын ким экендигин изилдөөгө көңүл бурбай, натыйжада тарыхыбыздын жүрүшү жана окуялары ээсиз калгандай (обезличенный) көрүнөт.
 
Атай келгенде Фергана чөлкөмүндөгү байыртадан башталган антропо-этногенетикалык карым-катнаштар аз изилденген. Индоевропалык расага кирген жана иран тилдеринде сүйлөгөн байыркы ферганалык тургундар (ираний) качан жана кайсыл тарыхый шарттарда түркий (тураний) элдер менен саясий ымаларга аралашып түрктөшө баштагандыгын, ал процесстин качан аяктап, элдин калыптануу процесинде кандай роль ойногондугун так билбейбиз. Айрыкча XIV-XIX кылымдардын арасында көп сандаган түркий көчмөн, жарым отурушкан уруулардын Түркстандагы, ошонун ичинде Фергана чөлкөмүндөгү элдин калыптануу процессиндеги тарыхый үлүшү, өз ара жуурулуу (ассимиляция) жараяны көмүскөдө калып келген.
 
            Уруулардын тарыхын изилдөөнүн маанилүү булагы санжыралар эле, алар жөнүндө айтпай келгенбиз. Уруу тарыхын изилдөө, аларды элге жеткирүү улутчулдука алып барчу жол сыяктуу көрүнүп, андан үркчүбүз. Акыркы изилдөөлөр көрсөтүп жаткандай Түркстан элдеринин, аны ичинде кыргыздардын да тарыхы уруу санжыраларында жашап жатат. Башкача айтканда уруулардын тарыхын терең үйрөнүү аркылуу элдин, улуттун тарыхын тереңден аңдоого жетишишибиз айдан ачык. Ошондо ган биз сөз түрүндө эмес, тарыхый фактылар менен далилденген деңгээлде Борбор-Азиянын элдери чынында эле Түрк-Атанын балдары экенин ырастоого болор эле.
 
             Ошол эле учурда маселенин дагы бир жагы, эл болуп калыптануу процессинин үйрөнүүдөгү татаал этникалык карым-катнаштардын көп жактуулугун эске албай келүүнүн натыйжасында бизде кыргызы да, казагы да, өзбеги да, тажиги да, каракалпагы да эл катары келки-келки бөлүнүп түзүлүп калгандай туюлуп келген. Ошондуктан ал элдердин мамлекеттүүлүгүн түзгөн жумурияттардын азыркы ээлеп турган чөлкөмүндө болуп өткөн окуялар ошол гана элге таандык деген түркөй түшүнүк пайда болгон да, ири тарыхый окуяларга, тарыхый инсандардын ишмердигине туура эмес баа берүү келип чыккан. Бул жагдайда өзбек тарыхчыларынын Авиценнадан баштап Бабурга чейин баарын эле өзбек улутуна киргизип, казак тарыхчыларынын Чыңгыз-хандан тарта баарын эле казак кылып, Евразия континентиндеги бардык тарыхый окуяларда казак эли негизги ролду ээлеген деп, же саясий биримдик гана болуп эсептелген Бухара, Хива жана Кокон хандыктарын «Өзбек хандыктары» деп атап келиши мисал боло алат. Андай болгондо биз Истеми каганды, Чабыш Чор Сулукту, Жусуп Баласагынды, Махмуд Кашкарини, Али Мансур аль-Ошини, Кетмен-Төбөдөн кеткен Тогрул бекти — «кыргыз», борборлору азыркы Кыргызстандын чөлкөмдөрүндө жайгашкан Усун, Давань, Төргөш, Карахандар, Моголистан мамлекеттерин — «Кыргыз мамлекети» деп атообуз керек беле?
 
            Экинчиден, биздин жумурияттык тарыхнааманын дагы бир мүчүлүшү XIX кылымдын ортосунан Өктөбүр төңкөрүшүнө чейинки мезгилде жүргөн Фергана чөлкөмүндөгү тургундардын этникалык карым-катнашы, жуурулушуу процесси тигил же бул уруулардын жер которушу жана башка маселелер алиге көмүскөдө келет. Натыйжада аталган тарыхый мезгилде орус падышачылыгынын административдик-колониялык саясатына ылайык облустар, уездер жана урулардын ээлеген орду боюнча оош-кыйышсыз түзүлүп, болгону орус келгиндери менен гана жаңылангандай сезилет.
 
            Үчүнчүдөн, Өктөбүр ыңкылабынан кийин 20-30 жылдардагы Түркстан элдеринин совет бийлигинин шартында өнүгүп-өсүшү, алардын улуттук мамлекеттүүлүгүнүн келип чыгышы, чек аралык жиктенүүлөр жана жалпы эле Орто Азия чөлкөмүндөгү элдердин улутка өсүп-өнүгүүсү үстүрт изилденди. Кеңеш өкмөтүнүн чыңдалышы, жер-жерлерде жүргүзүлгөн социалдык-экономикалык, саясий жана маданий өзгөрүүлөрдүн мазмуну 30-жылдардын аягында биз негизинен куруп бүттүк деген социалисттик түзүлүшкө төп келеби же жокпу, социалистик улут болуп түзүлдүк деген түшүнүк азыркы методологияга кандай деңгээлде туура келет, улуттук мамлекеттүүлүктүн өнүгүү процесси жана 20-жылдардын ортосунда жүргөн улуттук чегаралык жиктешүү маселесинин чечилүү шарттары, анын адилеттүүлүгү жана кийинки мезгилдерде улуттардын социалдык-экономикалык, саясий жана маданий-психологиялык таламдарына кандай жооп берет, аталган проблемалардын чиеленишине «сталиндик» социализм канчалык деңгээлде таасир этти, мына ушул сыяктуу маселелер кайрадан изделиниши зарыл.
 
