Абийирдүү инвесторлор Кыргызстандын коррупцияга малынган аткаминерлери менен байланыш тузүүдөн кооптонушаарын президент Сооронбай Жээнбеков коопсуздук Кеңешинин жыйынында билдирди.
"Так ушул коррупциялануушу өлкөнүн тармактарынын өнүгүшүнө тоскоол болуп жатат. Таза иштеген мыкты инвесторлор бар. Бирок, алар коррупцияланышкан аткаминерлерден чоочулашат. Алар өздөрүнүн кадыр-баркын жоготкулары келишпейт, ошондуктан коррупционерлерден оолак болууну каалашат", - деди өлкө башчы.