Жогорку Кеӊештин жыйынында кечээтен берки тема Бишкек ЖЭБинин катуу суук учурунда иштен чыгып калганы тууралуу болууда. Катуу суукта борбор калаалыктардын жарымы жылуулуксуз калып, төрөт үйлөрү, ооруканалар, мектеп, интернаттар, балдар үйлөрү, бала бакчалар да муз менен ташка айланды.

 

Депутаттардын баш оорусу бул кырдаал үчүн кимди жазалап, кимди алып калуу керек болууда. Алар ушул маселе менен алектенип жатышса, депутат Камчыбек Жолдошбаев теӊирден тескери тема – автоунааны козгоду.

 

Ал депутаттардын кызматтык унаадан баш тартканы туура эместигин белгиледи.

 

«Айрым депутаттар  эртеӊ менен маршруткадан түшүп, жумушка чейин жөө келгенин көргөндө уялам. Шапкемди көзүмө жеткире басып, автоунаа менен алардын жанынан өткүчө шашам», - дейт эл өкүлү.

 

Ал кызматтык автоунааларды кайтарып алууну сунуштады. Кыязы, ал автоунааларды кайтарып, коомдук унаа менен каттаган депутат-кесиптештерине  жакшылык кылгысы келип атат окшойт.

 

«Ансыз деле ал машинелерди башкалар минип, ошол эле чыгым кетип жатат», - деди депутат.

 

Ушундай ойлогонун колхоздун сарайында отургансып балп этип оозунан чыгарып, бети кызарып койбогон депутаттары бар үчүн парламенттин кадыр-баркы күн өткөн сайын коомчулуктун алдында ылдыйлап баратат. Камчыбек Жолдошбаев мынча болду депутат, алардын жардамчыларына   гана эмес, ЖКнын  итинен битине чейин автоунаа мингизип коюу маселесине киришпесе болбой калды. Антпесе, уяла берип куруйт го.