Жогорку Кеӊеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Жер кодексине, Салык кодексине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамга)” Мыйзамдын бириктирилген долбоору 3-окууда каралды.

 

Мыйзам долбоору боюнча аталган комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады. Маалыматка ылайык, алгач мыйзам долбоору сугат айдоо жерлеринин бонитети 40тан төмөн болгон тилкелерине бак-дарак тигүүгө уруксат берүү максатында даярдалган. Ал эми азыркы бириктирилген долбоордо коңшу жер ээсинин макулдугу менен үлүш жерине бак-дарак тигүүгө уруксат берүү каралууда. Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, бак-дарак тигүү боюнча жарандардан кайрылуу келсе, ал маселе боюнча Айыл чарба министрлиги саясат жүргүзүлөөрү (КР Өкмөтү аныктасын деген ченем) добоордо белгиленген.

 

Ошону менен катар бак-дарактарды кайракы, таштак жерлерге отургузууга басым жасоо сунушталып жатат. Мындан сырткары, бул жерлерге болгон салык төлөмү өзгөрүүсүз калууда.