Жогорку Кеӊештин жыйынында Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал дагы деле талкууланууда. Бул сапар кырдаалдын жаралышына тиешеси бар аткаминерлерди тааныганга аракет жасашты.

 

Парламент бул ишти иликтөөгө депутаттык комиссия түздү. Анын жолдору каралып, маселе   талкууга алынды.

 

Спикер Дастан Жумабеков саат 13:00 болоор алдында (бул убакта парламент түшкү бир сааттык эс алууга чыгат) депутаттарга кайрылды.

 

«Тыныгууну токтотпой, ушул маселени бүткөрөлү деген сунуштар болуп атат. Саат 11 болду».

 

Кесиптештери саат 13 болгонун айтышты эле, алардын кеби кулагынын сыртынан кетти:

 

«Азыр 15 мүнөттүк тыныгуу болот», - деди спикер.

 

15 мүнөттүк тыныгуу саат 11:00дө болмок. Мындан кийин чын эле спикер сааттан бир топ артта калганы айкын болду. Кайрадан кесиптештери тууралашты эле, ошондо гана Жумабеков эсине келди.