КСДП күтүлүп жаткан өзүнүн съездин кайрадан апрель айына жылдырып койду. Съездде партиянын жаңы төрагасы шайланмак. Ал орунга бир эле – Алмаз Атамбаевдин талапкердиги көрсөтүлгөн. Бул жагдай эл арасында ар кандай имиштерди жаратты: “КСДПчылар чачырап жатат, айрымдары экс-президент Алмаз Атамбаевдин короосунда калышса, айрымдары эртеңкисин ойлоп, жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун короосуна кире качты”- деп. Бул кырдаалдын тегерегинде бизге эксперт жана саясат талдоочу Иманкадыр Рысалиев өз пикирин билдирди.

 

- Эмне үчүн Атамбаев КСДПнын съездин улам эле артка жылдырып, чоюп келатат, сиз кандай ойлойсуз?

 

- Азыркы заманда, биздин өлкөдө саясатчы болуу өтө кыйын, айрыкча эл арасында популярдуу жана таасирдүү болуп, саясый рейтингдердин башында туруу. Атамбаев тажрыйбалуу саясатчы катары жакшы билет, эки революция жасаган Кыргызстандын электораты бийликке болгон заарын тез эле ырайымга алмаштырып коюшу мүмкүн. Ошондуктан ал өлкөдөгү саясый кырдаалды кылдаттык менен иликтеп жатат жана адашкысы келбейт. Өзүңөр билгендей, ал Бабанов боюнча адашып калып, аз жерден анын КСДП партиясы саясый аренадан жок болуп кете жаздады. Эгер Бабанов президенттик шайлоону утуп кетсе эмне болот эле? Азыр Атамбаев каерде олтурмак?

 

Ошондой эле Атамбаев жогорку атаандаштыкта өткөн президенттик шайлоодон кийин эл жаңы президент Сооронбай Жээнбековго чоң үмүт артып жатканын да түшүнүп турат. Ошондуктан жок дегенде жаңы президенттин 100 күндүгүн күтө туруу керек да. Өлкөдөгү абалга байкоо салып, керектүү чечимдерди кабыл алышы зарыл.

 

Алты жыл президенттик кызматтан кийин КСДПнын биринчи съездин өткөрүү деген эмне? Бул өтө чоң жоопкерчилик экенин Атамбаев түшүнүп турат. Эгер ал мындан ары да саясатта калгысы келсе партиясынын жана элдин алдында өтө ачык жана чынчыл болушу керек. Съездде КСДПнын мындан аркы өнүгүү жолун аныктаган жоопкерчиликтүү сөз сүйлөп чыгышы зарыл. Анткени бул партия азыр бийликте турат жана өлкөдөгү абалга жана миллиондогон жөнөкөй жарандардын күндөлүк жашоосуна жоопкер.

 

Менин оюмча Атамбаевдин КСДПнын съездин улам артка жылдырып жатышы – бул саясый кырдаалды жана электораттын маанайын байкап жатат. Ал элдин электоралдык аң сезими деген эмне экенин, ал бүгүн кандай абалда экенин, тез эле кескин өзгөрүп кетүүгө жөндөмдүү экенин түшүнүп турат.

 

КСДП алып чыккан Сооронбай Жээнбеков азыр коррупцияга каршы күрөштү башка бир бийик деңгээлге көтөрүп койду, ошондуктан электорат азыр бул маселе боюнча Жээнбековго чоң үмүт артып турат. Атамбаев КСДПнын лидери катары коомдук аң-сезимге мен жаңы президенттин демилгелерин колдойм жана КСДП бардык коррупциялык схемалар менен элдешкис жана комплекстүү күрөш жүргүзөт деп ишараат бериш керек. Ушундай болгон учурда гана электорат КСДПнын съездин жана Атамбаевдин кайра саясатка келишин түшүнүү менен кабыл алат.

 

КСДПнын съездинен кийин Атамбаев башкаруучу партиянын лидери катары 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо кайрадан жеңип чыгууга умтулат, бирок бүгүнкүдөй элдин көбү жакырланып жаткан шартта андай жеңишке жетүү кыйын болуп калат.

