Парламент депутаттары өкмөт башчы ЖЭБдеги пайда болгон кырдаалга жооп берсин дешти. Алар мындай пикирин ЖКнын жыйынында билдиришти.
Депутаттар Сапар Исаковдун кечирим суроосу жетишсиз деп табышты.
Айрым депутаттар биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди коргошуп, ал кышка даярдык учурунда бул кызматта отурбагандыктан, азыркы кырдаалга жооп бербейт деп табышты.
Жогорку Кеңештин жыйынына энергокомпаниянын бардык жетекчилиги жана Улуттук энергохолдингдин жетекчилери чакырылды.