АША камакка алынаарын алдын ала туюп, качып кеттиби?

 

-Экс-президент АШАнын сүймөнчүк кадрлары камакта жатканда Бириккен Араб Эмираттарына чардап эс алып жүргөнү моралдык жактан туурабы? Экинчи жагынан ал жакын арада камаларын билип, алдын-ала качып кеткендегиси болуп жүрбөсүн?

 

-Мен дагы ушул кырдаалды ойлоп таң калып коём да! Алмаз Атамбаев уникалдуу киши экен. Берген интервьюларында укмуш пафосторду айтат. Жасаган иши болсо бул. Албетте, акчалуу киши каалаган жагына барып эс алса болот. Бирок, камакта жаткан мурунку эң жакын адамдарына бир адвокат жалдап берди бекен? Күмөнүм бар.

 

Бирок, тигилери деле бай адамдар, Алардын бири дагы акчага муктаж эместер. Ошондой болсо дагы, моралдык жагы бар да?  Эми ачык эле айталычы! Атамбаевди камата турган адам азыркы күндө бийликте жок. Азыркылардын ал ишке кайраты дагы, акыл-парасаты, билимдери дагы жетишпейт. Бул жомок! Камата турган болсо, Атамбаев 10 күндө эле бардыгынын абийирин төгүп, өзү менен кошо ылдый шыпырып түшөт!

 

 

 

“Майдан. kg” гезити