Ош, Жалал-Абад областтарындагы июнь окуясында жабыр тарткандарга жардам берүүнүн жыйынтыктары боюнча өткөрүлгөн кеңеште белгилүү болгондой, июнь коогалаңында жапа чеккендер аскердик милдетти өтөөдөн бошотулат. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
 
Социалдык өнүгүү министринин кеңешчиси Курманбек Укулов билдиргендей, июнь окуясында каза болгон жарандардын балдарына мамлекеттик орто жана жогорку билим берүү мекемелеринде өзгөчө укуктар берилип, бала-бакчаларга кезексиз кабыл алынат.
 
Мындан сырткары, жабыр тарткандар жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жергиликтүү башкаруу бийлиги коомдук транспортто акысыз жүрүүсүн камсыз кылууга милдеттүү болуп эсептелет.
 
Маалыматка ылайык, Убактылуу өкмөттүн декрети менен Ош, Жалал-Абад областында 2010-жылы июнь окуясында жабыр тарткан, каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө социалдык жөлөк пулга ай сайын 3700 сом кошулуп берилет.
 

 

 
 Кыргыз саясатчылары “понт” көргөзүп, он чакты жансакчы менен жүргөндү укмуш жактырышат. Бирок ошолордун жанын сактап жүргөн бука моюн, буура сандарга кам көрө билгенди анчейин жакшы биле беришпейт окшойт.
 
Мисалга акыркы күндөрү, премьер-министр Бабановдун өзүнүн жан сакчыларына болгон ыксыз мамилеси тууралуу маалымат желдей тарады. Маалыматка таянсак, Өмүкебиз кайсы бир эс алуучу жайга кирип чер жазган имиш. Бул убакытта жан сакчылары эшик сыртынан кайтарып турушат. Арасынан бир жигит грипп болуп жаткандыктан, ошол жайдан 1 стакан калемпир аралаштырып иче коюптур. Баш оорум басылат дегендир да. Кийин Өмүке чыгып баратып счет сураганда баягы калемпир кошулган арактын баасын да кошо коюшуптур, кашайтып. Муну байкап калган башбаканыбыз аракты эсепке алып, “ким ичти муну “энеңди” дегенге чейин барып, акырында “ичкендер өзү төлөсүн” деп кызаңдап чыгып кетти дейт.
 
Дегеле Өмүкенин бул сыяктуу эсептемей адаты акыркы күндөрү жан сакчыларын беймаза кылып жүрөт дешүүдө. Номур биринчи бай болуп туруп, кээде айлыктарын кармап калмайы да бар экени тар чөйрөдө айтылып калат. Минтип отурса муну эч ким кайтарууга албай калат деп божомолдогондор да четтен чыгат.
 
Ал эми жан сакчыларына кам көрүү боюнча Ахмат Келдибеков менен Камчыбек Ташиев алдына киши салбайт. Көргөн-билгендердин айтымында, бул экөө алдыңкыларына бирден унаа, бирден үй алып бергенге жетишишиптир.
 

Булак: “Аренаkg” 

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюуму Борбор Азиядагы аймактык экологиялык борбору жана башка жергиликтүү мамлекеттик, коомдук уюмдар менен биргелешип суу музейин, башкача айтканда Акватариум курууну пландап жатышат. Эгер мындай жай курулуп калса тургундар суунун уникалдуу түзүлүшүн, суу ресурсун экономдоо жана ага байланыштуу маалыматтарды алып, үйдө, өндүрүштө колдончу технологиялар менен тааныша алышат. Студенттер болсо суунун өзүн изилдөөгө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Суу музейин курууда Москва, Санкт-Петербург, Киев өнудүү ири шаарлардын тажрыйбасы эске алынат.

 

Азаттык


 Жогорку Кеўештин депутаты Акматбек Келдибеков “Кумтөр” 21 миллион долларды өкмөткө жөндөн жөн эле берип койгон жок. Мыйзамсыз, коррупциялык схемалар орун алгандыгы көрүнүп турат” деген пикирде. Эл депутаты менен маекке төмөндө орун берсек.

 

- Акматбек Келдибекович, өкмөттү кетирүү боюнча кол чогултулуп, бир катар депутаттар кол коюшуптур. Сиз буга кандай карайсыз?

-          Эгерде мунун баары кызмат үчүн талашып-тартышуулар болсо, анда биз катышпашыбыз керек. Себеп дегенде сиз экөөбүз чогуу жүрүп, мен сизге айтпай эле башка чечимдерди чыгарып алсам, сиз эмне деп ойлоп каласыз? “Ата-Журт” фракциясы эл ишенген өкмөт түзүлсүн, беш фракциянын тегерегинде эмес, жалпы Кыргызстандын саясий чөйрөсүндөгүлөр чыгып өкмөттү түзсүн деп принципиалдуу туруп жатабыз.

 

-          Сиз дагы кол коюп, бирок, кайрадан колуўузду чакыртып алыптырсыз. Ушул чынбы? 

