Жогорку Кеӊештин жыйынында өкмөт башчы баш болуп, өкмөт мүчөлөрү чакырылып, Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча талкуу болду.
Депутат Руслан Казакбаев премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөт башчылыгында иштегенине аз убакыт болсо да, авариядагы жоопкерчиликти моюнуна алганын баалады.
«Кырсыктын болушуна менин да күнөөм бар деп канча тийиштүү жетекчи сизге арыз жазды?» - деп сурады Исаковдон.
Сапар Исаков иштен кетүү боюнча арыз жазылганын, бирок, бир гана адам мындай кадамга барганын белгиледи.
«Ал киши менин жанымда отурат. Айбек Калиев гана арыз жазды. Бирок мен анын арызын кабыл албадым. Анткени, көрүп атам ал канчалык күйүп-бышып, күнү-түнү уктабай аракет көрүп жатканын. Бирок, ал кишини актай да албайм, кырсыктын болушуна албетте, анын да күнөөсү бар», - деди премьер-министр.
«Бул системалуу кадрдык кризистин белгиси деп ойлойм. Электр станциясы, ЖЭБ – алардын жетекчилери арыз жазбаса, анда бул абийирдин, ар намыстын, кайдыгерликтин маселеси», - деди Казакбаев.
Ал ошондой эле УКМКнын өкүлүнө суроо берип, коопсуздук кызматынын иликтөөлөрү канчалык натыйжа бергенин, айыптуулар табылган-табылбаганы тууралуу сурады.
«Кылмыштын белгиси барбы?» - деди депутат.
«Шалакылыктын белгиси бар. Азыр баары териштирүүнүн алкагында», - деп жооп берди УКМКнын өкүлү.