Тогуз-Торо районундагы Макмал алтын кениндеги былтыркы башаламандыкты провокаторлор уюштурган. Мындай пикирин өлкө башчы коопсуздук Кеңешинин жыйынында билдирди. 

 

"Инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосундагы карама каршылык көбүнчө лицензия берүүдөгү коррупциянын жана элдин кабарсыздыгынын айынан келип чыгат. Мкмалдагы конфликти алалы. Түшүндүрүу иштери болгондон кийин эл тынчтанды, инвестор эми тынч иштей берет. Андагы башаламандык провокаторлор тарабынан уюштурулган. Эми провокаторлор эч нерсе болбогонсуп билмексен, алар үчүн жаш жигиттер жазага тартылышат", - деди президент. 

 

 

Өткөн жылдын апрель айында Тогуз-Торонун эли митингге чыгышып, алтын кенин казуучу ишканага каршылык көрсөтүшкөн.