30-январда Наманган шаардык ооруканасында 52 жаштагы жергиликтүү аял каза болду. Бир жума мурда ал коңшу жайгашкан сойкуканага келген адамдарды кууп, милиция чакырууга аракет кылган маалда катуу сабалган.

Прокурор Ханс Ирман Өзбекстандын жараны Рахмат Акиловго айып тагылганын жана анын өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кыла турганын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-2-февралда расмий иш сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева 31-январда журналисттерге билдирди.

Бишкек, «Саясат. kg».  Депутаттар ЖЭБди талкуулай берип чарчашты. Биринчилерден болуп Бекешевдин чыдамы түгөндү

Бишкек, «Саясат. kg». Премьер-министр Сапар Исаков депутаттардын канча жарандар суукта жылуулуксуз калганын тактоо үчүн берген суроолоруна жооп таппады.

Бишкек, «Саясат. kg». Энергохолдингдин башчысынын айлык маянасы канча экенине депутат кызыкты.

Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүнүн ("Шалаакылык") негизинде кылмыш ишин козгоду.

Өмүрзак Төлөбеков: "...Бизде деле “Кумтөр”, “Мегаком”, “Дордой”, “Аю”, “Бозумчак”, “Манас” аэропорту өңдүү бай ишканалар, бизнес тутумдары бар эмеспи. Атамбаев, Салымбеков, Бабанов, Түлеев, Абдыкеримов сымал байманалуу бизнесмендерибиз турушат тирелип"...

Бишкек, «Саясат. kg». Премьер-министр эми «кышка даярбыз» деп алдаган командасы менен кантип иштешет?

Бишкек, «Саясат. kg». Калган жетекчилердин кызмат оруну менен коштошууга дарамети жетпеди.

 

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуу үчүн Сирия жана Иракка барган аялдардын көбү  –  күйөөлөрүнө багынгандар. Бирок арасында өз алдынча чечим кабыл алгандары да бар. Бул туурасында БУУнун колдоосу менен жүргүзүлгөн иликтөөдө айтылат.

Өткөн айда Тегеранда ислам дресс-кодуна каршы тынч митингге чыккандан кийин кармалган аял бошотулду. Ирандык укук коргоочу Насрин Сотуде Фейсбукка “Энгелаб көчөсүндөгү кыз бошотулду” деп жазды.

Темирбаев келерки жылы жазга жуук Ташкент-Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы ачыла турганын кошумчалады.

Бишкек, «Саясат. kg». Шаар тургундары ЖЭБди сотко берсе, утуп чыгышат дейт депутат.

Бишкек, "Саясат. kg". Өкмөт башчы эч качан өзүнөн жоопкерчиликти алып салбай турганын, ошентсе да авариянын башкы себептеринин бири акча каражаттарынын тартыштыгына барып такаларын билдирди. 

Бишкек, «Саясат. kg». ЖЭБдин штаттык режимде иштеп жатканы батирлер жылылуук менен камсыздлат дегенди билдирбейт.

Бишкек, «Саясат. kg». Парламентте ЖЭБдеги кырдаал каралып, оңдоого кеткен 386 млн доллардын эсебин таба албай атышат.

Бишкек, «Саясат. kg». Депутаттар Сапар Исаков шаардыктардан кечирим суроо менен чектелип, кырдаалды эмнеге түшүндүрүп бере албай жатканына кызыгышты.

Бишкек, «Саясат. kg». Жогорку Кеңештин депутаты жаралган кырдаалда депутаттардын да күнөөсү бардыгын моюнуна алды.