Учурда Конституцияны өзгөртүү жөнүндө кайрадан кеп козголо баштады.
Депутат Алтынбек Сулайманов парламент жыйынында Баш мыйзамды өзгөрткүсү келгендердин артында кайсы бир күчтөр бар экени көрүнүп турганын билдирди.
«Баш мыйзам 9 жолу өзгөртүлүптүр, дагы качанга чейин өзгөртө беребиз? Буга чейинки конституциялык өзгөртүүлөр ар дайым бир эле максатты – бийлик рычагын бекемдөөнү көздөп келген. Анын айынан эки жолу революция болду. Менимче, Конституцияны өзгөртүү туура эмес. Референдумда элибиз парламенттик башкаруу жолун колдогон, анын эркин сыйлашыбыз керек”, - деди депутат.
«Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, Конституция жоболоруна ылайык, Жогорку Кеӊешке көптөгөн ыйгарым укуктар берилген. Мисалы, парламент мамлекеттик бюджетти бекитет. Президент ага өзгөртүүсүз эле кол коюп жатат. Жогорку Кеӊештин 80 жылдык маарекесине арналган иш-чарада «легендарлуу парламенттин» спикери Медеткан Шеримкулов Конституция өзгөртүүлөрдү киргизүү эртелик кыларын айткан болчу, мен ага кошулам. Биз Баш мыйзамдын иштешин камсыз кылышыбыз керек. Ал эми көмүскө күчтөр эл арасын дүрбөткөндү токтотсун», - деп белгиледи ал.