C.Шарипов: Тополоңду уюштургандарды кармап келип, сөзсүз жазалаш керек!

Ош коогалаңын изилдеген депутаттар чындыктын көзүнө жетип, ачык-айкын ачып бере алган жок. Ар кимиси өз кызыкчылыгын көздөп, саясатташтырса ортодон ойду бура тартып, жыра сүйлөгөндөрү чыкты. Кээ бири убакытты алып, кереги жок келжирек сөздөрдү сүйлөштү. Коогалаңды изилдөөдө негизги каарман, отурумда Жылдыз Жолдошева микрофонду минип, эч кимге ээ-жаа бербей бапылдады.

Ош окуясын изилдеген парламенттин пардасы ачылып, үч багытта пикир айтылып атат.
 Биринчи тарабы, Ош окуясын бетине кармап кадыр топтоп, ошол окуянын арты менен бийликке келишти. Экинчиси, Ош коогалаңында сепараттар менен жан дос болуп, азыр бети ачылгандан кийин "Бакиевчилер" деп экинчи тарабына сын айткандар. Үчүнчү тарабы, кайдыгер, айтарга ою, оозунда сөзү жоктор. Алардын катарын Ширин Айтматова толуктайт. Комиссиянын жыйынтыгына каршы, калыс же макул деген пикирин билгизбей, "мен сасык саясатка аралашпайм, актер эмесмин, ага шыгым да жок кыязда" деди. Сасык саясатка аралашкысы келбесе эмнеге парламентте отурат?
 
Сессияга ар дайым кечигип келет да, эрте кетип калат. "Ата Мекен" атасынын кадыры деп кызын алып келгени менен, Ширин айым атамекенчилерге кадр болуп, кадыр алып келе алган жок. Тескерисинче кадырын кетирип, парламент ичинде "уйкучу" депутат атыгып жүрөт.

Өмүрбек Текебаевди Кадыржан Батыров менен жакын экени, Кадыржан Батыров апрелден кийин эркин куралданып алып митинг өткөргөндө кой деген кожо чыкпаганы айтылды. Аны Текебаевге таянып, Асылбек Текебаев менен биргеликте Жалал-Абадда сайран куруп жүрүп, кутуруп кеткен дешти. Ошонун кесепетинен кур дымак топтоп алган Кадыржан Ошту каратам деп чыккан. Ош коогалаңынын чыгуу себепкерлеринин бири Текебаев катары айтылып келет. Буга Текебаев териккен жок. Сөзгө тапан киши да, жөн калбай, "Батыров убагында "Ак Жол" партиясынын лидерлеринин бири болгон. Демек, акжолчулар күнөөлүү деген ойун ортого койуп жоопкерчиликтен алыстады. Мына сага кызык!
 
Ошол июнь коогалаңынын алдында бир тууган иниси Асылбек Текебаев Батыровдун жанынан чыкпай жүргөнүн жумурай журт билет. Ошого карабай караманча каршы туруп актанып атат. Бул жагынан алдына киши салган жок. Кезектеги сөзү "Бакиев жана бакиевчилер (Камчы Ташиев ж.б. парламентте отурган Бакиев кезиндеги иштеп калгандарга) апрелде көп кишинин канын төктү. Түштүктү бөлүп алам, элдин канын төгөм деп убада кылган. Ошту ошол эле уюштурду, айткан сөзүн аткарды. Коогалаңда элге автомат тараткандар кимдер эле, ошолор жоопко тартылыш керек" деди Текебаев. Бирок, бир да жолу кечирим сурап, ийилип койгон жок.

Жылдыз Жолдошева ачык Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн күнөөлөп, тастыктаган видео даярдап келди. Көп чындыкты камтыган видео тасма, өзбектердин бир жактуу даярдаган "чөөнүн сааты" тасмасына жооп болгон. Бирок, мында да саясий кызыкчылык жок деп айтууга кыйын. УӨ мүчөлөрү, айрыкча Текебаевдин былыктарына басым жасалып, Ташиев менен Жолдошова аябай эле баатыр катары көрсөтүлгөн. Депутаттык комиссия көп жагынан чабалдык кылып, жыйынтыгы жөн гана баяндамага айланып, бүтүм чыккан эмес. Жолдошева журналисттерге даректүү тасманын дискин жана комиссиянын жыйынтыгын таратты. Депутат Нарматова Убактылуу Өкмөттү сынга алып, кудай алдында жооп берсин, өзүңөрдүн абийириңерге койдум деди.

Жаны тынбай тыпылдаган депутат Талиева улам микрофонго чуркай берип тажаган жок. Оңтойун келтирип, орунду сөз чыкпагандан кийин, ТВдан көрүнүп калуу далалаты жакшы деле эмес экен. Кээде ойлоп кетесиң, оозун ачып отурган депутаттарга караганда күңк-мыңк деп тургандар жакшыбы деп. Андай десең айрым айкырып чыккандар маанилүү маселе деле көтөрө албайт. Көбү өзүн көрсөтүп "ачко" топтогондун гана амалын кылышат.
 
Асман пресс

 

 

Жакында бошогон "Республиканын" энчисиндеги маммүлк министринин ордун Атамбаев "Ар намыска" бергени атыптыр. Коалициялык өкмөт курамына киребиз деген арнамысчыларды "Ата Журт" менен "Республика" партиясы жерип, кошпойбуз деп башбакандын колтугуна суу бүркүп аткан экен, эми так текедей эле секирип атат дейт. Бабанов басып алган жерин оңой менен берчү эмес эле…
 
Асман-пресс

 

 

 Ошто 12-июнда нөшөрлөп жааган жаандан жана катуу шамалдын кесепетинен 4 авариялык электр өчүрүүлөр болду.
 
ӨКМ басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, авариялык өчүрүү жогорку вольттогу линиялардын кыйрашынан улам болуп, Черёмушки, ХБК участкасында, Огсур жана Ноокат райондору электр жарыксыз калды.
 
Ош шаардык мэриянын транспорт жана өнөр-жай бөлүмүнөн билдиргендей, аварияга учураган линияларды кайрадан калыбына келтирүү иштери башталды.
 
Баракелде
 

 

 

 Эгерде чын эле кыңыр иш кылып, ичип-жеген болсом, анда кайсы арыма Бакиевдин бийлигине оппозицияга чыгат элем?! Саясый принцибим үчүн мага каршы ар кандай аракеттерди көрүштү. Атүгүл менин балдарыма, 80 жаштагы апама чейин иш козгошту.


Жийде Чолпонкулова, Бишкек шаарынын тургуну:- Иса мырза, мен Бишкектеги балдар үйүндө тарбиячы болуп иштейм. Мэриядан маянабызга кошумча акча төлөнүп берилчү. Жакында сиздин буйругуңуз менен кошумча акча алынып салыныптыр. Кайра калыбына келеби? Ансыз айлыгыбыз өтө аз. Ал сумма менен иштөөгө мүмкүн эмес?

И.Ө.: - Биринчиден, мен андай буйрукка кол койгон эмесмин. Экинчиден, азыр бардык тармакта иштегендердин айлыгы көбөйүп жатат. Ошого байланыштуу кайрадан эсептөө жүргүзүлө баштайт. Себеби мурдагы суммада төлөй берсек, бюджеттеги акча жетпей калышы мүмкүн. Акча ченелүү да.

Назира Абдырашитова, Көк-Жар жаңы конушунун жашоочусу:- Иса Шейшенкулович, биздин жаңы конуштагы Шоокум көчөсүнө асфальт төшөлмөк. Ага жолду даярдап да коюшкан. Бирок кылынбай турат. Ушул жол быйыл бүткөрүлөбү?

