Бишкек, “Саясат.kg”. Саясаттагы санаркоолор...
Учурда мамлекетибизде тазалануу процесси жүрүүдө. Өлкөнү коррупционерлерден, криминал өкүлдөрүнөн тазалоо, алардын мыйзамсыз, кылмыштуу иш-аракеттерине бөгөт коюу жаатында чоң иштер жүрүп жатат. Андай тазалоо иштери Жогорку Кеңеште да жүрдү десек болот. Парламенттин курамын айрым күмөндүү, репутациясы таза эмес, артында калбыры даана көрүнүп турган, кылмыштуу, коррупциялык, криминалдык иштерге тиешелери бар депутаттардан тазалоо мезгилдин суроо-талабы болчу. “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, башкалардын башындагы бөөнү көрөт” дегендей, депутат болуп олтурууга моралдык да, мыйзамдык да укуктары жоктордун Жогорку Кеңеште отуруп, элге акыл айтып, кооз сүйлөп, бийлик өкүлдөрүнө сын айтып отургандарынын өзү аморалдык көрүнүш эмей эмне? Ошондуктан Жогорку Кеңештин курамын “таза эмес” депутаттардан тазалоо иштери эң туура жүрдү десек болот. Антпесе, бул жагдай коррупцияга, криминалга каршы күрөшкө көлөкө түшүрмөк... Ошондо, адашып эл өкүлүнүн эң бийик трибунсына чыгып алгандар кимдер?
Мурдагы депутат Тазабек Икрамовдун кыйраткан билими же деңгээли жок болчу. Коомчулукка айрым сөздөрдү айта албай тили чайналганы менен таанылды окшойт. Өткөнүнө саресеп салсак, криминал чөйрөсүндө жүргөнү менен белгилүү. Адам өлтүрүүгө айыпталып, бирок анысын дайыма танып жүрдү. Криминал менен тыгыз байланышы бар адамдын Жогорку Кеңеште отуруп алып, өзүн аппак, таза көрсөтүп, акыл үйрөтүп, сынга алып сүйлөсө, күйбөгөн жериң күл болот экен. Криминалдык чөйрөдө, бизнесте жүрүп тапкан акчасы бар экен, жалданма пичарчы кыз-келиндерди жалдап, өзүн мактатып, жактатып, эл оозуна алынгандай болду. Бирок “бөлтүрүктү канча баксаң деле токойду карап улуйт” дегендей, Тазабек Икрамов да өзүн канчалык жакшы жагынан көрсөтпөсүн, өткөнү, деңгээли Жогорку Кеңешке эч эле коошпой туруп алды. Анын мандатын “өз каалоосу менен” деген формулировка менен тапшырганы эң жакшы болду. Анын парламентте отуруусу мыйзам чыгаруу бийлик бутагынын беделин гана түшүрмөк.
Ысык-Көлдөн шайланып келген Максатбек Сарыбагышевдин да артында коррупциялык, мыйзамсыз иш-аракеттер көп экендиги айтылды. Анысын өзү аңдадыбы, же укук коргоо органдары эскертүү бериштиби, ким билсин, күтүүсүз жерден мөөнөтүнөн мурда өз каалоосу менен мандатын тапшырып, туура кадам кылды.
Мейкинбек Абдалиев Кыргызстандагы №1-коррупционер Райымбек Матраимовду коргоп, колдоп, жактагандыгы менен эсте калды. Ал бүтүндөй мамлекет каршы күрөшүп жаткан Бажы тармагында оңбогондой коррупциялык империя куруп алган адамды колдоп, “аны мамлекет үчүн иштетиш керек, мыкты менеджер” дегени акылга сыйбаган иш болду. Өлкөдөгү эң башкы коррупционерди коргоп, мактаган адамдын парламентте отурууга моралдык акысы барбы? Албетте, жок!
Эки сөздү кошуп сүйлөй албаган Эмилбек Жусупов деген жаш жигит акчанын күчү менен мандатка ээ болуп олтурду. Мыйзамдын “М” тамгасын түшүнбөсө да каада күтүп, депутат болуп жүрдү. “Эмаком” курулуш компаниясын башкарып, көптөгөн жарандардын акчаларын алып, же үйүн бербей, же акчаларын кайтарбай, ар нерсенин башын айтып, алдап жүргөнү айтылып, жазылды. Мындай алдамчы, жүздөгөн жарандарды сызга отургузган адам кантип Жогорку Кеңештин абоюн арттырсын?
