Жогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептери жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда, депутат Талант Мамытов бул күндөрү авариядан жабыр тарткан шаар тургундары келишимде көрсөтүлгөн көлөмдөгү жылуулукту албай калганын, алар сотко берсе, ЖЭБ банкротко учурай турганын билдирди. Ошондон улам, ал өкмөт мүчөлөрүн азыртадан шаар тургундарына келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө чакырды.

 

Ал депутат Төрөбай Зулпукаров өкмөт башчысын жоопкерчиликтин баарын өзүнө алып, айрым аткаминерлерди калкалап калбай, аларды жоопкерчиликке тартууга чакырды.

 

Премьер-министр Сапар Исаков эл өкүлдөрүн авариядан жабыр тарткан шаар тургундарына келтирилген чыгымдарды иликтеп чыгып, алардын чыгымдарынын ордун толтуруу жаатында жана күнөөлүү кызмат адамдарына карата тиешелүү чаралар көрүлө турганына ишендирди.

 

Белгилей кетсек, жыйынга   Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышууда