Өткөн эки жыл аралыгында электр кубатын керектөөчүлөргө 1,4 млн «акылдуу эсептегич» коюла турган болсо, араӊ эле 221 миӊ электрондук жабдуу орнотулган.

 

Бул Отун-энергетикалык комлекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетте Жогорку Кеӊештин «Улуттук энергетикалык холдинг команиясына караштуу энергокомпанияларда электр энегиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүүнүн абалы жөнүндө» токтомунун аткарылышы жөнүндө маалымат угулуп жатканда белгилүү болду.

 

Депутат Бактыбек Турусбеков эмне үчүн эсептегич пландалгандан аз орнотулганына кызыкты. 

 

 

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысы Эмил Осмонбетовдун айтымынла, 2019-2020-жылдары Ош шаарында «акылдуу эсептегичтер» орнотула баштайт.

 

Ал эми Улуттук энергохолдингдин башчысы Азамат Абдыкадыров депутатка «акылдуу эсептегичтердин» орнотуу жумуштарынын кечеӊдеп жатышы тууралуу жазуу жүзүндө толук маалымат берүүгө убуда кылды.

 

«Албетте, анын кандайдыр бир жүйөлүү себептери деле бар чыгар, кандай болгон күндө да, жоопкерчилик болушу керек. Улуттук энергохолдингдин штаты толукталып бүттү, каржылоо бар, анан кантип эки жылдагы жумуш 14,5 пайызга гана аткарылып калат? Эмне үчүн ушу кезге чейин башкаруучу компаниянын андан кабары жок? Ушу кантип болсун!», - деди депутат Бактыбек Турусбеков.