-          Бирөөнү кызматка коюу, соодалашуу  үчүн “Ата-Мекен” тараптан уюшулуп жатат деген мага жеткен маалыматтардан улам мен ал колду сызып койдум. Эгерде жалпы элдин мүдөөсүн, талабын ойлогон өкмөт түзүлөт деген идея менен чыккан болсо, анда мен колдойт элем.  Жалпы элдик өкмөт түзүлүп, оппозиция көтөрүп чыккан маселелерди биз туура деп чечтик десе, мен колдомокмун. Мен мындай жаман иштерге, ички интригаларга катышкым келбейт.

 

-          Бүгүнкү күндө элдин талабын кандай деп түшүндүрөт элеўиз? Азыркы өкмөт чындап эле кызматтан кетиши керекпи?

-          Элдин курсагы тойбосо, эртеден кечке популисттик сөздөн башка иш болбосо, өкмөт карабаса, ишин начар дейт да. Жалпы кыргыз жамааты, мамлекеттин ар бир облусунда элдин турмушу начарлап кеткендигин айтып жатат. Саясат деп эле, экономика менен эч ким алектенген жок. Саясат жана саясат. Нариман Түлеевти олтургузуп, шоуга айланткандыгы дагы саясат. Анткени, Бишкек шаардык кеўешине депутаттарды шайлоо жакындап келе жатат. Эгерде Түлеевтин ушундай күнөөсү болсо, анда эмне себептен эки жылдан бери эч ким айтпайт? Эки жылдан бери ишти сотко өткөрүп, сот чечип койсо болмок. Мен материалдарды экономикалык жактан карап чыктым. 31 миў долларга автобус келеби, автобус эмес, жөнөкөй машина келбейт. Бул Кыргызстанга пайда келтирдиби, келтирген жокпу, адамгерчилик жактан, бардыгын салмактап көрүш керек. Кытай 42 миўден грантка бериптир, муну эске албай эле шоуга айланта бергендин кереги жок. Мунун арты жакшылыкка алып келбейт.

 

-          Жума күнү депутаттар Түлеевтин ишин карап чыккандан кийин, башкы прокурор Аида Салянова “Түлеевти кармабайбыз” деди эле, кайра ишемби күнү камап коюптур. Бирок, Түлеев кайра камакка алынбадыбы...

-          Бул Жогорку Кеўештин кадыр-баркынын түшүп болгону. Парламенттик өлкө эмес, кандай өлкөдө жашап жатканыбызга менин башым жетпей калды. Мурда да кичине кадыр-баркы бар болчу. Токтомго кол коюла элек дейт, эгерде бүгүн токтомго кол коюлуп, ал аткарылбаса, анда бул парламенттин кадыр-баркы жок, биерде олтуруштун кереги жок деп ойлойм. Андай болсо, бийликтин бардык бутактарын таратып, кайрадан шайлоо кылуу керек.

-          Жогорку трибунада туруп, сиздер өкмөткө жолдогон иштер аткарылып жатабы? Же депутаттар айтып-айтып эле тим болуп калып жатышабы?

-          Жөнөкөй эле департаменттин, мекемелердин жетекчилери келип, депутаттын айтканын угуп коймок турсун, аны менен каяша айтып жатышат. Бул бая айткандай эле, парламенттин авторитетинин кетип калганы. Бүгүнкү күндөгү кол бала болуп калгандыгынан келип чыкты.  “Ак жол”, “Ак жол” эле дейт, азыр андан да жаман болуп кетти. “Тур” десе турат, “олтур” десе олтурат. Мен билбейм, келечеги эмне болот.

 

-          “Кумтөр” маселеси кайрадан козголуп, дагы эле аягына чыкпай, кийинкиге жылдырылды. Бул маселенин аягына чекит коюлабы?

-          Алтындын аты “ал-тын” деп коёт. Же биз 20 жылдан бери “Кумтөрдү” ала албадык же тынчып олтура албадык. Комиссиялар түзүлгөн сайын, элдин пайдасына деп бакырып чыгышат да, аягында эч нерсе чечилбейт. 21 жолу комиссиялык текшерүү болуп, кайрадан келишимдер өзгөрүп, кайрадан кол коюлуп, ратификация кыла бергенди мамлекет дегенден кийин токтотушу, чекитти коюшу керек. Бул депутаттык комиссия жакшы иштеди. Мен экология жөнүндөгү маселени биринчи орунга коёт элем. Алтын алынат, кетет. Бирок, биз жаратылышты, Кыргызстандын сулуу жерлерин кийинки муундарга калтырууга тийишпиз. Экинчиден, эгерде алтын туура эмес алынса, жерди туура эмес иштетсе, анда акчасын эсептеп туруп, мамлекетке төлөшү зарыл. Россия менен Казакстанда чыккан продукцияны бөлүп алып, иштешет. Бизде да ушундай болуп, бир тонна алтын чыкса, иштетсин, бирок, экологияны сактасын, 500 килограммы мамлекетке калсын, 500үн алып кетсин деп келишим кылуу кажет. Учурунда 1 миллиард 600 миллионго чейин актививибиз бар деп көкүрөгүн урушкан. Аты-жөндөрүн айтпай эле коёюн. Ошол мезгилде мен муну алтынга айландырып коёлу деп айткам. Андай болгон жок, бул каражат жөн эле сууга сиўгендей жок бюолуп кетти. Мунун өзү жетекчиликте мамлекеттүүлүктү түшүнбөгөн адамдардын олтургандыгын көргөзүп турат. Кечээ коалициялык кеўешмеде коррупция, бандитизм деп күпүлдөп сүйлөп жатышпайбы, чындыгында, коррупция менен күрөшүүнү алар өздөрүнөн башташы керек. Эмне үчүн элдин мүлкүн арзан алынып, мамлекеттештирилген мүлктөр арзан бааланып жатат. Мунун баары өз учурунда таразаланат. Тийешелүү адамдар акыры жоопкерчиликке тартылат. Ал эми азыр эч ким коррупция менен эч ким күрөшкөн жок,   