            Тээ өткөн кылымдын 80-жылдарынын экинчи жарымынан азыркыга чейин биз сындан келген улуу ойчул жана практик В.И. Лениндин капитализм мезгилиндеги улуттук өнүгүүнүн эки тенденциясы тууралуу теориясынын биринчи бөлүмү постсоветтик өлкөлөрдө болуп жаткан көрүнүштөргө жооп берет. Андагы негизги белгилер: капитализмдин өнүгүшү менен кошо жүргөн улуттардын пайда болуу процесси, улутчулдукка чейин өсүп жеткен улуттук аң сезимдин калыптанышы, улуттук өнүгүүнүн бардык тармактарынын күчөшү: улуттук мамлекеттүүлүктүн калыптанышы, эгемендүүлүктү жана суверендүүлүктү бекемдөө, улуттук экономика, теориялык тактоолор, тил жана маданият маселелеринин курч коюлушу жана башкалар. Ошентип, жумуриятыбыздагы азыркы көрүнүштөр, Борбор Азия элдеринин тарыхында «атталып өтүлгөн» капиталисттик коомдо чечилүүчү маселелерди эми гана чече баштаганыбызды көрсөтүп турат. Демек, улут болуп түзүлүү процесси дүйнөлүк мыйзам ченемдүү өнүгүүгө ээ экендигин, ал эми Кыргызстан ошол жараянды азыр гана өтүп жаткандыгын ырастап турат.
 
            Тарыхыбызды так билбегендиктен Фергана өрөөнүнүн, айрыкча Кыргызстандын түштүк чөлкөмдөрүнүн тургундарынын арасында тигил же бул жер, шаар, тигил же бул мазар, тигил же бул тарыхый инсан биздики, тигил же бул эл келгин же тургун, ал турсун 20-жылдардагы Орто Азия элдериндеги мамлекеттүүлүк түзүлүү процессинин жүрүшүндө тигил же бул жерлердин тигил же бул жумуриятка кирип калышы туура эмес чечилген деген бөлүп-жаруучулукка алып келүүчү коомдук пикирлерди пайда кылып келди. 
 
Демек, байыртадан бери Орто Азия, анын ичинен Фергана калктарынын тамыры бир экендигигин, Бухара, Хива жана Кокон хандыктары улуттук эмес, өз ичинде жашаган калктардын баары баш кошкон саясий биримдик, орток мамлекет болгондугун, Совет ыңкылабынан кийинки 1924-жылдагы улуттук мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүнө улуттук принциптеги чек ара жиктешүүлөрүндө бир катар импердик ката кетирилгендиктерин азыркы учурда тактоо зарыл. Чындыгында 1924-жылга чейин Өзбекстан деген да, Кыргызстан деген да мамлекет жок эле, экөө тең Түрк республикасынын составында турган (сөз жерлерди, болуштуктарды жана айыл-кыштактарды тигил же бул түзүлүп жаткан мамлекеттик биримдиктерге өткөзүп берүү жөнүндө болуп жатат). Ошол «каталардын» кесепети акырындык менен “Ош окуялары” деп аталган жоболоңдуу окуяларга алып келди.
 
            Фергана чөлкөмү чынында эле байыркы замандардан бери көп улуттуу чөлкөм. Биздин эранын башына чейинки доорлордо жашаган ираний калктар (давандыктар, сактар жана усундар) кийинки мезгилдерде, айрыкча VI-XII кылымдарда түрктөшүп, андан кийин XII-XIII кылымдарда монголдор менен жуурулушуунун натыйжасында түбү тектеш, Орто Азиядагы эң байыркы мезгилдерден бери XVI кылымга чейин жашап өткөн кандаш калктар (кыргыздар, өзбектер, казактар, каракалпактар жана башкалар) пайда болду.
 
Фергана өрөөнүндө биздин эрага чейинки I миң жылдыктын орто ченинен баштап эле, байыркы давандыктар менен сак урууларынын отурукташкан-дыйканчылык жана көчмөн-малчылык чарбаларынын синтезинен келип чыккан цивилиация калыптанган. Негизинен Фергана тарыхнаамада “өзөн цивилизациясы”(“речная цивилизация”) деп аталуучу регионго кирип, андагы жашоо тиричиликте жасалма сугатчылык эң зор ойногон. Ошондуктан экономикада жер, болгондо да сугат дыйканчылыгына негизделген жер ээлөө, негизги маселе болуп, акырындык менен орто кылымдарда тургундардын социалдык-чарбалык төмөнкү эки тиби калыптанды.
 
