Бишкек, "Саясат.kg". Узун сакал коюу, паранжа жамынуу маселеси тууралуу белгилүү журналист. коомдук ишмер Дүйшөн Керимов менен маек.

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңеш жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

23-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

 Ысык- Көлдөгү  165 көлөмдүү газ толтуруучу идиштерди (газгольдерлерди) «Нефтегазпром» жеке ишкерге тендер аркылуу саткан. Бул маалыматты Каракол шаарындагы коомдук Кенештин мүчөлөрү аймактык кабарчы Замир Асаналиевге билдирген.
 
Алардын айтымында, Каракол, Түп, Ак-Суу райондорундагы  165 газгольдерлерди «Нефтегазпром» тендер аркылуу 200 миң сомго саткан. Тендерди жеке ишкер Нарын  областынын тургуну утуп алган. Бирок Каракол шаарынын тургундары, коомчулук бул боюнча нааразычылык билдирүүдө. Бул газ толтуруучу идиштер  мыйзам боюнча жергиликтүү муниципалдык менчиктин балансында болуш керек.  Аны кандай максатта пайдаланууну жергиликтүү бийлик өзү чечүүсү тийиш. Ал эми тендерде 200 миң сомго сатылганы күмөн ой жаратат. Анткени ал газ идиштерди металл сыныктары катары гана саткан учурда ар бирөөсү 50 миң сомдон бааласа болот.
 
«Каракол шаардык коомдук кеңеши бул маселе боюнча кеңештин жыйынын өткөрүп, тиешелүү чечим чыгарды. Кичи райондордогу газ толтуруучу көлөмдүү идиштер шаардык муниципалитеттин менчиги. Ошондуктан, ал өзүбүздө калыш керек жана шаардын пайдасы үчүн колдонулушу керек. Бул маселени жогорку деңгээлде карап чыгып калыс  тыянак чыгарып берүү өтүнүчү менен өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана  Мамлекеттик  улуттук коопсуздук кызматына кайрылуу жиберүүнү чечтик, -дейт коомдук кенештин мүчөлөрү.
 


 
Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотундагы ачык жыйында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Ахмат Бакиевди №47 абак жайдан жатак абагына  которуу боюнча сунуш каралды. Бул тууралуу КР Жогорку сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Тараптардын пикирин угуп, төрагалык кылуучу судья Таалайбек Байсеитов №47 абак жайда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Ахмат Бакиевди жатак абагына же шарттуу эркиндикке чыгаруу тууралуу сунушун канааттандырды. Соттун бул чечимине ылайык, А.Бакиев калган 2 жыл 8 ай 10 күн мөөнөтүн жатак абакта өткөрөт же жумасына эки ирет укук коргоо органдарынын каттоосунан өтүп турат.
 Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен 2011-жылдын 5-августунда А.Бакиев 7 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартипте жазасын өтөөгө өкүм чыгарылган.
Мурда белгиленгендей, экс-президенттин бир тууганы Ахмат Бакиев оор кылмыштарды: массалык башаламандыктарды уюштурууга, улуттар аралык кастыкты козуткандыгы, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштү уюштургандыгы, мыйзамсыз курал алып жүргөндүгү, жерди өз алдынча ээлеп алуу, токой фондунун аянтында курулуш иштерин жүргүзгөндүгү үчүн айыпталган.
 
 

 

Учурда Кыргызстанда коомдук-саясый абал салыштырмалуу тынч. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин 27-сентябрда өткөн отурумунда айтылды. Бирок шайлоого байланыштуу конфронтация, талапкерлердин ортосундагы саясый күрөштүн туура эмес жүргүзүлүшүнөн улам кырдаалдын оорлошу да ыктымал.
 
Шайлоонун жыйынтыгына ички жана тышкы күчтөрдүн таасири тийиши да мүмкүн экени айтылды. Коргоо кеңешин өлкө башчысы жетектейт. Шайлоо 30-октябрда болот. Бирок Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда катталбай калган талапкерлердин БШК менен териштирүүсү толук аяктамайынча шайлоонун мөөнөтүн узарта туруу сунушу айтылды.
 
Булак: Азаттык.

Бишкек, "Саясат.kg". Бул бир гана кыргыз бийлигинин маанилүү ийгилиги гана эмес, биздин коомдун мындан аркы дагы туруктуу өнүгүүсүнүн негизи.

Бишкек, "Саясат.kg". Муну ар бир кыргызстандык түшүнүшү керек.

Т.Бакир уулу: Базарлардан мамлекетке бир тыйын пайда болгон жок.

Бишкек, "Саясат.kg". Исаков а биздин өлкөбүздү кандай карыз чуңкуруна түшүрдү?

Бишкек, "Саясат.kg". Президент Садыр Жапаров өз демилгеси менен “Социалдык келишим” долбоорун ишке ашырууда.

Бишкек, "Саясат.kg". Бул эркиндиктер, көз карандысыздыктар жөн гана жалган, жөн эле өзүн өзү жана коомду алдоо.

Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстаныбыз үчүн бардык жеке оюндарыбызды бир четке сүрүп, бир келген өмүрдө жок дегенде, сатылбастан жашап өтөлү деп суранаар элем…

Бишкек, "Саясат.kg". Эгер кимдир бирөө дагы деле Ташиевдин элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканына күмөнсүнүп жаткан болсо...

Бишкек, “Саясат.kg”. Журналисттик иликтөө

Бишкек, "Саясат.kg". Демек, бул көйгөй кечээ же бүгүнкү эмес, эки жылдан берки эки анжы түйүн болгон. 

Бишкек, "Саясат.kg". Олжобай Шакир кармалса, ага да дароо саясий түс берип, «оюн эркин айткандар кармалып, камала баштады» деп жазып чыгышты.

Бишкек, "Саясат.kg". Кеп генерал Ташиев жетектеген мекеме Кыргызстандагы "улуттук" аталган жалгыз мекеме экенинде.

Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргыз эл жазуучусу Советбек Байгазиев генерал-лейтенант К.Ташиев жарыялаган коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы жөнүндө

Бишкек, "Саясат.kg". Бул процесс кыргыз коомчулугунда ыңгайлаштыруу деп аталды.