И.Ө.: - Сметага кирген, АРИС программасынан 8 млн. сом бөлүнгөн. Буюрса, быйыл бүткөрөбүз.

Ырысбеков Азимбек, Бишкек тургуну:- Сиз мэр болуп келгени мэрияга караштуу 86 муниципалдык кызматкерлердин 55и ар кандай себептер менен жумуштарынан бошотулуптур. Сиз муну эмне менен түшүндүрөсүз?

И.Ө.: - Бардыгы болуп шаардык мэриянын алдында 7742 муниципалдык кызматкер бар. Анын ичинен 1460 кызматкер түздөн-түз муниципалдык кызматкерлер. Жумуштарынан кеткендердин 39у өз ыктыярлары менен кетишкен. Ал эми калган 42 кызматкер 8 миңге жакын кызматкердин алдында табигый көрүнүш, мыйзам ченемдүү эле нерсе. Мэр болуп келгени эч кимге тийген жокмун. Тескерисинче, кадрдык өзгөртүүлөрдү кылбай, эски аким, жетекчилер менен иштеп жатат деп мени сындашкан. Бир жыл ичинде жетекчилердин тажрыйбасын, компетенттүүлүгүн көрдүк. Ошого жараша айрымдарын бошоттук. Укук коргоо органдары тарабынан иш козголгон жетекчилер да кызматтарынан четтетилди.

Айгүл, Бишкек тургуну:- Сиз "Акыркы коңгуроого" арналган концертке мектептерде мажбурлоо жолу менен акча жыйналгандыгы боюнча маалыматыңыз бар беле? Менин кызым да ошол концертке барып келди эле.

И.Ө.: - Менин толук маалыматым бар бул боюнча. Быйыл 10 миңге жакын бала мектепти бүттү. Анын 180и өзгөчө артыкчылык аттестат менен аяктады. Анан бүтүрүүчүлөрдүн баарын чогултуп, куттуктап коелу деп чечтик. Спартак стадионунда концерт өткөрдүк. Россиядан "Градусы" тобу чакырылды, кыргыз эстрада жылдыздары катышты. Окуунун мыктылары бекер киришсе, калгандары 200 сомдон төлөп көрө алышты. Өз ыктыярлары менен гана ал концертке барышты. Эч кандай мажбурлоо болгон жок. Ушуну бетке кармашып, бизге кара пиар уюштурушту. Бул шаардын мурдагы бийлик башындагылардын колунан келди.

Сиз айтсаңыз, концерт кызыңызга жагыптырбы?

Айгүл:
- Ооба, жакшы болду деп келди.

И. Ө.: - Биздин максат да ошондой болчу. Концертти жакшы уюштуруп, балдардын эсинде калса дегенбиз. Ушундан кыйкым издегендерге түшүнбөйм. Миңдеген балдар дайыма эле Россиядан келген топтун концертин көрө беришпейт да. Өзүңүз ойлоп көрүңүз, Россиядан келген концертти 200 сомдон көрө алышабы? Албетте, жок. Бишкектеги кинотеатрлардан 200 сомго бир кино көрөсүң. Ушул кылганыбызды да көрө албай жатышат. Балдарга арналган гана концерттик иш-чара болчу.

Айгүл: - Бишкектин Гагарин көчөсүнүн абалы аябай начар. Асфальт төшөлүп оңдолобу?

И. Ө.: - Каражат маселеси гана кыйноодо. Ал көчөнүн жолунун абалын билем. Быйыл болбосо, кийинки жылы сөзсүз оңдойбуз. Ага аракетибиз да, ниетибиз да бар.

Канат Аманов, Бишкектин тургуну: - Иса мырза, Ош базарынын тегерегиндеги көчөлөрдү оңдоп жатканыңызды колдойм. Жакшы иш болуп жатат. Айтсаңыз, ушул көчөлөрдүн жолдорун оңдоо иштери канча сом менен бүткөрүлөт?

И.Ө.:
- Ош базарынын жанындагы Киев, Бейшеналиева, Кулов, Рыскулов, Павлов, Зеленый, Токтогул көчөлөрүнүн жолдорун оңдоп, асфальт төшөөгө 290 млн. сом жумшалат. Бул каражаттын бардыгы негизи республикалык бюджеттин эсебинен болушу керек. Азырынча бизге 100 млн. сом бөлүнүп берилди. Өкмөт калганын бөлөбүз деген убадасын берген.

Таалай Асылбеков, Бишкек тургуну:- Күрөңкеев көчөсүндө мурдагы президент Бакиевдин экинчи аялына тиешелүү чоң аянттагы жер бар экендигин мурдагы мэр Нариман Түлеев айткан эле. Ошол жердин тагдыры эмне болду? Мэриянын балансына кайтарылдыбы?

И.Ө.: - Ал жерлердин жаңы ээлери табылып жатат. Тагдыры эмне болгондугу белгисиз. Тактап, жообун берейинчи.

Салкынбек Маматов,
Бишкектин тургуну:- Мэр катары сиздин айлыгыңыз канча? Кандай машинада жүрөсүз?

И. Ө.: - Бир айлык окладым 17,500 сом. Эски үлгүдөгү эле Мерседес. Мэриянын балансында турган автоунаа.

- Бизнесиңиз барбы?

И. Ө.: - Эч кандай бизнесим жок.

Тимур Абдылдаев, Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну:- Сизди бир эмес, 4-5 жансакчылар менен жүрөт дешет. Эмне, коркосузбу?

И.Ө.:- Ооба, 3-4 жансакчым бар. Кызматыма байланыштуу күнү-түнү жүрөбүз. Митинг, пикет сыяктуу чыр-чатактардын чордонунда болууга туура келет. Дегеле кандайдыр бир кырсык, кокустуктардан оолак болуу үчүн жансакчыларды алып жүрөм. Бул балдар мени менен оппозицияда да бирге болушкан. Кыргыздын патриот жигиттери. Мен бир Кудайдан гана корком.

Т.А.: - Дагы суроом бар. Өзүм Бишкектеги батирлердин биринде турам. Жер алып үй салсам дейм. Бишкектен кантип жер алсак болот. Жаш үй-бүлөлөргө кандайдыр жеңилдиктер барбы?

И.Ө.: - Бүгүнкү күндө ички миграциянын эсебинен Бишкекке келгендер көп болуп жатат. Алардын арасында жаштар да, улуу муундагылар да бар. Баарына тең Бишкектен жер берүүгө мүмкүн эмес. Каттоосу Бишкекте болгондор жер алуу үчүн кезекте турушат. Бирок мен бир жылдан бери 1 сотых да жер бербедим. Себеби бергенге жер жок. Азыр көп кабаттуу үйлөр үчүн гана жер беребиз. Эгерде шаардык структурада иштесеңиз, анда кезекке туруп көп кабаттуу турак-жайлардан үй алсаңыз болот. Ал үчүн Бишкекте иштеп, каттооңуз ушул жерде болуусу керек.

Касым Аракеев, Бишкек тургуну:- Иса Шейшенкулович, алдыда президенттик шайлоо. Кимге жан тартасыз? Өзүңүз мүчө болгон партияны колдойсузбу?

И.Ө.: - Эч кимге жан тартпайм. Парламенттик шайлоодо да тигил же бул партияны колдогон жокмун. Эгерде андай болсо коомчулук айтып, жазып чыкмак. Шайлоо өнөкөтүндө бийлик башындагылар калыс позицияда болушу керек. Билесиздер, мурдагы ызы-чуу, нааразычылыктардын бардыгы шайлоодон чыгып келген. Ошондуктан ар бир талапкер өзү гана мыйзамдуу түрдө үгүт иштерин жүргүзүп, мамлекеттик бийлик бутактарын аралаштырбашы кажет.

