Бишкек, “Саясат.kg”. Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 22-апрель күнү саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам катуу сел жүрдү. Селдин айылда жашаган элдин чарбачылыгына залакасы тийди. Бул тууралуу бүгүн “Майдан.kg” гезити жазды.
 
Айылдын тургундарынын айтымында, сел эгилип жаткан эгин жуулуп, 1 автоунааны, 2 көпүрөнү алып кеткен. Тоолордо мөндүр кошо жаап калыңдыгы 19-20 см.ге жеткен. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, тоолордо көчкү жүрүп, селдин күчөшүнө алып келген. Натыйжада, коңшу айылдарга кетчү жолду сел жууп кетип, байланыш маселеси келип чыкты.
Кыргызстанда өндүрүлгөн мунайды экспорттого тыюу салуу керек. Мындай оюн бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев билдирди.
 
Жыйында парламент кабыл алган мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салуу боюнча мыйзамга карата Президенттин каршы пикири каралды. Мыйзамга ылайык, тыюу салуу укугу Өкмөткө берилген болчу. Белгилүү болгондой, мамлекет башчысынын каршы пикиринде мындай тыюу салуунун зарылчылыгы жок экени белгиленген. Мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев сунуштаган болчу. Ал 2012-жылдын 9-февралында үч окууда кабыл алынган.
 
К.Ташиев өлкөнүн өзүндө өндүрүлгөн мунайды экспорттого тыюу салуу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. “Өкмөт бул маселени жакшылап талдап чыгышы керек болчу. Айрым учурда күйүүчү майдын баасы ар кандай негизде кымбаттап, же сырттан ташылып келинбей калууда. Ушундай жагдайда калкты өзүбүздүн мунай продуктулар менен камсыздаш керек”, - дейт ал. 
 
Белгилей кетсек, 24-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын отурумунда премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда өндүрүлгөн мунай продуктулары менен калктын керектөөсүн камсыздоого мүмкүн эмес экенин айткан. “Кыргызстанда мунай өндүргөн жападан-жалгыз “Кыргызмунайгаз” ААКысы жылына болгону 30 миң тонна күйүүчү май өндүрөт. Ал эми Кыргызстан жылына 800 миң тонна май керектейт. Мындан тышкары бул ишкана акционердик коом болгондуктан, ал киреше табышы керек. Биз өндүрүлгөн мунай продуктуларынын баасын арзандатып койсок, ишкана пайда көрбөй калат”, - деген өкмөт башчысы.
 
 
 
 
Кабар
Бишкек, “Саясат.kg”. Таш-Рабат соода үйүнүн ижарачылары да өткөн аптада өз көйгөйлөрү менен бөлүшүп, маалымат жыйынын өткөрүштү. “Адвокат” бюросунун өкүлү Ирина Синельникованын айтымында, алар ижара келишимин түзгөндөн кийин кайрадан жүйөсүз жерден ижара акысын көбөйтүп, аны да алдын ала бир нече ай мурун төлөөгө мажбурлашкан.
 
Алардын айрымдары документке кол коюудан баш тартып, адвокатка кайрыла тургандыгын билдиришкенде, коопсуздук кызматкерлери иш орундарына киргизбей, бутиктер жана кафелер жабылган. Ижарачылардын бири Алена Стародубцева «Биз депозитке, жабдууларга, оңдоп-түзөөгө көп каражат жумшаганбыз” – деп нааразылыгын билдирген. Жаңы келишимге баш ийбегендердин соода жайлары менен кафелерин администрация өз ыктыяры менен ачып, жабдууларды өздөрүнө энчилеп алышкан. Алардын пикиринде, «Аида компани» компаниясынын башында турган Инаят Эркиновна «Монте-Карло», «Мэри», «Алтын Казына» сыяктуу бир нече ири оюн ойнотуучу жайлардын кожойкеси. Анын артында кадыр-барктуу адамдар турушу мүмкүн. Ал эми катардагы сатуучулардын көйгөйүн уга турган бийлик жоктой. 
Бишкек, “Саясат.kg”. Таластын Бакай-Ата айыл округунда да өзүмбилемдик өкүм сүрүп жаткандыгын жергиликтүү тургундар айтышууда. Айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Чоюбекова Нурия Узенбековна апрель революциясынан бери бир эле учурда башкы бухгалтер, эсептик бухгалтер жана кассир болуп иштеп, финансы бийлигин жеке менчигиндей башкарып алган.
 
Бакай-Атанын тургундарынын айтымында, анын финансылык катачылыктарын санап олтурса четинен чыгат. Мисалы, мугалимдердин маяналарын өз убагында бербейт. 2011-жылдын 19-декабрында казыналык аркылуу алган акчаны 30-31-декабрда гана берген. Анын ай сайын “мугалимдердин маянасы” боюнча лимиттен тышкары көрсөткөн олчойгон каражатын райондук финансы бөлүмү дагы көрмөксөн. Чоюбекованын бул иштерине айылдык кеңештин депутаты жана катчысы болуп иштеген күйөөсү Алмаз Жакеев менен айыл өкмөт башчысы Турдубаев Карабек Арынович жардам берип жатыптыр. Көзүн май баскан айыл өкмөт башчысынын да кылыктары жетиштүү. Бир эле мисал, ал кызматтык абалынан пайдаланып 2 «Волга» автоунаасын, 1 ГАЗ-52 автоунаасын, ар бири 25 миң доллар турган 18 цистернаны сатып жиберген. Ал эми буларды сатуудан түшкөн каражат айыл өкмөттүн эсебине кириштелген эмес. Бакай-Ата районунун прокурору Исраилов Нурмат дагы анын мыйзамсыз иштерине көз жумуп олтурат. Көрсө, Бакай-Ата айылынын тургундарынын айтымында, булардын мыйзамга жатпаган жоруктарын мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты, азыркы Эсеп Палатасынын аудитору Жусуп Иманалиев калкалайт экен. 
Бишкек, “Саясат.kg”. Жалал-Абаддын Ноокен районунда тракторлор ордун эшектерге бошотуп берип жаткандыгы тууралуу журналист Санжар Эралиев интернет коомчулугуна кабарлады.
 
Фейсбукчу Тынчтык Бек бул сүрөттү көрүп, “дүйнө тарыхында "алгачкы коомдук түзүлүш - феодалдык түзүлүш-капиталисттик түзүлүш" болсо, бизде “алгачкы коомдук түзүлүш - феодалдык түзүлүш - социалисттик түзүлүш, анан кайра - феодалдык түзүлүш" болуп атабы” деген ойго кетти. Ал эми Абдумомун Мамараимов: “бийликтеги профессионалдар кочкорлорго алмашса, талаадагы тракторлор эшектерге алмашат экен” деп такмазага салса, Жалил Сапаров “Кыргызстанды азыр "эшектер" башкарып жатат” деген пикирде. Ошондой эле Shermuhammad Abdug'ofurov деген логиндин ээси сүрөттөгү такыйды “Бабанов убада кылган 7 пайыздык жеңилдетилген насыянын эсебинен сатып алышса керек” деп жоромолдойт.
 
Булак: “Майдан.kg” 
Бишкек, “Саясат.kg”.  “Мурдагы депутат, «Беш-Сары» соода түйүнүнүн башчысы, көмүр сатуу менен байып, зөөкүрлүгү менен атагы чыккан Камчыбек Жолдошбаевдин жоруктары башынан ашып кетти” деп нааразы болгондордун кебин уккан жан жок.
 
Ош базардын соодагерлеринин айтымында, акчасы болсо, айла жок экен. «Беш-Сары» соода түйүнүнүн тегерегиндеги карапайым сатуучуларга өкүм-зордук менен мамиле кылып, базардагылардын баарына кожоюн болуп алган. Анын мыйзамсыз иштерине жооп кайтаргысы келген келинди «бөйрөгүңдү түшүрө тээп салам» деп опурулгандыгына күбө болгондор да бар. Анын өзүмбилемдик саясатына каршы болгон жүздөгөн сатуучулардын «Акүй» алдында адилеттикти талап кылган митингине бийлик өкүлдөрүнүн бири да адатынча көңүл бурган жок. Маалыматтарга караганда, базар тегерегиндеги анын мыйзамсыз иштерине Ленин районунун акими А.Өмүрбекова кол кабыш кылып жатыптыр. Көрсө, базар тегерегине экөө биригип өздүк бизнес ачышат экен. Бир кезде акча менен мансап үчүн адамдык абийирине түкүрүп, өз жердештерин “мага добуш берем десеңер тузга сийип карганып бергиле” деген Жолдошбаев эми аким эми Өмүрбекованын абийирине да көлөкө түшүрүп, жаманатты кылбаса болгону.   
 
Булак: “Майдан.kg” 

Бисмиллаахир Рахмаанир Рахиим! 


Кыргыз Республикасынын Президенти А. АТАМБАЕВге

 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.ЖЭЭНБЕКОВго

 
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.БАБАНОВго

 
Жогорку Кеңештин ДЕПУТАТТАРЫна

 
Президенттик администрациянын Аппарат жетекчиси 
Ж.САТЫБАЛДИЕВге

 
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы 
Ш.АТАХАНОВго

 
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын 
директору А.ЖУМАБАЕВге 

 

 

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, 
Асилбек Шарипович, Өмүрбек Токтогулович! 
Урматтуу депутаттар жана мамлекеттик 
жооптуу жетекчилер! 

