Депутат Аида Касымалиева Энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевдин бир айлык тапкан маянасы канча экенине кызыкты.
Айбек Калиевдин айтымында, ал айына 39 миӊ сом алат. Ал эми Бишкек ЖЭБинин жетекчисинин айлык маянасы 27 миӊди түзөт.
«Жылытуучу цехте иштеген катардагы адистер 16-17 миӊ сом алышат», - деп белгиледи Калиев. Айтымында, бул иштин зыяндуулугу үчүн кошулуп берилчү төлөм кошулгандагы сумма.
Белгилей кетсек, республикадагы мугалимдердин орточо эмгек акысы айына 7-10 миӊди түзөт.
.