- Шайлоо акыйкат өтөөрүнө ишенесизби?

И.Ө.: - (күлүп) Мен муну айтпай турайын. Убагы келгенде көрөбүз...

Шамшиев Азамат, Ала-Тоо жаңы конушунун тургуну:- Иса мырза, Ош базарынан чыгарылып жаткан сатуучулар "Дордой-Дыйкан" базарындагы жаңы орундарды 1,5 миңден 3 миң долларга чейинки баада сатып алып жатышат. Бул сумманын жарымы сиздин капчыгыңызга түшөт экен. Ушул чынбы?

И.Ө.:- Андан кудай сактасын. Мен андай нерселерге аралашкан эмесмин. Аралашпайм дагы. Менин таза иштеп келатканымды убакыт көрсөтөт.
3 миң долларга чейин сырттан келгендерге берилип жатат. Базардын ичинде орундары, контейнерлери барларды алты айга чейин арендалык төлөмдөрдөн бошоттук. Ушул эки нерсени аралаштырбасак. Менчик ээси сатабы, коебу, өзү билет. Ал эми Ош базарынан чыгарылып жаткандардын тизмелерин так аныктап, анан көчүрүп жатабыз.

Чыныбаева Канымбү, Көк-Жар жаңы конушунун тургуну:
- Иса Шейшенкулович, мен сиздин Ош базарынын тегерегин тартипке келтирүү аракеттериңизди колдойм. Шаар таза болушу керек. Акүй болсо Ош базарынын кеңсеси болуп калды. Ош базарына байланышкан маселе каралса эле Акүйдөгүлөр ызы-чуу болуп жатып калышат. Акүйдөгүлөрдүн Ош базарынан башка карай турган маселеси калбай калды беле?

И.Ө.: -Рахмат, туура айтасыз. Жашырганда эмне, Акүйдө отурган айрым аткаминерлердин Ош базарында кызыкчылыктары болуп жатпайбы. Бизнестери бар экен, ортого түшүп жатышат. Мен кандайдыр тоскоолдуктарга карабай, принципиалдуу түрдө Ош базарына байланышкан маселени аягына чыгарам.

Ренат Ашырбеков, Бишкек
тургуну:
- Иса мырза, Бишкектеги Тоголок Молдо-5 дарегиндеги 5 сотых жер Шамбетов (сиздин уулуңуздун классташы) дегенге кафе куруу үчүн 45 000 сомго берипсиз. Буга эмне дейсиз?

И.Ө.: - Менин баламдын классташы экен деген маалыматты Интернетке чыгарган. Бул кара пиарлардын дагы бири. Шамбетов деген менин балам менен окуган эмес. Ушул эле суроону саясатчылар дагы беришкен. Балам №24 мектепти бүткөн. Ишенбесе ошол жылы аяктаган балдардын тизмеси менен деле таанышса болот. Шамбетов дегенди таппайт. Бул эми көралбастардын ойлоп чыгарганы болсо керек. Дагы баса белгилеп айтайын, андай нерселерге аралашпай иштеп келатам.

Чолпон Асанбекова, Бишкек тургуну:- Иса Шейшенкулович, социалдык ипотека деп көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Ошол үйлөргө быйыл документтерин тапшыргандар жыл аягына дейре кире алышабы?

И.Ө.: - Былтыр документтерин тапшыргандар кире башташты. Ал эми быйыл башталган үйлөр 8-кабатка чейин тургузулуп калды. Ишенбесеңиздер барып көрсөңүздөр болот. Буюрса, жыл аягына дейре бүткөрүлүп калат. Мында эч кандай сыр жок. Ал үйлөр ипотека аркылуу негизинен мамлекеттик органдарда иштегендерге берилет. Жеке секторлордо иштегендерге да бергенге аракет кылабыз.

Айтикеева Эльмира, Бишкек тургуну:- Мен Бишкектин Свердлов районунан жер тилкесин алууга кезекте турам. Ал жакта номерим бар. Бирок, барсам эле кезегиңиз келе элек деп жооп беришет. Жерди качан беришет, билбейм. Ошол ала турган жеримди ипотека аркылуу көп кабаттуу үйгө алмаштырсам болобу?

И.Ө.: - Ар жылдын аягында барып тактап туруш керек. Эрежеси ошондой. Чынын айтканда, жеке үй курууга жер калбай калды. Азыр эч ким албай жатат. Өткөн жылы бир топ адамдар басып алуу ыкмасы менен жерге ээ болгулары келишкен. Ага жол бербедим. Сиз кезекте турат экенсиз. Сабыр кылып күтө туруңуз, кезеги келгенде аласыз. Эгерде ипотекага алмаштырам десеңиз, ага мүмкүн. Шаарда каттоодо туруп, мамлекеттик органда иштесеңиз, келиңиз, ипотекага жардам беребиз. Вице-мэр Дүйшөмбиев Бакытка кайрылыңыз.

Өмүрбеков Айбек, Бишкек тургуну:- Иса мырза, мурдагы мэр Нариман Түлеев Иса Өмүркулов менден үлгү алып, мендей жакшы иштегенге аракет кылып жатат деп айтып жүрөт. Чын эле андан үлгү алып жатасызбы?

И.Ө.: - Анын иштегенин үлгү тутсам, анда Бишкектеги калган жерлердин баарын сатышым керек. Жолдун бойлоруна, парктарга үйлөрдү салгандарын, жерлерди сатканын туурабай эле койдум. Менин өз жолум, иштөө принцибим бар. Тажрыйбам, билимим жетишерлик. Нариман Түлеевден эч нерсе үйрөнгүм келбейт.

Акматов Асанбек, Бишкек
тургуну:- Иса Шейшенкулович, сизге "Кыргызтемиржол" ишканасын жетектеп турганда 60 миң долларды жеп койгон деген кылмыш иши козголду эле. Ошол иш эмне болуп аяктады?

И.Ө.: - Эгерде чын эле кыңыр иш кылып, ичип-жеген болсом, анда кайсы арыма Бакиевдин бийлигине оппозицияга чыгат элем?! Саясый принцибим үчүн мага каршы ар кандай аракеттерди көрүштү. Атүгүл иш козгошту. Эч жерде иштебеген балама да эки жолу иш козгошту. Алардын баары далилденгенде мени камап коймок. Мени "сындырып", кысым көрсөтүү үчүн бардыгын жасашты. Үйүмө эки жолу граната да ыргытышкан. Айрымдарга окшоп коркуп, үркүп чет өлкөгө качып кеткен жокмун. Принципиалдуу түрдө аягына чейин турдум.

Алибай Мамбетсариев, Бишкек тургуну:- Иса мырза, учурда Топчубек Тургуналиев Бишкектин атын Манас кылып өзгөртүү демилгесин көтөрүүдө. Шаар башчысы катары буга көз карашыңыз кандай?

И.Ө.: - Мен дегеле шаардын, көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүгө караманча каршымын. Бишкектин өз тарыхы бар. Бишкек деген шаар бар экенин дүйнө эли билип калды. Мындай өзгөртүүлөр бюджеттен кошумча чыгашаларды гана талап кылат. Андан көрө элдин турмушун оңдоп, экономиканы көтөрүп алалычы. Анан бул жөнүндө ойлонсок болот.
 
