«Бишкекжылуулуктармагы» АККсынын маалыматына караганда, ЖЭБден чыккан суунун температурасы 64 менен 78 градустун ортосунда болууда. Орточо тап 69,8 градуста турат.

 

Бирок, көп кабаттуу батирлер менен ЖЭБден жылытылган имараттар жылыганга чейин дагы убакыт керектелет. Анткени, бир канча күн жылуулуксуз калган үй-имараттардын ысышына көп бар.

 

Эске салсак, 26-январда ЖЭБде авария болуп, шаардагы көп кабаттуу батирлер жана ЖЭБге кошулган имараттар жылуулуксуз калышкан.