Бишкек, “Саясат.kg”. Жогорку соттун экс-судьясы Жакыпбек Абдырахманов өзүнө карата ушактарга комментарий берди. Анын айтканын уккан адам "аппак жана жумшак" экенине ишенип калышы да ыктымал. 

Бишкек,"Саясат.kg". Президенттин аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев президент Сооронбай Жээнбековду кантип уят кылып жатат?

Орусия президенти Владимир Путиндин шайлоо штабы федералдык каналдардагы акысыз эфирден баш тартты. Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Элла Памфилованын айтымында, мындай арыз 10-февралда түшкөн.

К. Кожоналиев: Кошуна Өзбекстанда президент Ш.Мирзиеев бул тармакта кандай иш-чараларды колдонгонун ММК аркылуу биздин да эл көрүп турат. Бизге да ошондой өзгөрүүлөр келе турган убакыт келди.

Н. Токтакунов: Эгерде Сооронбай Жээнбеков да дал ушул жолду тандай турган болсо, ага эл таптакыр ишенбейт.

И. Масалиев: Коопсуздук кеңешиндеги билдирүүлөргө мен олуттуу деле карагым келбейт. Бул шоунун бир элементи.

Бишкек, «Саясат. kg». Коомдук ишмер Кадыр Кошалиев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду.

Премьер-министр Сапар Исаков 11-февралда Дубайда «Air Arabia» авиакомпаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али менен жолугушту.

Сапар Аргымбаев: "Демек, жасалма, жалган, мыйзамсыз, чындыкка дал келбеген видеотасманын негизинде жүргүзүлгөн тергөө калыс, адилет, мыйзамдуу болобу?" 

Сабыр Муканбетов: "Президенттер кылгылыктын баарын кылат, оозеки буйруктарды берет, “аткарбасаң кетирем”- деп коркутат, жаман иштерди жасатып байышат, анан былыгы көбөйүп баратканда, башкасын алмаштырып койо коюшат да, кууп чыкмайынча былык иштерин улантышат".

Бишкек, «Саясат. kg». Үч саясий партиянын биригиши тууралуу маалыматтар пайда болду.

Таш-Көмүр шаардык кеңешине 5 партия өттү 

Сот саясий буйрукту дагы аткарабы?

Бишкек, «Саясат. kg».  Бүгүн расмий иш сапары менен Тажикстанга барган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду коёшу мамлекеттин премьер-министр Кохир Расулзаде Дүйшөмбү аэропортунан тосуп алды. Аба майданына ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери желбиреди.

А.Келдибеков: Алмазбек Атамбаев журналисттердин жалаа жапканынан актана берип жадаганда "миллиондорду туура эле коюп сотко берип жаткан турбайбы" деп чечимге келдим... 

Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановдун шайлоодогу үгүт маалында Он-Адырда сүйлөгөн сөздөрүн талдаган көз каранды эмес адистер тобунун мүчөлөрү УКМКга чакырылганы маалым болду. Топтун бир мүчөсү иштеп жаткан жумушунан алынды.

"Кургак ачкачылык" - нааразылык билдирген адамдын тамак-аштан гана эмес, суудан жана суусундуктардан да баш тартышы.