31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору талкууланды. 


Талкууда депутат Мирлан Жээнчороев суук айтылып жаткандай анамалдуу деле эместигин, Бишкек ЖЭБиндеги айрым жабдуулар эски деген туура эместигин айтып, бул окуяга шалаакылык кылгандарды дыкаттык менен жоопкерчиликке тартуу керектигин билдирди. Ал эми депутат Алмазбек Токторов энергетика секторунда, ЖЭБде башкаруучулар көп болгону ачыкталганына токтолуп, КР Өкмөтүн бирдиктүү команда катары иштөөгө чакырды.


Депутат Кожобек Рыспаев Бишкек ЖЭБинде модернизация толук аягына чыкпаганына андагы химиялык тазалоо бөлүгү бүтпөгөнүн мисалга тартса, депутат Бакыт Төрөбаев Айбек Калиевдин “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ААКсынын алдына коюлган максаттарына жеткире албагандыгын сынга алды. Мындан сырткары, бир катар депутаттар КР Өкмөтүн бир эле энергетика системасында эле эмес, жалпы эле тармактардагы кадр маселесине олуттуу мамиле жасоого үндөштү.


Депутат Чыныбай Турсунбеков маселе балким менеджментте болуп жаткандыр деп, Нарын шаарындагы жылуулук мекемесинин жетекчиси карызга баткан ишкананы кантип алдыга алып чыгаргандыгын мисалга тартты. Ошону менен катар Ч.Турсунбеков Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтөө  комиссиясын өлкө башчысы түзсө деген сунушун билдирди.