Картинки по запросу дастан жумабеков 

Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев спикер Дастан Жумабековго нааразы болду.

 

Айтымында, кечээ ЖЭБдеги маселе талкууланып, премьер-министр келе элек жана келген кездерде спикер бир катар эрежелерди бузууга барган.

«Кечээ өкмөт башчысы жыйынга келсин дедик. Спикер анын башка иштери бардыгын айтып, башка өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрө берүү керек деди. Бешинчи депутат чыгып, өкмөт башчысынын келишин талап кылгандан кийин гана добушка койду. А негизи бул добушка коюлбай эле чечиле турган маселе болчу.

 

Премьер-министр келгенден кийин сын-пикир айткан депутаттарга Исаковго жеткирбей эле спикер өзү жооп берип жатты. Ар бир сын –пикирге комментарий бердиӊиз. Анан микрофонду өчүрүп салып атты. Мурдагы спикерлер он секунд кошумча убакыт кошуп беришчү. Акыр аягында премьер Ала-Арча суунун ашып жатканын айтып, кетүүгө уруксат сурады эле, депутаттар «дагы бир саат отуруӊуз», - деп макул болушпады. Спикер премьерге кошулуп сурана баштады. Туура, премьер менен иштешишибиз керек, бирок, ашыкча колдоп, ага жактоочу болуп албаш керек да. Спикердин аны колдоп, сын айткан депутаттарга комментарий берүүсү парламенттин беделине доо кетирет. Регламентте спикер ЖКнын беделин сактоого чара көрөт деп турат, а сиз тескерисинче кечээ ал беделди тебелөөгө жардам бердиӊиз», - деди спикерге кайрылып депутат Каныбек Иманалиев.

 

 

Ачыгын айтканда, кечээге ЖК пленардык жыйынында спикер Дастан Жумабековдун  Исаковго ашыкча жасакерленгени сырттан караган адамга деле байкалып, бул  «сизге ыргыган ташты өз көкүрөгүм менен тосом», деген  кыйытмасына окшоду.