Мурдагы басып өткөн жолунда шектүү иш-аракеттери менен белгилүү, дайыма укук коргоо органдарынын көз кырында болуп келген Жусупбек Коргонбай уулу деген да депутат болуп шайланганы эсибизде. Элдин эсинде экстраординардуу билдирүүлөрү менен эстке калды окшойт. Ал парламенттин залында өзүн депутат эмей эле криминал өкүлдөрүнүн жыйынында жүргөндөй алып жүрчү. “А” десе “Б” деп сүйлөп, Жогорку Кеңештин коридорунда автомат асынып, анысына бир нерсени кыйраткандай өзү корстон болуп, ырсалаңдап, жыргап жүргөнүн баарыбыз көргөнбүз. Капчыгында акчасы болсо да, мээсинде ныпым эч нерсеси жоктой түр көрсөткөн адамдын Жогорку Кеңеште барынан жогу. Акылына, эсине келип, мандатын тапшырып туура кылды. Анын депутат болуп отуруусу Жогорку Кеңешти деградацияга гана учуратмак.
Райымбек Матраимовдун командасынын мүчөсү, ал үчүн төшүн дзотко тосуудан артка тартпаган спортчу Шайлообек Атазов шайлоочулардын эсинде “разборкада” жүргөндөй кылык-жоругу, тиштенип, тырышып сүйлөгөнү менен эсте калды. Матраимовдун акчасы, анын колдоосу менен мандатка жетишкен Атазов парламентте отурган кезинде аны жакшы эле колдоого алды. Ал ЖК депутаты катары парламенттин беделин артка эле тартпаса, өйдө көтөрүүгө салымы жок болчу. Анын үстүнө өлкө бюджетинин акчасын болушунча уурдап, тоногон башкы коррупционердин жакынынын парламентте олтурууга моралдык укугу жок.
Раимбек Матраимовдун бир тууган агасы, акыл кошчусу жана кеңешчиси Искендер Матраимов да мандаттан ажыратылды. Коррупциялык империянын башында турган адамдын бир боорунун Жогорку Кеңеште эч нерсе болбогондой олтуруусу нонсенс болмок. Агасынын өзүнүн чечими болдубу, же айтыштыбы, ким билсин, иши кылып өзү мандатып тапшырып, Жогорку Кеңештин тазалануусуна көмөк көрсөттү.
Матраимовдун дагы бир жакыны, Бажы тармагында көп жыл иштеп, ал жактагы коррупциялык схемадан жакшы эле өөнөп, бутка туруп, ирденип, байып алган Нурлан Ражабалиев да өз каалоосу менен мандатып тапшырды. Райымбек Матраимовдун жакыны экенин жашырбады көрүнөт, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентти Матраимовдун жакындарынан тазалоо зарылдыгын айткандан кийин депутаттыктан өзү эле кетип калды. Акылы, биртке болсо да абийири бар тура.
Нурлан Ражабалиевге Бажы тармагындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташып, мамлекетке айып пул катары 12 млн. сом төлөп берген.
Дагы бир Матраимовдун жакыны, анын акчасы, колдоосу менен көп тармактуу бизнес кылышып, миллионерге айланышкан Осмоновдордун бирөөсү Айбек Осмонов да өз каалоосу менен мандатын тапшыргандардын катарында болду. УКМК төрагасы тарабынан Матраимов менен байланышы бар, аны менен жакын, табакташ-устукандаш болгон депутаттар мандаттарын өз каалоолору менен тапшырышы зарылдыгы айтылганда, Айбек Осмонов да Матраимовдун арты менен ийгиликке, бийиктикке жеткенин моюндап, мандатын тапшырып баса берди. Муну менен Жогорку Кеңеш дагы бир Матрамовчудан тазаланды.
Коррупциялык империянын “атасы” Матраимовдун дагы бир жакыны, жердеши, анын колдоосу менен көп жыл Бажы тармагынын бир жагын чоюп турган Абдывахаб Боронбаев да мандатын өз каалоосу менен тапшыргандардын бири болду. Буга дагы кылмыш иши козголуп, тергөө менен кызматташып, системадагы коррупциялык схема боюнча маалыматтарды берип, айып пул катары мамлекетке 8 млн. сом төлөп берген.