 

Биз Кыргызстандын ажы, намазкөй мусулман аксакалдарынын жамааты Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин антикоррупция-лык саясатын бекем колдойбуз, аны туура турмушка ашырып жаткан Азирети Муфтий Чубак ажы Жалиловдун реформалык иштерине ыраазычылык билдиребиз. Анткени, коррупция бир эле учурда өлкөнүн бүт тармагын каптап, мамлекетти да, элди да, динди да кыйын абалга алып келген болчу. Биз намазкөй, ажы мусулман аксакалдар катары Кыргызстандын эгемендикти алган 20 жылдык тарыхында ар жылы ажылыктан чоң чырлар чыгып, элдин массалык тынымсыз нааразылыгына күбө болуп келгенбиз. 2006-жылы биздин 2008 ажыга баруучулар калып кетип, ордуна чет элдик жарандар кетип, чуусу жыл бою басылган эмес. Кайсы бир жылы жүздөгөн ажыга барган биздин жарандар Түркияда, Сирияда калып кетип, мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар министрлиги ташып берген. Ал эми, 2009-жылдагы ажылыкта 292, кийин 2010-жылкы ажылыкта 650 чет элдик жарандар ажылыкка Кыргызстан аркылуу кеткени белгилүү болгон. Ошол жылдары Мамлекеттик дин комиссиясы ажылыкты уюштура коюп, коррупциялык жол менен Иранга 140 "виза" жең ичинен сатылып, "Манас" эл аралык аэропотунда бажы кызматы тарабынан кармалган факт бар. Биз мусулман аксакалдар катары дин тармактагы ал терс көрүнүштөргө уят болуп: "өлкөбүздө жок дегенде дин тармагы таза болсо, анын шарапаты менен Жараткан Аллах-Тааладан бизге ырайым кылып, элге ынтымак-ырыскы берип, өлкөбүз, жерибиз өсүп өнүгөт эле!" - деп эңсейт элек. Элдик апрель революция мамлекеттик коррупцияга катуу балта чапканда, мусулмандар да дин тармактагы коррупцияга катуу таасир берип, 4 ай ичинде адилетсиз жол менен келген татыксыз 3 экс-муфтийди (Кулов Сүйүндү, Нарматов Абдишүкүрдү, Жумагулов Русланды) кызматтан кууп чыккан эле. Ошондон көп өтпөй ошол учурдагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Б. Абдырахмановдун жетекчилигинде, коопсуздук жана күч органдарынын өкүлдөрүнүн, биздин катышуубузда Уламалар Кеңешинде жашыруун жабык добуш берүү менен адилет шайлоо өтүп, ошондо Азирети Муфтий Чубак ажы Жалиловду 90% уламалардын колдоосу менен азыркы жогорку кызматка шайланган. Ошондуктан, Чубак ажы Жалиловдун Азирет Муфтийлик кызматы КМДБ уставы боюнча легитимдүү болуп саналат, ага асылган көрө албастар, эски коррупция тараптар анын кызматын "легитимсиз" деп кууланып жүрүшөт. Ал Аллах-Таалага жага турган такыба аалым, Жараткандын каалоосу экен шайланды. Учурда ал жалпы мусулмандар, эл, бийлик ишенимин Кудай акы так аткарып келүүдө. Жогорку Кеңеш тараптан "ажылыктагы ар жылкы ызы-чууну, тартипсиздикти, уурулукту, коррупцияны токтотуу максатында чыгарган реформалык мыйзамдар, токтомдор толук ишке ашууда. Өткөн жылда ажылык жакшы өтүп, элдин, мусулмандардын алкоосуна, Өкмөттүн "Ардак Грамотасына" татыктуу болду. Билгичтик менен ар жылкы ажылыктагы уюмдашкан мамлекеттик, эл аралык деңгээлдеги коррупцияны жойду - бул оңой-олтоң иш эмес. Азыр ага асылган Кудайдан коркпостор, ошол эски коррупциялык системанын, схемалардын элементтери, саркындылары, "крышалары" экенин унутпоо керек. Азыркы Муфтиятка нааразы бузукулар реформа аркылуу учурда жоюлуп жаткан, мурда мамлекеттик чиновник "крышалар" жардамы менен сырттан кирген: "ашпозчу", "чайканачы", "алып сатар" ж.б. шылуундар. Аларды колдоп коррупционер "крышалары" да аларга кошулуп Муфтият реформасына каршы чабуулга өтүү алдында турат.


Урматтуу өлкө жетекчилери, учурда Муфтияттын реформасы Президенттик жана парламенттик колдоого муктаж, Сиздерди реформаны коргоого чакырабыз!


Адилет, таза бул реформага бут тосуу, каршы болуу, кыйын кезеңде ага кол кабыш кылбоо - бул Кудайга, ислам динине, элге, мусулмандарга, Президенттик антикоррупциялык чоң саясатка, өлкөгө, келечекке душмандык кылуу болуп саналат!


Сиздерди урматтоо менен,

Кыргызстандын ажы, намазкөй мусулман Аксакалдарынын атынан: Пазыл ажы Жайчыбеков, Эшмухаммед ажы Дүйшөнов, Токтобай НазаралиеВ, Молдоахун Жапарбаев, Калыбек Турпанов, Баатырбек Толобеков, Үмөткул Иманкулов, Нарынбек Ботбаев, Эшполот Өсөров, Жолдошалы Мамбеткулов, Шайлоо Өмүралиев ж.б.

"Ата-Мекенден" бөлүнүп калган Абдрахманов Өмүрбек өткөндө "Кыргызстандагы улутташтырылган объектилер жөнүндөгү" мыйзам долбоорун карап жатышкан социал-демократтардын "короосуна" кирип, чукулуп бүтпөй жаткан бакиевдердин дагы бир былыгын чукуп чыкты. Уставдык капиталы миң сом деп жазылган көлдөгү бакыйган "Солнышко" пансионатынын анык ээлери Татьяна Бакиева жана анын курбусу экенин ачыктады. 500 сомун Кукеңдин байбичеси, калган беш жүзүн курбусу менен күйөөсү кошкон экен. 

 

"Фабула"

Борбор шаарда дагы бир наа­разычылык акциясы болуп өт­тү. Бул жолу анын уюш­туруучулары жана анын катышуучулары Президент Алмаз-бек Атамбаев менен Премьер-министр Өмүрбек Бабановго нааразы болушкан оппозиционерлер эмес, Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун өзүм билемдигине каршы чыгышкан жеке үй куруучулар. Эгерде мэр И.Өмүркулов маселеге көңүл буруп, аны мыйзам чектеринде чечүүгө бир аз аракет кылып койсо чынында бул акция болмок да эмес. 


Мэрдин мына ушундай кайдыгерлигинен улам жок жерден пайда болгон проблема боюнча гезитибиздин өткөн санында (17-апрелде) шаар тургуну Жээнбек Олжотоевдин "Менин менчигим качантан бери мэрдин менчиги болуп калган?" деген каты жарыяланган. Бул макалада ал тема улантылмакчы. 


Депутат кезде бирди айткан, мэр болгондо башканы айтууда


Эгерде Бишкектин мэри И.Өмүркулов азыраак убада берип, анан өз ыйгарым укуктары менен кошо милдеттерин да аткара билгенде чынында мындай нааразычылыктын чыгышын алдын алууга толук болмок. 

Азыр шаар башчысына каршы митинг уюштуруу боюнча демилгечи топтун Президент А.Атамбаевге, Өкмөт башчысы Ө.Бабановго жана парламенттин спикери А.Жээнбековго кайрылуусунда айтылгандай, И.Өмүркулов парламенттин депутаты болуп турганда, 2009-жылы 12-сентябрда Алтын Казык жаңы конушундагы документтери жок үй салып алышкан адамдар менен жолугушууда: "Сонун жер турбайбы, үйүңөрдү сала бергиле, документ алып мыйзамдаштырууга мен жардам берем", - деп убада берип кеткен. Андан кийин да эл менен 4-5 жолу жолугушуп, "Биз бийликке келсек, биринчи кезекте силердин маселеңерди чечип беребиз", - деп айткан.


Муну "Жаңы Агым" гезитинин 30-марттагы санында Алтын Казык жаңы конушунун тургуну Асылбек Таштанбеков да тас­тыктайт: "Ошол кезде Иса Өмүркулов оппозициячыл депутат катары Алтын Казык жаңы конушун аралап элге убада берген. Анын "Бул жер сопсонун эле жер турбайбы. Бийлик эмне үчүн элге бербейт. Таштандыны жаап туруп, жерди үй салганга берип койсо, эмне үчүн болбосун?! Эгер биз бийликке келсек, биринчи кезекте таштандыны жаап, ушул жердеги тамдарды мыйзамдаштырып берүүнү өз колума алам" дегени азыр да Алтын Казык жаңы конушунун ар бир жашоочусунун эсинде...", - дейт ал. 


Мэр "эң эпчил депутат" болгонун далилдеп койду. Анткени депутаттар шайлоо алдында, же өздөрүнүн имиджин көтөрүү керек болгондо мындай убадаларды оңду-солду бере берет эмеспи. А иш жүзүнө келгенде... 