De - факто

 

 

 

Бакиевдер Кыргызстандан качып кеткени ырас. Бирок, алар менен бизнесин бирге жүргүзгөндөр өлкөдө кала беришти. Ал эми жүр деген жагына жүрүп, куйругун такымга баса кызматын кылып, камчысын чаап бергендер болсо кожосунун артынан кошо качышты.
 
Максим менен бизнестин битин сыгышкан өнөктөштөрүнүн арасынан Өмүрбек Бабанов менен Осмонбек Артыкбаевди бөлүп кароого болот. Булар эми Атамбаев менен ымала түзүштү. Бир гана максатта - ишкердигин сактап калуу, улутташтыруу куюнуна кабылып калбоо үчүн гана. Ага чейин, Убактылуу өкмөт Бакиевдерге эч бир тиешеси болбогон эле мүлктөрдү өкүмзордук менен улутташтырып атканда унчукпай тынч отурушту.
 
Кыргызстанда иштөөгө уруксат алыш үчүн ишкерлер Максимге төлөп турчу салымдарды төлөгөндөн тышкары Бабанов менен Артыкбаев аны менен кандай бизнес жүргүзүшкөн?

Бабанов бизнесин сакташ үчүн бирде Максимди сатып Атамбаевге оосо, бирде Атамбаевди чанып Максим тарапка ыктап тургандыгы менен белгилүү. Максим менен Өмүрбектин биргеликте жүргүзгөн эң ири бизнеси күйүүчү-майлоочу майлар менен байланыштуу экендиги эбактан бери айтылып жүрөт.
1.Нефть азыктары менен камсыздоочу жана сатуучу БиТэкОйл, Investment Trading Oil, Aero Fuel Service компанияларынын 50 пайызы Бабановго, 50сү Максим Бакиевге тиешелүү болгон.
2.Валерий Хондон тартып алышкан, базанын ижарасы менен иш алып барган “Атэк Ойл” компаниясынын да жарымы Макска, жарымы Бабановго таандык болгон.
3.Lasner Assests (май куюучу комплекс) аттуу компаниянын 50%ына Бабанов, 50%ына "Авиа Трейд Инвест" ишканасы аркылуу Максим Бакиев ээлик кылган.
 
Эми Бабанов Максимдин өлкөдө жоктугунан пайдаланып, баарын өзүнө тартып алды. Бизнес бөлүштүрмөйдү күйүүчү-майлоочу майлар жаатында эле эмес, банкрот кылып туруп өзүнө каратып алыш үчүн банк тармагында да баштады. Мисалга, ошол эле АУБ анын ишараты жана Бактыгүл Жээнбаеванын колу менен банкротко учуратылды. Мунун түпкү максаты бабановдук "Кыргызстан" банкын өлкөдөгү эң ири банкка айландыруу. Биринчиден, АУБ жоголсо күчтүү атаандаш да жоголот. Экинчиден, сызга отургузулган АУБдун мүлктөрүн болбогон акчага сатып алса болот.
 
Максим менен биргеликте самандаган акча тапкан Бабанов азыр 1-вице-премьер. Бийлиги да, байлыгы да кол астында. Анын көп миллиондогон акчалуу обьектилеринин бири да улутташтырылган жок.
 
Осмонбек Артыкбаев да Максим менен жигердүү катышып турган. Өткөн жылы ал энергетика министри эле, азыр эми алтынга жакын барды. Б.а., мамлекеттик "Кыргызалтын" ишканасын жетектеп жатат. Осмонбек Артыкбаев Атамбаевди ара жолго таштап, депутаттыктан айнып, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан кеткенден кийин Максим менен мамиле курууга өткөн. Андан соң кенже Бакиев менен биргеликте фармацевтика жаатындагы "Неман Фарм" аттуу компанияда иш алып барат. Артыкбаев Максимдин жетим жүгүрүгү, же бир кеп-кеңеш берчүсү эмес, килейген өнөктөшү болгонуна карабастан анын мүлкүн да улутташтырышкан жок.
 
Алар биргеликте мындай бизнес жүргүзүшкөндүгү айтылып келет:
1.Неман-Фармо ЖЧКсы. Мында Артыкбаевге компаниянын 70%ы, ал эми Максимге "Под ключ" ЖАКы аркылуу 30%ы таандык болгон.
2. "Амальтея" ЖЧКсы. Мында Артыкбаев компаниянын 20%ына ээлик кылса, Макс дагы эле "Под ключ" ЖАКы аркылуу 80%ды көзөмөлдөп турган.

Максимдин чыныгы өнөктөштөрү өлкөдө калып, анын ишин кошо жүргүзүшүүдө. Ал эми керектен чыгып, Макс мына-мына борттон ыргытам дегендери куугунтукка алынууда. А керек болгондору болсо дале иш үстүндө, ат үстүндө. Колдорунда бийлик.
Булак: “Кереге” гезити, №2, 8-июнь

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаевага
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Ш. Атамбаевге
Жогорку Кеңештин   төрагасы А.К. Келдибековго
 
 
Биз Жалал-Абад шаарынын тургундары Сизге төмөнкү маселе боюнча кайрылабыз:
 
Баарыбызга белгилүү 2010-жылы 7-апрелде үй-бүлөлүк башкаруу режими кулап, Жалал-Абадда да бийлик алмашылган. Ошондо адегенде шаарга Медер Үсөнов мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганда бир учурда мэрияда аппарат жетекчи болуп, бирок ал кызматынан четтетилген Таштанбек Асылбеков жер талашкан аялдар менен мэрияны басып алганда    ал жоопкерчиликти алуудан баш тартып,анын ордуна   Максатбек Женбеков 14-апрелде келген.
 
Андан бери бир жылдан ашык убакыт өттү. М.Женбеков   2010-жылдын апрель, май-июнь айларындагы саясий окуяларга жана шаарыбызда болуп өткөн баш аламандыктарга карабастан жанын үрөп иштеп, эл менен биримдикте тынымсыз жолугушууларды өткөрүп, улуттар аралык ынтымакты жана биримдикти сактап калды.
 
Экономикалык кыйынчылыктарга карабай 2010-жылдын жыйынтыгы менен шаар боюнча регионалдык ички дүң продукциянын көлөмү 2009-жылга салыштырмалуу баада 4 млрд. 102 млн. сом түзүп, өсүү темпи 113%ды түздү. Ал эми белгиленген план божомол менен 106,2% аткарылды. 2010-жылдын жыйынтыгы менен 2 млрд 279 млн. сомдук инвестиция тартылды. Экономикалык-саясий оор кырдаалга карабай коррупциялык схемаларга каршы туруп 2010-жылдын жыйынтыгы менен салык жыйноо жана башка төлөмдөрдү топтоо боюнча  365,7 млн топтолуп республикада биринчи орунду ээледи. Өткөн жылы июнь окуясында өрттөлүп, таланып тонолгон шаар азыр мурдагы калыбына келип, ал турсун автобус каттап, фонтандар иштеп, көчөлөр жарык болуп, эс алуучу аллеялар, спорттук аянттар  көп кабаттуу үйлөр курулуп   көркүнө чыга баштады. Булардын баардыгы Сиз башында турган өкмөттүн элге жүзүн буруп кылган ак кызматынын  кыска убакыттын ичинде берген натыйжасы деп эсептейбиз.
 
Ошондой эле шаарыбыздын 2011-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясына 3 млрд. 216 млн. сомдук 56 бизнес долбоорду ишке ашыруу аракети жүрүп жатат. Мында  22  долбоорлор курулуш, транспорт жана коммуникация тармагы боюнча 6 долбоор көп кабаттуу турак жай куруу боюнча жана башка бир топ долбоор, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана муниципалдык тармакты өнүктүрүү боюнча багытталган.
 