Булардын катарын Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы, өз атасын танган Жаныбек Абиров толуктады. Айтылуу көмүр магнаты Болотбек Абировдун мажор, эркеталтаң уулу ар кимди төпөштөп, сабап көнгөн окшобойбу, кафенин официантын сабап, анысы видео тасмага түшүп, Абировдун биртке абийири ойгонумуш этип, мандатынан өз эрки менен баш тартууга аргасыз болду.
Кезинде ИИМ башчысы Абдылда Суранчиев мурдагы депутат Өмүрбек Бакировду УКТ мүчөсү катары каттоодо турарын айткан. Каракчылык, талап-тоноочулук иштери менен кылмыш иштери козголуп, криминалдык дүйнө менен байланышы бар экенине карабай Өмүрбек Бакиров депутат болуп шайланып келген. Кийинчерээк ал добуштарды сатып алууга айыпталып, анысы далилденген соң БШК мандаттан ажыратты.
Парламентте депутат катары Бакировдун кыйратарлык эч кандай ишин көргөн жокпуз. Ал бир гана жыйын учурунда УКМК төрагасы менен айтышканы менен эсте калды. ЖКкыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселени карап жатканда бир суроону он кайталап атып, Камчыбек Ташиевден кагуу жеп, андан соң: “мени он бир миң беш жүз киши шайлаган. Менин артымда эл турат. Мага десе мени бышырып жегиле!”- деп атырылып, “Сиз эмне, кекилик белеңиз, бышырып жегидей”- деген кеп угуп, шылдыңга калды. Ө.Бакиров мактанып жаткан 11500 добушунун көбүн сатып алганы кийин тергөөдө толук далилденди.
Тилекке каршы, парламентке “кудайдан жөө качкандар” менен бирге жогорку билими жоктор да депутат болуп шайланышып, шайлоочуларды, мамлекетти алдап, бюджеттен мыйзамсыз маяналарды алышып, элге акыл үйрөтүшүп жүргөн экен. Биринчилерден болуп “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан шайланып келген депутат Орозайым Нарматова мандатынан ажыратылды. Көрсө, анын жогорку билими жок болуп чыкты. Эч кандай жогорку окуу жайын аяктабаптыр, колунда диплому жок экен. “Уялбагандан өзүң уял” демекчи, элди алдап депутат болуп алганына бети кызарып койгондун ордуна ар нерсени айтып, актанып жүрдү. Бүгүн ал “от” кармап жүрөт.
Андан кийин мандатынан ажыратылган депутаттар Фарходбек Алимжанов менен Фархат Исмаилов да жасалма диплом менен мандатка ээ болуп жүрүшкөнү айкын болду. Алардын кайсы окуу жайын, качан аяктаганы боюнча эч кандай маалымат табылган жок. Акчага сатып алышкан болсо, кандай маалымат болмок эле. Билимдери жок экенин далилдешкендей, Жогорку Кеңеште сөз сүйлөгөнгө жарашпай, кнопка басып эле отурушту окшойт. Мээлеринде бир нерсе болсо сүйлөйт да...
Чечендиги өзгөчө, тилин булдуратып кооз сүйлөсө укканды муютуп, анын актыгына, тазалыгына ишендирип ийген депутат Нуржигит Кадырбек уулунун деле тилекке каршы, арты таза эмес, калбыры толтура болуп чыкты. “Ыйман” фондуна Түркия өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 5 млн. долларды агездеги президент Алмазбек Атамбаев менен биргеликте оң, сол чөнтөккө салып, мойсоп ийиптир. Ак же көк дей албай, мандатын өз каалоосу менен тапшырып кутулду. Ошондон бери эл, коомчулук алдына чыга албай, мурдагыдай кооз сүйлөй албай, чечендигин көрсөтө албай, коңулга кирип кеткен бойдон дайыны жок.
