Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкуудан убактылуу алынды.
Белгилей кетсек, депутаттын мыйзам долбоору экстерге арналган болчу. Анда экс-президенттерди, экс-өкмөт башчыларын жана экс-спикерлерди мамлекет өмүр бою каржылашы керектигин айтылган.
Мыйзам долбоору коомчулукта терс пикирлерди жаратты. Мындан улам талкуудан алынды. Ал эми парламенттин басма сөз кызматы депутат демилгелеген мыйзам долбоорун коомчулук “туура эмес түшүнүп алганын” жарыялады.
Билдиришкендей, мыйзам долбоордун маңызы – экстерди каржылоодо эмес, мурдагы бийлик өкүлдөрүнө өзгөчө статус берүүдө турат.