Бишкек ЖЭБи борбор калаадагы көп кабаттуу батирлерге жылуулук жөнөтө баштады. Бул тууралуу аталган ААКсынан билдиришти.
Маалыматка караганда, суунун температурасы «Батыш-1» жылуулук трассасында 70 градусту түзсө, «Батыш-2» - 79, «Батыш-3» - 65, «Чыгыш» - 67 градуска жетти.
Толук кандуу жылуулук менен камсыз кылууга дагы бир нече күн керектелет.