Жада калса Арча-Бешик жаңы конушундагы Кривоносов көчөсүндөгү, Муром жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер участокторун жеке үй куруучуларга берүү боюнча Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын 2005-жылдын 12-сентябрындагы №266 токтомунун мыйзамдуулугун тастыктаган өлкөнүн эң жогорку соттук инстанциясы - Жогорку соттун 2009-жылдын 19-октябрындагы токтому турса да жер участокторун азырга чейин бердирбей келет. Эгерде "обончу катындардын" бири ушинтип соттун чечимин сыйлабай, аны аткарбай жатса, анда да түшүнөт элек. Өзү өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органында иштеген, мэр катарында да мыйзамды аткарбоо кылмыш экенин түшүнгөн И.Өмүркулов бул жоругун мыйзамдуу мамлекеттик актылары, курулуш курууга уруксаттары жана долбоорлору бар, өздөрүнүн мыйзамдуу жер участокторуна жете алышпай жаткан карапайым жарандарга кантип түшүндүрөт болду экен? 


Баса, 2010-жылы "Кыргыз Туусу" гезитиндеги "түз байланышта" да ал жер ээлериники туура экендигин айтып, "Бул силердин конституциялык укугуңар, аны эч ким буза албайт" деп жоошутуп кеткен. Же анысын "Кыргыз Туусунун" босогосунан ары аттаганда эле "тарс" унутту бекен?


Мында мэр "өтө акылдуулук кылып" 2010-жылдын 2-декабрындагы №757-б буйругу менен Ленин раймамадминистрациясынын №266 токтому боюнча жумушчу комиссия­сын түзө койгон. Бир айдын ичинде ишин бүтүрө турган ал комиссия арадан бир жарым жыл өтсө да бул маселеде чекит коё элек. 


Мен мурдагы бир макаламда азыркы мэр Иса Өмүркуловду экс-мэр Нариман Түлеев менен салыштырган элем. Анткени Н.Түлеев да ушул маселеге чекит койгондун ордуна комиссия түзө коюп, анысы ишти 2010-жылы Апрель революциясы болуп, өзү мэрликтен айдалып кеткенге чейин созгон. Түлеевдин креслосуна отурган И.Өмүркулов да бул маселени өзү мэрликтен кеткенге чейин созгону жатабы? Орустар айтмакчы, "жаман үлгү жугуштуубу"?

Мэрди кызматтан кетире алышабы?


И.Өмүркуловдун мэрликтен кетирилиши боюнча. Азыр чынында эле айрым кыймылдар тарабынан И.Өмүркуловду мэрликтен кетирүү боюнча сунуштар айтылууда. 


"K-news" маалымат агенттиги билдиргендей, азыр "Менин Бишкегим" демилгелүү тобу И.Өмүркуловдун отставкасын талап кыла башташты. Алар 12-апрелде тараткан кайрылуусунда: "Бишкек паралардын саны боюнча өлкөдөгү эң коррупциялашкан субъект болуп саналат. Коррупция Бишкекте дээрлик бардык чөйрөлөргө кирген...


Бизге белгилүү болгондой, жолдорду курууга жана реабилита-циялоого 419 миллион 654 сом жумшалган. Анын баары 19 жолду реабилитациялоого кеткен. Бирок жыйынтыгында бир жыл өтө элек болсо да ал жолдордун жарымы жаман абалда. 2010- жана 2011-жылдары жолдорду реабилитациялоого негизги тендерлерди бир эле компания - "Грант Старт" ЖЧКсы утуп алгандыгы кызык...


Бүгүнкү күндө шаарда дээрлик тоскоолдуксуз бак-дарактарды, ири парктардагы бак-дарактарды кыюуга жана жерин курулуш үчүн берүүгө болот. Иса Өмүркулов Тоголок Молдо атындагы сквердин аймагында жер участогун кафе куруу үчүн "Грант Старт" ЖЧКсына берүү жөнүндө токтомго кол койгон... Түштүк магистрал менен Ала-Арча дарыясынын кесилишинде парк аймагына кирген 0,5 гектар жер участогу "Датес" ЖЧКсына мыйзамсыз берилген..." - дешет.


Шаар башчысынын отставкасын талап кылышкандардын катары улам көбөйүүдө. Ошол эле "K-news" маалымат агенттигинин сурамжылоосу боюнча сурамжылангандардын 62%ы - "Анын айынан проблемалар дагы көп болуп калды" деп жооп беришкен. 14%ы гана анын ишин оң баалашкан. Бул да И.Өмүркуловдун мэр катарындагы "баркынын" баасы.


- И.Өмүркулов баласы күнөөлүү болгон жол-транспорт кырсыгынан кийин кызматынан өзү кетиши керек болчу, - деп эсептейт саясат таануучу Айнура Арзыматова. - Андан тышкары, ал азырга чейин Ош базарындагы абалды жакшыртуу боюнча өкмөттүк тапшырманы орундата элек. Жолдор боюнча айтып да кереги жок. Мен же И.Өмүркулов эч нерсе жасагысы келбей жатат, же жасай албай жатат деп ойлойм.


Баса, айрым сайттар жазып чыгышкандай, 13-апрелде Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттүн жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Ярмухаммет Оразгулыевдин баласы жол-транспорт кырсыгына тиешелүү экендиги аныкталгандан кийин дароо иштен бошоткон. Негизи цивилизациялуу өлкөлөрдө мындай инциденттер менен байланышкан мамлекеттик чиновниктер өз арыздары менен кызматтан кетишкени салттуу көрүнүш. 


- Элдик нааразычылык максималдуу чекитине жеткенде, Бишкек шаардык кеңеши И.Өмүркуловдун отставкасы жөнүндө маселени ка­роо­го милдеттүү болот, - дейт көз карандысыз эксперт Аида Алымбаева. 


- Бишкек мэринин отставкасы жөнүндө активисттер көтөргөн демилгени толук колдойм, - деп билдирет "ВИГЕНС" укуктук борборунун жетекчиси Владимир Плужник. - Мэрия ведомстволук баш ийүүдөгү көптөгөн кызматтардын ишмердүүлүгүн жетиштүү контролдобойт. Натыйжада калк тарабынан арыздануулар болууда. Өздөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн шаардык кызматтарга кайрылышкан жөнөкөй жарандардын арыздарын кароо процедуралары дайыма создуктурулат. Өткөн жылы ремонттолгон жолдордун сапаты жакшы эмес. Трассалардын көпчүлүгү жараксыз болуп калды. ...жеке өзү да, жардамчыларынын "гвардиясы" менен да, эл менен сүйлөшө албаган мындай шаар башчысынын эмне кереги бар? Мен мындай "жетекчиге" каршымын.

Мэр өзү ушундай болсо, анын кадрлары кандай болмок эле...


Макалабыздын кириш бөлүгүндө жазылгандай, азыр Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын жашоочулары мамлекет башчысына, өкмөт башчысына жана парламент башчысына кайрылуу жасап жатышат. 

Анда 2005-жылы бакиевчил бийликтин убагында мэриянын буйругу менен түзүлгөн Бишкек мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти азыр жеке үй куруучулар менен бийликтин ортосундагы чыр-чатактын келип чыгышына себепкер болуп калганы айтылат. "Бул департаменттин негизги иши шаардын тегерегиндеги жер басып алууларга бөгөт коюу, салына баштаган курулуштарды тартипке келтирүү, салынып калган үйлөрдү мыйзам чектеринде тариздөө жана пайдаланууга берүү болгон.


Тилекке каршы, департамент коюлган милдеттерди так аткара алган жок. Ал карапайым элдин кызыкчылыгын коргоп жардам бергендин ордуна, шаардын мэрлеринин үй куруучуларга каршы аракеттериндеги текшерүүчү жасоол конторасына айланып калган. 


И.Өмүркулов мэр болуп келгени ал шаардагы эң коррупциялашкан мекемеге айланды. Ал шаардык бюджеттен финансыланып, ошол эле учурда райондук мамадминистрациялар тарабынан берилген токтомдордун көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүп, архитектурага тиешелүү болгон жер аянттарынын чектерин аныктоо актысын (акт об отводе) чийип, кара-пайым элдин акчасын жөн жерден эле алууда... 


Департаменттин башчысы С.Болотбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынан: "Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардагы 1000ден ашуун үйдү сүздүрүш керек, калган 5 миңдей документи жок үйлөрүн салып алышкан же Мамкаттоодон жеке менчик укуктары катталган адамдарды жерди мэриядан 4-5 миң доллардын тегерегинде кайрадан сатып алышсын", - деп айтып элди дүрбөтүп жатат", - деп жазылат.


Бул көңүл бурчу билдирүү. Ошол жерлерди 4-5 миң долларга сатып алууга мүмкүн болсо, демек, ал жерлерде жеке үй курууга болот экен да? Анда эмне мэр жана аталган департамент башчысы ал жерлерге социалдык объектилер курулат деп элдин да, өкмөттүн да башын айландырышууда?! 


И.Өмүркуловдун жана анын бул чиновнигинин эсине сала кетсек, жеке менчикке мамлекеттик актыны сот органдары гана жокко чыгара алат. Анда да эгерде ал мыйзамсыз берилсе. И.Өмүркуловго же С.Болотбековго жакпай калгандыгы үчүн эле адамдарды мыйзамдуу менчиктеринен ажырата берүүгө мүмкүн болсо, анда ал экөөнөн жана алардын туугандарынан башкаларда менчик калмак эмес. 