 

-          “Кумтөр” берген 21 миллион долларды бюджетке кириштебестен, өкмөт алып туруп, “Ала-Тоо финанс” компаниясы аркылуу элге таркатып жибергендей мамиле болуп калды...

-          Бул биринчиден, кайрадан эле  мыйзамдын бузулушу. “Ала-Тоо финанс” микрокредиттик агенттиги деп түзүлүп, аталгандыктан, бул мамлекеттик бийликке кирет. Мамлекеттик органдар бюджетке тийешеси жок фонд ачып, өзүнчө иш алып барганга укугу жок. Социалдык фонддуку бар. Эгерде мамлекеттик эмес орган болсо, анда фонд ачып жардам алышы мүмкүн эле. Мамлекеттик органдар бир тыйын алса да, бюджетке кириштеши керек. Бюджеттен өткөрүп койсо, анда маселе жок. Мени бүгүн өкүндүргөнү элдин үнү өкмөткө жетпей калганы. Коррупция деген ушул.

 

-          “Кумтөр” 21 миллион долларды өкмөткө жөн эле бере койгонун кантип түшүндүрсө болот?

-          Бул жерде дагы чоў коррупция орун алган. Жөндөн жөн эле ишкана 21 миллион долларды өкмөткө бөлүп бере бермек эмес. 33 пайызы мамлекеттики, 20 миўден ашык  акционерлери болсо, кантип жөндөн жөн эле бере коёт? Бул дагы “Кумтөр” менен өкмөттүн ортосунда байланышкан коррупциялык схема бар экендигин көрсөтүп жатат. Элге бергенине жамынган болбойт. Бул мыйзамга жатпайт. Бюджеттен өткөрүп коюп, андан кийин кредит кылып берсин, мектеп курсун. Анан жөндөн жөн эле “мен ушундай чечтим” дей бергени мыйзамга туура келбейт.

 

Маектешкен К.Темиров, “Майдан.kg” гезити    

  

 

  Кыргызстанда жаратылыш газынын баасы январь-май айларынын жыйынтыктары боюнча 10,7 пайызга кымбаттады. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин ар айлык талдоосунда берилген.
 
Маалыматка ылайык, быйылкы жылы жаратылыш газын сырттан импорттоонун көлөмү да көбөйдү. Алсак, январь-апрелде Кыргызстан сырттан 140,8 миллион кубометр газ сатып алган. Мында газды импорттоого 33 миллион 827 миң доллар сарпталган.
 
Белгилүү болгондой, газды импорттоп алуу былтыркы жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 18,4 пайызга көп болду. 
 
Кабар
 

 

 

 

 

Бишкек, “Саясат.kg”. “Баракелде” маалымат электрондук баракчасында: “КР премьер-министри болууга ким татыктуу?” аттуу сурамжылоо жүргүзүүсүндө, республикадагы аттуу-баштуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин ичинен окурмандардын көпчүлүгү Жогорку Кенештин депутаты Камчыбек Ташиевдин  талапкерлигин колдошууда.

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөң айлында 27-июнда катуу жааган жамгырдын кесепетинен түнкү саат 01:00 чамасында 37 үйдү суу каптап, 36 үй канаттуусу өлүп, 85 гектар айдоо аянтын суу басты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.
 
Ошондой эле Куу-Токой тилкесинде жашаган элдин 48 майда мүйүздүү, 3 ири мүйүздүү малы өлгөн. Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин 1 жүктөгүч, 1 самосвал тартылууда жана айыл аймак тарабынан 2 экскаватор иш жүргүзүп жатат. Райондун жарандык коргоо комиссиясы келтирилген чыгымдар боюнча тактоо иштерин жүргүзүүдө.
 
24.kg
 

«Жайкы өргүүгө чыгып,  салкын төрлөргө, көл жээктерине барып эс алабыз», деп кыялданып турган Жогорку Кеңештин депутаттары «Кумтөр» маселеси, депутат Н.Тїлеевдин камалышы, өкмөттү кызматтан кетирүү демилгелерине байланыштуу дагы бир топ убакытка чейин шаардын аптабына куйкалана тургансып калды. Өлкөнүн саясый аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүлүп, өтө курч окуялардын кошул-ташыл боло башташы мамлекеттеги туруктуулукту бузбайбы деген санаркоолор байкалууда. Түзүлгөн кырдаал боюнча ой-пикирин билдирүүсүн өтүнүп, белгилүү коомдук ишмер, саясый баяндамачы Сабыр МУКАНБЕТОВго суроо узаттык.
 
