Токмоктогу ок атышуунун эки катышуучусу тең – Аскат Үсөнов менен Дастан Бейшенкулов Бишкектеги №1 абакка киргизилет.
Адвокат Алтын Бектурованын айтымына караганда, сот ушундай чечим кабыл алды. Аскат Үсөнов бейбаштыкка айыпталып жатса, Дастан Бейшенкулов киши өлтүрүүгө, башка бирөөнүн мүлкүн тартып алууга жана жок кылууга шектелүүдө.
Эске салсак, 24-январдан 25-январга караган түнү Токмокто ок атышуу болгон.