С.Болотбеков мэрдин ишенимине ушунчалык кирген бейм, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун төрайымы Г.Есеналиевага 2011-жылдын 21-июнундагы №10/3741 катында жогоруда аталган Ленин райондук мамадминистрациясынын №266 токтому боюнча жарандар аны анык деп табуу боюнча сот органдарына кайрылып жатышканын айтат. Аны менен бирге: "Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Бишкек мэриясы түзгөн комиссиянын толук жана натыйжалуу иштеши максатында Ленин раймамадминистрациясынын 12.09.2005-ж. №266 токтому боюнча сот иштери жөнүндө толук маалыматты берүүнү, ошондой эле түзүлгөн кырдаалга кийлигишүүнү жана бул токтом боюнча иштин Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда каралышын жеке контролуңузга алууну өтө суранам" (алдын сызган - М.Т.) деп сот органдарынын ишине кийлигише баштаган. Муну менен С.Болотбеков өзүн Жогорку соттун төрагасы сезип кеткендей... 


Катта көрсөтүлгөндөй, бардыгы болуп токтомдон 655 көчүрмө берилген экен. Мэриянын комиссиясы 2010-жылдын 2-декабрынан бери анын 29уна гана экспертиза жасата алган. Бир жарым жылдан ашык убакыттан бери 655тин баарына бирден эмес, эки жолудан экспертиза жасатып чыкса болмок! Же анын башка себептери барбы? Балким жогоруда айтылгандай, "5 миңдей документи жок үйлөрүн салып алышкан же Мамкаттоодон жеке менчик укуктары катталган адамдарды жерди мэриядан 4-5 миң доллардын тегерегинде кайрадан сатып алышсын" деген "аргумент" бул жерде башкы ролду ойноп жүрбөсүн?! 


Мына ошондон улам бул департаменттен тажаган үй куруучулар анын мэриядан алынып, КРнын Курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине берүү сунушун да көтөрүп жатышат. Мындай сунуш аталган агенттикте 2-апрелде өткөн аппараттык кеңешмеде да киргизилген. Анткени Бишкек шаарынан башка региондордун бардыгында мына ушундай түзүм иштеп жатат. 


А азырынча мэр И.Өмүркулов орустардын макалында айтылгандай, "Васька угуп коюп, жегенин улантууда" болуп жатат... 


P.S. Мамлекеттик актылары колдорунда туруп, мыйзамдуу жер участогуна үй сала албаган дагы бир топ шаардыктар редакцияга кайрылып жатышат. Биз дагы аргасыздан бул теманы улантат окшойбуз. 

 

"Кыргыз Туусу"

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Баткен районунда 23-апрелде катуу жааган жаан-чачыңдын кесепетинен Кыштут, Согмент, Газ айылында сел жүргөн. 
 
Селдин кесепетинен Кыштут айылында 10 турак үйгө суу кирген (1 турак үй кыйроо абалында), 85 турак үйдүн короо-сарайларын суу каптаган, 11 баш майда малды жана 19 баш ири малды сел алган. 

Кыштут-Кайынды унаа жолунун 6 чакырым аралыгы бузулган (ЖЭМ-2 балансында). Жол каттамы жок, 2 даана көпүрөнү сел жууп кеткен, 8 чакырым арык жана 3 чакырым жол кум-шагылга толгон. 

Газ айылында 20 турак үйдүн короо-сарайларын суу каптаган, 65 баш майда малды жана 17 баш ири малды сел алган, 300 метр сел өтүүчү канал сел калдыктарына толгон, 3 чакырым арык жана 2 чакырым жол кум-шагылга толгон. 

Согмент айылында 18 турак үйдүн короо-сарайларын суу каптаган, 11 баш майда малды жана 19 баш ири малды сел алган, 2 көпүрөнү суу жууп кеткен, 5 чакырым арык жана 3 чакырым жол кум-шагылга толгон. 

Мындан сырткары 3 даана электр мамычасын сел жууп кеткен. Кыштут, Дара жана Суу-Башы айыл аймактарында электр энергиясыз калышкан. Баткен РЭСнин кырсыктык бригадасы өзгөчө кырдаал болгон жерде оңдоо жумуштарын жүргүзүп, 2012-жылдын 24-апрели күнү жогоруда аталган айыл аймактарга электр энергиясы берилген. Сел кеткен жерде райондук жана облустук ЖК комиссиялары иштеп жатат. 

Жалпы Кыштут айыл аймагы боюнча селдин кесепетинен 123 турак үйдүн короо-сарайларын суу каптаган, 10 турак үйгө суу кирген, 85 майда малды жана 55 ири малды сел алган, 16 чакырым ички арык жана 8 чакырым ички чарбалык жол кум-шагылга толгон. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн КР ӨКМ тарабынан күйүүчү май бөлүнүп, жол тейлөө башкармалыгы тарабынан 1 жүктөгүч ишке тартылды.
 
Кабар
 
“Өкмөт өзүнүн структурасын атайын адистер менен кеңешпестен каалагандай бычмалап түзүп алды”,- деген нааразычылыгын бүгүн эл өкүлү Дамира Ниязалиева  “Биримдик” парламенттик көпчүлүк фракциялардын коалициясынын жыйынында өкмөттүн 2011-жылы жана 2012-жылдын 100 күнүндө аткарган иштери боюнча отчетун угуп жатып  билдирди.
 
“Сиз учурда Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигин төрткө бөлүп салдыңыз. Кыскартуулардан улам ишсиз калган 3000 кызматкерди жумуш орундары менен камсыз кылабыз дегенсиз, бирок, андан биз натыйжалуу жыйынтык көргөн жокпуз. Учурда өкмөт акча жок деп эле эптеп акча табуунун жолун издеп калды”,- деди эл өкүлү.
 
Ал эми Өмүрбек Бабанов болсо учурда мурдагы Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги Тышкы иштер мсинистрлигинин курамына киргизилгендиги туура чечим экендигин айтып, үч ай ичинде бул иштин жыйынтыгын чыгаруу мүмкүн эмес экендигин баса белгиледи.
 
 
Kyrgyztoday
 
Мындай пикирин парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирген спикердин орун басары Бөдөш Мамырова (Ар Намыс) парламенттин Ооганстандагы кыргыздарды Кыргызстанга мыйзам жолу менен алып келүү маселесин көтөрүп чыкты.
 
“Кыргызстанга Ооганстандан бир эмес эки жолу атайын өкүлчүлүк келип кетти. Алар президент, өкмөт менен жолукканда дагы Ооганстандан көчүп келүү маселесин көтөрүшүп, жардам сурашты. Аларды көчүрүп келүүдө коопсуздугун алдын-алуу үчүн эки мамлекеттин ортосунда  атайын келишим түзүү керек. Боордошторубузду мыйзамдуу жол менен Кыргызстанга алып келүү тууралуу Жогорку Кеңеш Ооганстандын мыйзам чыгаруу органына кат жолдоо керек. Анткени, бул маселе 2003-жылы дагы көтөрүлүп, анда Ооганстан бийлиги уруксаат бербей коюптур. Ал жактагы кыргыздар жашоого эч кандай шарт жок экендигин жана жок болуп кетүү коркунучунда тургандыгын айтып, алар чек аранын коопсуздугу үчүн гана колдонулуп келе жаткандыгын билдирип жатышат” ,-деди эл өкүлү.
 
Ал эми төрага Асылбек Жээнбеков,  Алматыда өткөн жыйында Ооганстандын парламентинин спикери менен жолукканда бул маселе боюнча сүйлөшүү жүргөндүгүн жана Жогорку Кеңеш тарабынан “Достук” тобу түзүлүп, Ооганстандагы кыргыздардын жашоо- шарты менен таанышып, көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн кат жөнөтүлгөндүгүн билдирди.
 
Kyrgyztoday
Кыш айлары катаал болуп, караламан калк жаз тилеп калган күнгө туш болгонбуз. Кезинде коомдук ишмер Дастан Сарыгулов жаздын эрте келээрин божураган эле. Кыш кыстаганда эл арасынан Сарыгулов жаңылыптыр, кудайдын каарына калдык деген түрдүү кептер жүрдү.Сарыгулов агабыздын акыр заман боюнча айткандары да учурда эл арасында күбүр-шыбыр кепке айланууда.Калк арасында жарымы төгүн, жарымы чын маалыматтарды тактоо иретинде “көрөгөч” Дастан агайдын өзүнөн бардык чоо-жайды сурап коюну эп көрдүк.
 
