Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азамат Арапбаев Бишкек ЖЭБиндеги кырдаалга токтолду.

 

«Күнөө бизде. Бул жара кечээ эле пайда боло койгон жок. Маселе тарифтин ылдый экенин да турат. Каржылык жактан жетишпестиктен катастрофа келип чыкты. Биринчи маалыматты угуп анан өкмөттүн отставкасы тууралуу айтыш керек», - деди депутат.

 

 

Депутат Акылбек Жапаров кытай компаниясы менен келишимдин ратификациясын депутаттар кабыл алганын эске салып, демек, парламенттин да жоопкерчилиги  бардыгын белгиледи.

 

Эске салсак, 26-январда ЖЭБде авария болуп, бүгүнкү күнгө чейин кесепеттери жоюла элек.