Бишкек ЖЭБди модернизациялоого жумшалган 386 млн доллар кайда кеткен? Мындай суроо парламент жыйынында эл өкүлдөрү тарабынан жаралды.
Депутаттар Бишкек ЖЭБин кытай компаниясы ТВЕА тарабынан 386 млн долларга модернизацияланганын депутаттык комиссия түзүп дыкат иликтөө керек дешти.
Спикер Дастан Жумабеков: «Алгач өкмөттүн отчетун угуп көрөлүп, ал көңүлүбүзгө жакпаса анда комиссия түзөбүз», - деди.
Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев ЖЭБдеги кырдаал тууралуу доклад жасайын деди эле, депутаттар аны токтотушуп, өкмөт башчысынын келишин талап кылышты.