- Дастан агай, эл ичинде сиздин жаз эрте келет деген сөзүңүз түрдүү пикир жаратып отурат. Көпчүлүгү сиздин айткан кептериңиз ордунан чыкпай калды дешүүдө…
 
- Эми мен ошонун баарын жөн эле чочуп кетип айтпайм да. Мен жылдыздарды карап, алардын абалына карап айтам. А жаз мен айткандан эрте келди. А мен эбегейсиз эрте келет дегем. 20-апрелде келет дедим эле, 10 апрелде эле жаз башталды. Менин айтканым туптуура чыкты. Баардыгын жазып турам. Маселен, 4-апрелде былтыр минус 10 градус болгон, а быйыл 3-апрелде түнү менен жылуу болуп, Нарында сел каптап кетпедиби. Эгерим Нарында 3-апрелде сел жүрчү эмес.  А былтыр 5-апрелде минус 8 болгон.  Быйыл 17-19-апрелде Ошто плюс 31, Баткенде плюс 32, Бишкекте 29 болду. Таластыктар кыштын жылдагыдан 10 күн эрте чыккандыгын айтып атышат. Алдыда май, июнь, июль жай чилдеси деген бар, минтип отурса каякка барат (?) өтө опурталдуу жыл болуп турат быйыл. Ошон үчүн мас болуп алып угуп, чала угуп, же бирөөдөн туура эмес эле маалымат алып «бузук телефон» кылып  “жанагы Сарыгулов жазды 9-февралда эле келет деп айтпады беле” деп ар кайсыны чыгарып аткандарга мен теңелбейм. Мен 15 жылдан бери, аба-ырайын изилдеп жазып келатам. Анан февралда жаз келет дегидей мен келесоо эмесмин да. Мейли мени менен талашсын, бирок, бул деген кыргыздын миң жылдап чогулткан билими эмеспи. Үркөр жылдыз кимди алдайт.
 
- Буга катар эле калк арасында, быйылка жылга карата айтылган ойлоруңуздан чочулагандар да чыгууда. Түшүндүрүп айтып өтпөйсүзбү?
 
- Ооба, Сарыгулов элди коркутуп атат, акыр заман болот экен деп жатышкандар бар. Менин оозумдан акыр заман деген сөз чыккан эмес. Мен болгону, астрономиялык чындыкты айттым. 28 жылда Күн системасы галактиканын магниттик экваторун кесип өтөт. Быйыл 21-декабрда болот. Окумуштуулар мындай нерсени башынан өткөргөн эмес, андыктан ар кандай божомол кылып жатышат. Маселен башталганда гравитацияны жоготуп коюшу мүмкүн же эки-үч суткага 100-150 градус суук болуп кетиши ыктымал. Азыр интернеттен карасаңар, Москвада атайын бункерлер сатыла баштады, жан сактап калуу үчүн. Ошондой эле Майя элинин календары да 21 декабрь менен бүтүп атат. Демек бир балээ бар да. Ошон үчүн сак болушубуз керек. Бирок, быйыл аба-ырайы абдан катаал болот. Мен муну ата-бабаларыбыздын миң жылдаган билимине таянып айтып жатам. Мындан 4 миң жыл мурда Саймалуу- Таш сүрөттөрүндө тогол тартылган экен. Ата-бабаларыбыз бул илимди эбак эле өздөштүргөн, бизде гана мындай нерсе бар.
 
- Негизи, акыр заман тууралуу ата-бабаларыбыздын айтканы барбы?
 
- Жок ата-бабаларыбыздын бир дагы маалыматында акыр заман тууралуу айтылган эмес.
 
Брендньюс
Бишкектин Ак-Босого жаңы конушунда суу агызып кеткен үч жашар баланын аман калганы тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. ИИМдин ички аскер кызматкери Ибрагим Арапов 15-апрелде каналдын жээгинде топтолгон адамдар жаңы эле суудан чыгарылып кыймылдабай жаткан баланы карап турушканын көрөт.
 
Ибрагим Арапов тез арада баланын оозу аркылуу жасалма дем алдыртканда гана ал өзүнө келе баштаган. Ошол замат тез жардам чакырылып, бала ооруканага жеткирилген. Азыр анын абалы жакшырып келатканы айтылууда. Ал 2009-жылы туулган Айбек Исаев экени аныкталды. Ата-энеси баласынын өмүрүн сактап калган прапорщикке ыраазылыгын билдиришти. 
 

"Азаттык"
Кыргызстанда балдар үчүн адабий китептер жокко эсе. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында “Кыргызсоюзбасма” басма үйүнүн директору Олег Казаков билдирди. Анын айтымында, адабий китептер Кыргызстанда кыргыз жана орус тилдеринде 1,5 жыл мурун басылып чыга баштаган.
 
«Китептердин баасы 35 сомдон жогору эмес. Анда балдар үчүн жомоктор мыкты иллюстрация менен даярдалган», - деди ал. О.Казаков орус, кыргыз эл жомокторун эки тилде даярдоого Россия элчилиги чоң көмөк көрсөткөндүгүн айтты. 
 
«Китептер республиканын баардык облустарында сатылууда. китептердин Анын баасын ортомчулар жогорулатып салышпаш үчүн баа саясатын көзөмөлдөөгө аракет кылуудабыз», - деп айтты О.Казаков.
 
 
Кабар
Кыргызстанда тартылган "Көч" тасмасы Катардын борбору Доха шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда гран-при алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" режиссер Молдосейит Мамбетакунов билдирди. 19-22-апрелде өткөн фестивалга дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринен келген документалдык тасмалар катышты. Кыска метраждуу "Көч" тасмасы кыргыз-түрк Манас университетинин студиясында тартылган. Анда көчмөн кыргыз элинин тарыхы, кылымдар бою басып өткөн жолу тууралуу баяндалат. 
 
"Азаттык"
Гезитибиздин өткөн санында “Ректор Зурдиновдун чыныгы жүзүнө кызыгасызбы?” – деген аталышта сын макала жарык көргөндөн кийин, окурмандардан, айрыкча, Медакадемияда билим алып жаткан студенттердин ата-энелеринен көптөгөн ой-пикирлер редакциябызга келип түштү. Биз экинчи тараптын, тагыраагы, Зурдиновдун макалада көрсөтүлгөн фактыларды төгүндөөгө аракет жасаарынан кам санаган эмеспиз. Анын ордуна Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун опурулуп-жапырылып, ойго келбеген кеп-сөздөрдү биздин редакцияга карата багыштаганы таң калыштуу көрүнүш болду. Албетте, аппарат башчынын сөз чабуулу, Медакадемиядагы моралдык-психологиялык климат, коррупциянын карааны тууралуу темага кайрылууга түрткү болду.
 
Баарынан да, аппарат башчынын өз ректору Ашыралы Зурдиновду колдоп, “силер ыйын кайда айтарын билбей жүргөн бей-бечаралардын проблемасын көтөрбөйсүңөр”,- дегени жанды кашайтты. Ошондон улам суроо туулат: качантан бери Зурдинов бечара болуп калган? Экинчи жагынан, “Майдандын” окурмандары биздин ар дайым калыс позицияны тутунуп, карапайым калктын жүрөгүндөгү маселени көтөрүү менен гана алек болуп келе жатканыбызды мыкты билишет. Бир адамдын да болсо тагдырын калчап, өз кызыкчылыгы үчүн куугунтуктап, чындыкты чыркыраткан жетекчи бизге дос эмес. Тилекке каршы, Зурдиновдун да Медакадемия ичиндеги былыктарын эске алганда, анын да адилет жетекчи экенине ишенүү кыйын болуп турат.
 
Бул жолку аңгемебизди профессор Ашыралы Зурдиновдун И.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору болуп дайындалгандан кийин чыккан биринчи чуудан баштоону туура көрдүк. Учурунда бул иш коомчулукта чоң резонанс жараткандыгын белгилеп кетүүбүз керек. Ашыралы акебиз кызматка олтурары менен илимий жана лабораториялык иштер бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Үсөнкулованы куугунтукка ала баштаган. Ага кандайдыр деле орундуу себеп болгон эмес. Болгону, анын үстүнөн аноним кат келип түшүптүр. 22 жылдык өмүрүн Медакадемияга арнаган Гүлзат Бактыяровнанын өмүрүндө ошондон кийин чыныгы тозок башталган. Башында Гүлзат айым эчтекени түшүнбөгөнү менен, бара-бара ээлеген орду ректордун өкүл кызы Жылдыз Исаковага керек болуп калганын сезе баштаган. Ар кандай куугунтуктардан кийин, 2010-жылдын февралында Зурдинова Г.Үсөнкулованы чакырып, кызматына татыктуу эмес экенин билдирген. Өз сөзүнө далил катары Зурдинов кызматынан алынып жаткан аялдын КНУнун биология факультетин гана аяктаганын келтирген. Айтор, Г.Үсөнкулованы ректор маянасы аз, эптеген бир кызматка которуп салат да, орду кургай электе өкүл кызын бөлүм башчылыкка дайындайт. Акыйкатсыздыкка күйгөн Гүлзат Бактияровна ошол замат Билим берүү министрлигине кайрылат. Ал жактан түзүлгөн комиссия Үсөнкулованын кызматынан ылдыйлашын туура эмес деп тапкан. Гүлзат Бактияровна кызматына кайра келет. Бирок, ректор өзүнүн өкүл кызын ага орун басар кылып дайындап, тыңчылык иш жүргүзө баштаган. Буга чейин орун басарлык кызмат деги эле болгон эмес. Өкүл кызын алып баруу үчүн Зурдинов кызматтык структурага өзгөртүү киргизген.Ошентип олтуруп, айы-күнү чыгып, 2010-жылдын 28-августунда ректордун буйругу менен Гүлзат Үсөнкулова менен түзүлгөн эмгнек келишими узартылбай кала берген. Бул учурда буйрук чыккан адамдын ооруп жатканы да эске алынган эмес. Өз чындыгын издеген Г.Үсөнкулова Октябрь райондук сотуна кайрылып, ал жерден ректорду утуп чыккан. Сот кийинки инстанцияларда да уланган. Бирок, Үсөнкуловага эрегишип алган ректор турганда, адилеттүүлүккө орун жок окшойт.
 
