Ысык-Ата районундагы ички иштер бөлүмүнө 28 жаштагы Б.Т. аттуу жаран кайрылган. Ал 27-январда, саат болжол менен 4төр чамасында Новопавловка айылында бир нече жигиттер күч колдонуп зордукташканын айткан. 

 

Бул тууралуу Чүй ИИБинен билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, шектүүлөрдүн бири Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, Чүй облусунун 3 жаштагы тургуну болуп чыккан. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.