Бишкек, "Саясат.kg". Акылбек Жапаров жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйналыштарына катышуу үчүн Сочи шаарына (Россия Федерациясы) жумуш сапары менен келди.

Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Евразия экономикалык биримдигинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын катышуусу менен ишкер программанын бир катар башка иш-чараларына катышат.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы III Евразия конгрессинин пленардык жыйынында сөз сүйлөп, “Евразия – биздин үй” эл аралык көргөзмөсүнө катышат. 

Акылбек Жапаров жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.