Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 25-апрелде, түндө УКМКнын абагынан эркиндикке чыкты.
Эске салсак, Мадумаров 2023-жылдын 2-сентябрында кармалган. Ага "мамлекеттик чыккынчылык" беренеси боюнча айып тагылган. 2009-жылы Мамлекеттик катчы болуп турган кезинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюп, ал Кыргызстанга караштуу Төрт-Көчө тилкесинин коңшу өлкөнүн карамагына өтүп кетишин шарттаган. Кийинчерээк партиянын кассасынан 50 миң доллар алып өз кызыкчылыгына жумшаганы белгилүү болуп, көз боемочулукка да шектелген.
Ушул жылдын 26-мартында сот Адахан Мадумаровду жогоруда аталган эки айып боюнча тең күнөөлүү деп тапкан. Бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу, жоопкерчилик тартуудан бошотулган. Бирок баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн эмес, 25-апрелге чейин абакта кармоо боюнча соттун чечими күчүндө калган.
Жакында Төрт-Көчө тилкеси кайрадан Кыргызстанга алынганы белгилүү болду. Коңшу өлкө бул тилкеге ээлик кылуусун Мадумаров кол койгон протоколго байланыштырып келишкен жана ар бир жолу тилке үчүн чыккан чыр-чатакта чындык өздөрү тарапта экенин ошол протокол аркылуу далилдөөгө аракеттенишкен. Кыргыз бийлиги протоколдун мыйзамсыз экенин ага кол койгон Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен далилдегени айтылууда.