-- Сабыр мырза, кепти «Кумтөр» маселесинин көтөрүлүшїнєнбащтасак. «Кумтөр» боюнча комиссиянын сунушу өтпөй, кайрадан макулдашылган вариант даярдоого жөнөтүлдү. Келишимдерден кайтып, өзүбүз ээлик кылабыз дегенге кандай карайсыз?
 
-- Эгерде келечекте эл аралык соттор аркылуу Кыргызстанга финансылык залака тийгизбей «Кумтөрдү» өзүбүзгө алуу мүмкүнчүлүгү болсо анда алуу керек. Ага эч ким каршы чыкпайт. А эгерде айрым чиновниктер коркутуп жаткандай, арты миллиардаган карызга батыраары чын болсо, анда ойлонуш керек. Мунун баарын окуп, таанышып, талдабай туруп, алдын ала жыйынтык чыгара бергенде туура болбойт. Ач көз аткаминерлерибиз жеке кызыкчылыктары үчүн элибиздин ырыскысын чет элдиктер менен биригип талап-тоноп кетти. Бул маселени коомчулук башынан бери эле көтөрүп, айтып келатабыз. Бирок, буга чейин мынчалык деңгээлде ачуу, катуу сөздөр айтылып, жалпы элдин талабы менен шайкеш болгон эмес. Бу сапар деле “Кумтєр” маселесин жабык кароону сунуштагандар да болду. Жогорку Кеўештин тєрагасы Асылбек Жээнбеков “акыры баары бир ачыкка чыгат, андан кєрє эл угуп єзї талдасын” дегенден улам ачык каралып отурганын да айта кетпесек болбойт. «Кумтөр» маселеси боюнча кыргыздар акмак болгонубузду эми билип жаткан жокпуз. Андыктан, мен комиссиянын күнөөкөрлөрдү жоопко тартуу боюнча сунушун толугу менен колдойм. Антпесек жоопкерчилик болбойт. Башка кендерди иштетүүдө да ушундай элдин кенчин тоноолор улантыла берет. Экинчиден, кен казылган жерди кайра калыбына келтирүү маселесин биринчи планга коюп, рекултивация жасатууну, экологиялык кыйроодон сактануу жагын ойлонушубуз керек. «Кумтөр» долбоорунун «өлгөнүнө» канча болду? Ашын берели да, акмак болгонубузду моюндап, курулай өкүрө бергенди койолу. «Болоору болду, боёосу канды» демекчи, алдырдык-жедирдик деп боздой бергенди токтотуп, келечекти ойлонуу керек.
 
-- Нариман Тїлеевдин камалышы коомчулукта бир топ резонанс жаратууда. Айрым серепчилер депутатка каршы кылмыш ишин саясатташып кетти деген пикирлерин билдиришүүдє. Сиз кандай дейсиз?
 
-- Кыргызстанда жалпы кыргыз эли консенсуска келген бир маселе бар. «Коррупция бизди курутуп жатат» дегенге баарыбыз макулбуз. Коррупцияны курутуш керек, коррупционерлерди камаш керек» дегенге келгенде да баарыбыз бир пикирдебиз. Бул талашсыз. Кеп, ошол «коррупция менен алышабыз, жоёбуз» деп далбастаганыбыздан майнап чыгара албаганыбызда болуп жатпайбы! Себеби, укук коргоо органдары өзүлөрү да ага аралашып кеткен. Алар эптеп-септеп бир-эки коррупционерлерди тооруп калса, кыкеңдер чыгат, «бошоткула биздин баланы» деп. Андан калса ЖКнын депутаттары «кесиптешибизди кантип салып беребиз, эртең өз башыбызга да келет, биримдикте бололу» дешип, күжүлдөшүп чыгат.  Аны көргөн революциячыл жарандарыбыз «ЖК коррупциянын “цитадели” болуп калды, буларды кууш керек!» кыйкырып жатышат. Ошентип, кандай гана кылмыш иши болбосун саясатташып, карга карганын кєзїн чукубайт болуп кетип жатат. Укук коргоо органдарынын компетенсиздиги, ыкшоолугу, кетирген кемчиликтери да иштин саясатташуусуна негиз болуп берүүдө.
 
-- Тїлеевди жоопкерчиликке тартууда ЖК менен Алмазбек Атамбаевге таянган укук коргоо органдары тирешип калгандай болду. Сиздин оюңузча коомчулук бул маселеде кайсы тарапты колдойт жана ошондой эле, бул маселе президенттин жана ЖКнын рейтингине кандай таасирин тийгизет?
 