Биз Үсөнкулованын жагдайын мисал катары алдык. Минтип ак жеринен караланып, көчөдө калганы канча. Эми ректор Зурдиновдун кош стандартын караңыз. Медакадемияга бүт өмүрүн арнаган мыкты адисти кууп чыкты. Мейли дейли, ректордун кылганы туура болсун. Бирок, эмнеге ал ушу күнгө чейин 5-курстун студенткасына интимдик байланыш сунуштап, айыбы ачыкка чыккан доцент У.Амираевди кармап олтурат? 2010-жылдын июнунда ректорго 5-курстун студенткасы арыз жазып, Амираев эгер аны менен интимдик байланыш түзбөсө, зачет койбой тургандыгын билдиргенин баяндаган. Студентка өз арызында көрсөткөн доценттин дагы башка сунуштарын айтпай ак коелу (аны баяндаганда гезитибиздин багыты өзгөрүп кетет). Бул арыздын негизинде Медакадемияда комиссия түзүлүп, 2010-жылдын 15-июнундагы жыйынында доцент Амираевдин КММАнын этикалык кодексине караманча-каршы келген жүрүм-турумунан улам, аны менен түзүлгөн эмгек келишимин жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. Комиссия мүчөлөрү Амираевдин 1980-жылы дал ушундай кылыгы үчүн кызматынан четтетилгенин да айтып чыгышкан. А бирок, комиссиянын чечими ректор Зурдиновдун бир түкүрүгүнө да арзыган жок. Доцент Амираев мурда кандай иштеп келген болсо, азыр да ошол калыбынан жазбай, эмгектенип келе жатат. Себеби, Амираевдин ректор менен шилекей алышкан дос, анын айтканынан чыкпаган ишенимдүү адамы экенин бүт Медакадемия билет. Амираевдин кылы кыйшайбай олтурганына башка буга кандай мыкты далил керек? Мына ушундай адамды коргологон ректордун өзү анда кандай жетекчи? Медакадемиянын аппарат жетекчиси бизге опурулгандын ордуна, өз башчысына акыйкат болууга кеңеш бербейби. Айта берсе арман көп, а Медакадемияга байланышкан бардык армандын баары так ушул ректор Зурдиновго барып такалып жатпайбы.
 
Ушу таптагы Медакадемиядагы жагдайды баарынан да саламаттыкты сактоо тармагын ийне-жибине чейин билген адис Елена Чернышева баяндап берди: “Балык башынан сасыйт деген кеп эзелтен айтылып келе жатат. Мисал катары Медакадемия менен Кыргы-Орус Славян университетин салыштыралы. Эки окуу жай тең медицина кызматкерлерин даярдайт. Бирок, Славян университетинде бул адистик боюнча келип окуган чет элдик студенттер көп. Себеп дегенде, Медакадемияда окутуунун сапаты начар, өйдө-ылдый коррупцияга тушугасың. Бул илдеттен арылмайын, эзелки Медакадемияны көрүү кыйын. Ал жакта дилинен мыкты дарыгер болгусу келген таланттуу студенттер көп. А алардын андай адис болуп чыгуусуна көмөктү окутуучу көрсөтөт. Маалымат каражаттарында байма-бай жазылып жатпайбы, азыр бул окуу жайдан 70тей жалаң наамы жогору адистер кетип калган. Бул кыйроо. Медакадемияда окутуунун сапаты эч качан азыркыдай ылдый деңгээлге түшкөн эмес. Ал аз келгенсип, коррупция бар экени дайыма айтылып келе жатат. Аны студент ачык айта албайт, себеби, айтты дегиче айдалат. Окутуучу, жетекчилик студенттердин муну ачык айта албастыгынан пайдаланат. Экзамен, зачетту акчага тапшырган студент ошондо окуйбу? Баары бир ансыз бүтпөсүн билет, демек, сабакка болгон кызыгуу жоголууда. Мына ушундай шартта даярдалган адиске эртең ден-соолугубузду кантип ишенебиз? Мен андайларга өмүрү кайрылбайм, себеби, алар өлтүргүчтөр”.
 
Өткөн сандагы макалада студент сабактан калса, 57 сом айып пул төлөй турганын сөз кылганбыз. Жума башында “Коррупцияга бөгөт” көрсөтүүсүнө ректор Зурдинов катышып, анын эсебинен айлык акылардын көтөрүлүп жаткандыгын, 8-март сыяктуу майрамдарды өткөзүп келишкенин айтып чыкты. Бул сөздү уккан Медакадемиянын персоналы чындап кыжырланууда. Себеби, аларды мыйзамсыз 11 саат (проректордун буйругу менен) иштеткени аз келгенсип, 57 сомдун эсебинен алардын айлыгын көтөрүп жатканын айтышканы -  акыркы чек болду. “Кайдагы кошумча айлык”,- дегени көп айтор. Бирок, бири да ачык айта алышпайт. Айтышса, албетте, ректор менен “лично” сүйлөшүүгө туура келет. Билбейбиз, мындай диктатура Бакиевдин тушунда да болбосо керек.
 
Ошол эле көрсөтүүдө ректор студенттер жатакана акысын арзандатуу талабы менен кайрылганын жокко чыгарды. Студенттердин кайрылуусу биздин колубузда турат. 500дөй студент ректорго жатакана акысы кымбат болуп жаткандыгын, ансыз деле тамак-ашка баа асмандап турганда, арзандатуу жагын караштырууну суранып кайрылыптыр. Ректор бул кайрылуудан кабары деле бар. Же ага буга окшогон студенттердин арыз-муңун жеткизишпей, орто жолдон “тындым” кылышабы? Учурда студенттер 1 жатакана орду үчүн айына 950 сом төлөйт. Бир комнатадан окуу жайдын бюджетине 3800 сом түшөт экен ошондо. Салыштырмалуу караганда, Курулуш-архитектура университетинде 1 жатак орун 400 эле сом. Эки окуу жайдын жатаканасы жакын жерде жайгашкан. Анда кантип эле Медакадемияда башка баа да, КГУСТАда башка? Же Медакадемиянын жатаканасындагы полдор алтындан жалатылганбы? Студент контрактысын, кошумча акыларды төлөгөнү аз келгенсип, жатаканага да ушундай жогору баада төлөп бериши керекпи? Баарын студенттердин чөнтөгү менен чечкен ректордун саясатында деги кайсы адилеттүүлүк жатат? Муну укпаса, ректорго дагы бир маселени кулак кагыш кылабыз: студенттер ага суук залдарда лекция угуп, жазып, ден-соолуктары начарлап жатканын айтып кайрылышкан. Же муну да Зурдинов билбей калдыбы? Эмнеге ректор жылуу кабинетте олтурушу керек да, студенттер суук залдарда сабак өтүүсү тийиш?
 
Ректордун мыйзамсыз бул кызматта олтурганын өткөндө сөз кылганбыз. Эске салсак, өз жарлыгында И.Чудинов КММАнын ректорун “мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин дайындоо жана кызматтан бошотуу жобосуна” ылайык дайындап жатканын баяндаган. Ректор Зурдиновго карата жарлык 2009-жылдын 12-мартында чыккан. А бирок, премьер-министр жарлыгында белгилеп өткөн жобо күчүнө болгону 2009-жылдын 13-мартында кирген. Аталган жобону бекиткен өкмөттүн токтомунда так жана даана “Токтом расмий түрдө жарыяланган күнүнөн тартып күчүнө кирет”,- деп жазылып турат. Токтом расмий түрдө “Эркин тоо” гезитине 2009-жылдын 13-мартында жарыяланган. Демек, дайындоо мыйзамсыз болгон. Бул маселе боюнча акыйкат издеген адамдар Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетине кайрылып, мыйзамдын бузулган-бузулбагандыгын тастыктап берүүнү өтүнүшкөн. Депутат Эркинбек Алымбеков жетектеген комитет болсо Конституциялык палатанын түзүлө электигин эске алганда, өзү эксперттин ролунда болушу керек болчу. Бирок, комитет “карышкырга кой кайтартып”, бул маселени тактоону өкмөткө тапшырган. Өз ишин билбеген эл өкүлдөрүнө чындап кыжырың кайнайт.
 
Өткөн санда да макалада келтирилген жүйөөлөрдү иликтеп чыгуу зарылдыгын белгилеп, Башкы прокуратурадан иликтөө күтөөрүбүздү жазганбыз. Бул макала да расмий Башпрокуратурага кайрылуу болсун. Дагы баса белгилеп кетебиз, Медакадемия биздин эртеңки саламаттыкты сактообуздун жүзү. Эгерде Иса Ахунбаевтин атын алып жургөн, биз сыймыктанган Медакадемиянын жүзү Зурдиновдун жүзүндөй болсо, барар күнүбүз, жетер чегибиз ушубу? Же акыр-аягы акыйкаттык орноп, анын жетекчилигине татыктуу адам келеби? Айтор, үмүт эч качан үзүлбөйт... Ректор Зурдиновдун кетер күнүнөн да демек, үмүт үзүлбөйт...
 