 

- Сиз парламенттик шайлоо конституциялык мөөнөттө – 2020-жылы өтөт деп ойлойсузбу? Көпчүлүк быйыл эле парламент таркатылып, күзүндө парламенттик шайлоо өтөт деп айтып жатышат.

 

- Конституцияны көңүл коюп, дыкаттык менен окуш керек. Атамбаев президенттик шайлоону Конституция боюнча өткөрдү, ошондой эле, биз бийликти конституциялык жол менен өткөрүүнүн күбөсү болдук. Ушундан кийин КСДП өзүнүн лидери Атамбаевдин эң башкы саясый жетишкендигин жокко чыгарат деп ойлойсуңарбы?

 

- Бирок, партиялар шайлоого даярданып жатышпайбы, КСДП болсо жаңы парламенттин депутаттарынын тизмесин түзүп жатат…

 

- Эгер Атамбаев жана анын партиясы өлкөдөгү абалды олку-солку шалкылдата баштаса,  азыркы парламентти жаманатты кылып, Жогорку Кеңештин ичинде чыр чатак, араздашуу чыгарып, бүлгүн салуу менен мөөнөтсүз  парламенттик шайлоону уюштурса демек бул бир эле нерсени - Атамбаев кайрадан бийликке кайтып келүүнү чечкенин билдирет.

 

Мөөнөтсүз парламенттик шайлоо республиканы кайрадан саясый чабышууларга алып келет, коррупция менен күрөштү жана реформаларды арткы планга сүрүп салат. Атамбаев саясатка кайрылып келем деп айтпады беле, мүмкүн ал азыр бийликке конституциялык мөөнөттөн эрте келүүнү чечсе керек. Бул анын чечими, бирок электораттын чечими анын пайдасына болбой калышы мүмкүн.

 

- Сиз өзүңүз мөөнөтсүз парламенттик шайлоо болуп кетиши мүмкүн экендигине ишенесизби?

 

- КСДП фракциясы жана партиясы негизинен Сапар Исаковдун өкмөтүн сактап калууну каалайт. Ал алар шайлаган өкмөт. Мүмкүн ушул максатта парламентти мөөнөтсүз таркатуу боюнча коркутуп жатышкандыр, депутаттар Сапар Исаковдун өкмөтүн отставкага кетирүү боюнча ооз да ачалбай тургандай болсун деп. Кимдир бирөөлөр парламент өкмөттү көзөмөлдөгөнүн токтотуп, алтургай өкмөткө көз каранды болуп калышын каалап жатат. Эгер ушундай болсо Кыргызстан Конституцияда жазылгандай президенттик-парламенттик эмес, де-факто өкмөттүк-парламенттик республика болуп калат. Азыр шашылып жүргүзүп жатышкан мөөнөтсүз парламенттик шайлоолорго даярдыктын негизги максаты ушул гана болушу мүмкүн. Бул бир гана нерсени түшүндүрөт – бийлик үчүн күрөш кайрадан уланып, реформалар менен коррупцияга каршы күрөш кайра артка жылдырылат.

 

- Мүмкүн КСДПнын лидерлери парламентке мөөнөтсүз шайлоолорду уюштуруу менен коомчулуктун көңүлүн коррупцияга каршы күрөштөн алагды кылуу максатын көздөп жаткандыр, анткени бийликте бүт эле Атамбаев менен анын командасы дайындаган кадрлар олтурбайбы?

 

- Эл стабилдүүлүктү, тартип жана коррупция менен күрөштүн конкреттүү жыйынтыктарын каалап турат. Эгер парламентке жаңы шайлоолор болуп кеткен күндө да электорат өз добушун коррупция менен ооз жүзүндө гана күрөшкөндөргө эмес, а иш жүзүндө күрөшкөнгө даярларга жана биздин күндөлүк турмушта прокурорлор менен соттор жасап жаткан өз билемдиктерге каршы күрөшкөндөргө берет.

 

Башкаруучу КСДП партиясы мындан бир нече жыл мурун эле тартип менен мыйзамдуулукту орнотобуз деп убада кылган, бирок биз бүгүн мунун баары таптакыр тескерисинче болгонун көрүп жатабыз. Мындан ары кандай болот, убакыт көрсөтөт.

 

 “Кактус медиа”

Кыргызчалаган “Кыргызтудэй”

 

Булак: “Майдан.kg” гезити