Алар: 1. Отурукташкан-дыйкан, кол өнөрчү жана соодада шүгүрлөнгөн жамаат;
2. Көчмөн-мал чарбасы менен кесиптенген жамаат.
Бул жагдайда мамлекетти төмөнкү беш негизги элемент кармап турган:
 
             - Жер жана сугат системалары шариат боюнча да, адат боюнча да ‘эки жамаатка тең тийешелүү болгон, бирок факты жүзүндө аны көбүнчө отурукташкан жамаат пайдаланган;
            - Дыйканчылык жана анын продуктылары отурукташкан жамааттын колунда болгон;
            - Соода иштери негизинен отурукташкан жамааттын колунда турган;
            - Мал чарбачылык жана анын продуктылары негизинен көчмөндөрдүн колунда болгон;
            - Саясат, бийлик жана аскер күчтөрү негизинен көчмөндөрдүн же теги көчмөн династияларынын өкүлдөрүнүн колунда турган. Негизинен заманына жараша мобилдүү жашаган көчмөндөргөн түзүлгөн аскер күчтөрү өлкөнүн социалдык-экономикалык структурасын сактап, тышкы душмандардан коргоп туруучу фактор катары кызмат өтөгөн.
 
            Ошентип, саясий бийлик менен экономиканын азыраагы көчмөндөрдө, ал эми экономикалык байлык отурукташкан тургундарда топтолгон абал түзүлгөн. Мындай абал саясий күчтөр менен экономикалык байлыктын өз ара тең салмактуулугун пайда кылып, бир эле учурда тең тайлашкан, бирок тынчтыкта жанаша туруп, бири-бирисиз жашай албаган, отурукташкан жана көчмөн элдердин эки тобунун уникалдуу синтезин, башка сөз менен айтканда тиричиликтин Ферганалык вариантын калыптандырган.
 
            Түрдүү этникалык жана чарбалык жамааттар өрөөндө аралаш-келки жайгашышкан. Мисалы, шаарлар менен кыштактардын алгач иран, кийинчерээк түркий тилиндеги отурукташкан тургундары жергиликтүү булактарда “сартиййа” деген аталыш алып, түрктөрдөн, тажиктерден, отурукташкан өзбектерден куралган. Аларды “илатиййа” деп аталган көп сандаган көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздардын, кыпчактардын, кийинчерээк отурукташып кеткен өзбектердин, түрктөрдүн кыштоолору, жаздоолору жана жайлоолору курчап турган. Сартиййа жана илатиййанын кыштактары менен айылдары, алардын айдоо жерлери жана жайыттары обочо ээликтерди эмес, бири бирине жанаша турган аралаш-келки ээликтерди түзгөн. Аталган коомдук-социалдык абал байыртадан эле калыптанып, жаңы доорго жакын кокон амирлигинин түптөнөөр алдында деле ушундай мүнөздө болучу.
 
            Саясий мамилелерде жогоруда атап өткөн тең тайлашуу көп учурда эки жамааттын ортосунда күрөштөрдү пайда кылып, алардын мүнөзү негизинен борбордук бийликти талашуу, же башка бир саясий, жеке инсандык маселелер менен чектелчү. Бул атаандаштык эч качан этникалык мүнөздү алган эмес. Буга мисал катары 1709-жылдан 1876-жылга чейин жашап турган Кокон мамлекетинин турмушун келтирүүгө болот. 169-жыл жашаган хандыктагы болуп өткөн сандаган кагылышуулардын эч бирин этникалык тариздеги араздашуу деп саноого мүмкүн эмес.
 
ХVIII кылымдын башында өзбек-кыргыз илатиййасы (Шахрух бий менен анын күйөө баласы Акбото-бий кыргыз) бийликти колго алашты да, жаңы кокон амирлигин орнотушуп, кадимки улуу көчмөн Тимурдун насили Бабурдун урпагы шакрухтардын династиясын негиздешти. Бул окуя, кадимден келаткан тең салмактуулук принцибинин кезектеги чагылышы болгон. Илатиййа менен сартиййанын тең салмактуулугунун шартындагы бийлик чөйрөсүндө турган күчтөрдүн жайгашынын ар кандай вариациясын байкоого болот. Жергиликтүү жазма булактардын эң абройлуусу Молдо Нияз Хукандинин “Тарих и-Шахрохи” эмгегиндеги пикирге караганда Кокон мамлекетинде төмөнкү 4 этносоциалдык топ аракеттенген: этникалык миңдер, этникалык кыргыздар, этникалык кыпчактар жана социалдык сарттар болучу.
 
Кокон тарыхында бийлик чылбыры негизинен дайыма илатиййанын (аталган үч этникалык топтун) өкүлдөрүнүн колунда болуп, бирок иш жүзүндө сартийаанын чордонун түзгөн сарттар тобунун кайсыл этникалык топту жактагандыгына карата тең салмактуулук айрым учурда бузулуп да турган. Бирок, саясий араздашууларда эгер күчтөрдүн жайгашышы сартиййа жамаатына ооп баратса, илатиййа аны тез арада бийлик өкүлүн алмаштыруу же өзүлөрүнө ылайык марионетти бийликке олтургузуу жолу менен тең салмактуулукту калыбына келтирип коюшчу. Мындай мисалдар Фергана тарыхында өтө көп.
 
