Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова мамлекеттик ипотека маселесин көтөрдү.
“Бул программанын максаты менен багыты эки башка чыгып жатат. “Хрущевка” тибиндеги бир болмөлүү үйдү 25 миң долларга ала турган болсо, 15 жыл айына 16 миңден төлөшү керек. Бирок, биздин медиктерде, мугалимдерде, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерде 16 миң сомдук айлык барбы? Жок”, - деди депутат.
Депутаттын айтымына караганда, 9% чегинде 15 жылда жалпы сумма 1 млн 302 сомду түзөт. Ушул эсеп менен эсептегенде бир бөлмө үй 3 млн 52 миң сомго айланат. Бул аз камсыз үй-бүлөлөр ипотека менен 25 миң долларлык батирди 44 миң долларга сатып алды дегенди билдирет.