Биз бул аракеттердин реалдуу экенине ишенебиз жана алгачкы саамалыктарды көрүп турабыз. Биз ушул катка макул болуп кол койгондор ушул иштердин башында турган шаардын мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Женбековдун эмгеги экенин баалайбыз  жана алдыга койгон максаттардын ишке ашырышын колдойбуз. 
 
Өзүңүз жакшы билесиз акыркы жылдары курулбаган курулуштар, инфраструктураларды жакшыртуу боюнча эч убакта мынчалык иш жасалган эмес. Бул чындык. Тилекке каршы, Сиздер көздөгөн максаттарды жана көрсөтмөлөрдү ишке ашырууда айрым   шаардын тургундары жана этникалык топтор,   реваншисттердин  таасиринен чыга албай даяр оокатка ээ болгусу келген айрым адамдардын, саясий партиялардын шыкагына кирип жаңы бийликти колдогон, жан дили менен берилип иштеген М.Женбековду жаманатты кылып каралоо аракети жүрүп жатат.   Алар М.Женбековду каралоо максатында   этникалык топторду, укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлерин, массалык маалымат каражаттарын жана криминалдык элементтерди аралаштырып,  шаардык кеңештин депутаттарын каршы  коюп,  пайдаланып жатышат.
 
Буга    далил – 2011-жылдын 20-майындагы Жалал-Абад областтык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулары   боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы (Иш №КД-67- 11 УД) Анда М.Женбековго козголгон кылмыш негизсиз экендиги аныкталып, токтотулган. Бирок туура эмес кылмышты козгогон тергөөчү жоопкерчиликке тартылган жок.   Ошондой эле премьер-министридин наамына жазылган «Славянская ассоциациясы» диоспорасынын атынан В.Улеевдин (2011-жыл 26-май №87) жана шаардын айрым тургундарынын катында мэрдин кетишин талап кылып, анын ордуна мурдагы мэр Т.Акамбаевди алып келсин деп кайрылышыптыр. Ал каттар кандай максатты көздөгөнү жана анын артында кимдер турганы ачык эле көрүнүп турат. М.Женбековдун кетирген кемчилиги эле ушул- кыргызча сүйлө, кыргызча жаз деп талап кылганы. Мындай зарылдыкты Роза Отунбаева сиз да айттыңыз, Жогорку кеңештин июнь окуясын талкуулоо боюнча сессиясынын кабыл алган токтомунда да белгиленди. Ал эми массалык маалымат каражаттарында М.Женбековду улутчул, шовинист кылып көрсөткөнү эч кандай чындыкка жатпайт. Ал ошол шовинисттерге каршы күрөшүп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууну талап кылып жатат. Тилекке каршы, эл аралык уюмдардын колдоосуна таянып алып этникалык  топтор - диаспоралар, айрым бей өкмөт уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Токтомдорун танып, чанып, жатыркап өздөрүн дале болсо Россиянын, Өзбекстандын жаранындай сезип келишет.
 
 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамын аткаруудан баш тартууда. Бул жагдай 2011-жылдын 2-3-июнунда сессияда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан ачык айтылды. Биз да аны туура деп эсептейбиз. Ал эми кыргыз тилинин мааниси «Кыргыз Республикасы»  деген түшүнүктөн ажырагыс.   Эгерде  биз дагы эле ошол диаспораларга артыкчылык берип, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө көңүл бөлбөсөк,  мурунку бийликтин кейпин кийип, тымызын реваншисттерди колдогон этникалык топтордун дагы бир чыр-чатакты жаратуусуна шарт түзгөн болобуз. 2010-жылдагы июнь окуясынын келип чыгышынын себептеринин бири - өзбек диаспорасынын атына өзбек тилине статус берүү. Андан кийин автономия түзүү талабы.
 
 Биз бир чындыкты мойнубузга алышыбыз керек, жалаң өзбек тилинде окуган балдардын келечеги жок. Анткени алар Кыргызстанга эле эмес орус ариби менен окугандыктан латын алфабити менен окуган Өзбек Республикасына да барып иштей албайт. Биз орус, өзбек тилине каршы эмеспиз. Ар бир тил өзүнүн табиятына жараша жашоого укуктуу. Бирок мамлекеттик тилди билүү –мамлекеттин биримдиги үчүн зарыл жана мыйзамда ошондой жазылган.
 
Айрымдары  М.Женбековду жаманатты кылуу үчүн 10 млн. сомду өзү билип эле максатсыз  пайдалангандай кылып айыпташууда.  Ал эми ал каражаттардын кандай жана кайсы максаттарга жумшалгандыгы  тууралуу 2010-жылдын 6-сентябрь №4 Жалал-Абад шаардык кеңешинин токтому менен бекитилгендигин эмне үчүн айтышпайт.
 
Жалал-Абад шаарынын эли мурдагы бийликтин учурунда жетекчилерди алмаштыруудан улам башталган иштер аягына чыкпай эки жолку революциянын катышуучуларынан болду. Мыйзам боюнча жетекчи кеминде 5 жыл иштеш керек. Сиздер кыйын кезде келип элдин башын бириктирип, стабилдүүлүктү орнотуп койгон учурда бийликти тартып алуу аракетине жол берип койсоңуздар, дагы күч келип ушинтип уюштуруп тартып алса болот экен деген ойго өбөлгө (прецедент) болот. Сиздер жергиликтүү бийликтин ээлеринин иштешине шарт түзүңүздөр. Ал эми М.Женбековду каралап, жаманатты кылып жазган каттар барып жатат, ага ишенбеңиздер. Алар уюштурулган каттар.
 
2011-жылдын 26-майында Жалал-Абад шаарынын мэри өзүнүн аткарган иштери тууралуу шаардын тургундарына кеңири отчет берди жана ал коомчулук тарабынан жактырылды. Ошондуктан шаардыктардын колдоосун Сизди кабыл алат деп терең ишенебиз.
 
М.Женбековдун шаардагы аткарган иштери боюнча көз карандысыз топтор аркылуу сурамжылоо жүргүзсөңүздөр да болот. Анткени карапайым эл М.Женбековдун ишин көрүп жана баалап жатат. Ошондуктан М.Женбековдун тегерегиндеги жаманатты кылуу компаниясын токтотуп, шаардын социалдык-экономикалык иштөөсүнө колдоо көрсөтүңүз. 
 
Ырас,  2010-жылдын июнь коогалаңынын бир жылдыгына  карата ар кандай кооптонуу болгон. Бирок сиздердин жана шаардын мэри М.Женбековдун аракети менен элибиз сабырдуулукту ыйык тутуп, бирин - бирин ынтымакка чакырып, тынч өткөрүштү. Буюрса, мындан ары ынтымагыбыз улана берсин.
 
Сизге алдын ала терең ыраазычылыгыбызды билдирип, элдин үнүн угуп, эл ишенген жетекчини колдоп берет деген чоң үмүттөбүз.  
 
Жалал-Абад шаарынын тургундарынын атынан кабарчы Орозалы Карасартов

 

 

Бишкек, “Sayasat.kg”. 10-июнда бийликтин (президенттик администрация, өкмөттүн) демилгеси менен республиканын булуң-бурчтарында, ири шаарларда түштүктө орун алган кандуу окуялардын 1 жылдыгы белгиленди. Р.Отунбаева, Ө.Текебаев, А.Келдибеков Ош, Жалал-Абадда, А.Атамбаев, Ө.Бабанов Бишкекте бир катар иш-чараларга катышты.
 