Жогорку аталган эки типтеги социалдык-экономикалык жамааттын тең салмактуулук принциби Х1Х кылымдын экинчи жарымынан баштап Орусия колониалдык саясатынын кесепетинен бузулган. Алар төмөнкү белгилер менен мүнөздөлөт:
 
            - 1886-жылкы Түркстан крайын башкаруу Жоболорунун негизинде жер жан суу ресурстары Орусиянын импердик менчиги деп жарыяланды. 1890-1910-жылдарда Ферганада ишке ашкан жер-салык реформасынын натыйжасында жарактуу суулуу жерлердин дээрлик басымдуу бөлүгү отурукташкан сартиййа жамааты менен келгин орус дыйкандарына ыйгарылып калды. Ал эми илатиййа жамаатына (элеттиктерге) кайракы жерлер, жайыттар жана жер иштетүүгө ыңгайсыз тоо-таш тийди. Аларды да көчмөндөр “коомдук жерлер” деген аталыш укугунда алышты. Мындай учурда, мурунку илатиййанын өкүлдөрү шашылыш отурукташууга аракеттеништи. Фергана кыргыздарынын Х1Х кылымдын 80-жылдарында, ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл кыргыздарынын – ХХ кылымдын башында отурукташууга өтүшүн Орусиянын отор саясаты колдогон жок. Анткени, колониалдык бийлик үчүн улам активдүү көчүп келип жатышкан орус келгиндерине жаңы айдоо жерлерин бөлүүнүн чоң саясий жана геосаясаттык мааниси бар эле. Ошентип, кыргыздардын басымдуу көпчүлүгүнүн отурукташуусу ХХ кылымдын 40-жылдарына чейин созулган.
 
            - Соода мурункудай эле отурукташкан жамааттын колунда калып, анын айрым тизгиндери келгин орус көпөстөрүнө өттү.
 
            - Мал чарбачылык негизинен илатиййанын кесиби болуп калганы менен, бул чарбадагы жаңы интенсивдүү технологиянын жанданышына (бордоп багуу, сатууга багытталган мал чарба) байланыштуу колониалдык рынок шартына көз карандылык абал пайда келип чыкты.
 
            - Саясатта олуттуу өзгөрүү болду. Жергиликтүү эл мамлекеттүүлүгүнөн ажырады. Колониалдык административдик саясат элдердин этникалык белгилери менен эмес, башкаруу ыңгайлуулугуна карата ишке ашып, жыйынтыгында сартиййа да, илатиййа да болуштук (волостное управление) бийликке гана укуктуу болуп калышты. Жергиликтүү элдин бардык өкүлдөрү армияга кызмат кылуу укугунан дээрлик ажырады. Демек, мурунку саясаттагы чечүүчү ролдо турган көчмөндөрдө саясий роль таптакыр төмөн түштү.
 
            Ошентип, мурунтан келе жаткан салттуу тең салмак бузулуп, жашоодогу негизги байлык жана бийлик отурукташкан жергиликтүү жамааттын жана орус келгиндеринин пайдасына ооду. Мындай социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүнүн кесепетинен Эки-Суу Арасы, Маргалаң, Анжыян, Кокон, Наманган, Кожент шаарларынын айланасындагы эзелки кыштактардан илатиййанын өкүлдөрү акырындап тоолуу аймактарга карата сүрүлүп кетишти. Отурукташкан калктардын демографиялык өсүүсүнүн натыйжасында мындай чөлкөмдөрдүн ордуна жаңы кыштактардын түзүмү пайда болду (Кокон-Кыштак, Нанай, Маданият, Хан-Абад, Кемпир-Абад, Жалал-Абад, Кара-Суу жана дагы ушул сыяктуулар).
 
            Мындай тагдыр чеччү процесстердин эң коркунучтуу кесепети – жер-суу маселесине карата этникалык араздашуулардын пайда болушуна өбөлгө түзүлгөндүгүндө эле. Демек, 1898-жылдагы Анжыян-кыргыз жана 1916-жылдагы кыргыз көтөрүлүштөрүнүн түпкү себептери ушул өбөлгөлөрдө жаткандыгын кийинки изилдөөлөр далилдеп жатат.
 
            1917-жылкы Өктөбүр төңкөрүшүнүн натыйжасында Совет бийлигинин орношунан кийинки жылдары жүргөн атуулдук согуштардын, калыбына келтирүү, советтик социалдык-экономикалык жана маданий өзгөрүүлөрдүн активдүү жүрүшү менен жер-суу маселесине байланышкан этникалык араздашуу чыккан эмес.
 
            1924-жылдан башталган декларацияланган Кыргыз автономиялуу, кийин республикалык статусу бар мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүнүн натыйжасында экономикалык чечүүчү ролго ээ боло албаса да мурунку илатиййанын өкүлдөрүнүн саясий бийликке келиши эзелки тең салмактуулуктуулуктун бузулушунун компенсанциясы катары кароого да болот. Бирок, тарыхый себептер кала берди...
 
            Фергана чөлкөмүндө, тагыраак айтканда азыркы Ош облусунун аймагында XX кылымдын аягында жана XX кылымдын баштарында кыргыз-өзбек жамаатташтыгынын сандык-салыштырма абалы кандай эле жана алар 1924-1926-жылдарда өткөрүлгөн улуттук чек ара жиктешүү процессинин жүрүшүндө, жумуриятыбыздын административдик бөлүшүндө кандай деңгээлде чечилди, ошол маселелерге бир аз токтоло кетсек.
            Маселени кароодон мурун Өктөбүр төңкөрүшүнө чейинки падышалык эл каттоо эсеп-кысабы көп учурда жаңылышканын айта кетүү зарыл. Эл каттоо кампаниясын орус чиновниктери алып барышып, алар көп учурларда болжолдуу түрдө, кээде маалыматтарды өз билгениндей эле бере беришчү. Орус чиновниктери гана эмес, көп учурда аттуу-баштуу орус окумуштуулары, саякатчылары деле кыргыз менен казакты, каракалпак менен кыпчакты, өзбек менен башка түрк элдерин көп ажырата алчу эмес. Ошондуктан, ыңкылапка чейинки маалыматтарга өтө этияттык менен, салыштырмалуу түрдө кароо керек.
 
