Жогорку Кеӊештин жыйынында өкмөт башчы Сапар Исаков баш болгон өкмөт мүчөлөрү келишип, Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча маалымат беришти.

 

Айрым депутаттар авария канча жаранды жылуулуксуз калтырганына кызыгышты.

 

Бирок, бул суроого Сапар Исаков жооп бере албады.

 

Премьер-министрдин «какалганын» көрүп, мэр Албек Ибраимов суроого жооп берди.

 

«Борбор калаада 2 162 үй жылуулуксуз калды», - деди ал.

 

Бишкек ЖЭБинин жетекчисинин айтымында, авария эки насос жабдыктар талап кылган кубаттуулукту бере албай калганы үчүн болгон.