Булак: "Майдан.kg" гезити, 25-апрель
 
Көп жылдык тыныгуудан кийин (айрымдарын эсеби боюнча жарым кылымга ооп калыптыр) Бишкекте Кыргызстан интеллигенциясынын курултайы болуп өттү. Анын жүрүшүндө журт каймактары өлкөдөгү оор кырдаалга карата өз пикирин айтымыш болгону менен, чындап, бийликтин бүгүнкү жүзүн ашкерелей алышпады. “Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда”,- дегендей, азыркы интеллигенциянын да чындыкка тике карай албагандыгы ушундан улам даана сезилүүдө.
 
Айрым интелигенция өкүлдөрү чындыкты айтууга аракет жасады. Маселен,Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору, профессор Абдырахман Мавлянов элдин бийликке ишенбей калганын, а бийликтеги төбөлдөр элдин көйгөйүн чечүүгө күч үрөбөй жатканын айтып өттү. Бирок, курултайдын негизги докладчысы бийликке сын айтымыш болуп, кайрале оппозициянын дарегине таш ыргытты: “Акыркы убакта биздин саясатчылар өз айылдарына барып, туугандарын чыгарып, жол тосуп жүрүшөт”.
 
Академик Алмаз Алдашев болсомурдагы президенттердин тушунда интеллигенция өкүлдөрү бийликтин куралы болгонуна кейиди: “Бийлик интеллигенцияны пайдаланды. Кантип? Ачык эле айтыш керек, интеллигенция бийликтин малайы болду. Классикалык үлгүсү - "дүжүр чалдар" пайда болду. Алардын көбү ким? Интеллигенциянын өкүлдөрү”.

Бирок, академиктин оозун  драматург-жазуучу Мар Байжиев жап кылды. Ал калыс пикирин айткан айткан адамдар бар экенин кошумчалап, айрым маселелер боюнча өз көз караштарын айтышса,  "бул чал эмне дөөрүп жатат", - деп, уккан киши болбогондугуна кейиди.

Чынын айтканда, интеллигенциянын өз миссиясын аткара албай жатканына, алар сүйлөсө “аа, дүжүр чал”,- деп эл сөөмөй кезегенине биринчи иретте өздөрү күнөөлүү. Себеп дегенде, интеллигенцияда кошоматчылык менен коркоктук оорусу пайда болуп, ал айыккыс илдетке айланган. Эң өкүнүчтүүсү, болуп өткөн курултайда бул илдетен арылуунун жолун издешкен деле жок. Адатынча, ашканада олтуруп кобурашкандай чогулушту да, ойго келгенди бөжүрөп, кете беришти. А курултайдын максаты анда эмнеде болгон? Балким, интеллигенция Атамбаев бийлигине таарынычын айткысы келгендир, “бизге көңүл бурулбай жатат”,- таризинде? Эгерде булардын ойлонгону дал ушунда болсо, курултай максатына жетти. Кайсы эле бийлик инттелигенцияны өз кожоюндугуна алгысы келбесин?
 
Өкүнткөнү, журт каймактарынын бирөөсү да акыркы жылдарда сезилип жаткан кыйынчылыктар тууралуу ооз ачпады. Өз элине күйбөгөн бир эле бийликпи десек, инттелигенция чалымыштарың деле кыргыздын тагдырына кайдыгер окшойт.

Ушу таптагы кыргыз интеллигенциясынын чыныгы жүзүнө коомдук ишмер Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” берген маегинде даана баа бериптир:
 
“- Азыркы интеллигенция элдин, коомдун жүзү, акылы, каймагы боло албайт. Биз интеллигенция деп кимди айтып жатабыз? Мына эгемендик алганыбызга 21 жыл болуп калды. Кыргызстанда коомдук-саясий жашоо өтө активдүү болуп, чоң өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатты. Кыргыздын башынан ушунчалык курч кырдаалдар өттү.
90-жылдары Масалиевдерди кетиребиз деп 148 киши ачкачылыкка чыгып, биринчи жолу каршылык көрсөтүп чоң күрөш болгон. Ош окуясы болду. Андан кийин эки революция болуп кетти. Ушундай кыйын кырдаалдарда бирөө да чыгып, баш көтөрүп калыс сөзүн айтканга жараган жок. Мен мисалы интеллигент деп Түгөлбай Сыдыкбековду айтат элем, Чыңгыз Айтматовду айтат элем, Салижан Жигитовду айтат элем. Азыр деле бар, бирок саналуу гана кишилер.

Интеллигент деп Ростроповичти айтса болот. Ельциндин убагында Ак үйдү атып атканда, кандай кырдаал болсо да чет мамлекеттен жетип келип, улуу музыкант болгонуна карабастан биринчи катарда туруп, окко төшүн тосуп бергендерди интеллигенция деп айтам.

Интеллигенттердин көпчүлүгү бийликке жан тарткандар. Аябай акылман, өзүнүн кесибин жакшы билген аксакалдар, орто муундар көп. Анан эң орчундуу маселеге келгенде эмнегедир бирөө да көрүнбөйт.

Мисалы мен 7-апрелде баштан-аягына чейин жүрүп, интеллигенциянын бир өкүлүн таппай койдум. Ак үйгө кирип сүйлөшөөрдө, “айланайындар, аттуу-баштуу киши барбы?”, - деп издесем, бирөөнү да жолуктурган жокмун. Анан дайым тынчып калгандан кийин биздин сөзүбүздү угуш керек, биз акылыбызды айтышыбыз керек деп чыга келишет”.
 
Баары айтпаса да түшүнүктүү. Эми интеллигенциянын жаңы муунун күткөндөн башка аргабыз жок.
 
"Майдан.kg" гезити, 25-апрель
Бишкек, “Саясат.kg”. “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүнкү парламенттин жыйынында Каржы полициясынын жоюлуп, анын ордуна жаңы органдын түзүлүшү боюнча атайын депутаттык топ түзүп, бул маселени кылдат иликтөөгө алууну сунуштады. Депутат ар бир фракциядан бирден-экиден өкүлдү жумушчу топко киргизүү зарылдыгын белгиледи.
 
“Биз бул маселени өзүбүздүн фракциянын жыйынында талкууга алдык. Түшүнбөстүктөр көп болууда. Бюджетке да оорчулугун тийгизүүдө. Ошондуктан, бир органды жоюп, ордуна жаңысын түзүүгө канчалык зарылчылык болгонун так аныкташыбыз зарыл. Парламент сөзсүз өз баасын бериши абзел”,- деди К.Ташиев.
 
Парламент спикери бул маселе комитеттер тарабынан каралгандан кийин, кийинки пленардык жыйындын күн тартибине киргизилерин айтты.
 

Курамына “Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан” жана Кыргызстан коммунисттер саясый партиялары кирген оппозициялык “Адилет Келечек” кыймылынын мындан ары эч кандай митингдерди уюштурбай тургандыгы, баарын элдин эркине коеру тууралуу билдирүүсү бүгүнкү бийликтин “барбаросс” планын бузду. Анткени, миңдеген адамдардын катышуусундагы митингдердин бийликке акыркы мөөнөт катары чектеген 21-апрель күнү жакындаган сайын, колундагы бийлигин сактап калгысы келген аткаминерлер улам жаңы чагымдарды ойлоп таба баштаган. Башкасын айтпаганда да, алардын улам бир аймакта оппозициянын митинги өтөөрү тууралуу ушактарды таркатып, эл ичинде бүлүк салганы эле кандай жорук!

 

Таласта Кыргызстандын жаркын келечегин көздөгөн жаңы, катарында жаштар көп кыймыл элдик жыйын өткөзмөкчү болгондо, бийлик эл ичинде ар кандай чагымчыл ушактарды таркатып, иш жүзүндө өз элин экиге бөлгөн саясатты жүргүзгөнүн бүгүн эч ким тана албайт. “Түштүктүктөр келе жатат!”,- деп дүңгүрөтө элди көчөгө алып чыкканы кайсыл акылга сыйат? Кайсы акыл-эси соо жетекчи ушундай көрүнүшкө жол берет? Таластагы “операция” ийгиликтүү аяктагандан кийин, бийликтегилерди тейлеген идеолог-пиарчылардын табасы канып, канча шампандын башын алышканы бизге белгисиз, бирок, оппозицияга каршы кое турган далилдүү аргументи жок башкармаларга бул нерсе жаккандыгы, аны кеңири масштабда колдонууга өтүшкөнү көрүнүп турат. 21инде Кара-Балтада, Нарында, Ысык-Көлдө оппозиция митинг өткөзгөнү жатканын элге кабарлашып, бүлүк салышканы эмнеден кабар берет?
 