-- Кыргыз басылмаларына саясый аналитикалык макалаларды жазып жүргөн адам катары мен бул маселени көз жаздымда калтырбай, коомдогу пикирлерди талдап байкоо жүргүзүп жатам. Өзүңүздөр билесиздер, коррупция менен күрөш бул А.Атамбаевдин коомчулуктан колдоо тапкан демилгелеринин бири. Бул багытта иштер оңдуу жылбагандан улам, эл наараазы болуп, «майда балыктар гана камалып, акулалар ээн-эркин жүрүшөт» дешип, президенттин бул демилгесинен  түңүлө баштаган эле. Анан ЖКнын депутатынын камака алынышы «дїўк» эте түшүп, катуу резонанс жаратты. Мурда И.Пирматовду сурап ала албаган укук коргоо органдары бул сапар ЖКны көчүккө жуккан бокчо көрбөй Н.Тїлеевди буйлалап кетти. Блатнойлордун жаргону менен айтканда ЖКны «опускать» этип коюшту да. Серепчилер мунун баары президенттин саясый эрки болгондугу үчүн жасалууда деген пикир билдиришүүдө. Андыктан, бул окуялар, азырынча президенттин рейтингине оң таасирин тийгизип жатат. Эгерде бул аракеттер таза коррупцияга каршы гана күрөш эмес, саясый кызыкчылыктар үчүн жасалганы аныкталса, окуяга баа берүү кескин бурулуш жасап, А.Атамбаевдин аброю оңбой калышы толук мүмкүн.
 
-- «Н.Тїлеев оппозициялык фракциянын депутаты болгону үчүн куугунтукталууда, бул саясый кысым» деген пикирлер айтылууда. Андан тышкары, дагы кандай саясый кызыкчылыктар болушу мүмкүн?
 
-- Адегенде, «туура кылды» деп кыйкыргандар арбын болгону менен, убакыт өтүп туман тарай баштагандан бери маселенин чоо-жайын байкагандар Тїлеевдин камалышынын негизги себептери тууралуу ойлорун билдире башташты. Биринчиден, бул албетте, солгундап бараткан коррупцияга каршы күрөштү жандандырууга байланыштуу. Экинчи жагынан күздө боло турган Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна байланыштуу дешүүдө. «Бишкек шаарына таанымал экс-мэр, акчаны сапырып, бийликтин айласын алты курутса кыйын болот да» дегендер жок эмес. Айтор, «бул маселе саясаттан тышкары, таза коррупция менен күрөш» деген ишеним сакталса, анда президентке болгон ишеним жогорулайт. Антїї үчүн иш улантылыш керек. Башкача айтканда, Н.Тїлеев жалгыз камалбай башкаларга да кылтак салынышы абзел. Бирок, ал кыйын го. Азыртадан эле, президенттин демилгесин колдомуш болуп, жеке кызыкчылыктарын канагаттандыргысы келгендердин айынан бул иш саясатташып кетти.
 
Апрель коогалаўына байланыштуу жайнап чыккан коомдук уюмдардын айрым көксөөсү сууй элек мүчөлөрүн жалдап алып, «Президент азамат, Тїлеев камалсын» деген сыяктуу сөздөрдү кыйкыртып жаткандардын аракети иштин саясатташканынын далили сыяктуу көрүнүп баратат. Эптеп, ушинтип революциядан дивиденд алып бїтє албай жїргєндєрдї уюштуруп алып, жагынып болсо да, президенттин колтугуна кирип, бир майлуу орунга ээ болууну көксөп жаткан Эмилбек Каптагаевдин «медвежья услугасынын» зыянын сезип, тыйып койгонго жарабай отурган А.Атамбаевдин спич-райтерлерине таў калбай койо албайсыў. Же тетирисинче, аларга ошол эле керекпи? - дегиң келет. Азыртадан эле эл ичинде, «андай болсо Э.Каптагевди да камасын, ажылыктын коррупциясы боюнча ЖК жоопко тартылсын деп чечим кабыл алганына карабай бош жүрбөйбү. Же башкы прокурор кудачаң болсо, президентке жагалдансаң эле кутуласыңбы? Анда коррупционерлер жеңил эле кутулат турбайбы, эртеңден баштап А.Атамбаевге сыйына баштайлы» деген кептер чыгууда. Бул сөздөр оңой сөздөр эмес. Жакшылап маани берип, ишти жєнгє сала албаса президенттин  түбүнө жете турган сөздөр. Анан, иш ушул багытта улана берсе, төрт ай камап шайлоодон кийин бошотуп койсо, же Тїлеевдин  рак оорусу күчөп, ошол жактан «бастыра берсе» кандай болот? Айтор, ойлонуп иш кылбаса кыйын.  Арты барып эле президентке тийип, эл ишениминен кетээри турган иш. Анын үстүнө «шайым жетеби …» дебей, үч фронту бирдей ачып да алгансыды.
 
Ал эми коррупция маселесине келсек, менин жеке пикирим боюнча кылмыш составы аныкталса, ким болбосун жазасын алышы керек! Ошондо гана элдин бийликке болгон ишеними пайда болуп, өнүгүү жолуна түшөбүз. А эгер андай болбосо, «акчаң болсо кутуласың» деген түшүнүк жашай берсе, уурулук токтобойт, биз адилеттүү коом кура албайбыз, керек болсо ааламдашуу алкагында  мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калуу мүмкүн болбой калат.
 
-- Өкмөттүн отставкасы үчүн кол чогултулуп жатканы айтылууда. Бул маселенин чукул көтөрүлүшү эмнеден улам болду жана бул окуя кандайча аяктайт  деп ойлойсуз?
 