            Россия жана анын чет-жакаларында официалдуу эл каттоо биринчи жолу 1897-жылы болгон. Анан кийин болжолдуу түрдө ар жылы областтык губернаторлордун отчетторунда элдердин саны берилип турган. 1908-10-жылдары сенатор Палендин Түркстан крайын толук текшерүү жүргүзгөнүнө байланыштуу эл каттоо жүргөн. Биз ошол маалыматтарга таянып Фергана чөлкөмүн карап көрөлү.
 
            XIX кылымдын аягында беш уездден турган (Наманган, Анжиян, Маргалаң, Кокон жана Ош) Фергана облусунда 1 млн. 572 миң 214 адам жашап анын ичинде 114081 тажик, 14915 кашкарлык, 201597 кыргыз, 7584 кыпчак, 11056 каракалпак, 788989 сарт, 153780 өзбек, 261234 түрк-татар элдери жашаган. (Маалыматтар 1904-жылы Бүткүл Россиялык биринчи эл каттонун жыйынтыгына карата даярдалган «Ферганская область» деген китептен алынды - К.Т.) Бул жерде окурмандарга айта кетчу нерсе бар. Биринчиси, 1926-жылга чейинки эл каттоонун баарында азыркы өзбек эли «сарт», «өзбек» деп эки эл катары берилет. Себеби, XVI-кылымдын башында Орто Азига Арал деңизинин түндүк тарабынан Мухаммад Шейбаны (XVI кылымдагы Көк ордонун ханы чингизид Өзбек хандын тукуму) менен кошо көчүп келишкен 92 боолуу (92 урук) көчмөн өзбектер (баары 240-360 миң киши) жана жергиликтүү түрк тилинде (чагатай тили) сүйлөшкөн сарт деп аталышчу дыйканчылык, соода, кол өнөрчүлүк менен кесип кылган сартиййа жамааты менен жуурулушуу процесси XX кылымдын башына чейин бүтө элек эле. Экинчиси, маалыматтарда берилгендей «түрк-татар элдери» деген графага биздин оюбузча түрктөр, татарлар, башкырлар, карайымдар, лакецтер жана башка майда калктар, ошондой эле түрк тилинде сүйлөшүп, улуту аныкталбагандар а мүмкүн жаңылыштык менен өзбектер да, кыргыздар да кирип кетсе керек.
 
            Сөз кылып жаткан мезгилде Анжиян жана Ош ойоздорунда (уезд) жашагандар төмөндөгүнү түзгөн: Баары 360267 жана 161640 киши, анын ичинен тажиктер 1970 жана 107 адам, кыргыздар 123382 жана 1741, сарттар 321817 жана 571, өзбектер 6 жана17, түрк-татарлар 662 жана 136447 адам. Кыпчактар Анжиян ойозунда гана 14 киши деп берилген. (Аларды кыргыздарга кошуп койсо керек, ал эми өзбектердин өтө аз санда берилиши да күмөндү туудурат. – К.Т.) Ошондой эле Ош ойозундагы кыргыздардын санынын берилиши да туура эмес. Бирок, кантсе да бул официалдуу документти коңүлгө албай коюуга мүмкүн эмес.
 
            Сабаттуулардын жана шаардыктардын саны дагы кызыктуу. XIX кылымдын аягында Фергана облусунда кыргыздардан 185 киши орусча сабаттуу, 1116 киши мусулманча сабаттуулукка ээ болуп, алардын ичинен 4 адамдын ортодон жогорку билими болгон. Аталган цифралар сарттарда 1482, 16314 жана 2, ал эми өзбектерде 96, 3766 жана 2 деген сандарды түзгөн. Областтын шаарларында баары 267 кыргыз жашаган, анын ичинде 108 киши Маргаланда, 37 — Анжиянда, 74 — Кокондо, 48 — Наманганда турган. Кыпчактардан шаарда тургандар деген графага бир гана кишинин Анжиянда жашагандыгы берилген. Эмне үчүндүр Ош шаарында 8 гана сарт жана 5 өзбек жашаган деген маалымат бар. Ошол эле учурда Ошто 32432 түрк-татарлар тургандыгы айтылат.
 
            1907-жылы даярдалган Фергана облустук статистика комитетинин маалыматтарында шаарда жашаган кыргыздардын жалпы саны 584 кишини түзүп, анын ичинде Скобелев шаарында - 62, Анжиянда - 222, Кокондо - 15, Наманганда - 7, жана Ошто - 271 кыргыз жашаган.
 
