Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Аталган кичи райондун тургундары буга чейин бала бакча жоктугунан алыс болгонуна карабай балдарын шаардын борборундагы бала бакчаларга ташып убара тартып келишкен. Шаар мэриясы тургундардын сунуш-пикирлерин эске алып, шаардык кеңешке каражат бөлүү үчүн кайрылган болчу. Эми жаңыдан курулуп жаткан заманбап балдар бакчасы пайдаланууга берилсе, жашоочулар кыйынчылыктардан аз да болсо кутулушмакчы.
Жаңы бала бакчаны курууга жергиликтүү бюджеттен 22 миллион сом каралган болсо, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен анын наркы 19 миллион сом деп бааланган. Учурда курулуш иштерин тендерден уткан “Астасстрой” компаниясы алып барууда.
Жеңүүчү компания курулуш иштерин өткөн жылдын декабрь айынан баштаган. Ага отуз жумушчу тартылып, курулуш иштери кызуу жүрүүдө.
Белгиленген келишим боюнча бала бакчаны август айында пайдаланууга берүү пландалган. Бирок, аба ырайынын туруктуулугу жана жумуш иштери өз нугунда жүрүп жаткандыктан, бакчаны июнь айында берүүгө ниет кылышууда.
Эске сала кетсек, шаардагы Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу “Жеңиш” кичи району шаардын чыгыш тарабындагы адырдын үстүндө жайгашып, 5 миңден ашуун калк жашайт.