Алдын-ала бул “барбаросс” планын колдонуу чечилгени - бийликтин дүжүр эксперттеринин ошол замат былжырай баштаганынан эле көрүнүп турат. Короз кыйкыра элек жатып, Кара-Балтада оппозиция митинг өткөзөрүн жарыялап жиберишти. Ошол учурда оппозиция “21-апрелде, андан кийин да биз митинг өткөзбөйбүз”,- деп какшыганын эч ким деле уккан жок. Себеби, маалымат каражаттары булардын колунда, байкуш оппозициянын бир жалпы республикалык телеси болсочу! Айтор, ошол күндүн эртеси Марат Казакпаев деген эксперт чалыш чыга калып, “Кара-Балтадагыдай көрүнүш мурда Токмок, Талас, Нарында орун алган. Оппозиция өлкөнүн түндүгүндө элди чогулта алган жок”,- дебеспи. Казакбаев андан ары ачык эле “оппозиция лидерлери – аймактык гана деңгээлде, түштүктө гана колдоо таба алат”,- деп оюн бышыктаган. Мараттын кимдин пулу менен кычыраган костюм кийип жүргөнүн билебиз. Ага таарыныч деле болбойт, себеби, анын наны ушул, ким акча берсе, ошонун сөзүн сүйлөйт. Бирок, ага пул бергендердин саясаты курутуп жатпайбы. Ушул элдин арты менен олтурган кабинеттерине жетишпеди беле. Атамбайчик өзү да президенттик шайлоо бүткөндөн кийин, “мени түштүк да колдоду” деп көз жашын төкпөдү беле. Анан эле эми түштүк буларга экинчи сорт болуп калдыбы? Элди бөлгөн бийлик, биз эмеспиз. Биз болгону фактыны тастыктап турабыз. Бул адашма жол. Бул жол менен кеткен жетекчи эч качан абийир таппайт. Ошол эле Мадумаров, Ташиевдер Көлдөн, Таластан, Нарындан, Чүйдөн, Бишкектен он миңдеген адамдардын добушун алган. “Ата-Журт” менен “Бүтүн Кыргызстандын” алган добуштарын санабай туралы. Анын эле эми булар жалгыз түштүктүн саясатчысы болуп калыш керекпи? Анда эмнеге Ташиев парламент трибунасынан негизинен түндүккө тийешелүү маселелерди көтөрүүдө? Маселен, Жетим-Тоо, Сандык кендеринин тагдырына биринчи кооптонгон ушул Ташиев эмес беле? Ууланган көмүрдүн чырын курчутуп олтуруп, аны өлкөдөн ташытып кетүүгө түрткү берген Ташиев эмеспи? Эмнеси болсо да, бийликке өз элин экиге бөлүү абийир алып келбейт.
21-апрелдеги оппозициянын билдирүүсүндө бул факт да айтылган. “Президент менен Өкмөт жүз миңдеген калктын мыйзамдуу талабын уккан жок. Тескерисинче алар аймактык ажырымга жол ачып, калкты аймактык ажырымга алып келүүдө. Жакында бийлик оппозиция лидерлеринин атын сатып, Таласта тынчтык митингинин катышуучуларына каршы чагымчыл аракеттерди уюштурду. Мындай ыплас иштердин артында өкмөт башчы Ө.Бабановдун жана жергиликтүү бийлик төбөлдөрүнүн карааны калдайып көрүнүп турат. Биз элди экиге бөлгөн бийликтин бул арам аракетин кескин түрдө айыптайбыз”,- дейт оппозиция.
 
Атамбаев-Бабанов башкаруусу бул жол менен кете бере турган болсо, анын кесепети абдан чатак болуп кетиши ыктымал. Биздин башыбыздан өтө оор окуялар өттү. Бирок, аймак аралык ажырымдан чыккан чатак баарынан да ашып түшөрү бышык. Дал ошондуктан, кеч боло электе ойгонуп, бу бийлик акең эсине келбесе, тынчтык жана биримдикти эңсеген эл буларды дагы кууп жибериши мүмкүн болуп турат. Катуу тийсе кечиргиле, бирок, күн сайын кошоматтанып, “кулагыңарга күмүш сөйкө илгендерге” карата, биз чындыкты айтабыз.
 
Эл эмнени талап кылган? Өкмөттүн токтоосуз отставкасын, Башмыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык жыйын чакырууну, 2010-жылкы каргашалуу апрель-июнь окуяларына күнөөкөрлөрдү жана Бишкектеги банк уячаларынан акча тоногондорду жазалоону талап кылышкан. Анткен менен, бийлик бир да жолу көз ирмеп койгонго жарабады. Өкмөт өлкөнү өнүктүрүү боюнча натыйжалуу иш жүргүзүүнүн ордуна басма сөздө өзүн-өзү рекламалоо менен алек. Же адам ишене тургандай мактанышсачы. Акаев, Бакиевди мактаган журналисттер эми Бабановду мактап жатышат. Коомдук каналдын атын өзгөртүп, “АБТ” (“Атамбаев-Бабановдун телеканалы”) деп алышса жакшы болот эле. Албетте, эл деле сокур эмес. Кыйынчылыкты жонтериси менен сезишкендиктен, бийлик акеңдин жомогу эч таасир берген жок. Элде бөтөнчө кайгы болуп жатса (мал-жандар кырылып, адамдар көчкүнүн астында калып өлүп), кайдагы мыкты иш! Кайдагы кыйраткан 100 күндүк! Кыштын, жаратылыштын туткунунда калып, кыйынчылыкты жон териси менен сезген карапайым калк муну шылдыңдоо катары баалашууда. Андан көрө, адам өлүмдөрү, жутчулук, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурап тургандыгы, ууланган көмүрдү мектептерге чейин таркатып олтуруп алгандыгы үчүн элден кечирим сураса жарашмак. Ошондо балким, коомдук чыңалуу азыркыдай апогейине жетмек эмес.
 
Арийне, өкмөттө ошол ажырымды кичирейтүү, убактылуу иштеп турууга убакыт алууга шансы бар болчу. Анүчүн болгону калп айтканды токтотууга тийиш болчу. Элдин кызыкчылыгын көздөгөн оппозиция менен мышык-чыкан ойнобостон, эл талабын, жалпы Кыргызстандын көзүнчө, түз эфирде талкуулашы керек болчу. Бирок, өкмөт оппозициянын чакыруусун кабыл албай, анын ордуна мамлекеттик резиденцияга журналисттерди топтоп, шоу уюштуруу менен тим болду. Эл ушуга окшогондон иренжийт. Бул атамзамандан келаткан чындык. Акаевдин, Бакиевдин түбүнө жеткен жол. Дал ошондуктан, учурда карапайым калк менен бийликтин ортосундагы ажырым болуп көрбөгөндөй чекке жетти.
 
Бул шартта оппозициянын өзүнөн жоопкерчиликти алып таштагандыгы көп ойлорду жаратууда. Эмнеге оппозиция мындай кадамга барды? Буга чейин эле митингдерде эл оппозициядан чечкиндүү кадамдарды талап кылган. Өз элинин кургур заманга кептелгенин сезбеген дөңгөчтөй болгон бийликти селдей жууп кетүү керектигин айткандар да болгон. Элдин нааразычылыгы бышып жатса, а оппозиция баарын тынчтык жолу менен чечүүнү сунуштап, канча күтсө да бийликтен жооп болбогон соң, албетте, жоопкерчилик президент, Жогорку Кеңеш жана өкмөткө жүктөлөт да. Баарын былгытып, дал ушундай кооптуу абалга өлкөнү алып келип такаган ушулар эмеспи? Президент өзү “мени эл шайлаган” деп мактанып жүрөт. Анда эмнеге жүз миңдеген адамдар митингден өкмөттүн отставкасын талап кылып жатса оозуна талкан сугунуп алгансып унчукпай койду? Парламенттеги бийлик КСДП, “Ата-Мекен”, “Ар-Намыс” жана “Республиканын” колунда. Буларды да эл колдогон. Булар да өлкөдө оор абал түзүлүп жатса, бир да жолу коалициянын жыйынында эл талабын талкуулап, өз позициясын билдире албады. Өкмөттүн көз карашы түшүнүктүү. Андагы негизги постулат: бөлүп ал да, бийлей бер. Өкмөт азыр бир бизнесмендин акционердик коомуна айланып калган.
 
Дагы бир ирет эскерте кетүүбүз эп, элибиздин чыдамы түгөнгөндө, аны эч ким токтото албайт. Буга эки жолку элдик ыңкылап далил. Азыр да, оппозициянын эл менен бийликтин ортосундагы ортомчулук миссиясы бүттү. Сөз, аракет – элдин өзүндө. Бийлик момпосуй менен алдайбы, батончик береби, сүт эмизеби, эл менен оппозициясыз түз сүйлөшүп көрсүнчү, карап туралы андан кандай жыйынтык чыгат экен.
 
Баса, бүгүн-эртең Бабанов 100 күндүк ишинин отчетун парламентке берет. Ошондон эле бийликтин мындан аркы кадамдары маалым болот. Кагаз жүзүндө баарын кыйраткан отчет өтүп кетсе, Атамбаев-Бабанов гана эмес, бүт бийликтегилердин сокур экени, дүлөй болуп бүткөнүнө далил болот.
 
Р.S. “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев мындай дейт: “Сындап көрдүк, андан жыйынтык чыкпады. Эми мактап көрөлү, мүмкүн ошондо өздөрү айткандай мыкты иштеп кетишээр”. Албетте, какшык. Камчыке бул сөзү менен бул бийликке “айла жок” экенин билдирип жатпайбы.
 
"Майдан.kg" гезити, 25-апрель