Кыргызстандагы ЖОЖдордун флагманы аталган Ж.Баласагын атындагы КМУда ушул күндөрү абитуриенттердин окууга тапшыргандыгы эмес, ички интрига күч алып турган учур. Анткени жакында эле ректорат тарабынан түзүлгөн окутуучуларды тандап алуу комиссиясы география факультетинин деканын баш кылып, бир топ профессор окутуучуларды “экзаменден” кулатып, алар митингге чыгашкан болчу. 

Бишкек, “Саясат. kg”. Россиянын Ершов районундагы Энгельс-Озинки автоунаа жолунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Жогорку Кеңештин тарыхында буга чейин үч ирет мандатынан бир нече ирет ажыраган  депутат болбосо керек. Өткөн жумада БШК парламенттин “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Жыргалбек Саматовду үчүнчү ирет мандаттан ажыратты. 

Бишкек, “Саясат. kg”. Бишкек шаарынын айрым тургундары борбордогу кээ бир үйлөрдүн сүрдүрүлүүсүнө каршылык билдирип башташты. Аларды тийиштүү бир чектеги компенсация төлөп берүү менен жарандардын турак-жайларына кол тийгизүү аракети нааразы кылууда.

Мамлекетибиз белчесинен карызга, карапайым калкыбыз жакырчылыкка батып отурса, бийлигибиз кыйраткансып, казынадан миллиондогон акчаларды чачып, күзүндө Бүткүл дүйнөлүк II көчмөндөр оюнун өткөргөнү жатпайбы. Мындай көрүнүштү “пир во время чумы” деп гана атаса болот.

Бишкек, “Саясат. kg”. 2016-жылдын 29-июлунан баштап “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы Хакасиянын борбор шаары Абакан менен Бишкекти байланыштырчу аба каттамын ачат.

Бишкек, “Саясат. kg”. Бишкек шаардык мэрия курулуш эрежелерине ылайык келбеген турак-жайларды сүрдүрөт. Турак-жайлардын акыбалы ар бирине өзүнчө иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин аныкталат.

Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» 

Бишкек, “Саясат. kg”. Өзү тууралуу жазылган макаладагы коррупционер деген сөз көңүлүнө жакпай калган ишкер сотко кайрылып, макаланы жазган журналистти, аны жарыялаган гезиттин башкы редакторун жана ээсин беш миллионго доого жыкты.

Бишкек, “Саясат. kg”. Аксы районундагы коңшу мамлекет Өзбекстан менен талашка түшкөн Сөгөт айылындагы аймак Кыргызстанга таандык эмес. Мындай маалымат тараганы менен тастыктаган тараптын пикири эки ача чыгууда.

 

Бишкек, “Саясат.kg”. Германиянын канцлери Ангела Маркель отурган учак “Манас” абамайданына конуп, аны тосуп алууга президент Атамбаев өзү барды.

Бишкек, “Саясат. kg”. Бишкектин көчөлөрүнө илинген “Кайран элим, кайда баратабыз?” деген жазуусу бар элечек кийген жана  хиджабчан кыргыз аялдарынын сүрөтү коюлган баннер коомдун талкуусуна түштү. Айрымдар кыргыз аялдарынын жүзү эч убакта чүмбөттөлбөгөнүн айтып, баннерди колдоого алышса, экинчи тарап паранжы жамынабы, хиджаб киеби ар кимдин өз эрки экенин далилдөөгө аракет жасашууда.

Бишкек, “Саясат. kg”. Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев көп адам курмандыктарына алып келген Италиянын түштүгүндөгү жүргүнчүлөрдү тарткан поезддердин кагылышына байланыштуу  Италия Президенти Сердж Маттареллага  көңүл айтты

Бишкек, “Саясат. kg”. Кытайдын Шаньдун провинциясындагы Жичжао шаарында төрт эм жарык дүйнөгө келди. Ымыркайларга ат-энеси Сяодун (Чыгыш), Сяонань (Түштүк), Сяоси (Батыш) жана Сяобэй (Түндүк) деген ысымдарды ыйгарышты.

Бишкек, “Саясат. kg”. Германиянын канцлери Ангела Маркелдин Кыргызстанга келиши ар кандай пикирлерди жаратты. Айрымдар анын келишин абактагы Азимжан Аскаровдун ишин кароо жанданган учурга туш келди деп шектенишсе, кээ бирөөлөр Сириянын качкындары Кыргызстанга жайгаштырылышы мүмкүн дешүүдө.

Бишкек, “Саясат. kg”. Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын экс-депутаты Жыргалбек Саматов БШКнын мүчөлөрүнө каршы сотко доо арыз менен кайрылган. Бул тууралуу экс-депутаттын адвокаты Таалайкүл Токтакунова билдирди.

Бишкек, “Саясат. kg”. Италиянын түштүк тарабында эки поезд капталынан кагышып, анын кесепетинен 20 адам курман болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Бишкек,”Саясат. kg”. Башка кызматка өткөнүнө байланыштуу Кызыл-Кыя шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу КР өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Бишкек, “Саясат. kg”. Бишкектеги “Мадина” базарында өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жылдыз Жолдошова, экс-депутат: “Эгерде Аскаров боштондукка чыга турган болсо, анда урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизди элибиз да, тарых да кечирбейт!”