- Биз, баарыбыз 2 күндөн бери “энергетиктерге” нааразы болуп турабыз. Анын ичине мен дагы. Болуп өткөндөрдү талдап, жүздөгөн пикирлерди угуп, саясат тараптан чегинип, ФБдагы “достордун” турмушка болгон нааразычылыгын, далилденбеген сындардан окуп, айрым акыйкат сөздөргө маани берип, жыйынтыгында  мен дагы 386 млн. АКШ долларына биз жаңы, заманбап, жогорку технологиялык ТЭЦти шаардын сыртына куруп, шаарга зыяндуу түтүн, калдыктарды каптатпай, шаардыктар канча кааласа, ошончо жылуулук бере алмагыбызга ишендим. Анын шашпай, баардык зарыл процедуралардан өткөрүп, жарандык коомго жеткиликтүү жана ачык айкын режимде курушубуз керек эле.

 

Жаңы ТЭЦ толук бүтүп, ачкычы колго тийгенче эскиси мурдагы жылдардай эле жетиштүү жылуулук берип тура алмак.  Ал эми тартыш болгон электр энергиясын биз түштүктөгү ГЭСибизден жаңы курган жогорку чыңалуудагы Датка-Кемин линиясы аркылуу алып турмакпыз. Жаңы ТЭЦ ишке кирип, эксплуатациядан өткөндөн кийин эски ТЭЦти бузуп, анын ордуна шаардыктар үчүн эс алуу Борборун курсак болмок. Азыр болсо биз кайрадан колубузду көтөрүп…. Билбейм, эмнеге баратабыз?

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити