Акыркы учурларда Атамбаевдин айтканын аткарып, “кол баласына” айланып калган жарандык активист Адил Турдукуловго бул жалганды ким шыбырап койгон, айтор, Ш.Нарбековдун дайындалышынан чоң шоу жасап, коомчулуктун башын айландырууга жетишти. “Шайлоо Нарбековду бул жумушка алып келүү үчүн жада калса жаңы кызматтык бирдик түзүшүптүр. Мунун баары анын Абылгазиевдин классташы экендигинен болуп жатканын айтып жатышат. Нарбеков өзү бир нече кылмыш иштеринин фигуранты, анын ичинде контрабандасы да бар. 2013-жылы мунун айынан СИЗОго да камалып чыккан. Булар Кудайдын да, карапайым элдин да каарынан коркпой калышыптыр”,- деп жазат А.Турдукулов (орусчадан эркин которулду).

 

Турдукулов менен “шефи” Атамбаевге бүгүн эмне керек, эл түшүнөт. Эптеп эле бир шылтоо табылса, ошонун арты менен бийликти жаманатты кылыш керек! Жакшы нерсе көздөрүнө көрүнбөйт, кандай жол менен болсо да бийликти кулатышса, анан өздөрү келип, мурунку уурулугун улантышса... Бул бети жокторго Адил эмнеге кошулуп алды, өзү негизи жакшы эле, түз жүргөн жигит болчу. АШАга кошулганы абдан өзгөрдү, бечара десе... Болбосо, өсө турган бала болчу да.

 

А.Турдукулов Ак үй жактан ага жашырынып ким маалымат берип жатканын билет. Мына ошол информаторуңду тап дагы, тумшукка жакшылап чап, жалганды айтып, сени калпычы кылганы үчүн! Өзүң деле тактап алсаң болот го, Абылгазиев Кочкордон болсо, таластык Нарбеков ага кантип классташ болуп калсын! Жада калса Нарбековду жакындан тааныбай тургандыгын Абылгазиевдин жардамчылары бизге тактап беришти. Бул бир.

 

Экинчиден, ал кездеги Финансы полициясынын Коопсуздук кызматынын начальниги Шайлоо Нарбековго карата УКМКнын Антикоррупциялык кызматы тарабынан “кызмат абалынан ашыкча пайдалануу” багытында кылмыш иши козголгону чын. УКМКнын расмий маалыматында Ш.Нарбеков бир аялдын контрабандалык жол менен Кыргызстанга алып кирген товарын коюп жибергени айтылган. Ошентсе да, Шайлоо Нарбековго козголгон кылмыш иши жасалма болгондуктан, акыры ал бул күрөштө жеңүүчү болуп чыгат. Соттор аны толугу менен актап, мыйзам боюнча иштебей калган күндөрү үчүн да компенсация өлчөгөн.

 

Соттон акталып чыккандан кийин, Шайлообек Нарбеков дагы бир жылдай Финполициянын коопсуздук кызматын жетектеп иштеген. Ушунун баарын азыр көтөрүп чыгып жаткандарда албетте, жеке кызыкчылыктар бар. Нарбековдун жаңы кызмат ордуна көзү күйгөндөр менен атамбаевчилердин тескери ойлору дал келип, “мына, бийликте бет калбай калды, соттолгон адамдарды дайындай башташты”- деген үгүт жүргүзгүлөрү келгени көрүнүп турбайбы. Анткен менен, алар жүз пайыз жалган маалыматка таянып, өздөрүнүн шермендеси чыгып турган кез.

    

Кошумчалап кете турган жагдай  - бул өкмөттүн балык позициясы. Негизги сокку аларга тийип жаткандан кийин басма сөз кызматы үн катып, чындыкты коркпой эле коомчулукка билдириш керек эле. Анын үстүнө, Ш.Нарбеков буга чейинки кызматтарында өзүн мыкты кадр катары көрсөткөн. Мындай кадрды алып келип, туура кылышты. Бирок, өкмөт өзүнүн кадрларын коргогонду да үйрөнсө...