Картинки по запросу где дети 

Ата-энесиз калган балдар тууралуу маалыматтар менен  мамлекеттик банк  түзүү боюнча өкмөттүн токтому 2010-жылы кабыл алынган.

 

 Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

 

«Бирок, жети жылдан бери мамбанк түзүлгөн жок. Башкы прокуратура интернат жана жеке балдар үйүнө бир да жолу текшерүү жасаган жок.

 

Бишкектеги Биринчи май районунда 50 баланы интернаттарга жөнөтүшүп, бирок анын 22си гана үй-бүлөнү колдоо бөлүмдөрүндө каттоого алынганы тууралуу маалымат бар. Ошондо, 28 кичинекей жарандарыбыз кайда кетти? Жети жылдан бери эмнеге бир да чиновник жоопко тартылбады? А Башкы прокуратурада балдар укугу боюнча бүтүн башкармалык бар», - деди Карамушкина.  

 

Айтымында, анын арызынын негизинде  эки кыздын каалоосуна каршы чет өлкөлүктөрдүн асырап алуусу боюнча текшерүү башталды.

 

«Чиновниктерди жазалаш керек. Ал эми Кыргызстанда чет өлкөлүктөргө бала асырап алууга жардам берген уюмдардын аккредитациясын алуу керек», - деди депутат.