--  Өзүңөр билесиздер, мен башынан эле Ө.Бабановдун өкмөт башчы болуп дайындалышын эң чоң  каталык деп келгем. Эл деле айтып жатпайбы, «Бабанов баш бакан болуп отурса, кайдагы коррупция менен күрөш» деп. Андыктан, өкмөттүн отставкага кетишин туура деп эсептейм. Алмазбек Атамбаев да акыры Бабановдон түңүлүп, анан буга чейин башкаруучу коалицияда болгондугуна гана байланыштуу тилин тишине катып келген. Өмүрбек Текебаев экөө эски оппозициядагы єнєктєштєр катары бир чечимге келген сыяктуу. Баары бири-бирине байланыштуу болуп жатат да.  Андыктан, чукул арада өкмөттїн кызматтан кетээри бышып калды десек болчудай.
 
-- Өмүрбек Абдырахманов «бул Текебаевдин эле интригасы» деп өкмөттүн отставкасына каршы болууда го?
 
-- Ал айтканын уктум. «Бир жыл иштетели, жылдын отчету менен кетирели» деп жатат. Болбогон сөз. Биздин коом көптөн бери оорулуу. Оорулуу организмге донордон алып боорун алмаштыргандай болуп турабыз. Анан ошол боор организмге туура келбей калса эмне кылыш керек? Башка органдардын баарын талкалап, денени өлүмгө алып келгенче карап отуруш керекпи? Жок. Мындайда ыкчам операция кылып алмаштыруу кажет. Менимче Өмүрбек Абдырахманов бул маселени Текебаев көтөрүп чыгып жаткандыгы үчүн эле каршы чыгып жаткандай. «Бабанов менен ымалалашып жүрөт, колдойм дептир» дегендер да бар. Эми Ө.Абдырахмановго Сириядагы окуя боюнча суроо берсең деле артын барып Текебаев менен бүтүрөрү күмөнсүз. Мен Абдырахмановду ДДКдан бери билем, ал эми єлгєнчє тыйылбайт. Ага асылам деп Ө.Текебаев кутулбас куяга кабылды! Булардыкы эми, узакка ойноочу пластинкадай болуп калды.  
 
Суроо салган А.Нуржигитов, “Майдан” гезити

 Бишкек - "Саясат.kg". “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө” мыйзамга түзөтүү киргизилүүдө. Мыйзам долбоору Кыргызстанда сот реформасын ишке ашыруу, сот адилеттигин орнотуу, анын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, ишин уюштурууну тездетүү максатында иштелип чыккан. Сот арачылары сот тумуна алгачкы ирет киргизилет.
 
КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарымбаевдин айтымында, 2009-жылдын 15-июнунда кабыл алынган мыйзам 2012-жылдын 1-январынан тарта ишке кирип, сот арачылары кылмыш иштерин карай баштамак. Азыркы жагдайды эске алуу менен, мыйзамды 2013-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизүү зарылчылыгы келип чыккан.
 
Бирок, КР Өкмөтү ал мөөнөткө чейин даяр болбой тургандыгын, аны кармоого каржы жок экендигин билдиргендиктен, парламенттин тармактык комитетине кайра кайтарылып, аны 2015-жылга жылдыруу чечимине келген. Мыйзамда анын Кыргызстан аймактары боюнча этап-этабы менен ишке кирүүсү каралган.
 
Ошону менен бирге, сот арачылары тарабынан өтө оор кылмыштар карагангандыктан, ал уюштуруу иштери менен каржылоо чараларын тездетип чечүү зарылчылыгына да токтолду. Анткени, сот арачыларына сот иштерин кароо бүткөнгө чейин жайгаша турган ыңгайлуу жайды таап берип, алардын коопсуздугун камсыз кылуу милдети турат.
 
Талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан сот арачыларынын бүткүл Кыргызстан боюнча бир учурда киргизүү, болбосо, аны аймактар боюнча этап-этабы менен киргизүү жарандардын конституциялык укуктарын бузарын эске салышты. Ал эми депутат Туратбек Мадылбеков 2008-жылы эл аралык донорлор тарабынан сот тармагында кайра курумдарды жүргүзүү үчүн бөлүнгөн 16 млн доллар каражат дайыны жок болуп калгындыгын айтат. Ал каражатты таап чыгып, сот арачыларын ишке киргизүү үчүн жумшоо сунушун айтты.
Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
 

 

 Ош облусунун Ноокат  районунда  улуттук  тестин жыйынтыгы  менен  эң жогорку  балл  алган  50 балага  «Ак Чубак»  коомдук фонду алтын  медалдарды тапшырды.
 
Ош облмамадминистрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, бул  аземге  Ноокат  районунун  акими   З.Аскаров,    «Ак Чубак»  коомдук фонддун жетекчилиги, ата-энелер,  окуучулар  катышышты.
 
Өз сөзүндө З.Аскаров  жаштарга колдоо  көргөзгөндүгү  үчүн  аталган  фонддун  жетекчилерине ыраазычылык  билдирип,  бүтүрүүчүлөргө жогорку билим  алып, жакшы  кесиптин  ээси  болуп,  өлкөбүздүн  керегине  жараган атуулдардан  болушуна  тилектеш  экенин  билдирди.
 
