Жогорку Кеӊештин жыйынында Бишкек ЖЭБиндеги авария каралып, ага өкмөт мүчөлөрү чакырылган. Премьер-министр Сапар Исаков болгон кырсыкка өзүнүн да жоопкерчилиги бардыгын моюнуна алды.

 

«Жаӊы өкмөт башчылыкка дайындалганымда Айбек Калиевди чакырып, кандай иштерди жасадыӊар, кандай пландар бар деп сурагам. Мага келечеги бар, жакшы планды көрсөтүшкөн. Ушундай кырдаалда энергетиктерди мактабайм, мактоого себеп да жок, бирок, ошондогу план жакшы болчу», - деди Исаков.

 

Мындан улам депутат Акылбек Жапаров премьер-министрге:

 

«Мындай команда менен эми кантип иштешесиз? Алар сизди «кышка даярдык укмуш» деп алдашты да. ЖЭБди шаарга бериӊиз, шаардан Саламаттыкты сактоону да алдыӊыз. Маанилүү обьект болгондон кийин тийиштүү тарап ЖЭБге насосту сатып берип коюшса болмок экен. Энергохолдинг түзүлгөн бойдон чала жан калды. Аны алдыга чыгара аласызбы? Карыздардан кутула аласызбы? Бул иштерди бир-эки айдын ичинде жасап бүтө аласызбы?», - деп толтура суроолорду берип өкмөт башчынын башын тегеретип койду.