Аталган кызматтын маалымат кызматы М.Мискенбаевге кылмыш иши козголгонун билдирди.
Маалыматка таянсак, 2018-жылы Өкмөткө караштуу эконономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмунун мүчөлөрү арыз менен кайрылып, анда уюмдун жетекиси жана орун басарынын акчаны мыйзамсыз өөнөп алуу фактылары боюнча мыйзамдуу чара көрүүнү суранышкан. Аталган факты боюнча топтолгон маалыматтардын жана тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмунун мурдагы жетекчиси Мээрбек Мискенбаев менен орун басары Амантур Жамгырчиев “Т” ЖЧКсынан кайтарымсыз негизде берилген жалпы баасы 2 млн. сомдон ашуун суммадагы көмүрдү уюмдун мүчөлөрүнө таркатып бербей, мыйзамсыз түрдө сатышып, акчасын өздөрү алып алышкан. Ошондой эле тергөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмуна берилген башка бир катар социалдык, материалдык жардамдар да М.Мискенбаев жана орун басары тарабынан өөнөлүп кеткендиги аныкталган.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш ишин калыс, ар тараптуу иликтөө иш-аракеттери жүрүп жатканын аталган кызматтан билдиришти. Белгилей кетсек, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмунун өкүлдөрү 2016-жылы эле Мээрбек Мискенбаевдин Апрель баатырлары үчүн берилген көмүрдү жеке кызыкчылыгына иштетип жибергенин айтышып, укук коргоо органдарына кайрылышкан. Уюмдун мүчөсү Марипа Алыйкулова: “Айкөл АлаТоо” коомдук уюмуна жардам иретинде көп эле акчалар бөлүнүп келатат. Бирок биз ал акчаларды көргөн жокпуз, эмнеге жумшалганын да билбейбиз”,- деген. Бирок бул боюнча агезде ЖК депутаты болуп турган Мээрбек Мискенбаевге карата эч кандай чара көрүлгөн эмес.
“Майдан. kg” гезити