Ноокат  району  боюнча  эң жогорку  балл  218 баллды түздү. 
 

 

 

 Өмүрбек Бабановго каршы кол топтоо маселеси Өмүрбек Текебаевдин жеке кызыкчылыгынан улам көтөрүлүп жатат, деп билдирди «Республика» фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев «Де-факто» гезитине берген маегинде.
 
Анын айтымында, ага жеткен так маалыматтар боюнча, ал өзүнүн партиялашы Каныбек Масиров дегенди «Кыргызнефтегаз» ишканасына гендиректор кылып дайындоо өтүнүчү менен кайрылып, өкмөт башчы аны четке кагыптыр.
 
«Өз партиялашына протеже боло албаганына ич күптү болгон Текебаев дароо Бабановдун отставкасын талап кыла баштады. Эгерде Масировду ишканага жетекчи кылып дайындап койгондо, кол топтоо Текебаевдин түшүнө да кирмек эмес. Кол топтоо демилгесин «ата мекенчилер» гана колдошу мүмкүн. «Республика» ж.б. фракциялар колдобойт», - деди Бокоев.
 
Баракелде

 

 Саясый партиялардан жана жергиликтүү башкаруу органы - шаардык кеңештен Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларына талапкерлерди көрсөтүү иши аяктады. Бул тууралуу КР шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча орбордук комиссиянын басма-сөз кызматы билдирет. 
 
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймактык комиссия мүчөлөрү саясый партиялардан талапкерлерди көрсөтүү тууралуу токтомду үстүбүздөгү жылдын 25-июнуна чейин кабыл алган. Ушул мөөнөттө Бишкек шаардык кеңеш да жергиликтүү коомчулуктан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү токтомдорду кабыл алууну аяктаган. 
 
Республиканын Юстиция министрлигинен өз талапкерлерин көргөзгөн саясый партиялар тууралуу маалыматтарды алгандан соң, участкалык шайлоо комиссиянын курамына талапкерлерди тандоо процедурасы уланат. Процедурага 17 саясый партиянын өкүлдөрү катышат. Тизмеге КСДП, “Республика”, “Ата Мекен”, “Замандаш” сыяктуу партиялар кирген. 
 
Кабар

 

 Кол менен кармап албагандан кийин так айтыш кыйын. Бирок айрым кол койгон депутаттар өкмөттүн адамдары менен жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин койгон колдорун кайра артка алышууда, деп билдирди парламент депутаты Камчыбек Ташиев «Де-факто» гезитинин 28-июнда чыккан санындагы маегинде.
 
Анын айтымында, анткени кайсы депутаттын кол койгону өкмөткө жетип, өкмөт алардын ар бири менен сүйлөшүп, айткандарын, өтүнүчтөрүн аткарып жатыптыр. «Өкмөттүн мүчөлөрү ар бир депутатка кирип, ар нерселерди убада кылып, позицияларын өзгөртүү аракетин көрүшүүдө. Колун алгач коюп берип, кайра артка алган депутаттарды «арам тамактар» деп эле айтышыбыз керек. Аларды кол койбоого үндөгөн өкмөт мүчөлөрү да арам тамактар. Биз ошолордун ортосунда калып кетип атабыз», - деди Ташиев.
 
Баракелде

 

Бишкекте автоунаа 4 жашар баланы коюп кеткен. Бул тууралуу медициналык тез жардам станциясынан бейшемби күнү билдирди.

 

«27-июнда саат 18:32де Бишкек шаарынын Исанова көчөсүндө автоунаа 4 жашар баланы коюп кеткен. Анын кесепетинен кичинекей бала жабык баш мээ трвмасын алган жана 3-балдар ооруканасына жеткирилген», - деп билдирди дарыгерлер.
 
Медициналык тез жардам станциясынан билдиргендей, өткөн сутка ичинде 563 кайрылуу түшүп, анын ичинен 108 адам ооруканага жаткырылган.
 
КырТАГ

 

 Мен эмне үчүн өкмөт башчы болбошум керек?, - дейт ЖК депутаты Камчыбек Ташиев «Де-факто» гезитине берген маегинде.
 
Анын айтымында, эгерде өкмөт башчылык кызматка келсе, билими, тажрыйбасы менен мамлекеттин экономикасын алдыга жылдырат. «Артка кетүүгө жол бербейм. Колумдан келбей баратса, мен кызматка тырышып, ордумду сактап калууга жандалбас кылбайм. Колунан иш келчүсүнө өткөрүп берем. Кандай кызмат экенине карабай, таштап чыгып кеткенге эрким жетет. Аны буга чейин бир нече жолу көрсөттүм. Өкмөт башчылыкка келишим менин каалоомдон көз каранды эмес. Жараткандын буйругуна жараша болот. Бул кызмат мага буюрган болсо, мен элге чын дилден ак кызматымды кылууга даярмын», - деди Ташиев.
 
Баракелде

 

  Кыргызстанда административдик камоо мөөнөтүн 15 суткадан 5 суткага чейин кыскартуу сунушталууда. Буга байланыштуу “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодекске алымча-кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Турсунбай Бакир уулу, Бакыт Төрөбаев жана Ширин Айматова даярдаган. Мыйзам долбоору бүгүн парламент жыйынында каралууда.
 
