Бишкек, «Саясат.kg». Кечээ, 1-сентябрда КРнын Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Таш-Көмүр шаарында чет элдик инвестициялоо аркылуу бүткөрүлгөн нефтини жана нефти азыктарынын калдыктарын кайрадан иштетүүчү заводдун ачылышына катышты деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. 

...анын жалпы жонун кары-картаңдардын 1 870 000 сомун ашагандыгы ырасталып олтурат
Жалал-Абад, “Саясат.kg”. Сузак районунда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жана Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен чогуу “Кайырчы” аталыштагы рейд өткөрүлдү. 

Бишкек, «Саясат.kg». 2015-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май райондук сотторунун жаңы шайланган судьялары Жогорку Соттун судьяларынын катышуусунда ант беришти.

Жалал-Абад, “Саясат.kg”. Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарында ВИЧ- СПИД илдетине кабылган жети адам каттоодо турат. Бул жөнүндө Сүлүктү шаардык мэриясынан кабарлашты. 

Бишкек, «Саясат.kg». Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандарды шайлоого катышуу укугунан ажыратууга укук коргоочулар жана партиялардын юристтери каршы чыгышууда.

Жалал-Абад, “Саясат.kg”. Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Мазар-Булак айылынын тургуну Т. Чекиевге таандык короосундагы курулуштан байкоосуздан өрт тутанган. 
Баткен, “Саясат.kg”. Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы “Айбек” базарында жөнөкөй эле санитардык эрежелер таптакыр сакталбайт. Бул жөнүндө редакциябызга жергиликтүү тургундар келип даттанышты.
Баткен, “Саясат.kg”. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнө ички иштер министри Мелис Турганбаев төрт жаңы кызматтык автоунаа тартуулады. 
КРнын ички иштер министри Мелис Турганбаев КМШ өлкөлөрүнүн Ички иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Белоруссиянын Минск шаарына  учуп кетти. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирет.
 

Бишкек, «Саясат.kg». Адамдын организминдеги цинк менен камсыздаган ZIP12гени өпкөнүн жогорку гипертониясын дарылаганга жардам бере алат. Бул ачылышты кыргыз окумуштуусу, КР УИАнын вице-президенти, академик Алмаз Алдашев мүчөсү болгон ар нече өлкөнүн изилдөөчүлөрдүн тобу жасаган. Бул тууралуу аталган мекемеден билидиришти.

Бишкек, "Саясат.kg". Парламенттик шайлоого карата даярдыктарда биринчи эреже бузуу каттала баштады. Бул тууралуу алдыдагы шайлоо кампаниясын талкуулаган Элдик курултайдын республикалык кеңешинин тегерек столунда айтылды.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-сентябрда жумушчу сапар менен Пекин шаарына учуп кетти.
Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда партиянын тең төрагасы Бектур Асанов билдирди.
Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындын 2-3 пайызы гана зер буюмдарын жасоо үчүн колдонулуп, калганы Орусияга жана башка чет өлкөлөргө экспорттолот. Зергерлер үчүн банктар да сатып жатышат. 
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев өз арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун бүгүн, 1-сентябрда өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Энергетика тармагын сызга отургузган экс-министр Осмонбек Артыкбаев отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн өзгөчө адам болду. 

Бишкек, «Саясат.kg». «1-сентябрь баарыбыз үчүн өзгөчө күн. Бул күн Кыргызстандын эгемен майрамынан кийин эле болгону символикалуу көрүнүш. Кыргызстан өтө жаш өлкө.  

СДПК партиясынан депутаттыкка аттанган Элвира Сурабалдиева маркум депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы. Эсиңиздерде болсо бул айымдын атасын ЖКнын де­путаты болуп турган кезде атып кетишкен.
Уран мырза, 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоонун мурдагы шайлоолордон эмне өзгөчөлүгү бар?