Негизги иш-чара Ошто болуп өттү. Биринчи көзгө урунганы, жолугушуунун жасалма өткөнү болду. Чогулгандар алдында президент сөз сүйлөп, өзүнүн позициясын билдиргендей болду. Бир да адамга өз оюн ачык билдиргенге мүмкүнчүлүк берилген жок. Бийлик төбөлдөрү негизинен июнь курмандыктарынын жакындарына үй салып бергенин, Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө миллиондогон каражаттар жумшалгандыгынан өздөрүнө “пиар” жасоого аракеттеништи. “Санпа” пахта тазалоо заводунун алдында курмандыктардын элесине арналган эстеликтин фундаментин түптөө иш-чарасы болуп, ага спикер А.Келдибеков менен “Ата-Мекен” фракция лидери Ө.Текебаев катышты.
 
Ош менен Жалал-Абад облусунун калкы бул иш-чаралардын бирин да жүрөгү менен кабыл албады. Бийликтин салып берген тамына карап да коюшкан жок. Анткени, бул бийликтин тикелей милдети, андан “пиар” жасабай эле коюшса болмок. Бул күнү эл бийлик өкүлдөрүнөн жөнөкөй гана суроого жоопту күтүшкөн: биздин балдарыбыз, кыздарыбыз, атабыз, ага-ини, эже-сиңдилерибиздин өлүмү үчүн кимдер күнөөлүү, эмнеге алар жазасын алышпайт? Анан да, бир жыл мурда түштүктү өрт чулгаганда булар кайда жүрүштү эле?
 
Чындыгында, Ош окуясы 20 жылдык тыныгуудан кийин кайра кайталанганда, Отунбаева баш болуп, Убактылуу өкмөттүн бир да мүчөсү басып бара алган эмес. Муну калың калк абдан мыкты билет. Дал ошондуктан, булардын түштөн кийин эр болушуп, түштүккө үстөккө-босток каттап калганы эл ичинде терс реакция жаратты. Коогалаңдын 1 жылдыгында сүйлөгөн сөздөрү да колдоого алынбады. Анын ордуна, “кайсы бети менен ушул жерге басып келишти?”- деген суроолор жаңырып жатты.
 
Бул күнү карапайым адамдар түштүк коогалаңын басууга чоң салым кошкон эр жүрөк саясатчыларды күткөн. “Камчы баатыр эмнеге келген жок?” – дегендер көп болду. Ушул суроону биз депутат К.Ташиевге бергенибизди ал төмөнкүдөй жооп узатты:
 
- Бүгүнкү күндө түштүктөгү окуялардын келип чыгышына бийликтин катыштыгы бар экендиги бир нече комиссия тарабынан далилденди. Эл кайгылуу окуялардын туткунунда калганда, булардын бири да ошол жерге басып бара алган жок. Күнөөнү башкаларга оодарып, өздөрү суудан кургак чыккысы келип жатканы да жашыруун эмес. Эл билет, кимдин канчалык күнөөсү бар экенин. Ошондуктан, мен булар менен бир катарда туруп, бийликтин “пиар” акциясына катышкым келген жок. Эсиңиздерде болсо, мен түштүктү жакында эле кыдырып чыккам. Бийликтин колу жетпеген көп аймактар бар, ошол алыскы айылдарга чейин баргам. Жолугушуу учурунда карапайым адамдар түштүктөгү кыргынды уюштургандарды таап, жазалоо талабын коюшкан. Бүгүнкү бийлик ошол эл талабын аткарбай, аң-сезимибизди таптакыр башка нукка бурууга аракет жасоодо. Бирок, убакты-сааты чыкканда, биз сөзсүз бул окуяларга туура баа берип, коогалаңга катыштыгы бар адамдарды жоопкерчиликке тартабыз. Жеке мен элдин бул талабын аткарууга болгон күч-аракетимди жумшайм.

Бүгүн, 13-июнда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Курманжан Датканын 200 жылдыгына арналган концерт өтөт. Ага бир катар өлкөлөрдүн чыгармачыл жамааттары, филармония солисттери жана белгилүү эстрада ырчылары катышары белгилүү болду.

Кыргызстанда 2011-жыл Курманжан Датка жылы деп жарыяланган. Бул иш-чара ошонун алкагында өткөрүлүүдө. 
 
Азаттык
 

 

АКШ кыргызстандыктарга виза алуу режимин жеңилдетүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Вашингтондо ар жылы өтүп туруучу консультациялык жыйындын биринчи отурумунда белгилүү болду. Ага ылайык, эки тарап тең туристтик, студенттик, кызматтык жана дипломатиялык визаларды берүүнүн жол жобосун дагы оңойлотуу келишимине келишти.

Мындан тышкары америкалык тарап АКШ администрациясы Кыргызстандагы демократияга жана экономикалык реформаларга ар тараптан жардам берүүгө, ошондой эле эл аралык терроризм, маңзат жана курал контрабандасы, мамлекеттик чек араларды бекемдөө жаатында биргелешип кызматташууга ынтызар экенин билдирди.
Азаттык
 

 

«Жаңы Ордо» гезитинин 10-июнда чыккан санында жазылгандай, «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев акыркы бир жыл аралыгында адам таанылгыстай болуп өзгөрдү. Анда айтылгандай, революциялык эйфориянын кучагынан алигиче чыга албай, өзүн дале көктө сезип жүргөнү туурасында нараазы кептер арбын айтыла баштады.
 
«Текебаевдин «мен гана кыйынмын» деген принциби да акыркы мезгилде оголе ашынып, анын кесепетинен «Ата-Мекендин» ички «ашканасынан» ырк кетип, 20 жылдык тарыхы бар партия жардан алыс кулоо коркунучуна кептелди», - деп гезитте жазылып, буга партия лидеринин өзбек лидерлери менен соодалашууга баргандыгы негизги себептеринин бири катары көрсөтүлгөн.
 
Ошондой эле фракциядагы К.Самаков менен болгон уруш эскертилип, Р.Жээнбеков өз алдынча президенттикке аттана турган ниети да кошумчаланган.
 
“Баракелде”

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору  парламент кабыл алган КТРК жана анын Байкоочу кеңеши жөнүндө мыйзамды сындаган билдирүү таратты. Анда КТРК тууралуу мыйзамды кабыл алууда ал жөнүндө коомчулукта жүрүп жаткан талкууга көңүл бурулбаганы, медиа адистер пикири эске алынбаганы жазылган.

 

 

Жогорку Кеңештин мыйзамды экинчи, үчүнчү окууда дароо кабыл алганы шашылыш аракет катары сыпатталган. Уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова мындай маанайдагы кайрылуусун президент Роза Отунбаеванын атына жөнөттү.
Азаттык
 

 

 Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева бир катар мамлекет башчыларына Эгемендүүлүк күнү менен куттуктаган телеграммаларды жөнөттү.

Португалиянын Президенти Анибал Каваку Силва мырзанын дарегине жөнөтүлгөн телеграммада мындай деп айтылат:

«Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Португалия жана португалиялык коомдоштуктар күнү менен куттуктап коюуга уруксат этиңиз.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы салттуу достук мамилелер Кыргызстан менен Португалиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын мындан ары да элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өнүгүп, тереңдей беришине көмөкчү боло берет деп ишенем.

Учурдан пайдаланып, Сизге ден-соолук, узак өмүр, ал эми дос Португалия элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”.

