Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров мурдагы президенттерди, өкмөт башчыларды жана парламент спикерлерин өмүр бою мамлекет каржыллосуна алуусу керек деп эсептейт. Ал буга байланыштуу мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Долбоор коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, мурдагы президенттер, өкмөт башчылар жана спикерлер кызмат ээлеген убагында жасаган жана жасай албаган аракеттери үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылышпайт. Аларды кармап, камап, тинтүү жүргүзүү да мүмкүн эмес.
Бирок, алардын кол тийбестиги парламент депутаттарынын үчтөн биринин макулдугу менен эле алынып салынат.