Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын маалыматына караганда, №172 бала бакчасынын жалпы бюджети 11,9 миллион сомго жетти. Анын ичине кызматкерлердин айлык акылары, азык-түлүк сатып алуу, коммуналдык кызматтар жана башкалар кирет.

 

 Ошондой эле иш башкармалык мамлекеттик сатып алуулардын сайтында туура эмес маалымат жарыяланганын айтат. Негизинен 2018-жылы 28 тендер өткөрүлүп, алтоо – келишимди түз түзүү ыкмасы менен, 17 си – жеңилдетилген жана бешөө бир этаптуу болгон.

 

Мамлекеттик сатып алуулар сайты “Арген” бала бакчасына 40, 3 миллион сом коротулду деген туура эмес маалыматтын кетип калышын программанын иштебей калышы менен түшүндүрүшкөн.