Депутат Таалайбек Масабиров парламент жыйынында ага өлкөдө 18 миңден ашуун бөбөктөрдүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок деген кайрылуу келип түшкөнүн билдирди.

 

Эл өкүлү бөбөктөрдүн мындай кырдаалга кабылышында ата-эненин жоопкерчилиги жогору экенин белгиледи. Күбөлүк албаган бала билим алуу, медициналык жардам сыяктуу укуктардан ажырап калат. Ошондой эле, алар келечекте жарандык ала албай калышы да ыктымал.