            1908-жылы берилген Фергана облусунун губернаторунун отчетунда көрсөтүлгөн айрым цифраларга да токтоло кетүү зарыл. Мисалы: кыргыздар басымдуулук кылган болуштуктарга төмөнкүлөр кирген. Анжиян ойозунда: Базар-Коргон - 97 процент, Наукент - 94 процент, Көк-Арт - 65 процент, Өзгөн - 75 процент (ал мезгилде Өзгөн кичинекей эле кыштак болчу. Ал шаар деген статусту совет доорунда кабыл алып, 1990-жылы гана областтык шаар деген деңгээлге жетти), Чаңгет - 97 процент, Яссы - 87 процент, Каракол, Сарысуу - 100 процент, Кеңкол-Карагыр - 100 процент, Майлы-Сай - 100 процент, Жалал-Кудук - 50 процент, Коргон-Төбө - 85 процент; Кокон ойозунда: Исфара - 100 процент, Лейлек - 99 процент, Нойгут-Кыпчак - 100 процент; Маргалан ойозунда: Ичкилик - 99,5 процент, Жоокесек, Бостон - 98,5 процент; Наманган ойозунда: Арым - 95 процент, Багыш - 93 процент, Баястан - 52 процент, Кырк-Уул -100 процент, Саруу - 100 процент, Суусамыр - 100 процент, Кутлук-Сейит - 100 процент, Чаткал - 100 процент; Ош ойозунда: Алай - 100 процент, Гүлчө - 100 процент, Капчыгай - 100 процент, Куршаб -88 процент, Ак-Буура - 97 процент, Кашкар-Кыштак - 84,5 процент, Ноокат -73 процент, Турук - 99 процент кыргыздар жашаган. Мындан тышкары Самарканд облусунун Кожент ойозундагы болуштуктар: Иджар - 100 процент, Чапкылык - 80 процент, Исфана - 100 процент, Бөксө-Сибирги - 100 процент; Жызак ойозундагы болуштуктар: Кара-Таш - 100 процент, Ата-Коргон - 100 процент, Кызыл-Кум - 100 процент, Мистелүү-Тоо - 100 процент, Көк-Дөбө - 100 процент. Ошондой эле жогоруда аталбаган көптөгөн болуштуктарда тургандардын 20-40 процентке чейинкисин кыргыздар түзүшкөн. Мисалы: Жалал-Абад - 45 процент, Кокон-Кыштак - 20 процент, Нарын - 40 процент, Хакул-Абад - 25 процент, Кара-Суу - 32 процент, Араван - 36 процент, Мархамат - 20 процент, Кули - 25 процент, Нанай - 36 процент, Кызыл-Коргон - 25 процент, Ашт - 24 процент, Чадак - 25 процент, Булак-Башы - 21 процент, Мөнөк - 40 процент жана башка. Аталган болуштуктардын көбү совет доорунда Кыргызстанга кирди, ал эми бир даары географиялык шарттарга байланыштуу Өзбек жана Тажик жумурияттарында турушат.
 
            Жогоруда белгилегендей 1924-жылдын 12-июнунда РКП(б) БКнын «Орто Азия республикаларынын улуттук-мамлекеттик жиктештирүү жөнүндө» деген токтому кабыл алынат да, ошол эле жылдын 14-октябрында Бүткүл Россиялык Аткаруу комитетинин токтому боюнча РСФСРдин Кара-Кыргыз автоном облусун түзүү жөнүндө токтом кылынган. 1924-жылы 16-декабрь күнү РКП(б)нын Кара-Кыргыз обкомунун уюштуруу бюросунун Президиумунун заседаниесинде Жалал-Абад, Каракол-Нарын, Пишпек жана Ош округдук комитеттерин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
 
            1925-жылдын 23-27-мартында I Кыргыз областык партконференция болуп өткөн, ал эми 27-30-марттарда Кара-Кыргыз автоном облусунун Советтеринин биринчи уюштуруу курултайы чакырылып, анда Аткаруу Комитети түзүлгөн. Бүткүл Россиялык Аткаруу Комитетинин алдында Кара-Кыргыз автоном облусу деген сөздүн ордуна Кыргыз автоном облусун кабыл алуу керектиги сунушталган. Ошондой эле кийинчерээк КАОну Кыргыз автономдук Советтик социалисттик республикасына айландыруу белгиленген.
 
            1925-жылдын 27-майындагы Бүткүл Россиялык Аткаруу Комитетинин Президиумунун заседаниесинде КАО ревкомунун төрагасы Токбаевдин баяндамасы боюнча Кыргыз автономиялык облусун райондоштуруу жөнүндө жөнүндө токтому бекитилген. Анда КАО 4 округдан туруп, мындай деп жазылган: «Түркстан АССРинин территориясынан Кыргыз автономиялык облусунун составына төмөнкүлөр киргизилсин: 1. Пишпек округуна Пишпек шаары, (андан нары болуштуктар саналып өтөт): 2. Ош округуна - Ош шаары жана мурунку Фергана облусунун Ош ойозунун Акжар, Алай, Гулша, Кара-Таш, Капчыгай, Яссы, Ак-Буура, Куршаб, Турук, Ноокат, Кашкар-Кыштак, Өзгөн жана Ош болуштуктары; ошол эле мурунку Фергана облусунун Кокон ойозунун Лейлек, Нойгут-Кыштак болуштуктары жана мурунку Фергана облусунун Маргалаң ойозунун Жоокесек-Бостон, Араван, Ичкилик, Найман болуштуктары жана Чимион болуштугунун Халмион айылы; 3. Жалал-Абад округуна - Жалал-Абад шаары жана мурунку Фергана облусунун Анжыян ойозунун Айым, Базар-Коргон, Массы, Ноокент, Чаңкет, Каракол-Сарысуу, Кеңкол-Карагыр, Майлы-Сай болуштуктары; мурунку Фергана облусунун Наманган ойозунун Арым, Кызыл-Жар, Кырк-Уул, Саруу, Суусамыр, Чаткал, Багыш, Баястан, Кутлук-Сейит болуштуктары; 4. Кара-кол округуна - Кара-Кол шаары (андан ары болуштуктарды санап өтөт). (Караңыз: Кыргыз ССР мам. Архиви, 20-фонд, 1-опись,114-иш, 19 бет). Аталган райондоштуруу боюнча, ошентип, КАОдо 75 болуштуктан турган 4 округ, 6 шаар, 721 кыштак, 727 айыл, 5 хутор кирген. Облустун калкы 717 миң кишини түзүп, анын ичинде 63,5 процент кыргыз, 16,8 проценти орус, 15,4 проценти өзбек жана 4,3 проценти башка улуттардын өкүлдөрү жашаган.
 
            Кыргыз автономиялык облусунун территориясына кирүүчү жерлер али толукталып бүтө элек эле. Жогоруда сөз кылынган Кара-Кыргыз автоном облусунун Советтеринин биринчи уюштуруу съездинде эле (27-30-март 1925-жыл) ревкомдун баяндамасы боюнча токтомдун төртүнчү пунктунда мындай деп жазылган: «улуттук жиктештирүү мезгилинде областтын чек араларын улуттук, экономикалык жана территориялык белгилер боюнча так аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу съезд жаңыдан шайланган Аткаруу Комитетине бул маселени Орто Азиялык Эмгек жана Коргонуу Советинин өкүлү аркылуу тезирээк чечүүнү тапшырат». (А.Орозбеков областтык Аткаруу Комитетинин төрагалыгына шайланган эле. — К.Т.) Ушундай эле чечим кийинки 27-майдагы Бүткүл Россиялык Аткаруу Комитетинин Президиумунун заседаниесинде да кайталанган.
            Мындай абал Орто Азиянын башка республикаларында да сакталган. Ошондуктан, атайын түзүлгөн СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин Паритеттик (калыстык) комиссиясы 1926-жылдын март айларына чейин республикалардын чек аралык талаш-тартыш арыздарын тескеп чыгып, анын отчету 20-25-марттарда Самаркандда каралган. Айта кетчу нерсе, аталган комиссиянын төрагасы Д. Петровский, мүчөлөрү: Мирза Галиев, Саид Алиходжаевдар болушуп, кыргыздардан эч ким кошулган эмес. №11 жана 13-протоколдорду карап көргөндө Кыргызстандын жана Өзбекстандын бийликтеринин бири-бирине койгон территориялык дооматтарынын жалпы саны 20дан ашык болуп, алардын Кыргызстан үчүн канаттандырарлык чечилгени төмөнкүлөр эле: Бек-Абад айылы (Сузак району), Ардай айылы (Кара-Суу району), Төө-Моюн айылы (Араван району), ошондой эле Бакса-Исфана болуштугу менен Чапкылык айылы (Лейлек району). Ошол эле учурда Кыргызстанга өткөрүлүп берилсин деген суроолордун канааттандырылбагандары булар: Заркен кыштагы, Варзык кыштагы, Үч-Коргон кыштагынын жаны, Вуадиль айылы, Чимион айылы, Хан-Абад болуштугу жана Кемпир-Абад айылы, Жалал-Кудук айылы, Кара-Суу (Өзбекстандагы бөлүгү), Чимион, Коргон-Төбө болуштуктары, Күйүк-Мазар, Мөнөк айылдары, Булак-Башы болуштугу, Мархамат болуштугунун Дөң, Кызыл-Рават, Кучи айылдары, Бетегели, Кой-Таш өрөөнү (Ангрен дарыясынын жогорку агымы).
 
            Өзбекстандын бийликтери Кыргызстандан төмөнкү территорияларды өзүлөрүнө өткөрүп алууга жетишкен: Баястан, Ак-Коргон айылдык советтери жана анын кыштактары, Айым кыштагы, Араван болуштугунун Анжиян, Лянгар, Араван, Досмат-Халвоин, Төпө-Коргон айылдары. Ал эми Өзбекстандын бийликтеринин Сузак 1 жана Сузак 2 кыштактарын, Ош шаарын жана Ош болуштугун бүтүндөй суранганына карабастан Кыргызстандын составына калтыруу чечилген.
 
Сөз толугураак болсун үчүн Ош шаарына жана Ош болуштугуна болгон Өзбекстандын дооматы кандай жүйөлөр менен четке кагылгандыгы жөнүндө айтып өтсөк. Токтомдо мындай делет: а) Ош Кыргызстандын түштүгүндөгү бирден-бир борбор; б) Ал ирригациялык тармактары жагынан Ак-Буура суусунун жээгиндеги кыргыз айылдары менен тыгыз байланышта турат; в) Ош Алай өрөөнүнө кетүүчү жолдордун башталышы жана Фергана өрөөнүндө маанилүү түйүн; г) Ош шаарын Өзбек ССРине берип коюу Фергана өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан кыргыз айылдарын бириктирүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп коюу дегендик болоор эле; д) Ош болуштугундагы өзбек, кыргыз кыштактары жана башка улуттук айылдар өз ара экономикалык карым-катнашта туруп, алардын жерлери шаардын территориясы менен айкалышып кеткендигине байланыштуу комиссия Ош болуштугун Кыргызстандын составында мурдагыдай эле калтыруусун максатка ылайыктуу деп чечет. (Самарканд, 20-март, 1926 -жыл).
 