Филиппин Республикасынын Президенти Бенигно Акино III мырзанын дарегине жөнөтүлгөн куттуктоодо мындай деп айтылат:

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Филиппин элин Филиппин Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктап коюуга уруксат этиңиз.

Өлкөлөрүбүз ортосундагы достук мамилелер жана кызматташтык өз ара түшүнүшүүнүн жана колдоонун принциптерине негизделип, ырааттуу өнүгө берет деп ишенем.

Сизге чың ден-соолук, жооптуу кызматыңыздагы ийгиликтерди, ал эми дос Филиппин элине бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”.

Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведевдин дарегине жөнөтүлгөн куттуктоодо мындай деп айтылат:

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Россия Федерациясынын мамлекеттик суверенитети жөнүндө Декларациянын кабыл алынган күнүн майрамдоого байланыштуу ак дилден жана чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алып коюңуз.

Бул күн Россиянын жана анын көп улуттуу элинин тарыхындагы жаңы доордун башталышын жарыялады. Бүгүнкү күндө биз Россияда саясий стабилдүүлүк өкүм сүрүп, экономика туруктуу өнүгүп жаткандыгына жана эл аралык аброюнун артып бараткандыгына күбө болуп келебиз.

Биз Россия качан болбосун өлкөбүзгө ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүп келгендигин жана көрсөтүп келаткандыгын жогору баалайбыз. Кыргыз-россия мамилелери элдерибиздин бакубаттуулугу жана жалпы кызыкчылыгыбыз үчүн өз ара пайдалуу негизде бардык жаатта өнүгө бере тургандыгына үмүттөнөм.

Учурдан пайдаланып, Сизге ден-соолук, ийгилик жана жооптуу жогорку мамлекеттик кызматыңыздагы жаңы жетишкендиктерди, ал эми бир тууган россия элине бейпилдикти, тынчтыкты, бакубаттуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”.
 
Кыргыз Республикасынын Президентинин  басма сөз кызматы
 

 

13-июнда 2010-жылдын июнь окуясын иликтөө боюнча Убактылуу парламенттик комиссиянын төрагасынын орунбасары катары Жылдызкан Жолдошева «2010-жылдын апрель-июнь айларындагы окуялардын жыйынтыктары жөнүндө» деген темада маалымат жыйын өткөрөт.

Өткөрүү  убагы: 13-июнь, 2011-жыл, саат – 12-00;
Өткөрүү орду: Жогорку Кеңештин Басмасөз борбору (Чыгыш зал, 1-кабат)
 
КР ЖК Басмасөз кызматы
 

 
УКМК алдындагы Чек ара аскерлиги Кыргызстандын чек араларындагы  мыйзам бузууларды билдирип туруу үчүн атайын ишеним телефондору иштеп жатканын эскертүүдө.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, Чек ара аскерлигинин кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине кабылган жарандар төмөнкү телефондор аркылуу жетекчиликке кабарлап турса болот: Чек ара аскерлигинин Оштогу башкы штабы: 0(3222) 2-35-62, 0(312) 29-10-02; Бишкектеги башкармалыктын телефон номуру: 0(312) 54-80-40.

Кайрылуулар 3-10 күндүн ичинде каралып чыкмакчы.
Азаттык
 

10-июнь куну Жогорку Кенештин Торагасы Ахматбек Келдибеков башында турган 50дон ашык депутаттар 2010-жылы июнь айында Туштук жергесинде болуп откон коогаландын бир жылдыгына карата Ош шаарына учуп келишти. Тан эрте Спикер А.Келдибеков баштаган эл окулдору жана ММК окулдорун Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков жана шаар мэри Мелис Мырзакматов тосуп алды. Ош окуясынын бир жылдыгына спикер А.Келдибеков жана депутаттардан тышкары мамлекет башчысы Роза Отунбаева, вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов жана Орусиядан, Тажикстандан ж.б. олколордон окулдор келип катышышты.
 
Мында келгендер алгач Ош шаарынын борбордук аянтына жакын жерге июнь окуясынын урматына тургузулган «Эненин коз жашы» аттуу монументалдык композиция аллеясынын ачылыш аземине катышышты. Бул монументалдык комплекс Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтируу жана онуктуруу мамлекеттик дирекциясы тарабынан курулган. 2011-жылдын 10-майында аталган мамлекеттик дирекцияда тендер откорулуп, протокол менен курулуш иштери башталган. Курулуштун жалпы басы 1 млн.453 мин сомду, ал эми ак мрамордон турган монумент 980 мин сомду тузгон. Композицияда откон 2010-жылдын июнь окуясында курман болгон жана дайынсыз жоголгон балдардын энелеринин коз жашы чагылдырылып тургузулган.  Бул монументалдык композициянын автору КРнын суротчулор союзунун мучосу, суротчу-живописчи Алтынбек торогелдиев.
 
Борбордук аянтка чогулгандар алдында соз суйлогон Тогара А.Келдибеков бир жыл мурун болгон капсаландуу окуяда жакындарын жоготкондого кайрат айтып, мындан ары мындай каргашалардын болбошуна бийлик башындагылар кам корушоорун айтты. Ошондой эле бардык улуттарды ынтымакка, ырашкерчиликке чакырды. Андан сон шейит кеткендердин арбактарына багышталып куран окулуп, кыргыз-озбек улутундагы жергиликтуу кал как дасторкон устундо бири-бирине конул айтышты.
 
А.Келдибеков башында турган эл окулдору тарыхый монументтин ачылышына катышкан сон Жалал-Абад облусуна карай жол улады.Облус губернатору Бектур Асанов тосуп алды. Алар окуяда курман болгондорго атап куран тушуруу салтын кылышкан сон, «САНПА» тилкесине карай багыт алышты. Белгилей кетсек, 2010-жылдын 12-июнунда санаадан кетпес «САНПА окуясы» жуз берген. Бул жерде 10 адам курман болуп, дагы 2 адам дайынсыз жоголгон. Жакындарын жоготкон элге конул айтып, аларды сабырдуулукка чакырган А.Келдибеков мындан ары мындай каргашалуу окуялар болуп кетпеси учун саясий элита жоопкерчиликти мойнуна алып, иш алып барышаар айтты. «Эгерде, 90-жылдагы окуяга саясий баа берилгенде, курман болгондордун арбагын сыйлап, аларга монументтерди тургузганыбызда, былтыркы капсаландуу окуя болбойт эле. Ал эми 2010-жылдагы апрель-июнь окуяларына саясий баа берууго милдеттуубуз» деди А.Келдибеков.
 
Андан сон Торага А.Келдибеков баштаган эл окулдору САНПАда курман болгондордун арбактарына куран тушурушуп, окуяга аталып тургузулган эстелик монументти тургузушту. Аталган монументке Мамлекеттик дирекция тарабынан 500 мин сом каражат болунгон жана калганын Жогорку Кенештин депуттары тарабынан берилмекчи. Мындай созду А.Келдибеков оз созундо билдирди.
 
Эстелик монументтин четине келечяекте бак-дарак отургузулуп, атайын сыйынуучу жайга айланат.
Санпа окуясы боюнча шейит кеткендердин жакындарына кайрат айткан Торага монументтин тургузулушуна мында келген ар бир депутаты кол тийгизууго чакырды. Сонунда маркумдарга куран окулду.  

 


Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында “Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды. Ага ылайык, прокурордун санкциясы жана тиешелүү мекеменин башчысынын токтому менен Кыргызстандын абактарындагы олуттуу коркунуч келтирбеген жана өтө оор эмес кылмыштарды жасаган, түрмөдө тартип сактаган жарандар бошотулат.

