270 жаран 2018-жылдын башталышынан бери ымыркайына сүйүнчү алууга арыз жазышкан. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, алууну каалагандардын саны күн сайын жаӊыланууда. Учурда республика боюнча 59 шаардык жана райондук башкармалыктар иштейт, анын онго жакыны азырынча маалыматтарды берише элек.
Сүйүнчү 15-февралдан баштап берилет. Азыр Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте сүйүнчү акчасын төлөөнүн оӊойлоштурулган жолу иштелүүдө. Анын өлчөмү – ар бир балага 4 миӊ сомдон. Тоолуу аймактардын жашоочуларына бул сумма эки эсе көбөйтүлүп берилет.