            Андан тышкары Ош чөлкөмүнүн негизги калкы кыргыздар болгондугу жогоруда айтылып кетпедиби. Революцияга чейин эле Ош ойозунун 8 болуштугунун бирөөсүндө гана (Ош болуштугу) өзбектер көпчүлүктү түзгөн. Бул жагдай 1924-жылы улуттук жиктешүү процессинде негизги принцип катары кабыл алынган болучу.
 
            Бирок КАОнун Аткаруу Комитетинин 11-апрелдеги чечиминде: «Кыргыз облусунан чечүүчү добуш менен эч кандай өкүл катышпагандыктан аталган комиссиянын жыйынтыктары Кыргызстандын кызыкчылыгын канааттандырбайт, Лейлек, Нойгут-Кыпчак, Жоокесек-Бостон болуштуктарынын чек аралары туура эмес бөлүнгөн, Кожо-Абад болуштугунун Өзбекстанга өтүшү Жобого ылайык келбейт, Сүлүктү таш көмүр кени, Чимион, Вуадиль, Үч-Коргон, Заркент жана Варзык айылдары экономикалык райондордун борбору катары Кыргызстанга өтүшү тийиш» деп айтылган.
 
            Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аралык тактоолор кийинки жылдарда да улантылган. Мисалы, 1926-жылдын 25-апрелинде Өзбекстандын Анжыян ойозунун Нарын болушундагы Катта-Могол, Думар кыштактарынан 1700 үй-бүлөнүн Өзбекстандан Кыргызстанга өтүү боюнча арызы, ошондой эле Кыргызстандын Айым болуштугунан Кызыл-Токой Дарабак, Тешик-Таш, Корут-Кий, Чаңчыр-Таш, Ак-Мечит кыштактарынын тургундарынын аларды Өзбек ССРине өткөрүү чечимдерине нааразачылыгы РСФСРдин Борбордук Аткаруу Комитетине жиберилген (Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Борбордук архиви, 20-фонд, 1-опись, 176-иш, 98-барак).
 
            Өзбек ССРинин ошондой эле дооматтарын эске алып, Борбордук Аткаруу комитетинин Президиумунун 1926-жылдын 21-декабрындагы чечимине ылайык дагы бир жолу РСФСР жана Өзбек ССРинин ортосундагы территориялык талаш-тартыштарды кайрадан карап чыгуу үчүн паритеттик комиссия түзүлүп, анын иши тууралуу 1927-жылдын 3-майындагы БАКтын Президиумунун заседаниесинде (протокол № 2) төмөнкүдөй токтом кабыл алынган:
 
“1. Сүлүктү таш көмүр кени (Бакса-Исфана болуштугу), Жоокесек, Нойгут-Кыпчак болуштарынын күйүүчү май табылган жерлеринен башка жогорку бөлүктөрү жана Ауваль болуштугунун Үч-Коргон айылы Өзбек ССРинен бөлүнүп алынып, РСФСРдин (Кыргыз автономиялык республикасынын) составына өткөрүлсүн.
 
2. КАССРдин Ош округунун Араван болуштугу РСФСРдин составында калсын.
3. Варзык, Заркент, Вуадиль, Чимион, Үч-Коргон темир жол станциясы Өзбек ССРинин составында калтырылсын жана Азим болуштугунун сол жээги Кыргыз АССРинен Өзбек ССРине өткөрүлсүн деген паритеттик комиссиянын чечими бекитилсин”.
 
Мына ошентип Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралык бөлүнүштөрү 1927-жылдарга чейин негизинен аякталган. Айрым гана өзгөрүүлөрдөн башка азыркы түштүк Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен жерлеринде ушул мезгилге чейин негизинен өзгөрүүлөр болгон эмес.
 
Колдонулган адабияттар;
 
Аттокуров С. Кыргыз санжырасы.-Б., 1995.
Бабур Захриддин Мухаммед. Бабур-баян. // Кыргыздар.—Б.,1991.
Бейсембиев Т.К. “Тарих-и Шахрухи” как исторический источник. —А—А., 1987.
Галицкий В.Я., Плоских В.М. Старинный Ош. —Ф., 1987.
Кененсариев Т. Кыргыздар жана Кокон хандыгы.—Ош,1997.
Кененсариев Т. Жаңжалдын тарыхый тамыры.//Кыргыз маданияты, 1991.№ 7. 14-октябрь.
Материалы по истории киргизов и Киргизии. —М., 1973.—Вып.1.
Мулла Нияз Мухаммед. Тарих-и Шахрухи. История владетелей Ферганы. —Казань, 1885.
Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.—Казань,1886.
Сайф ад-дин Аксыкенти (Сайф ад-дин ибн дамулло Шах Аббас Аксыкенти жана анын уулу Нурмухаммад. Тарыхтардын жыйнагы (Мажму атут-таворих) -Б.,1996.
 
Ташманбет Кененсариев
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор,
E-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.