Мындан тышкары бул мыйзам менен курагы 55 жаштан өйдө болгон аялдар, 60 жаштан өйдө курактагы эркектер, I жана II топтогу майыптар, кош бойлуу аялдар, кылмыш жасап, келтирилген материалдык зыяндын ордун толтургандар эркиндикке чыгышат. Ошол эле убакта өмүр бою эркинен ажыратылгандарга, мурда мунапыстан пайдаланып кайрадан кылмыш жасаган адамдарга, жаза өтөө тартибин бузгандарга мунапыс берилбейт.

Кыргызстанда жалпысынан 17 миңге жакын соттолуучу бар болсо, мунапыс 1500дөн 3 миңге чейинки соттолуучуга берилээри болжолдонуп жатат.
 

 

Бүгүн, 10-июнда парламент төрагасы Акматбек Келдибеков баштаган депутаттар тобу Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Топурак-Бел жергесиндеги “Сампа” пахта тазалоо заводунун жанында түптөлүп жаткан июнь коогалаңынын курмандыктарына арналып курула турган эстеликти түптөө иш-чарасында катышты. Бул тууралуу “Sayasat.kg” маалымат агентчилигине Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынынан кабарлашты.
 
“Өткөн жылдын июнь коогалаңындагы, алтургай соңку Кыргызстан тарыхындагы эң каргашалуу окуя мына ушул Топурак-Бел жеринде болду. Мында сепаратисттик маанайдагы карөзгөй адамдар тобунун колунан 16 адам мыкаачылык менен каза тапкан. Эгерде дайынсыз жоголгондорду кошсок, курмандыктардын саны андан да арбын болуп чыгат”, - деп айтты Ахматбек Келдибеков.
 
Андан сырткары, “Сампанын” айланасынан кандуу окуядан кийин катылып салынган көптөгөн курал-жарак табылганын, мыкаачылык кылмыштын түздөн-түз күнөөкөрлөрү өз жазасын алгандыгын, бирок, ал жазалардын баары чогулуп келип мында кыйылган бир адамдын өмүрүнө да арзыбайт тургандыгын билдирди.
 
“Мен өзүм да коогалаңдуу кезеңде көпчүлүк менен аралаш жүрүп, көптөгөн мекендештеримдин жасаган эрдигине күбө болдум. Алардын канчасынын каны кантип төгүлгөнүн өз көзүм менен көрдүм. Өткөн жыл аралыгында сиздерге окшоп жакындарынан айрылган жүздөгөн адамдар менен жолугуп, ал-жайын сурадым. Ошолордун баары ушундай жаңжалдын эч кереги жоктугун айтат”, - дейт ал.
 
“Апрель жана июнь окуяларынан кийин, эл биримдиги менен журт бүтүндүгүнүн канчалык зарыл экендигине, канчалык аяр мамилени талап кыла тургандыгына дагы бир ирет ынандык. Баарыдан мурда, кыргыз элинин биримдигине, улуттар аралык мамиленин жакшыруусуна өзөгөчө маани берилүүгө тийиш. Баардык көйгөйлөрдүн чечилүүсүнө журт ичиндеги ынтымак менен ырашкерлик гана түрткү берет. Биздин эң талылуу жерибиз да, сыймыктанаар жерибиз да ушунда. Ансыз да араң турган коомдук-саясий абалды курчутуу аркылуу өздөрүнүн жеке мүдөөлөрүн көздөгөн ички жана тышкы күчтөр дагы да жок эмес. Алардын башында журт тынччылыгынан өз кызыкчылыгын жогору койгон саясий шылуундар турат. Кыргыз менен өзбекти гана эмес, алакандай кыргызды кыркка бөлгөндөр да так ошолор. Тагдыр чечээр, ажат ачаар мындай өткөөл мезгилде ачык-айкындуулуктун, акыл-эстүүлүктүн, сабырдуулуктун, түтүмдүүлүктүн болушу шарт”,- деп кошумчалады спикер.
 
Төрага балдарынын, күйөөлөрүнүн, аталарынын, ага-инилеринин ордун жоктотпой, турмуш кыйынчылыгын өз моюндарына алып жаткан маркумдардын жесирлерине, бала-бакырасына, тууган-туушкандарына зор ыраазычылык билдирди: “Топурак-Бел жеринде каны төгүлгөн жарандарыбыздын жаны жаннатта, топурагы торко болсун. Алардын арбагына багышталып орнотулуп жаткан эстелик мекендештерибизди каргашадан алыс болуусун ар дайым эскертип турсун”.
 

 

Түштүк коогалаңынын 1 жылдыгы жакындаган сайын бийликтеги аткаминерлер Ошко тезек кургатпай каттап калышты. Отунбаева июндун башталышында барып келсе, анын артынан Атамбаев жетип барды. Бабанов да түштүктү кыдырды. Адатынча, булардын жолугушууларына дүжүр катышуучулар катышып, сылык-сыпаа сөздөр айтылууда. Береги жакта калып кеткен түштүктүк туугандар “бир жыл мурда кайда элеңер?” деп тамагы айрылганча кыйкырышса да, беттери кызарбады.
 
Бийлик кандуу июнь каргашасынын 1 жылдыгын өткөзүүгө катуу кам көрүүдө. Мунун артында саясий упай топтоп алуудан башка бир да нерсе жок экени белгилүү. Андан тышкары, элдердин достугун бекемдөө шылтоосунда Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын курултайын өткөзүү тууралуу Отунбаеванын буйругу чыкты. Атайын уюштуруу комитети түзүлүп, өзбек улутунун атынан ага Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу улуттук агентчилигинин директору Бахтияр Фаттахов, экс-депутат, президенттин кеңешчиси Бөрүбай Жураев, экс-депутат Махамаджан Мамасаидов жана өзбек улуттук-маданий борборунун вице-президенти Хулькарпаша Сабирова кирген.
 
Билбегендер үчүн: Хулькарпаша – түштүк коогалаңын иликтеген комиссиялардын отчетунда аты-жөнү бир нече жерде көрсөтүлгөн экс-депутат Алишер Сабировдун жубайы. 2008-жылы Мамасаидов өзбек улуттук-маданий борборунун жетекчилигин Жалилидин Салахутдиновго тапшыргандан кийин, Сабирова Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдрасуловдордун катарында вице-президенттикке шайланган. Бул өзбек лидерлеринин мамилеси билинбеген менен өтө тыгыз чырмалышкан. Буларга азыр трибуна берсең, кечэээкисин кайталап чыгышат. Ушундан улам суроо туулат: бул топтогу өзбек лидерлери Отунбаева бийлигинин таптакыр башына чыгып алганбы? Кыргызстанда булардан башка өзбек калбай калганбы?
 
Булак: “Майдан.kg” гезити, №21, 9-июнь 2011-жыл
 

«Ата Журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев «Ачык саясат» гезитине билдиргендей, алгачкылардан болуп алардын фракция Ош окуялары иликтөөгө алынсын деп демилге көтөрүп чыккан.
 
«Ал эми комиссиянын мындай корутундусу мени толук деңгээлде канааттандырбай жатат. Себеби, биз элдин суроо-талаптарына жооп таба алган жокпуз. Туура эмес, так эмес иликтөөгө алынып калды. Бул окуя дагы деле кооптуу абалда. Кайра кайталанбайбы деп чочуп турабыз», - деди Ташиев жана бул окуяларга тиешеси бар адамдарды камоону өч алуу катары баалабаш керектигин кошумчалады.
 
Баракелде