Айтылуу Адахан Мадумаровдун мандатын эмне себептен тапшырганы баарына белгилүү. Ар дайым өзүн чындыктын, тазалыктын, мыйзамдуулуктун символу эссептеген Адахан Кимсанбаевичтин мандаттан кол жуушуна биринчи кезекте мамлекетке чыккынчылык кылганы болду. Ал 2009-жылы кызматтык компетенциясы жол бербесе да, кол коюуга укугу жок экендигине карабастан, чек ара боюнча №309 протоколго Кыргызстандын атынан кол коюп салган. Ага ылайык, чек арадагы Төрт-Көчө участогундагы 275 метр жерди биз Тажикстандан “ижарага” алганбыз. Башкача айтканда, талаштуу участокту Мадумаров “тажиктин жери” катары таанып ийген. Жакында эле бул маселе ЖК жыйынында каралып жатканда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев так ушул участок боюнча сүйлөшүүлөр аябай оор болгондугун, тажик тарап Мадумаровдун колу коюлган протколду бетке кармап, көп кыйынчылык жараткандыгын айтты. “Чыккынчылык беренеси боюнча кылмыштын эскилик мөөнөтү жок, керек болсо Мадумаровду азыр алып келип, камасак дагы болот”- деп айткан К.Ташиев.
Мындан тышкары, Мадумаров партиясынын казынасынан 50 миң доллар каражатты туура эмес пайдалангандыгы, башкача айтканда алдамчылык фактысы боюнча да сот тарабынан күнөөлүү деп табылган.
Учурда эми экс-депутат С.Айжигитовдун мандаты боюнча кызуу талаш-тартыштар жаралды. Парламент трибунасынан кооз сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасын бетке кармап, “сулуу чымчык” болуп көрүнгүсү келген Султанбай мырзанын жели заматта эле “пыш” деп чыгып калды. Баткендин кулуну, эки жолку губернатору катары Достук айылы менен Ворух анклавынын каякта жайгашкандыгын билбегени элдин кыжырын кайнатты, анткени, анын “мекенчил, элге күйгөн адам катары” билдирүүсүнүн негизги өзөгүн ушул маселе түздү эле. “Достук айылын берүү менен биз стратегиялык ката кетирип жатабыз, анткени, бул айыл Ворухтун дарбазасы”- деп кыйкырып чыкты. Баткендин бели бешиктен чыга элек баласынан сурасаң деле Достук айылы кай жерде, ал эми Ворух каякта экендигин айтып бере алат. Көрсө, Султанбай Айжигитовдун алгач кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди колдоп чыгып, кайра эки күндөн кийин айнып кетишинин ЧОҢ себеби бар экен. Кимдир-бирөөлөр ага “оппозициялык талаа бош турат, президенттикке чыгара турган эч кимиси калбады, ошону сен ээлешиң керек, азыртан саясий упай топтойлу”- деп кеңеш берген имиш. Ар бир жоокер генералдыкты самайт. Анын сыңарындай, С.Айжигитов да өзүн “без пяти минут” президент сезип алган го.
Бир чети, анын эмоционалдуу, курулай кыйкырык менен чыккандыгынын пайдасы да болду. Себеби, бир топтон бери карапайым ата-энелер “чоң муштум” Султанга алы жетпей, адилеттүүлүк издеп жүргөн экен. Айжигитов мектеп окуучуларын сабап, ага кылмыш иши козголгондугун БШКдан жашырып койгон экен, бул кыңыры калкып чыгып, акыры мандаты алынды.
Ошол эле учурда, Султанбай Айжигитовго карата чыккынчылык беренеси боюнча да кылмыш ишин козгоо талабы айтылууда. Тынч отурбаса, аны да көрөт...
ххх
Жогорудан көрүнүп тургандай, Жогорку Кеңеш бир “силкинип”, арты “таза эмес” депутаттардан жакшы эле тазаланып алды. Бирок бул парламент ушуну менен биротоло тазаланып, шектүү, калбыры бар, репутациясы жакшы эмес эл өкүлдөрү бүгүн жок дегенди билдирбейт. Кылмышы, калбыры бар, мыйзамсыз иштери бар депутаттар дале болсо, аларды УКМК аныктап, жоопкерчиликтери, мыйзам чегинде мандаттарынын тагдырлары карала бериши зарыл. Мамлекетте люстрациялык кадамдар жасалып, бардык тармактарда, жалпы өлкөдө тазалоо иштери жүрүп жатканда, Жогорку Кеңеш андан сырткары кала албайт болчу. Жогорку Кеңешти “таза эмес” депутаттардан тазалоо өз натыйжасын берип, парламенттин мындан аркы бедели көтөрүлүп, аброю арта берсин дейли. Бул келерки шайлоолорго катышчу талапкерлерге, депутат болгусу келгендерге чооң сабак болсун. Артыңда калбырың барбы, кылмыш ишиң барбы, репутацияң жакшы эмеспи, анда мандатты эңсебей, өз оокатыңды кыл!