Жогорку Кеӊештин кызуу талкууга кирди. Андагы башкы тема – Улуттук Энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевдин кызматтан кетүү боюнча жазган арызы.

 

 

Картинки по запросу айбек калиев 

31-январдагы ЖК жыйынында премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча айтып атып, бул кырдаалдын түзүлүшүнө күнөөсүн сезип, кызматтан кетүү боюнча арыз жазган жападан жалгыз чиновник – Айбек Калиев болгонун айткан. Бирок, өкмөт башчы арызды кабыл алган эмес.

Бүгүн депутаттар Айбек Калиевдин «тагдырын» чечүүгө отурушту.

 

Эл өкүлдөрү эки жээкке бөлүнүштү: бир даары Калиевдин арыз жазганын эӊ туура чечим деп белгилеп, эртерээк кетирүүгө шашылышса, экинчи бөлүгү арыз жазганы демек, жоопкерчилигин сезгени экенин айтышып, олуттуу кырдаалда энергохолдинг башчысыз калбашы зарылдыгын белгилешти.

 

Депутат Бакыт Төрөбаев Калиев арызды «акыл-эси менен кеӊешип жазганын» белгилеп, «Исаков кабыл албай койсо эле отура бересиӊби, кете бер да», - дегендей кылды.

 

«Эмнеге арыз жаздыӊ? Демек, күнөөӊдү билдиӊ да. Исаков кабыл албаса деле, Эмгек кодексинин негизинде кете бер. Энергохолдингдин түзүлүшүн мен колдогом, бирок азыр бул тармак бүлүнүп атат. ЖЭБде дагы адистер бар экен, ыкчам иштешип, акыбалды оӊдошту. Андан башка ГЭС бар. Жаӊы кадрларды алып келип, союз кезинде системаны куруп берген эски кадрларды жок кылдыӊар. Кетем дегениӊ туура, кете бер», - деди.

 

Депутат Талант Мамытов депутаттар сот, прокурор эместигин кесиптештеринин эсине салды.

 

«Адам тагдырын чече албайбыз. Биз сот, же прокурор эмеспиз. Арыз жазды эле дей бербей, комиссиянын корутундусун күтөлү. Эгер Калиевдин пайда болгон кырдаалда чын эле кетирген чекиликтери болсо, анда аны кызматтан кетирүүнү карайлы», - деди Мамытов.

 

Депутат Асылбек Жээнбеков да Калиев комиссиянын жыйынтыгы чыккыча иштегени туура экенин айтты.