Бишкек, “Саясат. kg”. АКШ 2017-жылы Борбордук Азиядагы оз кызыкчылыгын коргоо долбоорлору боюнча каржылоону жогорулатат. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин документтеринде жарыяланган.

Бишкек, “Саясат. kg”. Кикбоксер Руслан Абасовдун өлүмүнө шектүү издөөгө алынды. Бул тууралуу ИИМ министринин орун басары Данияр Абдыкаров маалымат жыйынында билдирди.

Бишкек, “Саясат. kg”. ИИМ министри Кашкар Жунушалиев мурунку министр Мелис Турганбаевдин учурда эмне иш менен алектенип атканын билбейт жана ортодо байланыш жок.

Бишкек, “Саясат. kg”. ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге маалымат жыйынында “өлкөдөгү кырдаал өзгөрүп кетсе, “кошумча аэродромуңуз” барбы?”-деген суроо узатылды.

Бишкек, “Саясат. kg”. Каракол шаардык сотунун жашы жетелек кызды зордуктаган жаранга карата өмүр бою абак мөөнөтүн чегерген чечимин Ысык-Көл облустук соту өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттон маалымдашты.

Бишкек, “Саясат. kg”. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обамага Орландо шаарында болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтты.

Бишкек, “Саясат. kg”. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Назгүл Чолумованын тегерек столдо берген маалыматына караганда, өлкөдө 7 629 бала кыйынчылык шартта жашашат.

Бишкек, “Саясат. kg”. “Кыргызстандын абасы” сатыкка түшүп, баасы 200 сомду чапчыды. Бул көбүнесе туристтердин кызыгуусун жаратып баштады.

Бишкек, “Саясат. kg”. ИИМ министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйынында жаңы министр келгенде жаңы кадрлар да пайда болот деген түшүнүктү жокко чыгарарын белгиледи.

Бишкек, “Саясат.kg”. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-июнда өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

 

Бишкек, “Саясат. kg”. Интернетке жарыяланган видеоматериалдын негизинде мыйзам бузуучулар кармалды жана аларды кылмыш жоопкерчилиги күтүшү мүмкүн. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бишкек, “Саясат.kg”. Жумгал районунда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Нарын ИИБсинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Бактыга жараша узаган кышта Кыргызстандын түштүк башкалаасынын тургундары мурдагы жылдардагыдай суукта дээрлик үшүп-тоңушкан жок. Мында Ош шаарындагы “Жылуулуккамсыздоо” ишканасынын эмгеги, албетте, мактоого чындап арзыйт.

Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламаттыгын коргоо кызматына Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айылынын тургуну Ибрагим Осмонов арыз менен кайрылды.

Кызыл-Кыя шаарындагы Баткен мамлекеттик университетинин 5-курсунун студентинен аталган жогорку окуу жайдын экономиканы башкаруу жана укук факультетинин кафедрасынын ага окутуучусу 8000 сом пара алып жатканда кармалды.

Табияты боюнча эмгекчилердин укуктарын коргой турган бирден-бир уюм бул профсоюздар, алар тарыхта чоң изин калтырып, коомго бир топ өзгөрүүлөрдү кылышты, ошону менен бирге мурунку учурларда Кыргызстандын профсоюздары дагы карапайым адамга дайым тирек-жөлөк болчу эле, бирок ал мурун. 

Төлгөсү төп келип, ал турсун айткандары көп кишини ойго салып, чочулатып жаткан Света айым менен бу жолу айрым саясатчыларга төлгө тарттырып, Бакиевдердин Кыргызстанга келер келбесин сурадык.

Борбордун так ортосунан, эң ынгайсыз жерден орун алган “Бишкек парк” салына электе эле ызы-чууга тушкөнү маалым.

2017-жыл жакындаган сайын Икрам шоопурдун ооматы кетип, буга чейин өйдө тоголонуп турчу ташы кайра өзүнө карай жаай баштады. Кийинки кездери Икрамга өзүнүн туугандары, жердештери каршы чыгып жатканы бир катар окуялардан даана көрүнүп турат. 

- Түрк бийлиги самитте Атамбаевди жеке кабыл албай койгонун көптөр эки мамлекеттин мамилеси бузулганына байланыштырып жатышат. “Путиндин айтканына көнөм” деп президентибиз Түркияга жаман көрүнүп алдыбы?