Абактагы үч саясий туткун: Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров кургак ачкачылык жарыялашкан. Алар буга байланыштуу УКМКнын тергөө изоляторунан №47 абакка которулушту. Соттолуучулардын адвокаты Нина Зоотованын айтымында, №47 колонияда соттолуучуларды дарылоочу борборлоштурулган оорукана бар.  

 

 Эске салсак, 24-январда Бишкек шаардык соту соттолуучулар тараптын күбөлөрүн жана УКМКнын терөө тобунун жетекчиси Максат Эсенбаевди чакыруу өтүнүчүнөн баш тарткан. Ошондой эле Асанов менен Кадыровго каршы арыз жазган адамды да сот отурумуна чакыруу боюнча соттолуучулардын адвокаттарынын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

 

Соттун ушундай аракеттерине жана жакындары менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн бербегендиктен Бектур Асанов 30-январдан баштап кургак ачкачылык жарыялаган. А бүгүн бул ачкачылыкка Кадыров менен Карыбеков да кошула турганы белгилүү болду.

 

Эске салсак, аталган саясий туткундар бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу деген айып менен Асанов менен Кадыров 12 жылга, Карыбеков 20 жылга эркинен ажыратылышкан.