Д.Бекешевдин айтымында, административдик камоо үчүн 15 сутка мөөнөтү Кыргызстанда советтик мезгилден бери колдонулуп келе жатат. “Учурда көпчүлүк өлкөлөрдө мынча кмөөнөттөгү камоо каралган эмес. Муну менен катар убактылуу кармоочу жайлардын абалы начар, каражаттын тартыш болгондуктан, административдик камоо мөөнөтүн 5 суткага кыскартуу зарыл. 15 сутка кармоо мамлекеттин бюджетине гана оорчулук келтирет”, - деп айтты депутат.
 
Мындан тышкары административдик камоо колдонулбай турган адамдардын категориясына түзөтүүлөр киргизилүүдө. Ага ылайык, административдик камоо 18 жашка толо электерге, кош бойлуу аялдарга, 14 жашка чейинки баланы жалгыз тарбиялап жаткандарга жана бринчи экинчи топтогу майыптыгы бар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата колдонулушу мүмкүн эмес экени белгиленген. 
 
Кабар
 

 

Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын депутаты Садыр Жапаров өкмөт Кумтөрдү иштете албаса, кызматынан кетиши керек деп 28-июндагы пленардык жыйында айтты.
 
«Кумтөрдүн маселеси боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү, бирок бул чечим менен «ууруну ууруну кармагыла» деп жатабыз. Бул маселе чечилбейт, ошондуктан жаңы өкмөт түзүп берип, Жогорку Кенеш дагы таркап кетиши керек. Жогорку Кеңеште патриот адамдар бар, бирок мамлекеттин ишине келгенде жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылууда», - деди депутат.
 

 

  Кыргызстан калкынын саны төрт айда 37 миң адамга көбөйүп, 5 миллион 589 миң адамды түздү. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин ар айлык талдоосунда берилген.
 
Белгилүү болгондой, калктын саны 2012-жылдын январынан апрель айына чейин 0,7 пайызга жогорулады. Калктын санынын өсүшү дээрлик бардык аймактарда белгиленди. Алсак, Ош облусунда 8 миң адамга, Жалал-Абадда 7600 адамга, Бишкек шаарында 6500 адамга көбөйдү.
 
Маалыматка ылайык, төрт айда республикада 51 131 бала төрөлүп, 12 674 адам каза болгон. Натыйжада калктын табигый өсүшү 38 457 адамды түздү. 
 
Кабар

 

  Бишкекте аялзатын зордуктоого шектүү 25 жаштагы адам кармалды. Бул жөнүндө борбор калаанын Ички иштер башкармалыгы билдирген.
 
Маалыматка караганда, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 31 жаштагы Бишкектин тургуну кайрылган. Даттануучунун айтымында, аны 27-июнда саат 15-00дө сейил багында 20-25 жаштардагы белгисиз адам күч колдонуу менен зордуктаган. 
 
Кылмыштын изин сууй электе жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде 25 жашар К.Ч. (үй-жайсыз) кармалган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.
 
Кабар
 

 

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 27-июнда Советтер Союзунун баатыры генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинин аймагында Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары үчүн турак үйлөрдүн курулушу жөнүндө маселе каралды.

 

Жыйында бул маселе боюнча коргоо министри Мирлан Өмүралиевдин маалымат берди.
Министрдин маалыматына ылайык, учурда 1600 аскер кызматкерлеринин үйү жок. Гранттык долбоорго ылайык, 108 батирлүү 2 үй куруу мерчемделген. Бишкек шаарынын аймагынан үй курууга жер караштырылып, Кыргыз улуттук аскер лицейинин көмөкчү чарбасына деп багытталган жер тилкеси натыйжалуу деп табылган.
 
Жыйында аскер кызматкерлеринин социалдык жактан колдоого багытталган бул долбоор максатка ылайыктуу болгону менен үйлөрдүн курулушуна аныкталган жер тилкеси кызуу талкууга түштү. Бул маселени көтөргөн депутат Мурадыл Мадеминов, депутаттар Исмаил Исаков, Бөдөш Мамырова, Назарали Арипов талашка түшкөн жер тилкесине кадр даярдоочу бул лицейдин курсанттары үчүн башка шарттарды түзүү керектигин айтышып, аскер лицейинин жер тилкесин өзүнө калтыруу зарылдыгын белгилешти.
 
Депутат Исмаил Исаковдун айтымында, лицейдин аймагынан жер бөлүү менен тиешелүү мыйзамдар бузулган.
Талкуунун жыйынтыгы менен депутаттар И.Исаков, М.Мадеминов тарабынан даярдалган токтом долбоору колдоого ээ болду.
 
Токтомго ылайык, КР өкмөтүнө аталган лицейдин аймагына турак үйлөрдүн курулушуна тыюу салуу боюнча тапшырма берилди. Мындан сырткары, кыска мөөнөттүн ичинде мыйзам чегинде аскер кызматкерлери үчүн турак үй курууга жер тилкесин аныктоо тапшырылды.
 

 Баракелде